Балалыктан бир ирмем

Балалыктан бир ирмем

Жадыраган жаздын убагы .Таң атып күн уясынан башбагып, эң алгач эле каракаш торгойлордун сайраган үнү кулакка жагымдуу угулат. Кыргыз үйдүн түндүгүнөн күндүн шооласы уук тизгичке тийип, үйдүн ичине кут чачып дагы бир күндү жараткан белекке тартуулап жаңы күн жаңы жашоо. Сыртта топоздордун корулдаган үнү, торпокторун эмизүүнү эңсеп желиндерине сүт толуп, торпокторуда аларга удаа корулдап жылуу сүттү эңсеп сырттагы мал жандыктын ызы-чуусу, саан саган аялдардын кобураган үндөрү коштоп, бүгүнкү күндүн жаңы жашоосу башталгансыйт.


Уйкудан ойгонгонум менен турууга ышыгып түндүктү тиктеп жатам, керегеге илинген радиону ачып таңкы концерти тыңшап Каныкей Эралиеванын "Жаз"-ыры шаңшып жатат:

"Жан дүйнөм кошо жашарып,

Жазда бар гана кирсиз тазалык.

Жыпар жыт майдын деминен,

Жыргабайт кимдер наз алып",- -деген кайрыктарына кулак төшөп бүгүнкү кыла турган жумуштарды ойго салып жатсам энем сырттан кирип тургула күн түш болду, аяш акамдин балдары эшектерин токуп жатат, силерда жарык-жаанда кыймылдагыла деп, челектеги сүтүн казанга куйуп от жагууга камынып, тур керосин алып кир бүгүн курут кайнатабыз жеңем экөөбүз, деген күнүмдүк түйшүгүн айтып кирди.


Сырттан флягадагы керосинден алып кирип печакадагы тезекке куйуп жатсам, сен кийинип эшегиңди токуй бер отту өзүм күйгүзүп алам деп колумдагы күкүртү алып жатып, оой силер турбайсыңарбы буйрук бере эки агамды тургузуп алар менен убара?.....


Сыртта шылдыр аккан дарыянын үнү , жап жашыл килемге окшоп төшөлгөн шибердин айланадагы кызыл-тазыл гүлдүн жыты буруксуйт. Асман тиреген тоолор, чокуларын мөңгү ээлеген кудум ак калпак кийгендей ары сулуу, ары сүрдү көрүнүп, уларлардын ышкырыгы, чөкө таандар биринен-бири жутунуп, (карга тырмак) отунун тамырын чукуп чуйк-чуйк этип үн салып, гүлгө конгон көпөлөктөр бир ак, бири көк дагы бири кызыл түстө жаратылыштын кооздугун көрккө чыгарып жаңы жашоону баштагансыйт. Эшегимди аркандалып турган жерден бошотуп токумун токуп коңшу балдарды карасам көрүнбөйт.


Агамдын үнү чыгып калды түндүк жабууну арта кайрып тарта кел деген ,артка тартып жиптин үчүн бел курчоого байлап, үйгө кирсем ак чай даяр, печканын үстүндөгү казандагы сүт бышып, көбүрүп калыптыр, энем казандагы сүттү чара табакка куйуп төшөнчү-орун жыйылган тактайдын алдына койуп жатып, казанды бүгүн кимиң кырып кырмычыгын жейсиңер деп калды, менин кезегим болчу,(ваххх-кандай керемет даамы) бир аз күйүп казандын бетине жабышып калат эле, сүт аралашкан кырмычыктын даамы дагыда оозумдан кетпейт...


Топоздун сүтүнө катыкталган ак чай, казанга бышкан казан нанды туурап, чара табактан кол менен калпып алынган кеседеги каймактан кошуп ичип бүтүп, баарыбыз тезек тергенге жөнөп чыктык. Тее ойдо Ак-сай жылганын тушунда түптүз талаа, ал жерде көбүргөндү жыш өсүп, кээ бири чоң адамдын жоон санына чейин көтөрүлүп өсөт эле. Ошонун эсебинен жайлоонун аты Көбүргөндүү деп аталса кекрек. Эшектерди казыкка байлап, шиберге откоруп койуп, тезек тергенге ар кимибиз бирден (чыпта) кап алып тезек терип баштадык. Тезектерди каптарга толтуруп, күн түштөн бир аз ооп калганда алып барган азыктарыбызды жеп, азыктарыбыз көкөөргө куюлган айран же койтумак.


Тезек тергенче сугурлардын колкосун кармайт элек, ийиндин башында күтүп отуруп, ийинден башбаканда илип кетчүбүз. Колколор менен ойноп кайра ийиндерине киргизип жиберип, тезектерибизди эшекке артып алып келгенден кийин ар кимибиз өз үйлөрүбүздүн эшик алдына төгүп, кара тезегин бөлөк, куу тезегин бөлөк жыйып, кимдин тезегин көлөмү канча экен деп атаандашып, кошуна балдар бизден улуураак болгондуктан алар бизге караганда көбүрөөк үйүп бизге мактангандай сыр көрсөтүп калар эле...


Курут кайнатылып баштаганда азыраак от жакса экен деп тилечүүмүн тезек терген ошончолук оор, түйшүктүү сезилчү, курутту кайнатып сөөрүнүн ичкер жагына кумдан төшөп курутту ошонун үстүнө төгүп , эртеси күнү сөөрүнүн башына тоголоктоп жайып баштаганда (чигит) жасап меники бул, сеники тигил деп бөлүп жайып койчубуз. Сыртта күндүн аптабы, адамды күйгүзүп жибере тургандай болуп ыссык, кыргыз үйлөрдүн эшиктерин түрүлүп, ар ким өз оокаты менен алек.


Жаңы тууган инектер желеден кетпей торпокторун эмизип, алыска айдап койсоң кайра келип алат, биз боз балдарга түшкөн күн, дембе-дем аларды кайтарып. Чоңураактары болсо желедеги топоздун заңын (чапак) жука кылып, күрөк менен таптап жалпайтып четке жайуу менен убара, алар кургаганда тезек жыйылган жерге ташып жыйып, кургабай калганын бири-бирине беттештирип тикесинен тургузуп койор элек. Кийиз жасагандагы түйшүк , сабалган жүндү брезентке же чийден жасалган шаалыга ороп кайнак суудан куйуп, үч-төрт жеринен топоздун жүнүнөн чыйратылып жасалган аркан менен байлап эки жакка тоголотуп кийизди бышырып, бышкан кийизди аял-эркеги кайра билектери менен томолотуп бышырып кийизди дарыянын жеегине койуп суудан челектеп чачып кирлечү. Кийизди кирлегенче дарыянын бойунча жыш өскөн (жөргөлөмүштү) ал өсүмдүк майда-майда болгон томолок бүрлөрү бар каймакка кошуп жеп алчубуз.


Балалыктын балдай таттуу күндөрү, кайталангыс өтүмүш. Дарыянын жеегиндеги жардын бетин тытмалап жол салып, калоштон машине жасап алып ага өзүбүздүн кичинекей калошту прицеп кылып байлап алып, жардын бети менен сүйрөп шофер болуп, кыздар болсо таштан тизип бөлмө-бөлмө кылып үй жасап аны (ташканак) дечүбүз, идиштин сыныктарын чогултуп гүлдөн, чөптөн, аш-тамак кылып салып койчу. Ош-Хорог жолунун бойунда жашагандыктан көргөн нерсе бизди ойунда кайталачуубуз. Күн түш оогондо дарыядагы суу жылып (купайс) атабыз, чөмүлөбуз деп сууга түшүп, дарыянын жеегине тезектен тегиртип от жагып, отко кактанып кайра-кайра чөмүлүп. Суу кечип балтырларыбызды суу чагып тилинип кетчү, кечиндеси (гилицирин) майы менен майлаганда май ачыштырып көзүбүздөн жаш агып ыйлап -ыйлап алчубуз, эртең суу кечпеймин деп өзүңө-өзүң убада берип,бирок балалык, эртеси кайра эле унутуп дарыяга түшүп суу кечмей.


Кеч кирип мал-жанды жайгарып желеге торпокторду мойунчасынан (теегинен) өткөрүп теек сыдыргычын сыдырып байлап ,топоздорду бири-биринен үч-төрт метрден алыс кылып жерге казык кагып мүйүздөн байлап, (токол) кал инектерди мойнунан байлап жайгарып .Койчулар болсо чымдан тургузулган короолоруна койлорун киргизип кечки оокатын баштачу, караңгы кирип чырактарын күйгүзүп, үй-үйлөрүндө ар ким өз тапкан тамагын бышырып, печканын үстүндө казанда бороктоп аркардын этин кайнатып энем чебелектейт,кошуналар жатып албасын барып айтып келгиле бүгүн биздикинде тамактанабыз деп. Эт бышып, кошуналар келип үй мүйүз тартып төргө отуруп, аялдар бир жактуу эркектер бир жактуу болуп, колго суу куйулуп,дасторкон жайылып бышкан этти мүчөлөп тартып, дасторкон үстүндө кеп башталчу, кийикти атып келген мерген кандай барып, кандай өңүтөп, кантип атып алганын ийне-жибине чейин калтырбай айтып, жанында олтургандар кээ-кээде сүйлөп жаткан мергендин сөзүнө аралжы болуп, алар сүйлөп ишигылып ошол күндөгү көргөн нерсесин баары бирден айтып баштачу.....

(Уландысы бар)

Убайдилда Шаимов

Мургаб району

Баш-Гүмбөз айылы

www.sary-kol.ru 

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.