Бул жашоодо ар бир адам баласы үчүн эң бир кымбат, эң ыйык жана дүйнө жүзүнөн табылгыс нерсе ата-эне. Ата-эне Жараткандын адам баласына тартуулаган мээримдүүлүк өлкөсү, үй-бүлөнүн бакты-куту, бейпилдиктин жана шаттыктын тийип турган күнү. Алар биз үчүн эң зарыл, эң улуу жана кадырлуу адамдар. Туура, ата-эненин жүрөгү кең талаа. Алар жашообуздун башкы каарманы, тилеги, нур чачыраткан жарыгы, жанып турган жылдыз, айтор, баардык жакшылыктарды өздөрүнө камтып турган мээримдүү, боорукер, балдарына болгон сүйүүсү чексиз, жан дүйнөлөрү назик жандар.
Ата-энелерди урматтап сыйлап билүү биздин ыйык милдет. Биз жарык дүйнөгө келгенден баштап, жаныбыздан карыш жылбай, Кудайдан өмүрүбүздүн узун, ден-соолугубуздун чың, келечегибиздин кең, ыйманыбыздын бар болушун, акылыбызды, адамгерчилигибизди тилеп суранган жан-ошол биздин ыйык ата-энелерибиз.
Алар өтө сезимтал жан тура. Эч нерсени көрбөсө да жүрөгү менен сезип, билип, туюп турат. Алар балдары үчүн бул жашоонун ысыгына да, суугуна да чыдап, тагдырдын ар кандай кыйынчылыгына каршы туруп, аны түшүнүп, балдарына таалим-тарбия берип, акыл-насаат айтып, ар дайым алардын туура жол тандоосуна аракет кылат. Анткени, балдарынын эң биринчи жол көрсөтүүчүсү, тарбиячысы ата-эне. Ата-энелердин бүт ой тилеги балдарында. Балдары үчүн жашап, өздөрү кийбегенди балдарына кийгизип, балдары ыйласа кошо ыйлап, ооруса кошо ооруйт. Чындыгында алар балдарына болгон мээрими, сезими менен өзгөчөлөнүп турат. Ар бир адам баласы үчүн, ата-эне айланасына жарык берип турган чырак сыяктуу.
Биздин жакшы ийгиликтерге жетишибиз үчүн өмүр бою күрөшүп келген, мээримдүү, айтса сөз жеткис ыйык ата-энелерге кызмат кылууга, алар үчүн бар күчүбүздү жумшоого, аларды ар дайым кубантууга, ыраазы кылууга биз баарыбыз милдеттүүбүз. Эгерде биз ата-энелерибизге ар дайым кызмат кылсак, анда алар бизди бейиш жолуна алып барат. Ошол үчүн бейиш жолу ата-энелердин кызматында деп бекерден айтылган эмес. Мен атаң-энемдин көңүлүн алып, аларды аз да болсо кубандырып, кубанычтуу нурун чачкан көздөрүн көргүм келет. Мына ушул көздөр, ушул жүздөр үчүн аларды талыкпай бактылуу кылууга шашам. Алардын кубанычтуу жүздөрүн көрүү дүйнөдөгү эң баалуу нерседей сезилет. Балким, чын эле андан баалуу эч нерсе жоктур.
Ошол үчүн ардайым ата-энелерибизге кызмат кылып, урматтап, сыйлап жүрөлү, анткени ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы.
Душанбе шаарындагы Улуттук университетинин
журналистика факультетинин 3-курстагы студенти
Кадырова Алиса Дилабаровна
«САРЫКОЛ» пресс
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены