МЕРГЕНДЕР

МЕРГЕНДЕР

Саатын чыңгыраганынан үнүнөн ойгонуп кеткен Сапар

- Тур, ээй тур деймин

- Саат канча болду

- Саат үч жарым

Чай ичип жөнөйбүз жеткичек бир убак болот, билесиң кар көп, карды чамдап басканга эле, эки саат убакыт кетет деп, ордунан Сапар козголуп, сыртты карай бет алды. Бакыт болсо турууга ышыгып,түндүн таттуу уйкусунан куру калганына маанайы чөгүңкү ордунан араң козголду.


Сапар сырттан кирип кар дагы жаап баштаптыр, иттер не тынбай үрөт десем жалгыз бөрү келген окшойт, ачкалыктан короону айланчыктайтта бечара деп күндө айланчыктап жүргөн карышкырга боору ачып кеткенин билдиргендей печканын үстүндө турган чайнекти алып жатып, аялына ак чайби, курут эзген жоксуңбу деген катар- катар суроо узатып жиберди?...


- Курут печканын алдыр жагында, кайнап кетип курчуп калбасын алып койдум деп, аялы Бермет эмчектеги баласын таптап жатып уйку-соонун арасында араң эле жооп кайтарды.


Чайды чоң эки касага куйуп нандан чылап, топоздун мешке майыдан жарым кашыктан салып, кострюлдагы курттан дагы эки кесеге толтура куйуп ага дагы топоздун сары майыдан салып койду.


Бакытта сырттан кирип кар бир аз басаңдап калган окшойт чай ичип болгучакты басылып калар, бирок шамал чыгыптыр борошо болбосо эле деп, күбүрөнүп дасторкондун четине отура кетти. Чай ичилип бүткөн соң, ууга камдаган нан, аркардын кара куурмасын, көкөөргө куйулган курутту артына асына турган баштыкка салып, мылтыктарын асынып сыртты көздөй чыгып жөнөштү. Сырта бир аз бороон, уңулдап шамалдын добушу гана тоодо жаңырып шуу-шуу этип угулат, экөө биринин артынан бири түшүп белгилүү боз кырга жол тартып, үмүттү кадам шилтеп кетип жатты.


Таң атканга дагы бир сааттан ашык убакыт бар, эптеп боз кырдын бетине жетишип алса болду, андан кийин таң атса аркарларды көрүп өңүтө жолун макулдашып алмакчы. Үнсүз кызыл ашыктан өйдө жааган карды жиреп кадам шилтеп, бут баскан кардын гана кырт-кырт эткен добушу угулат. Таң сүрүлүп, айлана билинер-билинбес кулан өөк атып тээ өйдө жактагы тоонун башы көзгө урунуп калган убакта боз кырдын этегине жетип.


- Бакыт сөз баштап калды жыт оң кудай буйруса ушул бойунча турса жыт оң болуп берсе ээ деп.


- Ооба,буйруса эптеп тээтиги порчук ташка жетсек таң жакшы атып калат, эрте күндү кеч кылбай тездетип басалы деп кадамын арыштап жөнөп кетип баратылар. Уфф,ох, ох, ооххх түтөк ай түтөк боз кырдын түтөгү. Бакыт гудуранып артта келе жатты. Көздөгөн порчук ташкада жеттилер. Сапар дүрбүнүн, дүрбүн салгыч кабынан алып, Седек ашуунун сыртынан баштап карап жатып бир топ аркар жатат отко тура элек экен деп, дүрбүнүн жылдырып, оо нары жактан Туз-Жылгадан дагы бир топ аркар ылдый карап чубап келе жатат, сен көрдүңбү деп Бакытка суроо узатайын дегенде эле, Бакыт тээ өйдө жактада төрт гулжа жатат бирок өңүттө экен, эми сиз мерген кандай десеңиз мен макулмун деп көкүрөк чөнтөгүнөн чылымын алып тутантып, ыкшып- ыкшып, башындагы тумагын оозуна кармап кайберендер угуп алат дегенсип быкшып жөтөлүп жатты.


Сапар кичинекей жалпак таштын четине отуруп жаттып, эми экөөбүз эки бөлүнүп өңүттөйбүз, сен тээ ылдый түшүп тээтиги уч менен сап өйдө өңүттөп келе бер, мен болсо бул жагы менен айланып мойнокту тосойун сен атканга жетишип калсаң жакшы болот эле аа үка деп далысына таптап, кой үка мен жөнөдүм, сен күтө тур мен белги бергенде сенда жөнөйсуң деп өйдө карай басып жөнөдү.


Сапар акырын сап өйдө карай басып,улам барган сайын бийиктеп бир-бир артына кылчайып карап койуп, кудум асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу сезимдин кучагында баратты. Анда- санда дүрбүнү менен кетип жаткан саптын ылдый жагын, өйдө жагын карап-карап койуп кетип жатты, кокустан оттогону жайылган кийиктер чыга калып жүрбөсүн дегенсип.


Садагаң кетейин Сары-колум, жараткан бизди ушул тоонун арасына жашообузду буйруп, ушул тоолордун арасына тукум улатып, болгондода кыргыз жана мусулман кылып жашоо кечиртип койгонуна, чеги жок шүгүр айтсак болот, биз үчүн тоо жаныбарлары аркар-кулжаны, эчки-текени атып же кармап жесин деп буйруп койгонун, оо мурун аталарыбыз "карамылтык" -деген курал менен ууга чыкса, биз андан алда күчтүү, мезгилдин талабына ылайык "пырсылдак" менен же башка куралдар менен кайберендердин артынан сая кууп жүрөбүз, ойго чөмүлүп кеткен Сапар жетер жерине жеткенин ой менен болуп баамдабайда калыптыр,катарынан кынапталы кат-кат болгон эки бийигиреек келген арасы бир метрдей болгон туруктардын ортосунан чыкса болду атууга жетет.


Бакытта Сапар айткан учтан өйдө карай барып дөңсөөнүн сыртынан акмалап, дүрбүн карайынчы деп Сапардын сапка жеткен-жетпегенин билүү үчүн акырын эңкейп бүгжүңдөп басып баратты өтүгүнүн кончуна кирген кардыда байкабай өңүттүн кызыгына батып. Сапар көрүнбөйт дагы бир аз өйдө чыкса өңүткө жетерин билет. Эмне кыларын билбей Сапардын белги беришин чыдамсыздык менен күтүп жатты.


Саналуу мүнөттөрдө Сапар атууга жетет, мылтыгын октоп эгер жайылуу болсо дагы эки үч атууга жетишем деген ойдо катары менен тизмектетип окторду салааларына кымчып, акырын шек алдырбай боору менен жылып жөнөдү.

(Уландысы бар)

Убайдилда Шаимов

Мургаб району

Баш-Гүмбөз айылы

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.