
Кыргызстанда жашаган этникалык кыргыздардын жалпы саны 39 миң адамдан ашат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын биринчи жарымында этникалык 867 кыргыз кайрылман макамын алса, 3 миң адамга консультациялык кызматтар көрсөтүлгөн.
«Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылдын биринчи жарымында этникалык 1208 кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алышкан», - деп айтылат маалыматта.