Быйыл этникалык кыргыздар үчүн курулган турак жай пайданалууга берилет

Быйыл этникалык кыргыздар үчүн курулган турак жай пайданалууга берилет

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында жайгашкан Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздар үчүн салынып жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.


Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен башталган. Курулуш иштерин "Олимп и Ко" ЖЧКсы жүргүзүүдө.


2023-жылы 3 үйдүн курулушу бүтсө, 2024-жылы кошумча 7 үйдүн курулушу 70%ы аяктады. Учурда ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.


Аталган турак жайларды быйыл пайдаланууга берүү пландалууда.