Балалыктан бир ирмем (2)

Балалыктан бир ирмем (2)

( <<< Башы )

Чай үстүндө кептен-кеп уланып, кээси насвай салган (капагын) тарс-тарс эттирип маасынын же чарыктын кончуна чаап-чаап алаканын отуна салып (капатип) оозуна салып жиберип сөзүн улап, бирөөсү аркар-кулжаны, эчки-текени кандай өңүттөп, кандай жыт оңгоруп кийикти атып алганын же жаздым атып койгонун айтып, санын бир чаап арман кылып калчу, карыялардын тоо арасындагы көзгө көрүнбөгөн жандыктарды айтып олтурганы кызыктуу болчу, (тетири таман) албарстыны сүрөтөп же (кар киши) гулбиябанды, жез тумшукту айтып берсе, биз боз балдар үчүн өтө коркунучтуу болуп сыртка чыгуудан корунуп калчуубуз. Кээ бири орус келгендеги кезди, ал убактагы кыргыздардын Ооган тарапка качканын иниси же карындашы же дагы бир тууганы ошол жакта калып калганын айтып жашыпта алчу. Ошентип түн бир убакта үйлөрүнө тарап, сыртка чыгып айдын ону болуп калыптыр, саратан ортолоду деп асмандагы жылдыздарга карап эмне кандай күн болорун божомолдоп айтып берер эле.


- Асман чайыттай ачык жылдыздар колуң жетейин дегендей эле жакын көрүнүп, айдын шооласы бүт айланага жарык чачып, алыста оттоп жүргөн топоздор даана көрүнүп, желедеги топоздордун кепшегени же койлорду козуларын жоктоп маараганы болбосо эле жымжырт өкүм сүрүп түнкү көрүнүш өзгөчө сезилчү. Ошентип ал күнда өтүп, кайра жаңы таң, жаңы жашоо, ата-энелерибиз күнүмдүк тиричилиги менен алектенип, биз болсо ойундун шорун курутуп.


Айылдын балдары, айыл десе чоң айыл эмес төрт же беш үйлү эле чогулуп алып чүкүрү, эндик гүлүн, (эңдик гүлү)- дегеним кумай жерде өскөн кызыл кочкул өсүмдүк, тамырын чукуп колуң менен мыжыксаң кызыл ыраңы чыкчу, аны айылдагы биз теңдүү, бизден улуу кыздарга алып келет элек эриндерин анан беттерин кызартып алчу, ошолорду алып келүүгө камданып эшек мингени эшек, жөө басканы жөө басып тоонун бетин карай жөнөп кетет элек. Чүкүрүнүн ачык кычкыл даамы ар биринин оозунда калса керек ...


Шиберге олтуруп алып кезек менен бычак сайды ойнойп биринчи төбөдөн, анан маңдайдан, анан көздөн, андан ылдыйлап мурун, эрин, тиш ээк, мүрү кой кыскасы бүт мүчөгө койуп шиберге бычак шилтеп сайып, жеңилгендин баштарына койон тепти кылып кол менен атып.


Аа, баса авамдар (атамдар) мотоцикилдерин минип алып жумуштары менен ар кайакка барып келчү, азыркыдай түркүн маркадагы машине түшүбүзгө кирбейт болчу, жада калса Москвич, Запорожец деген машиналар жок болчу, болсода аз санда болсо керек мингендери тегиз мотоцикил, дайыма түн ичинде кайтаар эле, тээ ылдый жактан катар-катар мотоцикилдердин жарыгы көрүнгөндө сыртка чыгып алып кыйкырып баштачуубуз "менин авам келе жатат, жок менин авам,"-бирибизден бирибиз ала салып талашып баштап,алыстан келе жаткан жарык кыргыз үйгө түшүп жарыкка коштолгон "геримсел" көрүнчү, геримсел дегеним жылуулуктун толкуну. Келип токтогондо артылган куржунга көз артып ичинде эмне бар экенин билүүгө шашат элек, кант, кант чоң (конковой) канттар кесек-кесек болгон, конфет, Хорогдо жасалган кам печенье, "Хурушев кампут",- болчу, ал кум шекер кошуп ундан баштыкчага окшотуп жасалган коньфет. Кееде каптын сыртынан эле билинип калчу, коон-дарбыз, алма, алып келген болсо, биз үчүн ошол бакыттай сезилчү.


Балалыктын балдай таттуу күндөрүн баары басып өткөн, кыска болсода бир катар улуу муундардын эсине салып койдум.


Убайдилда Шаимов

Мургаб району

Баш-Гүмбөз айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.