Хорог шаарында учак авариялык түрдө конду

Хорог шаарында учак авариялык түрдө конду

«Тажик Эйр» авиакомпаниясынын Хорог-Душанбе каттамын аткарып жаткан АН-28 учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй, кайрадан Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун борборундагы аэропортко конууга аргасыз болду. Бул тууралуу жергиликтүү администрациянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Болжолдуу версия боюнча, учактын кыймылдаткычтарынын бири иштебей калган. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыркабаганын жана көп өтпөй алар МИ-8 тик учагы менен борборго жеткирилгенин кабарлашты.

 

 

«Тажик Эйр» компаниясынын АН-28 үлгүсүндөгү жалгыз учагын оңдоо үчүн Хорог шаарына Душанбеден адистер барышты. Учак күнүнө эки жолудан Душанбе-Хорог-Душанбе каттамын аткарып келген.

 

2015-жылы Skytrax консалтинг уюму «Тажик Эйрди» дүйнөдөгү эң начар 23 авиакомпаниянын тизмесине киргизген.