Көпчүлүк «бул жазда эмне мода экен?» деп кызыгып турган учур. Быйылкы жылдын символу болгон жылан табиятынан байлыкты, алтынды жактыргандыктан, бул жылы алтын, күмүш түстөр мода экени белгилүү.
КЫЗ-КЕЛИНДЕР ҮЧҮН
Узундугу тизеден, бели өйдөрөөк тигилген калем формасындагы юбкалар мезгилдин тренди катары каралууда. Мындай түр абдан ыңгайлуу болгондуктан, жумушка да, кечеге да кийүүгө мүмкүн. Андан тышкары этеги кенен, барпырак, узун юбкалар да модадан түшө элек.
Жука материалдан тигилген кенен көйнөктөр модада. Этеги узун жана тизеден да болушу ыктымал. Жылдын эң модалуу көйнөгүн кием десеңиз, эки капталында канат сымал желекчелери барын тандаңыз. Этегинин асты кыска, арты узун фасондорго да көз сала жүрсөңүз болот.
Туфлини тандоодон келбетиңиздин жалпы көрүнүшү көз каранды. Быйыл такасы жоон жана бийик платформалуу туфлилер модада. Боолуу жана арчындамалуу жайкы бут кийимдер да (жайкы өтүктөр деп да аталат) көз жоосун алмакчы. Эң негизгиси, бут кийимиңиз ыңгайлуу жана кийген кийимиңизге жарашыктуу болуусу шарт.
Быйыл балбырак, топчулары аз же жокко эсе, кыргыздардын кемселин элестеткен, кур курчалуучу плащтар модада. Жеңи балбырак жана кыска келип, узун кол кап менен кийүүгө шартталгандары да бар. Узундугу тизеден же андан ылдый.
Кайыш курлардын ичинен ар кандай деталдар менен кооздолгон «байкер» стилиндеги күрмөлөр популярдуу. Кайышка кошо түрдүү материалдардан кураштырылып тигилгендер да өз ээлерин табышмакчы.
Чоңдугу орточо өлчөмдөгү төрт бурчтуу сумкалар модада.
Бели ылдый тигилген жынсыларды жана шымдарды кийбей эле коюңуз. Анткени быйыл ичке кур тагылчу кенен шымдар модада. Ал эми жынсылардан «банан» модасынын кайтып келиши күтүлүүдө.
АКТУАЛДУУ
Өңдөр: Алтын, күмүш, кызыл сары, сары, сыя көк жана боз
Материал: Тор, жылан терисин элестеткен материалдар, шифон, жибек
Стиль: «Ретро», 60-70-жылдар
АКСЕССУАРЛАР
Билерик – Жоон, кооз таштар менен кооздолгондору, чүпүрөктөн тигилгендери да бар
Сөйкө – «Люстралар», узун жана көлөмдүү
Шуру – Жака формасындагы шурулар
Моюн орогучтар – Эки учуна мончок, чачы тагылган төрт чарчы
МЫРЗАЛАР ҮЧҮН...
Водолазка модада. Бул жазда водолазка актуалдуу. Сыртынан эмне кийсе дагы ичинен жука водолазка кийүү сунушталат. Мисалы, көйнөктүн ичинен водолазка, сыртынан пиджак. Бирок бул расмий жолугушууларга жарабайт.
Шымдар. Жынсылардан аласы ылдый, багелеги ичке тигилгендери модада. Багелеги кыска, көрүнүшү классикага окшоп кеткен шымдар да мырзаларды күтөт.
Күрмө. Күрмөлөрдүн бардык түрүнөн спорттук элементтерди байкоого болот. Мисалы, капюшон, боо, чөнтөкчөлөр.