Мен бир үйдүн эрке баласы элем. Ата - энем күн тийсе ушул балабызга тийсин деп, алпештеп чоңойткон. Тагдырдын буйругу ушундай экен, ата -энем бул дүйнөдөн өтүп кетти. Ата-энемдин көзү өтүп кеткенден кийин, жашоонун оош кыйышын көрдүм, турмуштун суугуна тондум, ыссыгына күйдүм. Жакшыга жолугуп жаркып күлдүм, жаманга кезигип от болуп күйдүм. Айтор не күндөрдү көрбөдүм, кай жерлерде жүрбөдүм.
Азыр ойлойм ,мен ата энемдин кадырын билбептирмин, жаштыкта көп нерселерди элес албай эле жүрүптүрмүн. Баары өткөн чакта кетти, кеч түшүндүм. Аттиң арман ,аттиң дүйнө , мындан эки жыл мурун улуу эжем каза болуп калды. Айылга барганда эжемдикине барчумун, мен барганда эжем тосуп чыгып, жалынып жалбарып жетине албай кетчү.
Турмуш адамды алаксытат экен, мезгил баарын унуткарат экен. А мен баягыдай эле турмуштун күр шарына аралашып жүрө берем. Бирок айылга барганымда эсиме тык этип бир ой келет, эжем жок өтүп кеткен, мени тосуп алар, үйдөн чуркап чыгар, мен келсем кубанып жетине албай жүгүргөн эч кимим жок. Ушул ой келгенде ,дүйнөм эңшерилип, сай сөөгүм сыздап, эзилип кетем. Ишенбейм кайра өзүмө өзүм суроо берем, чын эле эжем жок ээ, ата- энем да жок, баары мени таштап кетишкен. Эх аттиң жалган болуп калса кана, түшүм болуп калса кана.
Ыйлайм кээде эч кимге көрсөтпөй, эмнеге, эмнеге мени таштап кетип калышты экен, мынча шашылды экен, бир аз жашаса болмок. Аттиң арман, ажал адамдын ой жайына койбойт ээ. Ыйлайм өксүп, өксүп ыйлайм.
Кымбаттарым менин, асылдарым менин, эмнеге арабыздан эрте кеттиңер. Кудайга шүгүр деймин дагы, үй бүлөм балдар кыздарым бар, эжем бар, элим бар, журтум бар, тууган уругум бар. Тообо кылам өзүмө өзүм кайрат берип, жаратканга шүгүр деймин өзүмдү өзүм сооротом.
Жашоодо жакшы адамдарды көрсөм жанашып бассам, сырдашып сүйлөшсөм, өткөндүн баарын унутам, кадимкидей сергип жашоого болгон көз карашым өзгөрүп, үмүт артып жашагым келет. Жаман, арсыз, уятсыз бир байлыктан башканы көздөбөгөн, түркөй адамдарды кезиктирсем ошолордон жапа чексем, аруу дүйнөм толкуп эңшерилип жашагым келбей кетет.
Кээде чүнчүп кыйналганда өксүйм, силерди сагынып артыңардан кетким келет. Түшүмдө жапжашыл шиберлүү гүл төшөлгөн жылгада жүрөсүңөр. Дуа кылам, ыйлайм, ичимден шыбырайм силер бейиштиксиңер, силер бейиштиксиңер, силер бейиштиксиңер. Мен силерди сагынам, мен силерди эстейм, мен силерге дуа кылам.
Мен өзүмдү жактырамын, жек көрөм,
Тагдыр салса танбайм бирок эп көрөм.
Тирүү туруп жандүйнөмдө жүз өлүп,
Өксүйм кээде өткөн күндү көп көрөм.
Суроо салам мен эмнеге төрөлдүм,
Сезимдерди кусалыкка көмөмүн.
Сенек болуп чай кайнатым мүнөттө,
Сансыз ойду айсыз түнгө жөнөттүм.
Санаа чегип чай кайнатым мүнөттө,
Түпсүз ойду туңгуйукка жөнөттүм.
Өскөнбай Бердибаев
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү
Алай району, Сары-Могол айылы
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены