Ош облусунун Алай, Чоң-Алай райондорунда жашаган памирлик кыргыздардын абалына мониторинг жүргүзүп келишкен Акыйкатчы А.Абдрахматова жетектеген топ, мамлекеттик органдарды андагы көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды. Ушуга байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграция маселелери боюнча башкармалыгынын начальниги Жыпара Мамбетованы кепке тарттык.
- Жыпара айым, өткөн жылы Памирде жашаган кыргыздарды белгисиз дарт каптап, бир тобу каза тапкандыгы боюнча маалымат тараган. Быйыл ал жакка экспедиция барабы?
- Бүгүнкү күндө Чоң Памир менен Кичи Памирдин эли 6олуп,1500ге жакын адам бар. Мамлекеттин гумжардамы жыл сайын жеткирилип жатат жана ал пандемия учурунда да токтогон жок. 2021 -жылы азык-түлүктү, зарыл болгон тиричилик товарларды, медикаменттерди Ооганстанга барып, жеринен сатып бергенбиз. 2022-жылы андагы саясий абал туруксуз болуп, согуштук кырдаал курчугандыктан мамлекет жетекчилиги биздин коопсуздугубузду 1-орунга коюп, экспедицияны токтотууга туура келди. Былтыр Памирдеги боордошторубузду оору каптап, андан 24 адам каза болуп калды. Ал эми быйыл гумжардам жеткирүү планыбызда бар. Ага республикалык бюджеттен 5 млн. сом каралган.
Өкмөттүн памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча 2022-2024-жылдарга программасы кабыл алынган. Анын алкагында Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бурган-Суу айыл аймагында турак үйлөрдү курууга 70 гектар жер трансформацияланып берилген. Буюрса, жаз айларында курулушу башталат. Бул долбоорго өзүнчө каражат каралган. Үйлөр бүткөрүлгөндөн кийин памирлик кыргыздар көчүрүлүп келиши керек. Бул жерде эске ала турган бир жагдай бар. Чоң Памирдин эли Кыргызстанга көчүп келүүгө даяр. Бирок Кичи Памирде жашагандардын айрымдары шарт түзүлүп берилсе өз жеринде эле калууну каалашат.
- Былтыр алар кандай оорулардан каза болушуптур? Эне менен баланын өлүмү квп деген маалыматда бар.
- Памир деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте жайгашып, жаратылыш шарты катаал, эч нерсе өспөгөн тоолуу аймак. Экспедиция менен Памирге 6 жолу барып, ал жактагы элдин жашоосун жакшы билип калдым. Хандарын да тааныйм. Памирдик кыргыздардын административдик түзүлүшү XIX кылымдагыдай сакталып калган. Малай кармап жашаган адамдар да кезигет. Бирөөнүн ишин жасап, малын багып курсагын тойгузуп жүргөндөрү да аз эмес. Кыздарды балакатка жете электе күйөөгө берүү токтой элек. Ошондуктан көбүнчөсү төрөт учурунда каза болуп калат. Ымыркайлар да токтобойт. Андагы боордошторубуз ар түрдүү себептерден жыл сайын азайгандын үстүндө.
2019-жылы гумжардам жеткирип барганыбызда Чоң Памирдеги бир келин көз жарып жаткан учурга туш келдик. Ал жакка эч качан туруктуу медициналык жардам барган эмес. Келиндин төрөтүн биздин врачтар кабыл алышты. Бирок, ымыркайды орой турган жалаяк таба албай кыйналганыбыз эстен кетпейт. Эч кандай шарт жоктугунан антисанитардык абал кооптуу чекке жетип турат. 2020-жылы биздин экспедиция кайра барганда келиндин ымыркайы чарчап калганын айтышты. Иммунитети жок болгондуктан сасык тумоо деле көп адамдарды өлүмгө дуушар кылуусу ыктымал. Алардын негизги тамагы - эт жана сүт азыктары. Катаал климатка ылайык кийим-кечелер өтө тартыш. Суук тийип чарчап калган балдар көп. Эксперттердин иликтөөсү боюнча, Памирдеги энелердин жана балдардын өлүмү дүйнөдө 1-орунда турат.
- Экспедицияга барганда кайсы жакта жайгашып жүрөсүздөр?
- Памирликтердин боз үйлөрү, сарайдын материалдарынан курулган чакан тамдары бар. Жайында жайлоого, жазында жаздоого, күзүндө күздөөгө көчүшүп, кышкысын кыштоого келип отурукташып алышат. Биз барганда кыштоолорундагы кичинекей кепелерде түнөйбүз. Алардын абалы өтө оор болгондуктан мында көчүрүп келип, биротоло жок болуп кетүүдөн сактап калуу керек.
- Акыйкатчы А.Абдрахматова: «Кайрылмандарды бир жерге чогуу отурукташтыруу алардын жергиликтүү эл менен эффективдүү адаптациялануусуна, интеграциялануусуна мүмкүнчүлүк бербей жатат» - деп билдиргенине эмне дейсиз?
- Андай пикирге такыр кошула албайм. Памирлик кыргыздарды 2017-жылы экспедицияга барганда өзүбүз менен кошо алгачкы жолу алып келгенбиз. Биринчи адаптациялык мезгилин Нарын шаарында өткөрүшкөн. Памирликтерди жергиликтүү элден бөлүп койгон эмеспиз. Адегенде ар кимиси ар башка көчөдө жашай башташкан. Балдары ар башка мектепте окушкан. Ошондо 7 үй-бүлөдөн 33 адам келген. Нарын шаарында 3 жылга жакын жашашты. Памирликтер: «Баарыбызды бир айыл кылып чогуу отурукташтыргыла» деп өздөрү суранышкан. Андан кийин Ош облусуна көчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда памирликтерден 25 үй-бүлө бар. Ошол себептен Алайдын Талды-Суу айылында мамлекет бышкан кирпичтен заманбап үйлөрдү куруп берген. Суу, электр энергиясы бар. Талды-Суу айылынын балдары барган мектепте булардын да балдары чогуу окуйт. Алардын сабатсыздыгы тууралуу маселеге келсек, ар бир адамдын турмушту кабылдоосу, окууну өздөштүрүүсү өзүнө жараша индивидуалдуу болот. Мисалы, Нарынга келгенде Турганбай деген өспүрүм балабыз тамга тааный алчу эмес. Ал өзүнүн аракети менен сабакты жакшы өздөштүрүп, класстан класска көчтү. Азыркы учурда И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетке караштуу педагогикалык колледжде окуп жатат. Блогер болуп жүрөт, үйлөнүп алды. Бул жакшы жетишкендик деп эсептейм.
Азыркы күндө Чоң-Алайдагы памирликтердин 6 үй-бүлөсүндө 17 киши бар. Алайда 16 үй-6үлөдө 87 адам жашап жатат. Нарында эки, Чуйдө 3 үй-бүлө жашайт. Эркектери машина жууган, эмерек чыгарган ж.б. жерде иштешет.
Талды-Суу айылында алардын 20 жаштан ашкан чоң балдары менен жергиликтүү мектептин жогорку класстарынын окуучуларына аралаш отургузуп сабак өтүлөт. Албетте, айрымдары түзүк окуйт, кээ биринин өздөштүрүүсү солгун. Азыркы учурда 46 адам Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Жарандык тууралуу мыйзамда этникалык кыргыздар мурда жашаган өлкөнүн жарандыгынан чыкпай туруп, Кыргызстандын жарандыгын алууга жол берилет. Чоң-Алай районуна памирлик кыргыздар өткөн жылы көчүрүлүп келди. Бул жактагы 17 адам жарандык ала элек. Бирок, кайрылман статусу берилгендиктен, жөлөк пулдарды, медициналык жардамдарды алууга, балдарын мектептерге жана бала бакчаларга берүүгө укуктуу.
- Алайдагы, Чон,-Алайдагы памирлик кыргыздарга гуманитардык жардамдар берилбей калгандыгы, алардын жумушсуздугу боюнча пикириңиз?
- Жаңыдан көчүрүлүп барганда мамлекет да, жергиликүү бийлик органдары да тамак-аш менен камсыздоодон баштап, турмуш тиричилигине чейин камкордукка алып жатышат. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, ар бир үй-бүлөге 1 жылкы, 1 музоолуу уй, 10 кой-эчки берилип, малды көбөйтүп, жашоо турмушту жакшыртып алууга шарт түзүлгөн. Бирок кээ бири малдарын сатып, эски машиналарды сатып алышкан болчу. Мен аларга: «Машина көп чыгымды талап кылат. Тоолуу аймакта жүргүнчү ташып акча табууга мүмкүн эмес, кардарлар чыга койбойт. Айдоочулук күбөлүктү жакшы окуп, экзамен тапшырып алууга туура келет» дегем. Алар Дароот-Коргонго айдоочулук курс ачылса окуп алат элек дешкен.
Талды-Сууда көмүр карьери бар. Эл көмүрдүн кесектерин иргеп, мүшөктөргө салып, ишкерлерге даярдап сатышат. Ал жердеги айыл өкмөтүнүн жетекчилиги памирлик кыргыздарды жергиликтүү элге кошуп: «Булар да каражат таап оокат кылышсын» деп, шефке алуусун милдеттендирип койгон. Кышкысын этникалык кыргыздар көмүрдөн күнүгө 700-800 сомдон каражат табышарын айтышкан. Ал эми Абдугапар деген памирлик жигит болсо, Президент бердирген койлорду 52ге жеткиргенин, көмүрдөн тапкан акчасын да малга салып жатканын айткан.
Андан тышкары, бардыгына айыл чарба жерлери бөлүнүп берилген. Бирок, ал жакта арпадан башка эч нерсе өспөйт, жерди чөп чабыкка эле колдонууга болот. Былтыр барганыбызда чөп жакшы чыкпай калып, элдин баары кыйналып жатыптыр. Кышкысын чөптү сатып алууга туура келди.
Кайрылман статусун алган адамдар Кыргызстандын жарандары менен бирдей тартипте жөлөк пул алышат. Бир балага 1200 сом берилет, бийик тоолуу коэффициент менен андан көбүрөөк жөлөк пул алышат.
- Азыркы күндө Кыргызстанда кайрылман статусун алган канча жаран бар?
- Тажикстандан, өзбекстандан этникалык кыргыздар келишкен. Кайрылмандар көбүнчө Чүй облусуна отурукташкан. Андан тышкары, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында кайрылман статусун алгандар жашайт. Эгемендүүлүк жылдарынан бери көчүп келген этникалык кыргыздардын саны 75 ОООден ашат. Булардын 70 ОООге жакыны Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү курулушта, айыл чарба тармагындагы сезондук жумуштарда иштешет.
Кайрылмандар тууралуу мыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргиздик. Ал кабыл алынып, Президент С.Жапаров тарабынан кол коюлду. Кайрылмандардын менчик үйү болбогондуктан каттоо маселеси эң курч көйгөй. Азыркы учурда өз үйү жок кайрылмандар айыл өкмөтүнүн дареги боюнча катталууга укуктуу деген норма киргиздик. Бүгүнкү күндө ага ылайык, жоболордун ченемдери иштелип жатат. Ал кабыл алынгандан кийин кайрылмандар айыл өкмөтүнүн юридикалык дарегинде каттоого турууга укук алышат.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены