Учурда Афганистандын аймагындагы кыргыздар байырлаган Улуу жана Кичи Памир айылдарындагы элди Кыргызстанга көчүрүп келүүдө бир топ көйгөйлөр бар. Эң оболу алардын түпкү мекенине келүүгө каалоосу зарыл. Андан соң ар биринин паспорту болуш керек. Ошондой эле, Афганистандын уруксаты жана Тажикстандын өз аймагынан өткөрүүгө макулдугу талап кылынат. Дагы бир көйгөйлүү жагдай, памирлик кыргыздар Кыргызстанга өздөрү менен кошо мал жандыктарын да кошо…