Бүгүн шамга кечээки ажы аксакал келбеди, 86 жашта мечиттин жанындагы үйдө жалгыз жашайт экен. Кечээ үйүнө жеткирип келдим эле. Жалгыз өзү үйдө, карыганда кандай оор. Бир аз кабатырланып, байкуш аксакалды аяп жатым. Ал кишинин ордуна башка бир аксакал келди, ал киши да ажы, келбеген аксакалдын досу экен. Ал кары кишинин жыты мурдума келип, Канышай кызымдын, атамды сагынганда көйнөгүн жыттап, жыттап койот элем, дегени эсиме түштү. Рахматы атамдын, энемдин балалыгымда жыттап жыттап тойбогон жытын эңсеп сагынып жыттагым, келип кетти.
Ата жыты, эне жыты, эч бир миске, атырга, алмашкыс жыт. Бала кезимде, мектепке бара элек кезимде ата энемди кучактап жыттап уктап калганым, жайында ачык короонун четинде атам экөөбүз эшикте жатканыбыз эсиме түштү. Мен төшөктөн башымды чыгарып, жылдыздуу асманды карап, атам койлорду карап келишин күтүп, келип төшөккө жатканда, атамды кучактап, атамдын жытын жыттап уктап калчумун. Ата эне сиздердин жытыңыздарды сагындым. Кимдир бирөө ата эне жытына зар. Кимдир бирөө наристе жытына, бала жытына зар. Көзүмө жаш тегеренди. Телегейи тегиз эч ким болгон эмес, бири кем дүйнө, бири болсо бири жок. Жашоо мыйзамы. Жараткан түзгөн мыйзам ушундай...
Ибраим Мусурманкуов
Сары-Могол айылы
www.sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены