Ырымдоо (тең,түйнөк,чий учук ж.б)

Ырымдоо (тең,түйнөк,чий учук ж.б)

Тең- адамдын башы айланып, көзү ымыр-чымыр болуп ооруп калса "шакыйна" болуптур деп, ал адамдын башын теңдейт. Башкача айтканда атайын бир бала шоона (жип) "тең-тең" деп башына чороп алып ченейт да муштум менен чеке, кежиге, маңдайга, төбөгө ургулайт. Бул ырымдоону "тең" деп коюшат.


Түйнөк- козу, улактын ичтеринин түйүлүп ооруган ооруларынын бир түрү. Түйнөк болгондо эме албай тырышып калат. Мындай учурда (козуну же улакты) жаткырып туруп союмуш (б.а. калп эле мууздап. буту-колун жиреп терисин сыйрыган түрдө элестетет) болот. Андан кийин буту-колун керип туруп "чык түйнөк, чык!" деп тумак менен козуну бир-эки чаап тургузуп жиберет.


Кан токтотуу- төбөсү катуу ооруп төшөктө жатып калган адамга (көбүнчө аялдарга) эчки-серке же кой союп, мууздоо канын ысыгы кете электе төбөсүнө токтотот. Эгерде "токтоткон төбөгө" кандын ысыгы өткөн болсо, оору кайтат деп эсептешкен.


Чий учук- учук оору менен же бир нерседен чочуп ооруп калган адамды чий учук кылышкан. Бул чий учуктун 3 түрү болгон: 
1-жети учук, 
2-кырк бир учук, 
3- бир жүз бир учук болгон.

Чий учук кылганда үйдүн чийин алып учукталуучу адамды анын ичине киргизии туруп сыртынан муздак суу менен "учук-учук" деп чачышкан. Учукталган адам үйгө кирери менен тонго оронуп. чүмкөнүп ысык жаткан.


Пэтек учук- ооруган адамды кээ бир учурларда муздак суу менен кечинде жылдыз көрсөтпөй кийизди сууга малып алып учукташкан же жылдыз такта болгондо аткарылат.


Бөрүнүн кэлдэси- мал көп кыргынга учурап көрүстөнгө тегеретүү жардам бербесе, көбүнчө короого карышкырдын "кэлдэсин" көөмп коюшкан. Башкача айтканда, кырсыктын бардыгы качып, ошол короого "жолой" албайт деп түшүнүшөт.

 


"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"

sary-kol.ru