Маматмусаев Темир Умарович 1972-жылы 21-мартта Мургаб районуна караштуу Кызыл-Рабат жамаатынын Токтомуш айылында колхозчунун үй бүлөсүндө төрөлгөн. Жети бир туугандын кенжеси. Мектепте окуп жүргөндө музыкага, сүрөткө шыктуу экендигин баамдаган мугалим эжелер “Чалкан” бурчуна сүрөт тартуусун, “Куттуктоо” бурчуна ыр жазуусунун бекитишип беришкен. Алгачкы ыры 1987-жылы “Мургаб коммунисти” гезитине “Апама арноо” -деген ыры жарык көргөн.
Бишкектеги М.Рыскулов атындагы музыкалык окуу жайын сырттан окуп бүтүргөн. Азыркы күндө да райондук поэзиялык, лирикалык, саясий-коомдук иш чаралардын өтүшүнө өз салымын кошуп келет. 1992-жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенүүдө.
Темир Умаровичтин ырлары “Аалам кыргыздары” журналына байма-бай чыгып турган. 27-июнда “Вахдат” күнүнө карата өткөрүлгөн китеп фестивалында Облустук грамотанын ээси. 1992-жылы Шаймактагы орто мектепте, 1994-жылы Токтомуштагы №2 Токтогул атындагы орто мектебинде, 1996-1998-жылдары Сарык Моголдогу музыкалык мектебинде, 1998-жылдан ушул мезгилге чейин №12 Назар Карабаев атындагы жалпы билим берүү мекемесинде мугалим болуп эмгектенүүдө. Өзүнүн чыгармачылыгынан тышкары Кызыл-Рабат жамаатынын “Тоолуу Токтомуштун тарыхы” аттуу китебин даярдоодо.
Үй-бүлөлүү. Жубайы Самастанова Базаргүл көп жылдар бою эл агартуу тармагында эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда, Тажик Республикасынын эл агартуусунун отличниги. Эки уул, бир кызы бар. Мургаб райондук Сары-кол газетасынын күйөрманы жана кабарчысы.
УЛУТ АЖОСУНА АРНОО Биринчи эмес бизге келди көп жолу, Көзү менен көрүп кетти Сарыколду. Суусун ичип, абасынан дем алып, Келди бизге кучак жайып Улуттун Ажосу.
Падышасы, өлкөбүздүн башчысы, Биз мактанаар адамдардын жакшысы, “Мен силерге тынчтык алып келгем” -деп Тынчтык күндүн символу да башчысы.
Падышанын тийип кеткен кадамы, Жалаң гана жакшылыктын жышааны. Гүлдөп келген, дагы гүлдөйт Сарыкол, Бул жашоонун болот дагы жыргалы.
Падыша айткан ниетти түз эл болсок. Жараткан берет дагы жакшыны, 66 кутман курак улуу жаш, Куттуктаймын биздин өлкө башчыны.
Өлкө үчүн кандай оор күндөрдү, Өткөргөнүн тарых айтып баяндайт. Мына эми артта калды ал күндөр, Эгемендүү күндү элим майрамдайт.
ӨМҮРГӨ БИР КӨЗ ИРМЕМ Ой күлүк, ой узун да өмүр кыска, Ой тообо деп үшкүрөсүң, өткөндөрдү эстеп туруп, Уктасаң өлүм-өмүр түшкө кирип, Үшкүрөсүң арман толо өткөндү эстеп.
Баркы жок, кадыры жок, бир тыйындай Бул жашоо өтүптүр го, балалык-кез аткан октой, Досторуң, тели-теңтуш туш тарапта, Окшоп барат баалуу буюм жоголгондой.
Көрүнбөйт, бороон-чапкын, чаң-тополоң, Бул жашоо бир көз ирмем, баары жалган өткөндүн, Жалгыз гана ишеним, түбөлүк жан азыгы, Чын ниеттен айтылган ак сөзүмдүн.
|
ОЙЛУУ КАРАЙМ, АДАМ ПЕЙЛИН Ойлуу тиктейм тереземден, Эшикте эбел-себел, кар, бурганак, Ушул кардай ак болсо адам пейли, Аттиң ай анда баары жыргамак.
Ойлуу тиктейм тереземден. Эшикте туптунук жамгыр төгөт, Жамгырдай тунук болсо адам пейли, Аттиң ай жыргалды баары көрмөк.
Ойлуу тиктейм тереземден. Эшикте чаң тополоң, боппоз шамал, Уйгу туйгу шамалдай адам пейли. Алдамай, акча тапмай түрдүү амал.
Ойлуу карайм тереземден. Айлана жым-жырт мээлүүн жел, Ушундай жакшы болсо адам пейли. Ушакчы, чакмакчы жок, тынч болоор эл.
ЖӨП ЖӨНӨКӨЙ Билген билер касиетин Сарыколдун. Өзгөчө бир керемет бар бул жерде, Дүйнөнүн Чокусу деп жараткан, Береке бар, жөпжөнөкөй бул элде. Жөн, жупуну жөпжөнөкөй элим бар, Эч ким билбес жашырылган кени бар. Таштап кетпей ушул ыйык Мекенин, Сарыколчу да кайрат күчү деми бар СЕН АРМАН КЫЛААРСЫҢ Бир күнү сени сүйгөн, жүрөк сокпой калаар, Ошондо жалгыз Сенсиң арман кылаар. Бирөөлөр күйүп бышып, ыйлап жүрсө, Кээ бирөө талантыма таазим кылаар, Ошондо сени сүйгөн муштумдай жүрөк, Ааламды батырганын кеч билесиң. Көп кырдуу талантыма башыңды ийип Аттиң ай, мына ошондо кеч сүйөсүң. |
Материалды даярдаган Н.Исраилов.