Ооганстандагы Памир тоолорунда жашаган, деңиз деңгээлинен 4100- 4200 метр бийиктикте жайгашкан боордошторубузга былтыркы жылдын июль – август айларында өз өмүрүн тобокелге салып барып келген жердештерибиз Иса Өмүракунов менен Замир Байтоковко жолугуп баарлашып калдым. Боордоштор жөнүндө алардан угуп олтуруп, «Памирлик кыргыздар» жөнүндө көп айтылып, жазылып, теледе көрсөтүлүп жүрсө деле дагы бир ирет алар жөнүндө сөз кылып өз оюмду айтайын дедим. Улуу…