Ызгарлуу суук жүрүп турган учур, күз айынын ортолоп калган маалы болчу, сырта кар себелеп борон башталып калган капшыртта уйку тартып жаткан Шералы ордунан козголдуда сыртка чыкмак болду. Ал керегенин башында илинип турган орус бушлатын желкесине жаап, башына чоң атасынан калган кадимки эле кыргыз тебетейин кийип таза абага чыкты. Эх, мындай таза абаны дүйнөнүн кайсы жерине барсамда жутпасам керек касиеттүү…