Кара-Балта шаарында 16-апрелде спорттук залда памирден келген этникалык кыргыздар арасында «Ынтымак» кубогу үчүн волейбол мелдеши өткөрүлдү.
Мелдешке үч команда катышты.
Мелдештин ачылыш салтанатында аксакалдар жаштарга сөз сүйлөшүп, жигиттерге споттук ийгиликтерди каалашты.
Андан соң, мелдеш башталып, жакшы маанай менен кызуу жүрүп, көп убакыттка чейин созулду.
Соңунда, калыстардын чечими менен «Ынтымак» өтмө кубогу Аксуучуларга ыйгарылып, жеңүүчүлөр баалуу байгелерге ээ болуштулар.
Белгилей кетчү нерсе, спорттук мелдеш Турат Атабеков, Султан Байботойев деген жердештерибиздин демилгелери менен уюштурулган.
www.sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены