Өзүңүздү колго ала билиңиз

Өзүңүздү колго ала билиңиз

Психологдордун далилдөөсүнө караганда адамдардын сезимталдуулугу менен эмоцианалдуулугу алардын өзүндө жана айлана-чөйрөгө болуп жаткан окуяларга болгон таасиринен улам экен. Албетте адамдын мүнөзү менен анын сырткы көрүнүшү маданиятынан, билиминен жана дүйнө таанымынан көз каранды. Эгер биз бирөөгө "мурдубуз менен тийсек" дал ошондой жооп аларыбызды эске алуубуз керек.

 

Эгерде ашыкча ден соолугуңан ажырап, санаа тарткандан алыс болгуңуз келсе болоор болбос нерсеге ачууланып, кабатырланып, "асан кайгы" болгонду токтотууңуз абзел. Анткени доктурлардын айтымында адамдын корогон нервдери анын жашоосун кыскартат.

 

 

Адепсиздик, оройлук, көңүлкоштук баарынан мурда сезгич, жүүнү бош адамдарга катуу тиет. Айрыкча ачуу таарыныч, зарыктырган сагыныч, көңүл чөгүү өңдүү терс эмоциялар өтө зыяндуу, себеби мунун баары адамды кара жумуш жасагандан да жаман чарчатып, мээге, жүрөккө таасир этет. Мындай оор абалды "каны суюк" адамдар көтөрө албасы талашсыз.

 

Байыркы дарыгерлер оорунун кандайдыр бир маанайы пастыкка байланыштуу экендигин сезишкен. Маселен, ичи тардык , ачуулу сезимдер - адамдын тамак сиңирүү органдарын бузуп, жаракаттуу оору пайда кылаарын, чексиз кайгы-кант диабетин, дайыма коркунучта жүрүү - тиректоксикоз( бездин бузулушу) оорусуна алып келээрин белгилешкен.

 

Азыркы дарыгерлердин айтуусу боюнча алганда бүткүл кайгы-капасын ичине каткан "ичим тап " адамдар жүрөк оорусуна көп чалдыгаарын далилдешкен. Ошондон улам кээ бир адамдар ичиндегисин сыртка чыгаруу үчүн тажаалданып кыйкырып, бирөө менен урушуп алууну туура деп эсептейт. Ачууну чыгарып алуу албетте туура, бирок мындай жолдор менен эмес. Окумуштуулардын өткөргөн суроо-жоопторуна назар салсак: үй- бүлөлүү адамдар жалгыз -жарым адамдарга салыштырганда өздөрүн бактылуураак сезишет.

 

30 жаштан өткөндөн кийин ар адамдын жүзүнө анын өз өмүрү, өз мүнөзү, өз турмушунун издери чийилет эмеспи. Байкасаңыз мээримдүү, боорукер жана көңүл коштуктан алыс адамдар узак жашап, далайга чейин жаш көрүнөт. Демек, бул сапаттарды карылыкка каршы негизги дарылар катары эсептеп койсок болот. Ал эми өзүмчүлдүк менен эмоциялык дүлөйлүк, көңүл коштук, ачуулук, адепсиздик-адамдын өз өмүрүнө салган бычак.