"Суу пери" бийи - тоолуу Памирде жашаган кыргыздардын жашоосун баяндайт. Памир кыргыздары улам-улам келгин куштар сымал күндү утурлай, жылуу жактарга бет алып жашап келишет. Памир кыргыз жигиттери согушка аттанганда суу перисиндей алардын ажарлуу жубайлары комуздун күүсүнө атайын кумуралар менен куштун бийин бийлешчү экен. Анан да, кайра согуштан кайтып келип өз колуман суу ичсин деп ырымдап суу берет. Бийчилердин тышкы көрүнүштөрү, кийимдери аркылуу Памир кыргыздарынын жергиликтүү элдикини менен аралашканын байкаса болот.
Бийди койгон: Чанчарбаева Айнура.
Бийдин музыкасы: Руслан Жумашев.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены