Кошубак ажы 110 жашка кирип кайтыш болгон адам. Ал Ташкентте жашап казак аялыга үйлөнгөн. Ал аялынан эки кызы болуп, Ташкеттеги бай адамдардын катарына эсеп болуп жүргөн.
Ошондо, Ташкенттеги өзбектер ага дайыма тийшип: «Кошубак аке, качан ңласиз, кызларидиз качан эрга тияди»-дей беришет. Ошондо ал, аялы менен кыздарына үй алып берип, бул жерде болбойт экен дел өзү Меккеге кетет. Ошол бойдон ажылыкта үч жыл жүрүп, ажыдан кайтканда Ташкентке барбастан түз эле Сарыколго баса берген экен.
Кошубак ажынын уламыштары
Ошентип Кошубак ажы Сарыколго кайтып келгенде Аличор өрөөнүндө Эшанкул миң башы дегендин кочкорун багып күн көрүп жүрөт. Ошол мезгилде ал киши эл арасында минтип айткандары болгон. Мен үч нерсеге таң калып жүрөм:
Биринчиси
Ташкентте жашап жүргөнүмдө, шериктерим менен Кокон таралка айылчылап келе жатып, курсактарыбыз ачып бир кыштакка келсек андагы эл анча кабыл алышпады. Ошондо коргондуу бир үйгө туш келип калдык. Ал коргон өтө көп алма багы бар экен, алма коргондун сыртына чейин бышып салаңдап туруптур. Мен ташты алып, алманы бутагынан күбөйүн дел урсам таш ага тийбестен андан ары кетип, коргондун ичинде жүргөн бир аялдын башына тийди. Ал аял башынан кан агып жыгылып түштү. Мен шериктерим менен аларга көрүнбөстөн качып кеттик. Ошол аял, тирүүбу же жокпу, менде айып барбы же жокпу ошону биле элекмин. Ушуга таңмын.
Экинчиси
Бир жолу Хайдаркен тарапка барсак, кыргыздар жайлоого чыгышып, кымыз ичип турган мезгил экен. Бир айылдын тушунан кыйгач өтүп баратып, айылдын четиндеги желеде бир келин бээ саап турганын көрдүк. Ал келин жалгыз бой болсо керек, арт жагына төшөк салып, ага жаш баласын отургузуп коюуптур. Бир кезде бир жылан сойлоп баланын жанына келди эле, ал бала жыланды башынан кармап оозуна салмакка аракет кыла баштады. Жылан болсо ага моюн сунбай артка кайрый баштады. Биз албетте карал тура албастан келинге: «0, карындаш, балаңды карал койгун !»- дедик. Ал баласын жалт карал алып, эси ооп жыгылып калды. Биз ал бейтааныш айылда эч сөз айтпастан сапарыбызды улап кете бердик. Бир аз узай тыңшап кылчайыл карасак жылан баланын колунан чыгып ары кетип баратат, бала болсо отурат, а келин болсо баягы элэ бойдон эси ооп, челектеги сүтү төгүлүп жаткан бойдон экен. Ошол келинге эмне болду экен, менде күнөө барбы же жокпу ошого таңмын.
Учунчусу
Аличордо Эшанкул миң башынын малын багып жүргөнүмдө, ал киши мага акыма буканын терисин, бир нече койдун терисин, анан жүн, аркан берди. Мен аларды алып сатмакка, кербен менен Ишкашимге жөнөдүм.
Буканын териси чоң өтө оор болгондуктан, кербендегилер сен териңди өзүң көтөрүп биздин артыбыздан бара бергин, биз шашылышпыз дел кете беришти. Мен терини артыма байлап көтөрүп, колума чөгүнүмдү, бычагымды алып, кербендин артынан жөнөй бердим. Харгуш ашуусун ашканымда кеч кирип калып, бир рабатка туш келдим. Кеч кирип калганда ал рабатта түнөмөккө мажбур болдум. Кербенчилер алда качан кетип калыптыр. Мен ошол рабатта чай кайнатып ичип, артымдагы теримди башыма жазданып уйкуга кеттим.
- Бир, кезде «Кошубак ажым!»-деген үн сырттан кулагыма дана угулду.
- Мен чочуп ойгонуп кетип, уйку соонун ортосунда «Эмне?»-дедим.
- Ал болсо. «Жалгыз элесиңби?»-деп сурады.
- Мен «ооба» дел жибердим.
- Ал күпгөндөй болду.
Ошол кезде мен ордумдан ыргып туруп эки жагымды карал, баягы чөгүнүмдү алып ургулап, кандайдыр бир адамдардын аттарын айтып: «сен тур, сен да тур!»-деп кыйкыра бердим. Ошентип жүрүп чарчап, уктап кетиптирмин. Ойгонсом күн бир далай көтөрүлүп калган экен. Туруп, кечки болгон окуяны эстеп карасам, эч нерсе билинбейт. Сыртка чыгып айлананы карасам бир топ издер түшүп калыптыр. Ал издер башкача издер экен, баш жагы адамдыкыдай арты аттын туягы сыяктуу издер экен. Ошондо ойлоп таң калдым, бул макулуктар эмне үчүн мага тийбей, таштап кетип калышты экен. Мен көпкө кирем - деп Кошубак ажы айтып калчуу эле.
"САРЫКОЛ ЛЕГЕНДАЛАРЫ"
Мургаб-2007
А.Примбердиев
sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены