Үйлөнүү тоюндагы ырым – жырымдар

Үйлөнүү тоюндагы ырым – жырымдар

Келинге тийешелүү тыюулар:

Кыргыз элинин салтында келиндерге коюлган тыюулар көп. Мисалы: Келин кайын ата, кайын энесинин жаткан төшөгүн тебелебейт. Бул – биринчиден аларга болгон сый, экинчиден кайын атанын төшөгүн тебелесе кусуру өтүп, келин ооруп калат деп коюшат. Келин төркүнүнө барганда босогого отурбайт. Улагага отурса төркүнү мал – жансыз кедей болуп калат деп кызды дайыма төргө отургузуп сыйлап келишкен. Чайды сол колу менен сунбайт, бул сыйлабагандык жана келген конокту жактырбагандык же көңүл бурбагандык болуп эсептелет. Ошондуктан чай сунуу да кээ бир аймактарда байкалып турат. Мисалы: Ысык-Көл аймагында куюлган чайды оң колуна алып, сол колу менен оң колун акырын сүйөп, азыраак ийиле сунасыз. Түштүк тарапта көп жерлеринде сол колун көкүрөгүнө алып оң колу менен сунушат. Бирок, чай сунган адамына тике карап сунбайбыз, ошондой эле толтура куйбайт.

 

Жоолук салынуу адеби

Жоолук салынуунун ар кандай себептерин көрсөтсө болот.


Биринчиден: Келин үчүн кайын ата, кайын агаларына жоолуксуз жылаң баш көрүнүп калуу өтө уят иш болуп эсептелинет. Анткени келиндин келген жерине жоолук салынбай жүрүшү сыйлабагандык, адепсиздик катары каралып, калкыбыздын көпчүлүк катмарына бүгүнкү күнгө чейин сакталып келет.

Экинчиден: Жоолук салынуунун тазалык менен байланышкан жагын да баса белгилеп кетсек болот. Анткени тамак жасаганда аял киши сөзсүз жоолук салынышы керек.

Үчүнчүдөн: Европалык салт боюнча аялзатынын турмушка чыкканы колундагы шакеги менен айырмаланса, ал эми кыргыздын салты боюнча жоолук салынуу аркылуу билсе болот. Жоолук салынуу адеби Чүй аймагында анча – мынча гана сакталып келсе, ал Бишкекте дээрлик жоголуп бара жаткансыйт. Ал эми башка аймактарда бүгүнкү күнгө сакталып келет.

 

Тергөө адеби

Тээ байыртадан бери келе жаткан салттардын бири «тергөө» адеби болуп саналат. Кыргызда келин күйөөсүнүн туугандарын (айрым жерлерде күйөөсүн да) өзү барда да, көзү жокто да атынан айтпай башка сөз менен айтып келишкен. Мисалы: Таласта, Чаткалда жана түштүк жергесинде кайын ата, кайын энесине окшош аттарды атабайт, башкача аттар менен кайрылышкан. Кайын сиңдилерин «кыз» деп тергеп, кайнилерин атынан атап айтышпайт. Бирок бул салт бүгүнкү күндө жаштар арасында өз таасирин жоготуп, колдонуудан калып бараткандай сезилет. Ал эми Баткен, Ош областынын айрым бир аймагында бир топ айырмачылыктар бар. Тээ эзелтен бери үй-бүлөдө атанын ролу чоң болгон. Ошондуктан аялзаты күйөөсүн сыйлап, атынан атаган эмес жана «абышка», «байым», «кожоюн», «балдардын атасы» деп тергешкен.

 

Жүгүнүү адеби

Аялзатына, айрыкча келиндерге тиешелүү дагы бир өзгөчөлүк жүгүнүү. Келин уруу аксакалдарына, кайын атасына, кайнагаларына, кайын энесине ызаат көрсөтүү катары жүгүнүшкөн. Жүгүнүү – улууларга болгон сый. Ошондуктан алар буга жооп катары аксакалдардын ак баталарын алышкан. Жүгүнүү боюнча аймактык өзгөчөлүктөр бар. Ысык – Көл аймагында жүгүнүү тартиби күчтүү орун алган. Мейли 50-60 ка чыгып калса да, уулуларга жүгүнүү аркылуу сый урматын көрсөтүп келишет. Бирок мындай нерселер шаар жергесинде дээрлик колдонуудан чыгып бара жатат. Эгерде бул нерсеге кыргыз эли, айрыкча жаштар жетишээрлик көңүл бурса, чөйрөбүздө болуп жаткан адепсиздик жана коомдогу терс көрүнүштөр азаят беле деген ой келет. Кыргыз эли тили, салты, дини менен башка мамлекеттен айырмаланып келет. Ошондуктан эч качан салтыбызга кайдыгер мамиле кылбай, дайыма сактап туу тутуп келели.