Памирлик кыргыздар үчүн атайын багыттагы шаарчанын курулушу 2022-жылы башталат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган Памир кыргыздары менен болгон жолугушууда билдирди. "Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Бүргөндү-Суу тилкесин бөлүп, калган этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн атайын шаарчанын курулушуна капсула салды. Азыр иш жүрүп жатат. Министрликтин ушул жылдагы…