Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун берген маалыматына таянсак, адам жылына аз дегенде 20 килограмм балык жеши керек. Ал эми Японияда бул көрсөткүч киши башына 45 килограммга чейин жетет. А биздечи? Жашыра турган эч нерсе жок, кыргыз эли өзгөчө кой, уй, жылкы этин баалап жейбиз. Ал эми балык этинин өзгөчө пайдасы тууралуу көбүбүз биле бербейбиз.
КЫРГЫЗГА БАЛЫК КАЧАН КЕЛГЕН?
Улуу муундагы кишилердин айтымында, илгери кыргыз балыкты «суунун курту» деп жерип, жечү эмес экен. Тарых булактарында да ата-бабалардын балык уулаганы боюнча маалымат кездешпейт. Бизде бул тармак 1960-жылдардын аягында гана жанданып, ири көлдөрдөн тарта суу сактагыч, көлмөлөргө чейин атайын балык өстүрүүчү жайлар курула баштаган. Учурда Тоң, Өзгөн, Талас, Соң-Көл, Токтогул, Орто-Токой, Киров, Базар-Коргон балык чарбалары элди балык менен камсыздап келишет.
БАЛЫК ЭМНЕСИ МЕНЕН ПАЙДАЛУУ?
Балыктын бардык түрү ден соолукка пайдалуу. Балык, балык азыктары өзүнүн химиялык курамы, баалуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт. Ал эми сиңимдүүлүгү андан да өтөт. Бул азык минералдык заттарга, фосфор, кальций, магний, натрий, калий, йод жана В6, D3 витаминдерине бай. Балыктын эти гана эмес, майы да эң пайдалуу. Ал А жана Д витаминдерине бай. Бат эрийт жана жакшы сиңет. Балыктын майы жүрөктүн иштешин жакшыртат. Анда адамга эң керектүү болгон кальций көп болуп, кызыл жүгүрүк оорусунун алдын алат. Балдарга берсе, итий оорусунан сактайт, чоң-кичине дебей көрүүнү жакшыртат. Андыктан адистер жумасына жок дегенде эки жолу балык азыгын пайдаланууну сунушташат. Абайлаңыз! Бир катар ооруларда туздалган, маринаддалган, ошондой эле ышталган балыктарды жегенге болбойт. Тоңдурулган чийки балыкты, аз туздалган жана чала бышырылган балыктарды жегенде балыктагы мителер эти менен кошо организмге кирип, мите курт оорулары, дифиллоботриоздор, описторхоз пайда болушу мүмкүн. Сапаты начар ышталган балыктар тамактан уулануунун өтө оор түрү — ботулизмге алып келет.
БАЛЫКТЫ СОЮП-ТАЗАЛОО
Тазалоо алдында балыкка туздан сүртүп алыңыз. Бул анын колдон жылмышып кетүүсүн алдын алат. Балык тазалоодо алгач анын сүзгүчтөрүн кайчы менен кыркуудан баштаганыңыз туура. Андан кийин гана куйрук тарабынан баштап кабырчыктарын тазалоого өтүңүз. Эгер кабырчыктарын тазалоо кыйынга турса, балыкты 2-3 секундга кайнак сууга малып алсаңыз болот. Балыкты башы менен кошо бышырууну кааласаңыз, анда бакалоорун кесип салууну унутпаңыз. Андан кийинки кадам балыктын ичин союп-тазалоого багытталат. Балыктын баш жагынан баштап курсагында жайгашкан сүзгүчүнө чейин кесилет. Союлган балыктын ички органдарын тазалап жатканда өтүн жарып алуудан абайлаңыз! Эгер өтү жарылып кетсе, анда дароо балыкка туздан себелеп, муздак суу менен жууп салуу менен ачуу даамдан арыла аласыз. Айрым тамактарды жасоодо балыктын сулп эти гана керектелет. Мындай сулп этти алуу үчүн балыктын башын кесип, анан курч, учтуу бычак менен этти омурткадан ажыратуу сунушталат.
БЫШЫРУУ
Балыктын даамын өзгөртүү жана сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн ар кандай ыкмалар колдонулат. Мисалы, кууруу, туздоо, ыштоо, маринаддоо. Туздаганда белок, минерал заттар жана сууда эрүүчү витаминдер азаят. Балыктын курамындагы баалуу заттарды сактоо үчүн аны куурууда төмөнкү кеңештерди эсиңизге түйүп алганыңыз оң. Майда балыктарды бүтүн, ал эми көлөмдүү балыктарды калыңдыгы 3 сантиметрден кесип алуу туура. Балык кыпкызыл, катырап куурулсун десеңиз, анда казанга салганда кесимдердин ортосуна 2 сантиметрдей аралык калтырып кууруу керек. Анан да балыкты кууруу алдында кагаз салфеткалар менен кургатып, унга же нандын майда күкүмүнө бөлөп алууну унутпаңыз. Дагы бир сыр, деңиз балыктарында өзгөчө бир даам болот. Андан арылууну кааласаңыз, балыкты сүткө 20-30 мүнөт чылап коюу керек.
БАЛЫК ТАНДАЙБЫЗ
Балык бат бузулуучу азыктарга кирет. Андыктан аны тандоодо төмөнкүлөрдү эске алыңыз.
"Суунун курту" балык жөнүндө кызыктар