Азыркы күндө техника чөйрөсүнөн алыс адамдардын арасында да көптөгөн жаңы терминдер колдонулуп келет. Бүгүн биз сиздер менен компьютер дүйнөсүндөгү веб-браузер деген түшүнүк жөнүндө кыскача маалымат менен бөлүшөбүз. Жана анын 4 түрү тууралуу түшүнүк бермекчибиз.
БРАУЗЕР
бул – интернет тармагындагы маалыматты жеңил көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берилген программа. Учурда браузерлердин түрү көп. Алардын ар бири өзүнчө интерфейске (сырткы көрүнүшкө) ээ, бирок түзүлүшү бирдей болот. Төмөндө биз белгилүү төрт браузерди тааныштырмакчыбыз.
бул – «Google» компаниясына таандык, колдонуучулардын назарына сунулган жаңы браузер. Браузер менен колдонуу үчүн атайы билимдин да кереги жок, бардыгы оңой жана түшүнүктүү. Алгач Chrome Windows системасына гана ылайыкталып чыгарылчу, кийин (2009-жылдын декабрынан тарта) Linux жана Mac OS X системаларына да ылайыкташтырылган. Дүйнөдө Google Chrome өндүрүшү, тездиги жана сапаты боюнча Opera менен тең тайлашып келет. Учурда популярдуулугу боюнча 3-орунда турат.
Mozilla Firefox (англис тилинен которгондо «жалындуу түлкү»)
– эң ийкемдүү, кеңири түзөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ, популярдуулугу боюнча дүйнөдө 2-орунда турган интернет браузер. Алгач Phoenix (Феникс) деген аталышта чыгып, кийин Firebird, Firefox болуп өзгөртүлгөн. Firefox менен колдонуучу браузердин сырткы көрүнүшүн жана кызматтарын өзүнө жаккандай кылып өзгөртүп алса болот. Браузерге орфографиялык текшерүүчү, издөө системасы жана жүктөө менеджери сыяктуу майда, бирок керектүү кызматтар орнотулган.
(мурун Microsoft Internet Explorer же жөн гана Internet Explorer, кыскача MSIE же IE) – «Microsoft» корпорациясы тарабынан 1995-жылдан бери чыгарылып келе жаткан, Windows деп аталган операциондук системанын түзүлүшүнө орнотулган браузер. 1999-жылдан баштап 2002-2003-ж.ж. аралыгында эң көп колдонулган веб-браузер болуп эсептелет. Бирок соңку жылдары колдонуучулардын сүйүүсү башка, жаңы жана күчтүү Mozilla Firefox, Google Chrome, Opera сыяктуу браузерлерге ооп, Internet Explorer өзүнүн актуалдуулугун жоготуп келет. Учурда интерфейси жаңыланган жана мүмкүнчүлүктөрү жогорулатылган Internet Explorer 9 версиясы колдонууга чыкты.
– «Opera Software» компаниясынан жаралган эң сапаттуу жана көп тармактуу браузерлердин бири. Алгач ал 1994-жылы норвегиялык «Telenor» компаниясынын окумуштуулары тарабынан иштелип чыгып, 1995-жылдан тарта браузердин алгачкы версиясынын авторлору түзгөн «Opera Software» компаниясына таандык. Анын башкы айырмачылыгы болуп, бир терезеде көп барактуу интерфейсти ачуу мүмкүнчүлүгү эсептелчү. Учурда бул ыңгайлуулукту башка браузерлер да колдонуп келет. Мындан сырткары аталган браузерге виджеттер (чакан веб-колдонмолор)топтому, torrent жана жай кошулууну трафикти кысуу жолу менен тездетүүчү программалар орнотулган.
Соңку жылдары технологиянын өнүгүшү менен интернет дүйнөсүнө уюлдук телефон аркылуу кирип, маалыматтарды алуу ыңгайлуу жана актуалдуу болуп калган. Муну байкаган ири компаниялар атайын телефондорго орнотулуучу браузерлерди иштеп чыгышып, өзүлөрүнүн популярдуулугун арттырууда. Учурда жогоруда айтылган 4 браузердин экөөндө (Firefox, Opera) телефондорго ылайыкташкан версиялары иштейт. Ал эми биздин www.super.kg сайтына колдонуучулар өзүнө жаккан браузер менен кирип маалымат алса болорун айта кетпесек болбос.