Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрь мугалимдер күнүнө карата уюшулган иш-чарада көп жылдык үзүрүү эмгеги, ийгиликтери, келечектин жаш муундарын окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана үзгүлтүксүз көп жылдык эмгеги үчүн Лебединака №3 орто мектебинин кыргыз-тили, адабияты мугалими, жердешибиз Мислимбүбү Турдубаева Билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн отличниги» төш белгисине ээ болду. Мислимбүбүнүн туулуп өскөн жери Сарыкол өрөөнү Кара-Көл айылы.
Мислибүбүгө үй-бүлөдөгү жакшылыктарды жана жаш жарандарын тарбиялоо ишинде көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз !