Арманга айланган өмүрлөр.. (уландысы)

Арманга айланган өмүрлөр.. (уландысы)

(Роман)

(Башкы 1,2,3 бөлүм бул жерде)

 

Пакистанга карай жол...

Күтүүсүздөн 1978 – жылы Ооганстанда согуш башталып кетти. Аздыгынан арманы, таттуусунан тозогу көп болгон хандык доордун акыркы жылдары даагы элди да, ханды катуу кооптонууга алып келди. Бир мамлекеттин жеринде жашап жаткандыктан булардын согушка жараган жаштагы жарандары да согушка чыкырылуусу мүмкүн. Элдер алаңдап чоочуп турушту.

Түгөнгөн сайын түтөгөн демекчи, оомалуу төкмөлүү күндөрдүн не бир азаптарын

тарткан Рахманкул хан, бир ууч кыргыздын маданияты, динин, тилин, нарк дөөлөттөрүн сактайм деп келген максатынын демин кокус чыккан согуш тамтыракайын чыгарбасын деп, элди согушка аралаштыргысы келбей, ошол жылы Пакистанга карай жол тартмак болду.

Мына. Анын көз алдына тоо – ташты аралап Оогандан Пакистанга түн жамына качып бараткан учур дагы да тартыла түштү. Атасы Жапаркул миң башынын элеси маңдайында турду.

-         Жолуң ачык болсун балам. Эмнеден кооптонуп турасың?

-         Кооптонгонум деле жок ата.

-         Мен байкап турбаймбы.

-         Тек. Барган жер кандай кабыл атат деп...

-         Эл деген эл. Кайсы эл болбосун баарында бирдей тирлик.

-         Ии...

-         Баары жашоо үчүн күрөшүшөт.

-         Бул жерге көнө түшүпбүз.

-         Мында Оогандар, анда Пакистандыктар. Баары мусулман.

-         Мындан кетүүгө мажбуурмун.

-         Билип турам. Теңирден амандык тилеп, жолго камын балам.

Мүмкүн бул мамлекетте дагы канчага турушмак... Канткен менен бала чактан ушул аймакта өскөн Рахманкул ханга башка жактарга караганда мында жашоо бир топ эле жеңилдей сезилген. Жашоонун не бир ой кырлары бүтпөйт эмеспи. Мына, даагы тескери карагандай аркасын салды.

Эмне кылуу керек?! Элди кантип бул чатактан коргоп калуу керек?! Каршы чыкса, Ооган өкмөтү буларды жер менен жексек кылып жиберишээри да турган иш. Соодалашчу учур эмес. Жыйнактуу чечим керек! Чечим! Кайда? Кай мамлекетке?! Ар күнү кырка тоолордон жооп сурагансыйт. Памир! Памир! Улуу Памир, кичи Памир, орто Памир... Кербендин башын кайда бурат. Анын оюна Пакистан келди. Мусулман калк. Бир айласын таап, убактылуу жердеп турса, анан...

Рахманкул хан элин коргоп бул сапар Пакистанга көчүүнү максат кылды. Эл не дээр экен? – деп, оюн элге салды. Жолго жарабагандар бозоруп, айтаар жооптору жок... Не кылышмак. Чыккан күндө да жолдо белде кырылышат. Кары – картаңдар, ден – соолугу жол жүрүүгө туура келбегендер, бей бечаралар да бар эле. Анча узак жерге кантип кетишмек. Тоо - ташка кантип жүрүшөт? Бирок, кандай болгон күндө да кетүүгө туура келет. Мындан кетишпесе, бой жеткен эркек аттуунун баары согушка барууга акылуу. Акылуу гана эмес, мыйзам боюнча Ооганстанды коргоого баруулары зарыл. Эл да мында көнүп бара жаткан эле, минтип согуш болуп жатса эми кайсы жыргап кеткен бейпил заман?.. Рахманкул хан мында да жашоо болбосун сезди.

... Ошол жылы тобокелге салып, Ооганстандан Пакистанга көчтү. Калып жаткандар менен коштошуу оңойго турган жок. – Кандай күнгө туш келбе, аркаңдан ээрчиген элди таштаба! – деген Жапаркул атасынын сөзү кулагына жаңырып турду. Баарын билип чечти. Мында калчулар ыраазычылыктарын билдирип, өз каалоолору менен калышты. Кандай болгон күндө да бир болобуз, бир кетели, ханыман калбайм дегендер малды айдап, жөө жалаңдап түндөп көчүп жөнөштү. Мындан кетип жаткандарын Ооган мамлекетинин жетекчилерине, кыргыздан башка жан пендеге билдирбөөлөрү керек эле. Ар ар жерде тигилген боз үйлөр тигилген бойдон калды. Күндөгүдөй от жагышып, түтүн булатып, кудум адам жашап жаткандай түр беришип, түндөп жолго чыгышты. Бул амалы боз үйлөрдү көргөндөр киши бар деп ойлосун дешкендери эле. Касиетиңден айланайын боз үйлөр, бозоруп узатып кала беришти го...

                                                                  .....

Пакистанга тарткан жол узак болду. Тим гана узактыгы менен эмес, ит көрбөгөн азаптарды көрсөткөндүгү менен баштагылардан айырмалангандай болду. Кыйын болбой анан. Жол азабы, көр азабы дейт. Ошентип 1978 - жылдын жай айларынын ортосунда 300 түтүн эл менен жолго чыккан Рахманкул хан муз мөңгүлөрдү ашып, ашуудан бир нече малынан ажырап, элинен ажырап, бир жума жол басып, өлгөндөн калганы Пакистандын түндүгүндөгү айылдардын бирине жетишти. Кудай жалгап бул кезде Ооганстан менен Пакистандын ортосунда чек ара жок эле. Четки айылдардын бирине кирип кетишти. Качкандарын Ооганстандын бийликтериндегилер билип калышат деп, боз үйлөрүн тигилүү бойдон таштап келген эл ит көрбөгөн кордукту көрүшүп кийиз жамынып жатып жүрүштү.

Мында келгенде качкын эл бытырап чачылып да кетишти. Бирөөлөрү Гилгитте жашаса, кээлери Хонза деген шаарда жашап, жан сактоонун камында болушту. Аялдар бала – чака менен үйдө калып, эркектери жергиликтүү элдерге жалданып жан сактоого өтүштү.

Пендечилик! Канткенде да адам баласы адамга күйөт эмеспи. Үркүп келген качкындардын ал – жайын түшүнгөн айыл эли топурап түшкөн бейтааныш элден чоочуркап турушса да, пендечилик кылып боорлору ооруп, үйлөрүнө киргизишип, чай берип тосушту. Рахманкул хан өзүнчө короо жайы менен үй күтүп, Гилгитте дүкөн ачып, ошону менен үй – бүлөсүн, бала – чакасын багууга кам көрүп жатты. Бул аймактан Рахманкул хандын тарых жолуна кызыккандар көбөйдү. Не бир илимий изилдөөчүлөр, профессорлор акыркы кыргыз ханынын доор – тарыхын изилдей башташты.

Ошентип Рахманкул хан эли менен Пакистандын Гилгит өрөөнүнө жайгашышты.

Бул мамлекеттин бул өрөөнүнүн абасы нымдуу ары ысык келип, кары – картаң, бала – чакаларды бөтөнчө кыйнап жиберди. Бир жагынан жут каптап, бир жагынан жугуштуу оору менен ооруп өлгөндөр көбөйдү. Күндүн ысыгынан балдардын ичи өтүп, өлүм көбөйүп, улам бир үйдөн өкүрүк чыгып, кошок үнү басылбай, тополоңдору тоз түшүп жатып калышты. Өлүм житимдин саны күн санай көбөйгөндөн көбөйүп, үч жүздөй кишисинен айрылды. Кашайган качкын турмуш накта татаалданып, Рахманкул хандын айласын кетирип койду.

Мындан башка жакка кетпесе элдин баарын накта кырып алаарына көзү жетти. Бирок кайда? Кай тарапка?!.. Совет өкмөтү ныктап орноп олтурган Кыргызстан көзгө тартылды. Мургаб... Киндик кан тамган тууган жерим! Баба конушум! Сени көрөөр күн кайда?... А, анда кайра баруу эч мүмкүн эмес. – Качкындар! Басмачылар!... Жагымсыз үндөр, жакын болушса да орус бийлиги менен ымалашып кеткен журттун жагымсыз көз караштары көзгө тартылды. – Элин сатып кеткен! Качып кеткен! Басмачылар!!! – дешет да. Билип турам ошентишет. Биздин көргөн азап алардын түшүнө да кирбеген чыгаар...

Рахманкул хан мээ куйкалаган ысыктын чегинен тоолорду издеди. Алыстан алыстан Памир тоолорунун таза абасы, салкын соккон жели жүзүн аймалап өткөндөй болду. Береги мээ кайнаткан ыссыктан, жагымсыз абадан көрө, Памирдин жанга баткан суугу менен таза абасы жогору турду.

-         Тоолор... тоолор...

Ички үн мелтиреп туруп берди. Рахманкул хан эми алыска тигилди. Ой

чабыттар тыбырчылап баш аламан. Суроо көп, жооп жок. Кандай айла кылуу керек, элди кантип сактап калуу керек? Кай мамлекет буларга эшик ачат? Баш аламандыктын чеги барбы

-         Мындан кетүү керек! – деди, Рахманкул хан чечкиндүү.

Болбой эле тоодо туулган эл тоону самайт тура. Санына көз жетпеген жайылган малдар, ар кайсы жерде жайгашкан боз үйлөр... Ушулардын баары заматта көз алдына тартыла, жүрөгү элөөрүп, оор дем ала бир силкинип алды. Дагы канчага кыял эргүүсү менен тоо аралап жүрөт эле ким билет, жанына оор үшкүрө Толунбиби басып келди.

-         Абдинин аялы өлүптүр!

-         Эмне?!

-         Азыр эле айтышты.

-         Кемелдин келинчегинин жаңы төрөгөн баласы да чарчап калды дешти.

Аялы Толунбибинин суук кабары катуу селт эттирди. Экөө үнсүз бир топко тиктешип туруп калышты. Жанатан ичинен куурап олтурган Рахманкул ханга эки кабар тең оор тийди. Бир топтон кийин аялы Толунбиби оор умсуна эми кандай болот дегенсип, эрине аста тигилди. Жооп болбогон соң ойлуу башын жерге салды. Кандай жооп болмок.

Бул алаамат! Бул кырсык! Ооруу деген тилсиз жоо оозун араандай ачып, элди аралап, кара таандай каптап кеткендей болду. Климаты жагымсыз өөрөндүн жугуштуу оорусу күндөн күнгө чекесинен бириндетип жутуп жатат. Рахманкул хан тоолорго тигилген көзүн албай оор күрсүнүп алды.

-         Кече эле үч – төртөөсү бир кетти эле...

-         Күн ара үчтөн кетип олтурушса да элден не калат.

-         Балдар туулбаса...

-         Элдин арасын жугуштуу оору каптады.

-         Тукум көбөйүү керек эле. Минтип... бир жерге күлүбүз додо болбой

жер которуунун сапары үзүлбөйт. Бул эмне болгон жер эле.

-         Же, Кудай Таала бизди ушул жерге камап, биротоло жер менен жексен

болсун деп жатабы? Кудайга кылган күнөөбүз кайсы?!

-         Атакем элден жерден эмес, орустардан качты да. Улутчул кишиге

каапырлар кара ажалдай эле көрүндү го... Атам туура кылган, ар бир улут өзүн таза сактоосу керек! Ар иштин жыйынтыгы санда эмес, сапатта болуусу керек!

Рахманкул хан эми катуу ойлоно баштады. Кандай кылган күндө да элди мындан алыс алып кетүү керек! – деди өзүнө.

-         Кетүү керек!

-         Ырас айтасызбы, байым?

-         Ооба. Болбосо кырылып калабыз.

Байынын жообуна ичинен кубана Толунбиби алыска алыска тигилди.

Анын да көздөрү Памир тоолоруна барып кадалгандай болду. Суук эле дебесек, абасы таза! – деди ичинен. Төрөлгөнү бийик тоодо өскөн Толунбибиге Памир тоолору өз үйүндөй эле сезилет. Эс тартканы чоңойгон Оогандын жери кайра чакыргансыйт. Анан бул жолу кай тарапка жол тартышаарын эстей селт эте түштү.

-         Кай жакка барсак дейсиз байым?

-         Билбейм.

-         Кайра даагы Оогангабы?

-         Жок. Эми ал жакка жол жок.

-         Жаратканым сизге кубат берсин.

Толунбиби унчукпай калды. Рахманкул хан аялынан чоочулап турганын сезип жүрөгү кысыла түштү. Мунун да тагдыры колунда экенин ойлогондо жалт бир карап алды. Аялдары, балдары, неберелер... Оо, канчалардын тагдыры мунун мойнунда. Эл! Элчи?! Жараткан теңирим! Кубат бер! Жол көрсөт. Кай тарапка багыт алам? Кандай тагдырлар бизди күтүп турат? Келечек! Келечек таза болуусу керек деп келем! Келечексиз кантип жашамакбыз. Өлүм житимден кантип кутулуу керек. Ана... даагы өкүрүк чыкты...

Толунбиби экөө тең өкүрүк чыккан тарапка карап калышты.

-         Абдинин балдары...

-         Ошол жакка баралы. Жүр.

Экөө Абдинин үйүн көздөй басышты. Аңгыча ар жактан жаш келиндин

чаңырган ачуу үнү чыгып, экөө тең ортодо туруп калышты.

-         Сен тигил келинге бар. Мен Абдиникине барайын. Анан басып бараарсың.

-         Жарайт. Ошентели.

Толунбиби артка кайрылып жаш келиндин чаңырган үнү чыккан жакка

басты. Тээ бир топ жерге барып калганда артына бурулса, Рахманкул хан деле бая оордунда кыймылдабай турат. Толунбибинин зээни кейий, күйөөсүн аяп кетти. Бирок ошол эле учурда эч нерсе кылып бере албасын сезгенде ого бетер заманасы куурула түштү. Оор үшкүрө ичинен сызып, каатуу кейип жиберди.

-         Жаратканым ай! Алтын башын аман кыла көр! Кубат бер, Кудайым!

Кубат бер! Жанына кубат боло көр!

Ал жанына чуркап келген келинди да байкаган жок.

-         Эне, сиз тиякка баратасызбы?

-         Аа. Ии, ошол жакка баратам.

-         Жүрүңүз. Мен да азыр эле уктум. Катуу чаңырды го...

-         Чаңырат да балам. Анан эмне кылсын.

-         Жаман болду. Экинчиси да өлүптүр.

-         Эмне дейт?!

Толунбиби чок баскандай чоочуду.

-         Эртең менен эле...

-         Ооба. Түндө таңга кичиси чарчап калды деген. Жана эле кирип

чыккам. Эми чуркап ойноп жүргөн уулу да каза болуптур.

-         Оо, Кудай! Бу, эмне болгон алаамат!!!

Хан атам Абдиникине кеттиби?

-         Ал менден укту. Ошол жакка басты. Ал жактан чыгып мында келет.

Экөө тең үн катпай кетип бара жатышты. Ар кимиси өз ойлору менен алек. Алардын ортодогу оор тунжуроолорун келиндин ачуу чаңырыгы жарып кеткендей болду.

-         Айланам балам! Балам! Эми эмне айла кылам?!

Шашып кирген Толунбиби менен келин жерде тоголоно чаңырган

келинди басып калышты. Демейде оор салмактуу кирген Толунбиби мындайда кантип каада күтмөк. Ал да эне да. жашы келип калганына карабай эңкейип келиндин башып жерден көтөрдү. Аны көргөн келин ого бетер эрээркип Толунбибини кучактай ботодой боздоп жатты.

-         Энекебай! Кудайга эмнемден жаздым! Балам! Балдарым!!!

-         Сабыр кыл балам! Карма өзүңдү.

-         Кантип кармайм? Эми кайдан табам?! Оо, Кудай!

-         Бекем бол, Саамай. Бул кырсык!

-         Кантип бекем болом, жеңекебайлар! Экөөнөн тең ажырап...

Неге мени албайт ажал? Булар жашаш керек эле да. Неге мен өлбөйм?! Мен өлүшүм керек эле. Экөө... экөө... Жашагым келбейт! Жашагым келбейт! Энекебай! Балам ай! Балдарым!!! Ботом!!! Оо, Жараткан мени неге албайсың?! Неге! Неге! Эми менде кандай жашоо...

Кудайга жетээрлик чаңырган келин эсин жоготуп жерде жатты. Келиндер суу чачкылап айлалары кетип жатышты. Жанатан карап турган Толунбибинин эмчектеринен бери сыздап чыкты. Береги келинди карап туруу мүмкүн эмес эле. Жаратканга несинен жазды бечара. Бир түндө биринин артынан биринен кол жууп, эки баласын тең жоготту. Чүкөдөй болгон эри эшиктин капшытында буркурап турат. Толунбиби төшөккө олтурары менен төбөсүнөн тоо кулап баскандай болуп кетти. Бул ооруу минтип жайылса... Бир заматта бала – чака, неберелери көз алдынан чууруп өттү. Кокус...

-         Оо, жараткан! Кырсыгыңдан арылта көр!

Анын ичинен айткан келмеси сыртка атып чыкты.

-         Эне, тигил жакка барасызбы?

-         А...

-         Абдиникине дегеним...

-         Ии. Баруу керек да балам. Барабыз.

Толунбиби оордунан обдулганы менен нес абалда жалдырап олтурган

келинди карап шалдырай түштү. Жалдырай карап, аны жоошутканга сөз таппай турду. Мындайда сөз табуу эле оңой бекен. Оо, жүзүң курган ажал! Кандай катуусуң! Сени кылган кылыгыңа жоошутуп да кеп айта албайсың. Бечаранын бирин алсаң, бирин таштабайт белең. Эми не деп сооротуу керек боздогон энени. Эненин тарткан азабындай азапты аалам көтөрө албас. Бу, шордууга не дейт эми? Не деп айтат.

Оордунан араң турган Толунбиби үн – сөзсүз келинди бооруна кыса кучактады. Экөө бир топко турушту. Нес болгон келиндин көз жашы жаак ылдый куюлуп жатты. Эми анын баштагыдай кыйкырып, чаңырганга кубаты да келбей калган эле. Эми анын жан дүйнөсү үнсүз чаңырып жатты...

-         Бул кырсык! Бекем бол, балам. Сабырдуу бол. Кудайым берет,

Кудайым өзү алат. Баары Жараткандын колунда...

-         Эне... энекебай... Эмнемден жаздым, Теңирге...

Келиндин сөздөрү үзүлүп – үзүлүп чыккандай болду. Ал кайрадан эсин

жоготуп кулады. Келиндин абалын бүтүндөй жан дүйнөсү менен сезген Толунбибинин денеси өлө түштү. Бул биринчи жоготуу эмес, жана да акыркысы болбосун да билет. Чырылдаган келиндин учурдагы жоготуусун, муңун өз башынан өткөрүп жаткандай болду. Бул да эне да, эртең бул кырсык мунун керт башына келбесине ким кепилдик бере алат. Ким болбойт деп айта алат.

Ажал тандабайт да. Айыл элин каптап кирген оорудан эмнени күтүүгө болот. Күндө жоготуу, күндө өкүрүк – ый. Эл мүңкүрөп кетти. Бир жагына ооруу, бир жагынан минтип четинен баладан кемпир чалга чейин кетип жатат. Төрөт токтогондой. Мээримсиз ажал ажыдаардай оозун ачып басып кирди, ага жокчулук шемирейип ээрчишип алгандай. Жут каптады. Даагы тереңдей берсе мындан оңой менен кутула албастарына Толунбибинин көзү жетип турду. Ал бая олтурган оордунан эми былк эткен жок. Анын оюу тереңдегенден тереңдеп, кайдадыр закымдап кетип жатты. Тегеректеген ач - жылаңач элдер, ортосунда бир ууч болуп күйөөсүнүн турганын көргөндө дене башы жыйрыла түштү.

Келиндин бети башына суу чачышып эки үч келин айланып жүрөт. Босогодо мелтиреп эри олтурат. Каптал жакта чүкөдөй эки кемпир жер тиктешип үнсүз. Толунбиби баарын бир сыйра карап алды да, ичинен тына үн - сөзсүз оордунан тура эшикти көздөй жөнөдү.

                                                                .....

Түн. Жылдыздар жымыңдап, Ай сапары менен акырын жылып кетип баратты. Толуп турган айга тигиле караан күбүрөнүп алды. Ал бир топко тунжурай түшүп, анан жаш баладай атасын издей айланасын каранып, томсоро түштү.

-         Не деген жүрөктүү, кайраттуу, алдыга тик караган, эл деген

адам элең. Ырас эле бүгүн эмне болуп олтурам? Азыр кетип бараткансып... Атакем да тынчсызданып жатканын кара. Баары жакшы болот. Мен балдарым десем, сен да мени ойлоп тынчсызданып жатасың го. Тынчсызданба, ата. Тек акыркы күндөрү бир топ ойлор жанды кейитет. Сендеги армандар мага көчкөндөй. Мен да элди, жерди, тууган жерди самайм. Тууган жердин карааны, топурагы көздөн учту ата. Акыры кайтуубуз керек го. Балдарга да ушуну айтам. Кээси түшүнсө, кээси түшүнө бербейт. Бөтөн жерге көнүп бара жатышкандай.

-         Бөтөн жер...

Рахманкул хан оор күрсүнө алыска алыска тигилди. Анын кулагына, - Биз

бөтөн жерге келдик балам. Бирок кайсы бир убакта өз элибизге, өз жерибизге кайтабыз. Эстүү бол балам! – деген атасы Жапаркул миң башынын үнү жаңыргандай болду.


 

Төртүнчү бөлүм

 

Бөтөн жер...

 

Куугун токтогондой болду. Түндөп Мургабдан качып чыккан Жапаркул миң башылар из жашырып Кичи Памирге кирип кетишкен. Сыягы мында аларды эч ким таппоочудай. Ал жагы да тоо, бул жагы да тоо. – Эр болсоңор эми кармап көргүлө. Мында кирсеңер эчки аткандай чекеңерден бирден кырам! – деди ичинен орустарды кекетип.

 

Күүгүм да кирип келди. Топтошкон эркек аялдар малдарын жайгарып жатышты. Бири уй сааса, бири эчки, кой саап, ар жакта кара малдарды короого киргизип бир тобу жүрөт. Таш коргонго малдарды жайгаштырып, карышкыр, чөөдөн кезектешип кайтарышмак болушту. Жапаркул миң башы тартипти катуу койду. Бири бирине сак болушпаса, адамды деле бирден илип кетчү жер экен. Бирок бул убактылуу гана эле. Ылайыктуу жерди тапканча эл демин бассын дешти. Төрт тарапка чалгындоо кетирген. Алардан кабар келсин деди. Алаңдаган элдин жүзүнөн кандайдыр бир коркунучту байкоого болот. Баары алаңдап, кооптонуп турган чак.

 

Билинбей күндөр өтүп жатты.

 

Адам баласы көнбөгөн нерсе болобу. Эл, жерден кеткен бир айыл эл көрбөгөндү көрдү. Кыйналды, арыды, азды. Алыста калган тууган жерге кылчак кылчак карашып, эл - жерге деген кусалык ар биринин жүрөгүн өйүп, жеген ичкендери аш болбой, сагыныч туулган жерди саматып турду. Күндүн чыкканы менен баткан жагын гана карашпаса, кай жерге келгендерин, кандай жерге кептелгендерин деле билишпейт. Баарынын караганы Жапаркул миң башы. Тобокел деп чыккан соң, эми Жапаркул миң башы аттын башын кайда бурса, булардын тагдыры да ошол жакка басаарын билишет. Жапаркул миң башы ар биринин оюн айттырбай билип олтурду. Ушул учурда оюна керилип жаткан Мургаб келе түштү. Анан айланасын бир сыйра айланта тиктеди. Жер деген жердей эле жер. Бирок биздикинен бийик. Баарына кыйын болот, – деди ичинен.

 

Мына. Мында келгендерине бир топ убакыт болду.

 

Азырынча жер которуу тууралуу кеп чыга элек. Баарынын күткөнү Жапаркул миң башынын чечими. Бир гана жерден боорун көтөрө элек, эне сүтү ооздорунан кете элек наристелер гана эч нерсе менен иштери жок мотураңдап ойноп жүрүшөт. Бул жердин жайы да болбойт окшобойбу. Кара суук какшап жандан өтөт. Кара тончон кичинекей бала энесинин этегине жабышып калбайт. Бир кезде баягы бала оңко чоңкосунан кетти. Ойноп жүргөн балдардын тестиер бирөөсү жүгүрүп барып тургузуп, сооротуп жатты. Аларды карап турган Жапаркул миң башы жаны кайышып, көзүнө жаш ойноп кетти. – Туура кылдымбы? Туура чечтимби?! Алдыда бизди эмне болгон жашоо күтүп турат? Жол таап чыгып кетебизби, же, береги тоолор бир бирден жутабы?! – деп, күн өткөн сайын Кичи Памирден башка жакка жылууну пландаштырган Жапаркул миң башыны ар кандай суроолор жеп келатты.

 

Бүгүн аксакалдар чогулушту.

 

-         Бул жерге жашап мүмкүн эмес го...

 

Уй мүйүз тартып олтурган аксакалдар көпкө унчукпай олтурушту. Баятан ойлуу олтурган Жапаркул миң башы башын салмактуу көтөрө аксакалдарга тигилди. Байкашында алардын да ар биринин оюнда ушул суроо тургандай.

 

-         Мен каалабаганыңар калгыла дедим.

 

-         Андай болгондо кандай болмок, миң башы?

 

Маңдайындагы көп жашап, көптү көрүп калган аксакал Жапаркул миң башыга тигилди.

 

-         Биз баарыбыз бир чечимге келгенбиз, миң башы.

 

-         Биз сизден ажырабайбыз.

 

-         Башка салганды бир көрөбүз!

 

-         Андай дебе, Жапаркул миң башы.

 

-         Кандай чечсең сеники туура!

 

-         Кай заманды көрсөк да бир болобуз.

 

-         Өлсөк бир көрдө, тирүү жүрсөк бир жайда болобуз дегенбиз.

 

Жапаркул миң башы салмактуу сөзүн баштады.

 

-         Орустарга берээр мал - мүлктү бердик, ошондо да алкымдары ачылып, акыр кайра кол салышты. Мунусу мага да жаккан жок! Биз Совет өкмөтүнөн качканыбыз жок эле да. Короо – короо малды айдап бердик. Ишендик. Кошулалы дедик. Бирок алардын таза эмесин, артында эмнени көксөп тургандарын түшүндүк. Туурабы? Эгер азыр ушинтишсе, акырындап баарыбызды бирден Сибирге айдаарында эч шегим жок. Акыры апарып Сибирдин көрүнө тыгат. Анда өлгөндөн көрө, тилибизди, дилибизди, улутубузду сактап, атышып жатып мында өлгөнүбүз туура го. Мен мусулмандыктан кечип каапыр болгум келбейт. Өзүмдөн тараган тукумга да ыраа көрбөйм. Силерди да ошол үчүн ойлонгула дедим. Биз кыргыздын тукумун таза сактап калуубуз керек!

 

-         Туура айтат!

 

-         Миң башы туура айтат!

 

-         Бизди Сибирге айдамак.

 

-         Советтер кенен деген. Көрсө, дүнүйө издеген немелер тура.

 

Аксакал Жапаркул миң башыга кайраттуу болгун дегендей аста тигилди.

 

Кары болсо да, абдан кайраттуу, жоо чапканда бир жүргөн, үзөңгүлөш, кези келгенде Жапаркул миң башыга акыл кошуп, көп ишти бирге чечип коер эле.

 

-         Сен туура кылдың. Биздин жолубуз да, тагдыр да бир.

 

-         Аксакал туурасын айтты.

 

Сизге ыраазымын дегендей Жапаркул миң башы да аксакалга көз менен ыраазычылыгын билдирди. Анан олтургандарды дагы бир сыйра карап алып дагы бир ирет сөз ыргытты.

 

-         Кыйналдык дегендерин угуп...

 

-         Кыйналбаган киши болбойт!

 

Аксакал сөздү андан ары улап кетти.

 

-         Учурда баарыбыз кыйналып турабыз. Силер жашсыңар. Кыйналсам,мына мен айтсам жарашат. Мендей болгончо али далай кандай жашоону башыңардан өткөрөсүңөр аны бир гана Жараткан Кудайым билет. Баарын билбесем да, сезип турам балдар. Келегой! – деп эч ким боорун ачпайт. Баарын акыл менен калчап, алдыга жыла берүү керек. Атышса атышып өлөбүз. Биз эми мында бөтөндөрбүз. Бизден да ашкан бөтөндөр бар. Таштап качып чыккан соң, эми өз эл, өз жерибизге бөтөнбүз. Ал эми бияктагы бөтөндөр али далай тытат элиңди. Өмүрдүн аягына чейин бөтөндөр менен алышып, биз да “бөтөн” атыгып келебиз. Муну эч унутпагыла балдар. Бекем тургула! Эл сени карап олтурат Жапаркул миң башы. Бекем бол! Тоо – ташта ит кушка жем болбой. Кичи Памир, Орто Памир, Кытай Памири, Улуу Памир... Тигине учу кыйрына көз жеткис Памир тоолору. Мунун аягы жок. Мына ушул тоону кыркалай кете берсек не бир элдер жашайт. Жер аалемдин баары кыбыраган жандар да. Бири болбосо, бири менен тил табышып кетебиз. Ойлон! Ойлон!

 

Жапаркул миң башы олтургандарга тигилди. Анан, баарынан көзүн албай, - Ынтымакка чакырам! Бир бололу! Бирдиктүү, бекем бололу! - деди.

 

Олтургандар кубаттап коштоп кетишти.

 

-         Туура айтат.

 

-         Миң башы туура айтат.

 

Муруту керилген жаш жигит оордунан ыргып тура калып, олтургандарга кайрылды.

 

-         Биз бир болобуз деп чыкканбыз. Бир болобуз! Өлсөк бир чукурда, тирүү болсок бир дөбөдө болобуз! Кандай гана кыйынчылыктар болбосун бирге тартканга даярбыз, миң башы аке!

 

Мурутчан жигит Жапаркул миң башынын жакын туугандарынан болгондуктан, ар дайым, - Миң башы аке! – деп кайрылаар эле. Башыңа оор күн түшкөндө колдоп, жеңилиң жерден, ооруңду колдон алып турган тууганга не жетсин. Жапаркул миң башы кер мурут жигитке ыраазымын дегендей башын ийкей, жигитти олтур деди.

 

-         Сен менин оң колум болуп калдың. Ашуу, түздө элге жакшылап көз сал. Азган, тозгондор бар. Бул жер бейиштин төрү эмес. Бул Памир! Жер шартын баарыңар көрүп турасыңар. Адам эмес, мал чыдабай кырылып жатат. Мындан да ары өтүү керек! Алдыда Ооганстандын жерине өтүү максаты турат. Памирдин тоолорун жээктегенде Ооган Памирин беттейбиз го... Аны даагы талкулайбыз. Убакыт керек! – деди.

 

-         Рахмат, миң башы аке! Мен сиздин кызматыңыздамын!

 

-         Менин эмес. Тууганым, элдин кызматында бол! Элдин!

 

-         Туура! Туура!

 

Олтургандар жапырт көтөрүп кетишти.

 

-         Баарыңар эл деп жашагыла! Мында меники, сеники жок. Бир ууч элбиз. Туурабы, аксакал? Салт – санааны бекем туткула! Тилди – динди унутпагыла! Улам тереңдеген сайын ар түрдүү улуттарга кабылабыз. Тигинде каапырлардан качып, эми мында оогандын шартына кирип кеткендер болбосун! Биз кыргызбыз! Өз салтыбыз менен болуубуз зарыл. Бузгандар катуу жазага тартылат. Муну да эсиңерде сактагыла. Балдарды окутабыз. Билим керек. Эч бир элдин алдында башыбызды жерге салбообуз керек. Кыргыз тукуму замандан кыргыз болуп келген. Кыргыз бойдон калуубуз керек! Уктуңарбы?! Мыктап уккула! Кыз – келиндерге сак болгула. Бөтөн улутка тийгенге катуу тыюу салынат. Бөтөн тукумду көбөйтпөй, өз тукумду көбөйтсүн. Биз кыргыз тукумун таза сактообуз керек.

 

-         Туура, миң башы!

 

-         Туура айтат!

 

-         Миң башы өзү чечет!

 

-         Миң башыныкы туура. Салтты сактайлы!

 

-         Тилди, динди сактайлы!

 

Аксакал туура дегендей башын ийкеди.

 

-         Мында канча турабыз азырынча белгисиз. Бул жердин шарт климатын көрүп турасыздар. Чалгынга кеткендер келсин. Памирди жээктеп кете берсек да болот, бирок шартка туура келгидей эмес. Адам эмес, мал чыдабаган береги сууктан баарын кырып алабыз. Малга – жанга ылайыктуу климат шарты туура келген жер издөө керек. Аны да ойлонуп чечүү керек. Ооганстан жакка жылсак деген ойду мен да көңүлүмдө багып, мен да ойлоп жүрөм.

 

-         Муну сүйлөшүп чечкенден кийин ачык болот. Деген менен мындан жылаарыбыз ачык. Бөтөн жерде сак болгула. Мал – жанга, балдарга сак болгула! Баарында сактык керек!

 

Олтургандар аксакалды да колдошуп, Жапаркул миң башынын чечимине кошулгандай кубанычтуу миң башыны сырдуу карап калышты. Ырасында эле бул жердин бийиктигинен, жаратылышынын катаалдыгынан аз убакытта эле жүдөй түшкөн элге бул жагымдуу жаңылык болду.

 

Жапаркул миң башы сөзүн чечкиндүү жыйынтыктады.

 

-         Бөтөн жер деген бөтөн жер! Каапырлар каптап кирбегенде...

 

Эми башка салганды бир көрөбүз да! Бөтөн элдин арасында биз да бөтөн болуп жан сактоого туура келет. Башка айла жок. Эми. - Бизди бөтөнсүнттүңөр! - деп эч кимге да доо кыла албайбыз. Өзүбүз тандап алган тагдырдын камчысын камчыланып, жашоону улантууга болгон күчтү жумшоо керек. Ала – Тоого качан кайрылаарыбыз эми күмөн. Бирок, кайсы бир убакта артка кайтууну унутпагыла! Мунун баарын убактылуу деп жүрөктөргө түйгүлө. Мекенсиз эл болбойт. Биздин Мекен – Кыргызстан! Ар бир жарык дүйнөгө келген наристенин биринчи уккан сөзү мекеним Кыргызстан болсун! Ала – Тоо болсун!

 

-         Оомийин!

 

Баары оордуларынан обдула бата кылып жиберишти.

 

-         Оомийин!!! Айтканың келсин, Жапаркул миң башы!!!

 

Боз үйдөгүлөр эмнеси болсо да бир чечимге келгендей болдук окшойт дегенсишип, бата кыла оордуларынан туруп таркап кетишти.

 

-         Жапаркул миң башы оордунан кыймылдаган жок. Ал чартылдап күйгөн оттон көзүн албай, дымып калды. Уктап калган уулун кучактап олтурган калыбында Апидебегим да үнсүз. Ал күйөөсүн аста аңдап олтурду. Кыйналып да, чайналып да тургандарын сезди. Бирок эмне жардам бере алат. Анын жардамы күйөөсү кыймылдамайын шек чыгарбай олтуруу. Бүгүн оор күн болду. Апидебегимдин оюнда да бул жерден эртерээк эле кетсек дейт.

 

Көп узабай Жапаркул миң башы элдин алып, тобокелге салып, Кытай Памир тоолорун беттеди. Келген кишиге жок демекпи чалкыган тоолор кучагын ачып тосуп алгандай болду. Басса турса көңүлүндө “бөтөн жер, бөтөн эл...” деген жек көрүү сезими ойной баштоочу болду. Бирок артка жол кайда. Чокусун көккө тиреген Ала – Тоо кайда? Бул кайда?.. Акырындан не бир элдер менен тааныша баштады. Калчылдашып кагышкан да, сайышканда, өлгөн да, өлтүргөн да учурлар болду. Адам эй адам! Бу, адам дегениң айбандан бир аз гана айырмасы болбосо, асыл акылды неге гана коротпойт. Керилип жаткан кең тоону меники, сеники деп талашкандарычы...

 

Береги кебетеси окшош, бирок тили башка үч жигитти кечетен бери барымтыга камап олтурат. Бири такыр ооз ачкан жок. Булардын күнөөсү Жапаркул миң башынын чалгынчы жигиттерине кол салышкандыктары. Тоноого аракет кылгандары. Ушул байлануу жерине мууздап салышса да болот дечи, бирок Жапаркул миң башы андай адам эмес. Тирүү жан болушкан соң аркаларынан издеп бирөө жарым келип калаар деген үмүт менен күтүп олтурат. Азыр кое берсе, эртең даагы бир коктудан чыга калышып кол салаары да бышык.

 

Жапаркул миң башы тигилерди карап туруп бырс күлдүп жиберди. Үчөөсүнө Жапаркулдун бир эле жигити татырлык. Бирок адам деген адам да, жан сактоо үчүн нелерге барбайт. – Буларды кармап олтурганда не кылам? - деди ичинен Жапаркул миң башы. Же тилин билбесем, же оюн билбесем. Оокаттарын кыла берсин. Эгер даагы бир ирет кол салса, ошондо азаптарын берүүнү чечти.

 

-         Кое бергиле!

 

-         Каякка?! – деп жигиттеринин бири чоочуй карады.

 

-         Кое бергиле! Колдорунан эч нерсе келбейт.

 

Үчөөсүн азыр мууздап жиберүүгө даяр болуп турган жигиттер миң башынын сөзүн эки кыла алышмак беле. Аргасыздан тиштерин кайрышып, байланып турган үчөөсүн кое беришти. Аман калгандарына кудайына миң ыраазы болгон үчөө арттарын карабай качып жөнөштү. Топтошкон эл карап турушту. Мына кызык. Тээ бир топ жерге барып калганда үчөөсүнүн бири кайра күйүгүп чуркап келсе болобу. Келип эле Жапаркул миң башынын бутуна бөк түштү. Турган эл таң кала карашты.

 

-         Мен сага кызмат кылууга даярмын! - деди тигил жигит.

 

-         Эмне?!

 

Жапаркул миң башы уккан кулагына ишенбей карап калды.

 

-         Сен... сен...

 

-         Мен кыргызмын. Биз кыргызбыз!

 

-         Кайдагы кыргыз?!

 

-         Биз мындан бир кылым мурун элден кеткен экенбиз. Бул аймакта аз киши турабыз.

 

Көбү Ооганстанга өтүп кетишкен. Биз сырттан келгендерден коркобуз.

 

-         Ошондо сен да кыргызсыңбы?!

 

-         Кыргызмын! Ата - бабам кыргыз! Тегим кыргыз!

 

Жабалактап карап турган эл эмес, Жапаркул миң башы делдирей түштү.

 

-         Ошондо элден бизден мурун кеткен эл да барбы? Бу, кандай?

 

-         Мен билбейм. Мага чоң атам айткан. Кыргызсың деп. Биз силерге кол салайык деген эмесбиз. Биз силерден корктук. Тиякта Оогандыктар... Жашоо абдан кыйын. Мындай шартта ким үстөмдүк кылса, ошолор жашайт. Биз менен болгула. Тоонун ичи кенен. Бирок жашоо татаал. Биз кербендерди тонойбуз.

 

Жапаркул миң башы эми сөздүн төркүнүн түшүнгөндөй болду. Кайда барба бабайдын көрү! – деди ичинен.

 

-         Көпсүңөрбү?

 

-         Көп, көп. Бирок силердей көп эмес.

 

Жапаркул миң башы тигилген көзүн алган жок. Чөк түшкөн жигиттин чын сүйлөп жатканын жүрөгүндө сезип турду. А, ырасында жигит туурасын мойнуна алып, туура сүйлөп жаткан эле. Кайсы бир убакта бул жигиттердин жардамы тиерине ишенди.

 

-         Силер бара бергиле. Керек болгондо өзүм таап алам, - деди.

 

Жигит оордунан ыргып туруп, Жапаркул миң башынын колдорунан өпкүлөп жиберди. Анын чын ниети менен ыраазы болгону аянычтуу көздөрүнөн билинип турду. Кайра кайра ийилип, жолуна түштү. Топтошкон элдер ишенип, ишенбей узатып карап турушту. Бир гана Жапаркул миң башы ишенди. Ошондой эле керек учурда таап аларына да ишенди. Ал өзүнүн ички туюму эч качан алдбасын билет. Кетип бараткан үч жигитти тээ бир топко узап кеткиче узата карап турду.

 

Мына Кытай Памир тоолору...

 

Бөтөн жер деп алып, анан ошол башка түйшүк түшкөндө түнөк тапкан “бөтөн жерге” ыраазы болуп, баарын кең койнуна батырган Кытай Памир тоолоруна миң ырахматын айтып, эч качан да акараат кылгысы келбегенин билдирип ичинен келме келтирип, жакасын кармана тобо кылды. Анын максаты элди өлтүрбөй аман алып калуу. Артынан атасындай ишенип ээрчиген элдин убалына калбасам дейт.

 

Кырсык болбой койгон жок.

 

Оо, заматта не замандар болду дегендей, не замандар болду. Бир жерге турууга мүмкүн болбогон учурлар болду го. Туулган жериң мазарың дейт, анын сыңарындай, өзүнө бейиш болгон кенен Мургабда туулуп өскөн элге, көрбөгөн, билбеген, климаты ден – соолукка туура келбеген береги Кытай Памирдин шартында жашоо, ошол жердин шартына көнүү оңойго турбай бара жатат. Нечени кырылып, мал – жандан гана эмес, элден айрылды. Жапаркул миң башы ичинен бата кылды, - Ыйманыңар саламат, жаныңар жаннаттан орун тапсын!

 

Арадан көп өткөн жок, малды айдап, элди ээрчитип Жапаркул миң башы Ооганстанды көздөй бет алды.


 

Акыркы кечтер...

 

Бүгүн кечке кирип чыккан кишинин аягы үзүлгөн жок. Рахманкул хандын ден - соолугу күн өткөн сайын билинбей оордоп баратты. Билгизбегенге, сыр алдырбаганга аракет кылгансыйт. Бирок кайдан. Бир жагынан карылык, экинчи жагынан баскан кесел. Бу ооруу дегениң кишини аяп койбойт тура. Бир топ кайраттуу киши болбой эле карылыкка моюн сунуп бара жаткандай. Анын үстүнө турмуш эмнелерди гана көрсөткөн жок. Бу көрбөгөн кордук калдыбы. Ээ, тирүүлүк! Сенин азабаңды мындан ашыкча тарткан деле пенде болбосо керек го...

 

Рахманкул хан ушу бүгүн байбичеси Толунбибиникинде болууну туура көрдү. Сыркоолоп калган абышкасынын ден – соолугу Толунбибини да катуу сестентип салган эле. Ал акыркы күндөрү олтурса турса Кудайдан абышкасынын ден – соолугун тилеп жатты. Башкаларын айтпаганда да өзү төрөп берген бир кыз, үч уул турат.

 

Жаралганынан назик, кой оозунан чөп албаган момун Толунбиби байбичесин Рахманкул хан да бөтөнчө сыйлап, - Акыл кошчум! – деп, урматтап, эркелетип турат. Эртең менен келген Толунбиби түшкө жакын үйүн көздөй баскан. Анын кетип баратканда караган көз карашынан кандайдыр бир сырдуу көз карашты байкаган Рахманкул хан кечке бушайман болуп жатты. Азыр ошол көз караш көз алдына тартыла түшкөндө эмнегедир жүрөгү опкоолжуп, бир башкача туйлап чыкты. Ичинен бүгүн ошондо барайын деген ой келди.

 

Азыр жогору барайын десе, Овабибиси бир мурчуңдап алаарын да билет. Бирок баруу керек. Сырдашаар кеби бар. Кичүү аялы Овабиби баарынан бышык. Кичүүсү дейби, же эркелиги кете элек дейби, айтоор үч аялынын ичинен муну көбүрөөк аярын да эч жашырбайт. Эркесинин эрки менен болуп, көп учурда көңүлүн калтырбай да келет. Анын назиктиги, ойноктогон көздөрү, кылыктуу кыялдары, наздуулугу жан дүйнөсүн ээритип жиберээри да турган иш. Мындай учурларда баарына макул боло берет. Балдары да жаш. Анан да жаш токтолгондо көргөн перзенттери бир топ ыссык, бир топ жакыныраак болот тура.

 

Мунун баарын байкаган баамчыл Толунбиби, - Овабиби жаш. Эркелиги кала элек. Мунун айткандарын да укканыңыз дурус балдардын атасы – деп калганы Рахманкул ханга абдан жагат. Сөз талашып, кеп талашып, меникин неге укпайсыз деген даттанууларды бул байбичесинен эч качан уккан эмес. Баш кошкону ысык – суукту бир көрүп, балдарын өстүрүп, керек учурда жакшы акыл кебин айтып бирге келе жатат.

 

-         Мен бүгүн жогору барып келейин, Овабиби, - деди ал

 

-         Жогору...

 

Жогору барайын дегенине ичинен кетиргиси келбесе да, эрке аялы жок дей алган жок. Жок деп айтууга да акысы жок экенин билет. Хан күйөөсүнүн айтканы айткан, дегени деген экенин жакшы билет.

 

-         Макул. Барыңыз, балдардын атасы.

 

Кечке жакын Рахманкул хан байбичесиникине келди. Аны көрөөрү менен Толунбибинин көздөрү жайнап кетти. Кудум тээ жаш кездегисиндей ызаат менен тосуп алды.

 

-         Кыйналган жоксузбу балдардын атасы?

 

-         Жок. Неге кыйналмак элем. Балдар апкелишти.

 

Кечки тамактан кийин экөө божурашып бир топко олтурушту. Алар дасторкон чекесинде көпкө олтурушту. Чоң аталарынын ары жагына бир, бери жагына бир чыгып, чуру - чуу түшкөн неберелери тамактарын ичишип, көңүлдөрү ток, эчак уктап калышкан эле. Чай үстүндө Рахманкул хан уулун бир топ сынай карап олтурду. Мунун баарын Толунбиби эчак байкап олтурган. Бирок дым дебеди. Анын эмне ойлоп олтурганын айтпаса да көздөрүнөн окуп олтурган. Байбичесинин экөөсүнүн көздөрү чагылыша түштү. Ушул учурда уулу сыртка чыгып кетти. Келини дасторкон жыйнап кирди.

 

-         Бир нерсе айтайын дедиң беле?

 

-         Жок! Жок! Сиз бирдеме айткыңыз келдиби байым?

 

Толунбиби чоочуп кетти. Ошол эле учурда жооп күттү.

 

-         Баланы ойлоп олтурам.

 

-         Ии...

 

-         Эл башкарганын башкарат, бирок уулум жумшак. Аягы кандай болоор экен?.. Азыр го менин көзүм тирүү. Кандай болгондо да буга тике карап эч ким чыкпайт. Баары мен кеткенден кийин башталышы мүмкүн. Эл деген эл. Азыр илгерки заман эмес. Булар хандыкты менчиктерине басып алышты беле дегендер чыгат. Азыр башка заман. Биздин заман өттү байбиче.

 

-         Эл көтөрдү. Эл сынайт.

 

-         Туура. Элге жетекчи керек. Бирок...

 

-         Эмне болду балдардын атасы?

 

-         Эл жаңы заманга ооп бараткандай. Көрүп турам.

 

-         Не кылсын дейсиз?

 

-         Не демекмин. Элди кармай билсин дейм.

 

-         Ии...

 

-         Эл бийлөө, хандыкты алып жүрүү кандай жоопкерчиликти талап кылаарын сен жакшы билесиң. Элдин мүдөөсүн аткарбасаң биринчи ошолор сага душман. Илгеркидей, - Эми кандай заман болот? Кантип жан сактайбыз?! – деген доордон эчак өттүк байбиче. Керек болсо, тигил түрктөрдүн арасына кирип, кумга сиңген суудай сиңип кетиштери да мүмкүн. Баарын күтсө болот. Эл билип, жер билип калышты. Жаштарды кармоо эми бир топ кыйын. Жаңы кылымдын кишилери болуп калышты. Тил билишет. Окуп жатышат. Кайда барса жаман курсакты тойгузганга кудиреттери жетет. Бириндеп, бириндеп кетишсе...

 

-         Мен сизди жакшы түшүнүп олтурам балдардын атасы.

 

-         Түшүнгөн болсоң, балаңа айт. Бекем болсун! Ойлонсун!

 

Байынын кебинен кийин Толунбиби катуу ойлонуп калды. Анан эне деген эне да, уулуна жаны ачып чыдабай кетти.

 

-         Өзүңүз башында турдуңуз. Эл колдоп, эл көтөрдү...

 

-         Аның да ырас байбиче. Балдардын бири колго алуусу керек эле да.

 

-         Кудайым амандык берсин. Жаны аман болсун. Жер каратпас атасы.

 

-         Мен да ошону ойлоп жатам байбиче. Ээ, деген менен жүрөгүм тынчыбайт.

 

-         Жакшы кебиңди айтып, жол көрсөтүп турасыз.

 

-         Байбиче...

 

-         Эмне болду, балдардын атасы?

 

-         Атамды эстеп олтурам. Атамдын керээзи эсиңдеби?

 

-         Эсимде байым, эсимде.

 

-         Атам, - Кыргызстанга Кыргызстанды көргөнү эмес, өлгөнү баргыла! – деп...

 

-         Эсимде байым, эсимде. Кантип унутайын.

 

-         Муну менин балдарым кылбаса ким кылат?

 

-         Сөздүн төркүнүн түшүндүм балдардын атасы. Айтып жатасыз го.

 

-         Минтип кесел басып турганын карачы. Мен баштап баруум керек эле.

 

Алладан тилегеним ошол күн! Буюрса жол ачылат деп жатышат. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек байбиче. Муну уулуң жасабаганда ким жасайт. Береги элдин бир тал чачын жерге түшүрбөй аман жеткирүү керек! Өлгөндөн калгандар Мекенге жетүүлөрү керек! Мен ушуну айтып олтурам. Мен ошого кыйналып олтурам.

 

-         Түшүндүм балдардын атасы. Кудай жол берсе... Сиз баштап барасыз.

 

-         Эл бийлегенде жумшактыктын, боорукерликтин кереги жок. Анын да өз оорду бар. Ар ишке чечкиндүүлүк керек. Темирдей тартип керек! Рахманкул хандын балдары дегенде эле баары бүтүп кетпейт. Мен атам Жапаркул миң башынын аманат керээзин ушул убакка чейин мойнума көтөрүп келдим. Эмдигиси балдардын мойнунда! Мен балдарга өткөрдүм.

 

Экөө тең бир топко тунжурай олтуруп калышты. Экөөнүн тең ойлорунда уулу элди кандай алып кетет деген ой турду. Ооба, башкарат деген бир сөз, ал эми башкаруу Рахманкул хан айткандай не бир жоопкерчиликти талап кылат. Бул деген учурунда элди артынан ээрчитип, тукум курут кылып кырып албай, мына ушул учурга жеткиргендигинде. Салтты, тилди, дилди, улутту улут кылып, анын формасын, салт – санаанын сактап келгендигинде. Муну Рахманкул хан кылбаганда ким кылмак?! Ким сактамак?! Ким элди коргомок?! Хандык такка олтурганы 40 – жыл элге канын жанын аябай кызмат кылды. Элим деп, башын сайды. Ит көрбөгөн кордуктарды тартышканда, жер карабай элди алга сүйрөдү. Ушунун баарын ким кайталайт? Ким?! Ким?! Албетте канынан – жанынын чыккан уулу. Эл ишеним артып хан көтөргөн уулу. Алыстагы мекенге элди жеткирүү эми анын мойнунда! Милдеттүү! Милдеттүү! Он баланын ичинен элдин тандоосуна ээ болгону үчүн милдеттүү! Ата тилеги жол көрсөткөндүгү үчүн милдеттүү!

 

Узакка созулган маектен кийин эс алууга туура келди. Элдин алды эчак уктаган. Келин уулу баарын коңшу бөлмөдө угуп олтурушту. Муну Рахманкул хан олтурган жеринен сезип, көрүп олтурду.

 

-         Чакыр! – деди байбичесине.

 

-         Балам...

 

-         Эмне ата?

 

-         Олтур. Бий болуу оңой, бийликти жүргүзүү кыйын! Эми сен... балам...

 

-         Түшүндүм ата.

 

-         Бийлик жүргүзүүнүн стратегияларын жеген наныңдай билүүң керек.

 

Эл менен эл болосуң. Элди кармай бил балам. Элди ишендире албасаң, элдин мүдөөсүн аткара албасаң, анда сенин жашаганың бекер. Аманат керээзди аткар! Аткар балам!

 

-         Жарайт ата. Аракет кылам.

 

-         Аракет эмес, мен жыйынтыгын күтүп жүрөм. Эгер туз насип буюрбай...

 

Толунбиби чоочуп кетти.

 

-         Анткениңиз кандай? Кудай өмүр берсе...

 

-         Ата...

 

-         Ата керээзин аткар балам. Аткара көр.

 

-         Ата, бүгүн эс алыңыз.

 

Үйдүн ичин жымжырттык каптады. Атасына ызаат көрсөтө уулу акырын жылып чыгып кетти. Атасынын айтчу кеби көп экенин да сезет. Кыялында эртең бир шашпай кеп курам деген ойго келди.

 

-         Эс алгыла балам.

 

Толунбиби чебелектей келини даярдап койгон кумгандагы жылуу суу менен чылапчынды алып, байынын маңдайына, төшөктүн чекесине тизедей олтура кетти.

 

-         Балдардын атасы. Бутуңузду жууп берейин.

 

-         Эмне?!..

 

-         Сизге эмне болду?

 

Толунбиби чоочуй карап калды. Анын колундагы чылапчын менен кумураны көргөн Рахманкул хан бир башкача болуп кетти. Маңдайында тээ биринчи үйлөнгөн кездеги Толунбиби турду. Алгач бутуна суу куйган түн элестей түштү. Жүрөгү туйлап, көздөрү жайнап кетти. Убакыттын өткөнү эле болбосо... Аттиң! – деди, ээрдин кесе тиштей. Анан чоочуй карап турган байбичесин колунан кармай өзүнө тарта, көздөрүнө жалжылдай тигилди. Рахманкул хандын көздөрү абдан сүрдүү, ошол эле учурда мээримге толо, анан да бир нерсеге кубанган кездерде оттой күйүп, нурлары чачырап кетчү.

 

Так ушул тапта байбичеси Толунбиби да ошол биринчи Хан күйөөсүнүн көзүнө чалдыккан учурду анан келин болуп келген күндү эстеди. Алыстан көрүп сүрүнөн качканын, жакындаганда айбыкканын, анан... анан... так ушинтип бутуна суу куйган кезде саамайынан сылап, бетинен аймалап өпкөнүчү... Унутпай калсын. Ал ар бир бактылуу күндөрдүн бактылуу көз ирмемдери эле да.

 

-         Байбиче?

 

-         Оо... балдардын атасы...

 

-         Чачтарыңа... саамайың агарып кетиптир да...

 

-         Агарганы... Убакыт өтүп жатпайбы балдарымдын атасы.

 

-         Убакыт өтүп жатат. Ооба, көп убакыт өттү. Сен да, мен да...

 

-         Балдар чоңойду. Баары бой жетти.

 

-         Сага ырахмат. Мен сага ыраазымын байбиче.

 

-         Ал эмне дегениңиз балдарымдын атасы. Сиз...

 

-         Сен бир кудайы момун. Сага ыраазымын, Толунбибим!

 

-         Буюрса жакшы болуп кетесиз.

 

-         Мага жакын келчи.

 

Рахманкул хан эңкейе берип, байбичесинин ак аралап калган саамайларынан сылап, бооруна бекем кыса жытап жыттап алды.

 

-         Убакыт артка жылса кана...

 

-         Суу муздап калды. Мен жылуу суу алып келейин байым.

 

-         Ой, сен мени байым дедиңби? Мен биринчи угуп жатам да.

 

-         Мен байкабай, балдарымдын атасы...

 

-         Эми кандай айтсаң да жарашат сага. Сенин балаң Хан болуп олтурбайбы. Мен эми сени “Хан уулумдун энеси” деп тергейин! Жарашат бекен?

 

Рахманкул хан бир топко баркылдай күлдү. Көптөн бери абышкасынын минтип күлгөнүн көрбөгөн Толунбиби кошо күлдү. Анан экөө бири бирин тиктешип туруп калышты.

 

-         Кудайым кут кылсын. Ушул күлкү шыпаа болуп кетсин, балдарымдын атасы. Эртерээк сакайып кетиңиз. Суу муздай түштү.

 

Байбичеси суу апкелгени оордунан обдула бергенде, Рахманкул хан аны билегинен шап кармап калды. Экөө тиктеше түшүштү. Тобоо. Кудум бая биринчи көрүшкөндөй... Көздөр баарын айтып турду. Береги аппак билектер...

 

-         Суу муздап калыптыр...

 

-         Кереги жок.

 

-         Чыйрыгып каласыз байым.

 

-         Муз менен жуусаң да, сенин береги колдоруңдан денеңдин ысыгын сезип турам.

 

Куя бер байбиче.

 

Толунбиби оюу бир жерге турбай, ичи кым – куут болуп, абышкасынын бутун жууп да жатты, бүлкүлдөп ыйлап да жатты. Бул учурда аны кой деп тыймак тургай, бүтүндөй денесин катуу толкундун күүсү ургандай, дене башы солкулдай, мууну бошой түшкөн Рахманкул хандын жаак ылдый аккан ысык жашы байбичесинин башына тып тып этип тамып жатты. Өзүн кармана албай кеткен Рахманкул хан байбичесин билегинен тартып, бекем бекем бооруна кысты.

 

Эки жүрөк тең солкулдап жатышты. Буларды эч ким да кой деген жок. Ушул тапта: – Акыркыбы?.. – деген суроо экөөсүн тең алаңдатып жатты. Оо, бир топто барып, канткен менен эркек эмеспи Рахманкул хан өзүн кармана, байбичесин ээктен ала өйдө көтөрдү.

 

-         Кантет. Келе колума куйчу.

 

-         Сиз...

 

-         Мен жакшы болом буюрса. Доктурлар айтты го.

 

-         Сиз ошондо барууңуз керек.

 

-         Барам. Барам. Буларды ары кой. Кел, менин жаныма жакын олтурчу. Силер бекем болууңар керек. Овабибиге айт. Ал да бекем болсун. Эл карап турат. Балдарга акыл – насаатыңарды айтып, бекем кармагыла. Тигил эрке балаңды тың бол де! Ага эл ишенет. Аны неге оордума койдум. Башка балдар ылайык эмеспи. Баары ылайык. Балдарымдын баары мага бирдей. Улууларына берсем жарашпайт беле, жарашат. Бирок баары насиптен. Балаңдын бешенесине буюрду. Эл, журт колдоду. Эми мындан ары алып кетүү өзүнүн колунда байбиче.

 

Эркебибиден Абдулвакил, Абдулвахыт, Абдулмалик, Акбар бар. Мына, төрт уул тирелип турушат. Ар биринин өз кесиптери бар. Тун уулум Абдулвакил мени менен бир жүрүп эл башкарды, Абдулвахыт мал чарбалыгын тейледи. Жасаган иштеринен бир кынтык тапканым жок. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алышты. Акбар менен Малик чоң сүрөтчү, мыкты устакерлер болушту. Мен алардын келечегин көрүп турам. Жакшы болот. Бечара Эркебиби ушуларды көрбөй эрте кетти. Эненин да, атанын да бир ырахаты балдарынын кубанычын, жетилгенин, эл көзүнө көрүнгөнүн, кылган эмгеги менен эл оозуна алынганын көргөнү. Көрүп, көөнү тоюп кубанганы. Бул кубаныч Эркебибиге буюрган эмес, биз көрдүк. Мен муну абдан жакшы түшүнөм. Эркебибим...

 

Рахманкул хан мукактана түштү. О, жок, ал ичтеги жашка мууна түштү. Акыркы күндөрү Эркесин айтып баштаганда эмнегедир аягына чыкпай ойго тунуп калчу болду. Муну Толунбиби сезет. Байынын ичинен сызганын көрүп, аяп да кетет.

 

-         Эрке эжем...

 

-         Бечара Эрке...

 

-         Эжекем абдан жакшы киши эле... Эрте кетти.

 

-         Ал менин да арманым. Арманда кетти.

 

-         Ии... Балдардын чоңойгонун көрбөй кетти.

 

-         Ал кеткенде Акбарым 9 – жашта эле.

 

Экөө тең бир топко унчукпай калышты. Рахманкул хан бир топтон кийин сөзүн улады.

 

-         Овабиби экөөң бооруңарга тартып, балдарды жакшы карап келесиңер.

 

Силерге ыраазымын. Бирок өз эне деген өз эне да, байбиче. Мен Арифти өзүм менен көп ээрчиттим. Көптү көрсүн, билсин дедим. Аганы көрүп ини өсөт деген. Тигинде Авдували, Мусадык, Каныкейлер чоңоюп келе жатышат. Баарынан Каныкейиме көз салгыла. Карегим али жаш.

 

-         Эмне ойлонуп калдыңыз?

-         Менби? А... Мен ойлончу көп нерселер калып баратат байбиче. Көп...

-         Антип айтпаңызчы балдардын атасы. Баары жакшы болот.

-         Овабибини ойлоп олтурам.

Рахманкул хан бир топко тынып калды да бир топко барып сөзүн улады


Овабибиге бир топ кыйын. Балдар... Буюрса алардан да мыкты адамдар чыгаарына ишенем. Мен бекеринен баарын окутканым жок. Ар бирине арип таанытып, өзүм билбегенди жалдап келип окуттурдум. Булар келечекте окушат. Неберелер окуйт. Баары аман болушса менин атымды алып чыгышат. Мен ошону тилек кылып жашап келдим. Дүнүйө, мал баары калат. Булар эч нерсеге татыбайт, байбиче. Илим, билим керек! Бизди дүйнө тааныйт. Карап тур, Жараткан өмүр берсе баарын көрөсүңөр. Силер энесисиңер, ошол үчүн балдарга жакшы карагыла. Ынтымак болсун! Баарынан ынтымак болсун!

 

-         Балдардын атасы...

 

-         Ынтымактуу болгула байбиче. Азыр заман башка.

 

-         Байым... балдардын атасы... Бир аз эс аласызбы.

 

-         Сен мени ук, Толунбиби. Овабиби сенден жашыраак. Экөөң бир болгула. Ынтымак силерден болот. Силерден башталат. Балдарды бир кармагыла. Биз Кыргызстанды бирге көрөбүз деп абдан тилек кылганбыз. Эсиңдеби? Ким билет, бул эми буйруктан... Жаза тайып көзүм өтүп кетсе, менин айткандарымды эч унутпа! Унутпа!

 

-         Сиз... сиз...

 

-         Ыйлаба. Ыйлагандан эч пайда жок. Кайра чыйралгыла! Бизди ээрчиген, бизди тоо туткан эл бар. Балаңдын кулагына куйгун. Эл менен болсун! Эл бийлеген бир короо кой баккан эмес, элдин мүдөөсүн табуу керек! Кызым Атимбүбү жашоону түшүнүп калды. Инилерине көз болсун. Арифке карасын, үкөлөрү Назир менен Несир колдон иш алганга жарап калышты. Ынтымак, баарына ынтымак жеткирет. Ариф элди ойлосун! Кыргызстанга кантип кетүүнү ойлосун. Мен муну кайра кайра кайталоодон эч тажабайм. Акыр кайтуу керек. Бир тобу мында түрктөргө аралашып, жаңы замандын ыгына түшүп баратат. Мында калып калса, кыргыз экени унутулат. Мекен жер тиякта! Ошону унутпагыла!

 

Экөө тең дагы да бир топко тунжурай олтуруп калышты. Даагы эмнеси калды дегенсип ой кыялдары чатыштап, чоң жарыштан келип токтогонсуп Рахманкул хандын деми элирип турду. Демин баса албай турду. Бул учурда ага ар бир убакыт кымбат болуп турду. Кокус... кокус... Кайдандыр келген шектүү ойлор аны ого бетер демитип жатты.

 

-         Аттиң дүйнө! Мекен жерге бутум жетсе...

 

-         Ал эмне дегениңиз байым. Буюрса...

 

-         Ошол буюрса деген суроо мени күндө жейт байбиче.

 

-         Буюрса жетесиз байым.

 

-         Ай ким билет. Убакыт келип калгандай... Антип караба.

 

-         Баары Жараткандын колунда. Тилек кылалы.

 

-         Ээ, байбиче, ошол тилек менен мына ушул күнгө жеттик. Раматылык атам салт – санааны бекем кармаган, улут дегенде жанын берген киши эле.

 

Рахманкул хан туура дейсиңби дегендей терезеден көктөгү толуп турган Айга тигилди. Туура! - дегенде, Ай акырын жылып жөнөдү. Туура! - дегендей Жылдыздар жымыңдап жатышты. Туура! – деди акырын шыбырай өзүнө өзү Рахманкул хан.

 

-         Туура. Атам кыйын киши эле...

 

Оо, тирүүлүк! Тирүүлүк! Береги муштумдай жүрөктүн туйлап турганын карачы. Сөздүн төркүнүн түшүнүп жатасыңбы, сен тирүүлүк! Бир үйдү жайгаруу бир балээ дегендей, миң үйдү жайгарууга не деген күчтү талап кылат. Атасындай көрүп аркаңдан ээрчиген элдин тилин таап, бооруңа катып, ар кезиккен тозоктон сактап, жер ааламды кыдырыштын өзү эмне деген күч. Береги мекенди самап туйлап турган жүрөктүн дартын ким баса алат? Ким?! Оо, Теңир! Оо, Жараткан Улуу Эгем! Жаратканың чын болсо ушунча азап тарткан армандуу жүрөктү мекенине жеткире көр. Не деген азапты көргөн жок. Баарын көрдү. Жан кылычтын учунда турганда да ошол алыста калган мекенди ойлоп турду. Эми минтип аз калганда... Таскагыңды жайлата көрбө жашоо! Жайлатпа! Жайлаба!

 

Баятан байына тигилип олтурган Толунбибинин жүрөгү сыздап чыкты. Бул көргөн күндү, бул тарткан азапты бир көрбөдүбү. Бир сезбедиби. Мунун да балалыгы, бүтүндөй өмүрү тополоңдуу тозоктуу тагдырды ээрчип өтпөдүбү. Ичинен онтоп онтоп жиберди.

 

-         Сиз кайраттуу болуңуз байым. Сиз...

 

-         Алыс... алыс... Абдан алыс калды.

 

-         Не дейсиз?

 

Даагы бир күрсүнүп алды Рахманкул хан.

 

-         Карегим чөгүп, көз жашым төгүп, тилди тишке каттым. Кайран өмүр!

 

Катаал тагдыр! Канчалар бизди күнөөлөдү экен?!

 

Байбичеси эми үн каткан жок. Рахманкул хан сөзүн улады.

 

-         Элиңди, жериңди саттың! Сатып кеттиң! Сатып кетишти! Совет өкмөтүнөн качып кетишти! - дешти да, ээ?! Басмачылар!!!

 

Ал баркылдап күлүп жиберди.

 

-         Басмачылар! – деген сөздү бакыйтып ташка тамга баскандай, маңдайга баскандары да болбой койгон жок дечи. Болду да. Кайран атакем...

 

Ал даагы күлдү.

 

-         Басмачылар! Туурабы, байбиче? Аа... акмак советтер...

 

Байбичеси жаак ылдый куюлган жашын жеңинин учу менен сүртө, үндөбөй чылапчынды көтөрүп сыртка чыгып кетти.

 

-         Кайран атакем!

 

Ошол тапта Жапаркул миң башы пайда болду. Кудум тирүү кезиндей маңдайында жылмайып карап турат. Ата – бала тиктешип турушат. Тобоо, жада калса картайбаптыр. Тысырайып бетинде бир бырышы жок. Баягы эле сүрдүү келбет, сүрдүү көздөр, баягы эле сулуулук. Атам ырасында эле сулуу киши эмес беле? Эч өзгөрбөптүр да. Картайбаптыр. Албетте картайбайт. Рахманкул хан тигилген көздөрүн албай катты. Атасы кудум илгеркидей жылмая мээримин чачып карап турат. Окшошуп кетет турбайбызбы. Бирок сиз менден да сөөктүү, ары күчтүү...

 

Аны ички ой селт эттирди.

 

-         Ал сен көргөн жетимиштин кырын ашмак тургай, алтымыштын кырына чыккан жок эмеспи... А, сен мына минтип жетимиш жетини чапчып олтурбайсыңбы.

 

Арбашкан көздөр дале чагылышып турду. Ал сыркоолоп жаткан уулун аяп карап турду.

 

-         Атаке...

 

-         Жок балам, биз элди, жерди сатканыбыз жок.

 

-         Билем.

 

-         Биз элди сактап калдык. Каапырлардан сактап калдык!

 

-         Мен ал кезди билбей калдым ээ, ата?

 

-         Сен кичине элең да балам.

 

-         Бирок эс тартканда энем экөөңдүн айткандарыңдын баары эсимде.

 

-         Сени унутпасын дедик.

 

-         Баары эсимде сакталуу ата.

 

-         Сен ошол кезиңди али унута элексиңби?

 

-         Жок ата. Мен кантип унутайын.

 

-         Мен сени унутту го, бала эмеспи деп жүргөм.

 

-         Жок, жок. Ошондо мени да сиз сактап калгансыз. Орустар...

 

-         Орустар сөздөрүнө турушкан жок. Алар бизди алдады. Мен аларга сурагандарынын баарын бердим. Мал деди, малын бердим, алтын дешти, алтын бердим. Бирок алтынды көргөндө алардын араандары ачылып. Пендечиликти унутушту. Дагы, дагы көп бергин дешпедиби. Ошол кырсыктуу түн...

 

-         Алар сизди өлтүрүшмөк болуштубу?

 

-         Сени да өлтүрмөк.

 

-         Элдичи?

 

-         Мүмкүн элди да. Аларга бир айылды кырып салуу анча кыйынчылыкка турмак эмес балам. Жыйынтыгында, - Бизге каршылык көрсөтүштү. Совет өкмөтүнө кошулбайбыз! – деп, кол топтоп, Совет өкмөтүн каралап чыгышты дешмек. Баш ийбей басмачылык кылышты дешмек. Муну жогору жакта тургандар, - Туура кылдыңар! - деп жаап коймок. Мен алардын кандай иш жүргүзүп жаткандарын башынан түшүнүп, билип турдум балам. Баары заматта өзгөрүп кетпесине көзүм толук жетип турган. Аларга алардын тактикасын билген адамдар да жаккан эмес балам. Алар бийликти өзүлөрү каалагандай жүргүзгүлөрү келишкен.

 

-         Алардын баары жаман кишилер эле ээ?

 

-          Баары эмес балам. Ичинде болот да. Алардын ичинде да жогоркулардын айткандарын, Совет бийлигинин мыйзамдарын туура аткарбай, тескери иш жүргүзгөн шылуундар болгон. Алар араң оокат кылып жаткан элди талап - тоногулары келген.

 

-         Бизди тонодубу?

 

-         Алчууларын жакшы эле алды. Айдаганын айдады. Нысап деген жаман.

 

Бир ачылса аны тыюу кыйын балам. Андан көп, баарын алгылары келди. Элдин жашоосу, кыйналганы аларды ойлонткон эмес. Алардын болгон иши калкты кырбай жойбой, тонобой бир калыпта Совет өкмөтүнүн катарына киргизүү эле. Эч ким качкан жок. Качкандар алар бизге жете электе эле качып кетишкен эле да балам. Аларды басмачылар дешти.

 

-         Сизди да басмачы деди да. Жапаркул миң башы басмачы...

 

-         Ооба, айтышты. Кийин сени да... Бетке түшкөн кара такты доор гана жуубаса... Эми баары унутулду да балам. Бүттү!

 

-         Басмачынын уулу да, басмачы дешти да...

 

-         Бирок биздин элге, жерге деген жүрөгүбүз таза эле... Биз элди сактап калдык. Салт санааны сактап калдык эмеспи. Мен элимдин каапырларга кошулуусун каалаганым жок. Ошол үчүн мени улутчул дешти. Ооба, туура. Мен абдан улутчул элем. Мен советтерге эч кошулгум келген жок. Алардын бизден аласасы болбосо, бересе кылууну ойлогонун бир Кудай билет. Не замандар өттү, не деген азаматтарды кырып жиберишти. Кылым багынтчу мыктылар кетти. Бул кыргызга кылган жакшылыгыбы? Анан кантип улутчул болбойсуң? Улутчул болуу керек! Ар улут өзүнчө мамлекет, өзүнүн мыйзамы, өзүнүн туусу, өзүнүн мөөрү, тили, дини, өзүнүн салт – санаасы болууга тийиш балам. Мунун баарын сен менден да жакшы билип турасың. Сен да өзүңдүн улутчул мыйзамыңды жүргүзүп келесиң. Бир ууч эл болсо да, түбү кыргыз тукуму. Кеп санда эмес, сапатта. Билимге умтулганың, үндөгөнүң жакшы. Билим баарын жеңет. Кай жерге конбо шартына көн, бирок өз тилиңде ырда. Өзүңдүн тилиңди, дилиңди сатпа, бастырба. Сенден коркпосун, сени сыйласын, башыңдан сылатпа, элиңди урбасын! Көзүңө тик карап, кордук көрсөтпөсүн, көз отуң менен майтара бил! Бекем тур балам! Жаныбыз кайышып, боорубуз эзилип турсак да, бир ууч болуп, бир кишинин жетегинде элден ажырай бердик. Туулган жердин карааны бизден өтө алыс калды. Бир түндө элден айрылып. Бөтөн жер кезип кеттик...

 

-         Караан жок болуп кетти.

 

-         Ата?..

 

-         Сизге эмне болду байым? – деп, кирип келген Толунбиби чоочуй күйөөсүнүн башынан жөлөдү.

 

Рахманкул хан селт эте айланасын каранып алды. Ал атасынын караанын издеп жатты.

 

-         Баары көкүрөктө ата. Көкүрөктө! Убакыт... убакыт...

 

-         Жаратканым шыпаа берсин. Баары жашы болот байым.

 

-         Убакыттын зымырап өтүп жатканын кара. Бирок, андай эмес экенин бир гана Жараткан Теңир, анан өзүм гана билем. Биз менен бир жүргөн эл да муну ырастаар. Ошол кезде мени ажалдан, элди кырсыктан сактаган Жапаркул атамда эмне күнөө?.. Элди сактайм деп, бизди, бала - чакасын сактайм деп, ал дагы туулган жер көзүнөн учуп, арман менен кетти го, чиркин... Бүгүнкү мен узата тиктегендей, кыпкызыл болуп батып барткан күндү узата тиктеп, ичиңден туйлап канча ирет алыста калган мекениңди тиктедиң. Арман дүйнө! – деп... Канча ирет жүзүңдү жашка жуудуң экен.

 

-         Балдардын атасы... чай демдейин...

 

-         Жүрөгүмө эч нерсе барбайт. Же, демдесең демде. Экөөбүз бир олтуруп чай ичели, ээ, байбиче. Уктай алгыдай эмесмин.

 

-         Мен азыр...

 

-         Байбиче... Сен сулуу болуп бараткансыңбы?

 

-         Кантет...

 

-         Ии, мындай олтур. Сени ала качканым эсиңдеби?

 

-         Кантесиз балдардын атасы...

 

-         А менин эсимде баары сакталуу. Сенин кыздар менен ойноп жүргөнүңдөгү кезиңди да, аркаңдан сак сактаганымды да унута элекмин. Эркебиби сенден мени кызганып... Убакыт, мезгил бизди карыткан менен, жүрөк чиркин карыбайт тура. Көздөрүң ошол эле бойдон.

 

-         Коюңузчу, балдардын атасы. Кантесиз...

 

-         Илимде аныкталган. Адамдын көзү гана эч карыбайт экен. Кай жашка чыкпа, көзүңдөн таанууга болот дешет даанышмандар. Кана, мени даагы бир карап койчу. Мына, мына, мен ашык болгон көздөр...

 

-         Чай апкелейин.

 

Толунбибинин жүрөгү бир башкача болк этип алды. Туруп баратып кылчая күйөөсүн даагы бир карады. Азып баратканын бир жума мурун эле байкаган. Оору деген оору да. Анан түбү жок санаа – ой. Адам баласы ойлонбой кое алабы. Бирок эринин тим гана көр тирликти ойлоп жатпаганын Толунбиби жакшы түшүнөт. Ал кетсе мойнуна чоң арманды жүктөп кетээрин да билип турат. Аттиң! – деди ээрдин кесе тиштеп. Кесел баспаганда али бир топ иштерди бүтүрөт эле. Неси болсо да, жараткандан шыпаа болуп, бутуна туруп кетсе экен - деди, ичинен Жаратканга даагы да тилене. Балдардын алды тең ата болуп калганы менген, атанын оордун ким толтурат? Жашасын! Жашасын дагы! – деди.

 

-         Чайың жакшы болуптур.

 

Экөө тең бир топко тунжурашып мелтирей олтуруп калышты.

 

-         Бүгүн кечке атамды эстедим.

 

-         Коюңузчу.

 

-         Өлүм ак! Байбиче өлүмдү айта жүрүү ак! Аны айтуудан да, ал жөнүндө кеп куруудан да коркпо. Баарыбыздын бараар жерибиз ошол. Овабиби жаш, ага көп нерсе айта албайм. Ошол үчүн түшүнөт деп, сени менен кеп курам да. Ал Эркебиби экөөң көргөндү көргөн жок. Жүрөгү назик, ыйлап кирет. Колуңду берчи.

 

-         Балдардын айтканына көнүңүз, байым. Буюрса...

 

-         Мен үчүн ар бир мүнөт кымбат, силер кымбатсыңар. Маңдайыңарда болсом дейм. Каныкейим мен ооруганы жаныман чыкпайт. Анын көздөрүн көргөндө безип кетким келет. Эркек бала жүрө берет эмеспи. Кыз бала бөтөнчө назик келет. Өз колум менен той жасап узатсам деген тилегим...

 

-         Буюрса, узатасыз. Той жасайсыз. Баары болот.

 

-         Жүрөгүм каалаганы менен, көкүрөк шектенип жатпайбы. Карегим, эркетайым...

 

-         Андай дебеңиз, байым. Кудай өмүр берсе ошо күнгө да жетесиз.

 

Баарыбыз жараткандан тилеп турабыз.

 

-         Кара көзүм! Келе, колуңду берчи. Ушул аппак билектер...

 

-         Эс аласызбы?

 

-         Бүгүн такыр эс алгым келбей турат. Убакыт канча болду?

 

-         Түндүн бир оокуму болуп калды го.

 

-         Бир оокум... Ак чөлмөк ойногон бир оокумдар эсиңдеби.

 

Толунбибинин көздөрү жайнап кетти. Ал кездерди эстебей калгандарына канча болду. Бүгүн эске салып турганын кара. Олоң чачтуу, кара көз кызды Алты бакан үсүндө тиктеп турган жигит көзүнө элестеди. Миң башынын уулу дешип, буга жакындамак тургай, тээ алыстан кароонун өзүндө канча сүр жатчу эле. Кыз – келиндер, - Бүгүн Алты бакан тепкени Рахманкул келет дегенде, жакшынакай көйнөктөрүн кийишип, чачтарын кыркка жеткире өрүшүп, бой жеткен кыздар жеңелерин жандай басып оюн талаага келишээр эле. Оо, ошондогу жигиттин көздөрү ай! Толунбиби ал күндөрдү кантип унутсун. Баары эсинде. – Сага миң башынын уулунун көзү түшүп калыптыр, кызыке – деп, жеңеси айтканда беттери алоолоп, - Ырас элеби? – деп, кызарып кеткен. Анан көп өтпөй жуучулукка кишилер келди. Толунбиби Жапаркул миң башынын баласына экинчи аял болуп бараарын билсе да, жүрөгүндө чын ниети менен макул болуп, жигитти самап турду.

 

Бир тойдо Эркебибинин караганы да эсинде. Ай ошол көз караш ай. Жалт тиктеген көз караштан катуу кызганууну байкаган. – Эгер барып калсам, бул көз караш мага оокат кылдыраар бекен? Сүрү жаман го... – деп, ичинен коруна да түшкөн. Бирок андай болгон жок. Эркебиби абдан түшүнүктүү, боорукер, мээримдүү аял болуп чыкты. Ал өмүрүнүн аягына чейин сиңдим деп эркелетип, мээримин төгүп өттү.

 

-         Эмнелерди эстедиң байбиче?

 

Толунбиби даагы канчага кыялданат эле, аны күйөөсү чоочутуп ийгендей болду.

 

-         Аа... ии... жөн эле...

 

-         Билдим. Биз тепкен алты баканды эстеген жоксуңбу?

 

-         Аны кайдан билдиңиз?

 

-         Билем да.

 

Толунбиби уяла жер карады.

 

-         Мен ал күндөрдү такай эстейм. Сенин кыпкызыл көйнөгүң... Эркебиби алгач кызганып, анан...

 

-         Байбиче эжекем мага жакшы карады.

 

-         Сен да Овабибиге жакшы карадың эмеспи.

 

-         Сиздин...

 

-         Билем. Мен силерге ыраазымын.

 

-         Рахмат, балдардын атасы.

 

-         Сага да ырахмат. Ыраазымын байбиче. Ыраазымын.

 

-         Не...

 

-         Балдарды төрөп бергениңе, тагдырдын татаал жолун бирге кечкениңе... Ушул күнгө бирге келдик. Баары жакшы. Бирок бөтөн эл, бөтөн жерде...

 

-         Билем. Баарын билип, түшүнүп турам. Кайраттуу бол.

 

-         Неге жаның кайышып турганын билбейт дейсиңби. Баарын билип турам. Тилегин! Жараткандан тилесеңер ага да жетээрсиңер. Атамкем ай, сен да мендей куса болуп, мендей ыйладың го ээ?.. Анан кантсин. Оо, бул тирүүлүктө тууган жерден, элден айырбасын! Бул түпсүз тозок!!! Кабыргам ката элек мен ошондо буркурап көз жашымды төккөн элем. А, атам менен энемчи? Бизди ээрчип чыккан бир ууч элчи?.. Катарыбыз суюлуп кетти. Ар биринин ичинде төө көтөргүс арман кетти...

 

Рахманкул хан Толунбибинин колдорун кармап көпкө олтурду.

 

-         Энекемдин колдоруна окшош...

 

-         Байым...

 

-         Ыйла. Ыйласаң ыйлап ал. Баардык нерсенин аягы болот. Аткан күн да батат. Бирок ал кайра чыгат. Бу, өмүр дегениң кайра чыкпайт, атпайт дагы... Эй, курган жашоо! Бизге таттуусунан ачуусу көп болду Толунбиби. Сен да баарын көтөрдүң.

 

Рахманкул хан бир азга демин ичине тарта, анан ичинен оор күңгүрөнүп алды. Тээ бир топ убактан кийин дагы оор күрсүндү.

 

-         Дагы бир күн батты...

 

Минтип акыркы күндөрү ар күнү батып бараткан күндү узатуу эмнегедир ага акыркы күндөрү адатка айланып бараткандай. Батып бараткан күндү карап, өзүнүн да өмүр сапарынын карып баратканын ойлогон сайын бир арман жүрөгүн катуу өйүтүп келет.

 

-         Көрбөй каламбы... Ырас эле Ата – Мекендин тузу мага буйруган жокпу? Кыргызстанымды көрбөй калдымбы?..

 

Бир топко оор тунжуроо. Аңгыча корооздордун кыйкырган үнү угулду.

 

-         Бул таң да атты.

 

-         Анан ичинен оор күңгүрөндү.

 

-         Таң! Таң атты. Анда тигилгенде эмне?

 

-         Карылык... Ээ, карылык! Канча ашуу ашып, канча суу кечти бул өмүр.

 

Кайран өмүр... кабагым кашым дебей, мөндүрдөй учкан октун алдында калгандай эле, турмуштун не бир жан чыдагыс кыйынчылыктарына кыңк этпей жонун тосуп берди го. Сенин күнүң батып баратпайбы, карылык. Эми мени гана тиктеп ал! - дегенсип, ички дүйнөсү бир дүрбүп алды.

 

-          Эшикке чыгасызбы, байым?

 

-         Чыгалы. Таңды тосолу байбиче.

 

Таң ажайып нурун чачып атып келе жаткан эле. Рахманкул хан чыгыштан көзүн албай кыймылсыз турду.

 

-         Не деген ажайып! Не деген сулуулук!

 

Ошол замат денесин майда калтырак басып, энесин жоготкон жаш баладай ыйламсырап, эки жагына дагы бир элеңдеп каранып, анан үн – сөзсүз олтуруп калды. Ушул тапта тээ бала кездегилей өңгүрөп ыйлагысы келди. Буга, - Балам, сага эмне болду? Неге ызаланып турсуң? – деген энесинин эркелеткен сөзү жетпей турду. Ооба. Адам канча жыл өмүр сүрдүң, канча жол бастың баары бир балалыгың, ата – энеңдин мээрими сени менен бирге жүрөт эмеспи. Пайгамбар жашынан эбак ашкан береги караан мына так ушул чакта ушул мээримди искеди.

 

-         Байым...

 

-         Энекемдин колдору...

 

Анын көз алдына энеси, жоодураган көздөрү, аппак жүзү, назик колдору элестеди. Мына энекесинин колдору. Чекесинен сылап эркелеткен колдору... Ыссык нан сындырып берген колдору... Тамак сунган колдору... Анан бооруна бекем бекем кысаар эле.

 

-         Бечара энем! - деп алды ичинен умсуна.

 

-         Балдардын атасы, береги сууну ичип жибериңизчи.

 

-         Суу... Рахмат байбиче. Суудай болобу. Көздөн учкан Кыргызстаныма жетип... Оо, суусуна жүзүмдү чайысам... Таза абасынан кере – кере жутсам... Аттиң! Аттиң арман!

 

Ал оор дем ала шыпка тигилди. Көздөрү тунарып чыкты. Анын сөздөрү үзүлүп, үзүлүп чыкты...

 

Арманда өткөн өмүрлөр ай!

 

Арманда өткөн өмүрлөр ай...

 

Каректерим чөгүп барат,

 

Көз жаштарын төгүп барат.

 

Төгүп барат... 


-------------------------------------------------------------------------------------------


Романды бул жерден көчүрүп алууга мүмкүн.


--------------------------------------------------------------------------------------------

 

Рахманкул хан Жапаркул уулу (1913 – 1990 – ж.ж)

 

Ажы Рахманкул хан Жапаркул уулу жүздөгөн үй – бүлө, миңдеген элдин азап тозогун бир көрүп, ысыгына күйүп, суугуна тоңуп 40 – жыл хандык бийликте турду. Элим! - деп, эли үчүн көөнөрбөс эмгектерди жасаган Рахманкул ханды жашоонун не бир азап - тозогу эч токтото алган жок. Ал рухий дүйнөсүнүн бийиктиги, дүйнөгө болгон көз карашынын кеңдиги, өтө баамчылдыгы менен айырмаланып келген. Ал элим! – деп жашап келди. Бул тирүүчүлүктө ар бир адам баласынын алдында, - Мен эмнеге бул жашоого келдим? Мен бул жашоодо эмнелерди жасоом керек? Жана да эмнелерди жасадым?! – деген чоң суроолор турат. Эгер биз бул суроолорду бирден талдай турган болсок, Рахманкул хан Жараткан Эгем берген жашоосунун ичинде бул суроолорду толук аткарды деп жыйынтык чыгарууга туура келет.


“А” деген арипти билбеген, тоо ташта жан сактоонун күнүн көрүп, качкан – тозгон элге тамга таанытуу, балдардын келечегин ойлоп, алга сүрөө, баардык эле адам баласынын колунан келе бербеси да анык. Айрыкча Рахманкул хандын доорунда, жана азаптуу жашоосунун мезгилинде. Эгерде Жараткан Эгем адам баласын жараткан кезде ушундай тагдырды башка салып, бешенеге насип кылган болсо аны көтөрбөскө пендеде айла барбы. Рахманкул хан баарын көтөрдү, баарына чыдады. Баарын көрдү. Мен эмнеге бул жашоого келдим? Мен бул жашоодо эмнелерди жасоом керек? Эмнелерди жасадым? – деген өңдүү суроолорду толугу менен канааттандырып, эли үчүн да, өз үй – бүлөсү үчүн да, өзү үчүн да татыктуу жашап өттү. Ал замандан калбай, зор аракеттин үстүндө жашады. Ал бир гана кыргыз тили менен гана чектелип калбастан, бир эле учурда жети тил менен сүйлөгөн адам болгон. Мунун түрдүү тилдерди үйрөнүүсүндө албетте атасы Жапаркул миң башынын салымы зор эле. Атасы Жапаркул миң башыдан алган таалимди өзү улады.


Памир кыргыздарынын сабатын жоюу, саясат, илим - билим жана өнөрдөн кабардар бoлуусун алдын ала oйлoп, Раxманкул хан өзү мугалимдик милетти аткарып, атайын билимдүү мoлдoлoрду жалдап, балдарды oкуттурган. Жаштарга ар түрдүү кeсиптeрдин ээси болууга, келечекти ойлоого, жаңы заман тууралуу кеңири маалыматтар жүргүзгөн. Абдураxман Жами, Рудаки, Бeдил сыяктуу Иран классикалык адабиятынын чыгармаларын абдан кызыгуу менен сүйүп oкуган Раxманкул хан кыйла сабаттуу адам бoлгoндуктан бир эле учурда жети тил билгени бул укмуштуудай жетишкендик. Ал кыргыз, кытай, ооган, фарс, иран, ж.б. тилдерде эркин сүйлөп, эркин ой жүгүртүп келген. (болжол боюнча мүмкүн андан көп). Мындай билим анын жашоосуна зор таасирин тийгизген.


Ал эл башкарууда кара күч, зoрдук - зoмбулук мeнeн журт башкарган бий, төбөлдөрдөй эмeс, табигий жeтeкчилик жөндөмү бар, өз чөйрөсүнө караганда алда канча билимдүү, маданияттуу, ары түшүнүктүү, эл аралык диплoматияны мыкты билгeн, дүйнөлүк саясаттардан кабары зор, таланттуу адам жана да бүтүндөй Бадахшанга таанымал инсан болгон. Ооган кыргыздарын 40 – жыл бийлеген Рахманкул хан Кабулда да кадырдуу болгону, аны Ооган бийлигинин башчылары таасирлүү эл башчысы катары билишкени жана урматташканы, Рахманкул хан Ооган Шахынан тартып, өкмөт министрлери, чет элдик дипломаттар менен мыкты алакада болуп, сый мамиле түзө билгендигин тарых тастыктады. Ооган мамлекетинин Шахы Рахманкул ханга “Памирдин сакчысы” деген наамды бергени да жөн жерден эмес. Анын жашоодогу жүргүзгөн ар кандай стратегияларынан, мыкты жетекчи гана эмес, мыкты жоокердиги Шахты таң калтырган. Рахманкул хан келечек доорду алдын ала сезе да, көрө да билген даанышман адам болгон десек да болот. Ошондой эле элинин зоболосун көтөрүп, тилди, динди, улутту, маданиятты бийик кармаган, мыкты лидер болгон. Туулган жерин айтпаганда көк мелжиген Памир тоолорунун Тажикстанга караган бөлүмү, Кытайга караган бөлүмү, Ооганстанга караган бөлүмү Рахманкул хандын бүтүндөй өмүрүн камтыган негизги өөрөндөрдөн болуп калды.


Тарых тактагандай элден кеткен бир ууч кыргыздарды Мургабдан Памирге, Памирден Кытайга, Кытайдан Ооган Памирине баштап келген Жапаркул миң башы, Сартпай хан, Токтосун байбачалар болгон болсо, андан кийин дээрлик 40 - жыл кыргыздарга хан болуп, Ооганстандын жетекчилери менен жакшы тил таап, Кабулдагы бийлик менен абдан жакшы байланыш орноткон, андан соң Ооганстандан Кытай Памирине жер которуп, эки жылдан кийин кайра Ооганстанга, андан Пакистанга, андан соң Түркияга баштап келген Рахманкул хан экенин кийинки муундар, кыргыз эли биле жүрүшүбүз керек.


Памир! Памир! Памир...

Оо, оомалуу төкмөлүү дүйнө! Өксүгү күчтүү өмүр ай! Мына арман! Мүмкүн ошол кетип бараткан учурда, өмүрдүн акыркы саатында...

Биз аңыз кылган Рахманкул хан:

Эй, бечара өмүр! Бечарам!

Мекен жайды көрбөй барам.

Миң тилеймин Теңиримден,

Мекен жерди бассын балам! – деп... Оо, түбүң түшкөн арман дүйнө! Арман дүйнө! Кыргыз уулу акыркы демин чыгаргандыр... Ооба, арман дүйнө! Анын аркасынан ээрчиткен элин Кыргызстанга өзү жетектеп, өзү ээрчитип келе албаганы, бул эңсөөсүн, милдетин, ата керээзин өз колу менен аткарбай калгандыгы өтө чоң арман болуп калды.

 

-----------------------------------------------------------------------------------------

 

Кадырлуу окурманым!

 

Арманга айланган өмүрлөр! – деп, акыркы кыргыз ханын мен биринчи жазып жатканым жок. Мага чейин да жазышкан, менден кийин да далайлар жазып, аңыз кылып айтышаар. Бул таарых – доор даңазалаган улуу инсан тууралуу чет элде, чет жерде далай далай улуу кептер айтылып да, жазылып да келген.

Ооба, замандаштар! Ислам динин, кыргызды сакташ үчүн үч жолу жер которгон инсан тууралуу, Ооган кыргыздары тууралуу чет элдерде буга чейин да китептер жазылып, тасмалар тартылган. 1980 - жылдары Рахманкул хан тууралуу тартылган тасма Анлиянын архивинде сакталып турат. Өмүрүнүн акыркы саатына чейин, - Кыргызстанды бир көрсөм! Эл – жерге жетсем! – деген улуу эңсөө менен, аңызга айланган кыргыздардын акыркы ханы Рахманкул хандын арманы ишке ашпай Кыргыз мамлекетинин пайда болушуна бир жыл калганда тагдыр буйрубай келбес сапарга кете бергени абдан өкүнүчтүү.

Учурда Рахманкул хандын балдары, небере - чөбөрөлөрү өзү эңсеп, тилек кылгандай түркүн кесиптердин ээлери болуп, дүйнөнүн туш тарабында жашап жана эмгектенип келе жатышат.

Ажы Рахманкул хан Жапаркул уулу 1913 – жылы туулуп, 1990 – жылы

77 жашында узакка созулган оорудан кийин Туркия мамлекетинин Эрзурум шаарында бул дүйнө менен кош айтышты.

 

-----------------------------------------------------------------------------------------

 

Arman ailan omur CHynaraЧынара КАЛЫБЕКОВА, Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, актриса, акын – драматург.

 

Дареги: Бишкек шаары. Политехническая 4. кв 24. Тел: 0773 007 156.

Почта: kalybekova1961@mail.ru

 

 

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены