Кара-Балта шаарында «Манас» спорт комплексинде жаштар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Асанбек Сагымбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир аяктады.
Сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан жана Казакстан Республикасынан спортсмендер катыштылар.
Бул турнирге Панфилов районуга караштуу Келечек айылынын тургуну Маматкайым жердешибиздин уулу Мухамед катышып 3-орунду камсыз кылып, коло медалдын ээси болду.
Маматкайым уулу Мухамедке ийгилик каалаймын. Сарыкол элинин сыймыгы болуп, дүйнөнү дүнгүрөткөн Мухаммед Алидай болушуна тилектешмин.
Убайдылда Шайымов
Баш-Гүмбөз : Кара-Балта
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены