Куу дүйнөнүн казанына түшө элек,
Булар али арам мансап күтө элек.
Бабалардын бир үзүмү таберик,
Тоодон түштү, тоодон үмүт үзө элек.
Аруу ойдун кучагынан чыга элек,
Таза адамдар, алдап соода кыла элек.
Памирликтер башка ааламдын өкүлү,
Кыйбаттыкка кыялдарын буза элек.
Байлык үчүн жүгөнү жок жүгүргөн,
Алтын көрсө көзү өтүп сүйүнгөн.
Пенделерден бийик турат чынында,
Алтын, зерди тириликте кийинген.
Кыз-келини куубайт мода артынан,
Айтпайт экен сыйлап эрдин атынан.
Упа-эндиксиз жүзү турат нурданып,
Ыйбаа күтүп, ыймандуу өсүп жашынан.
Бузбагыла, аруу акылын, дүйнөсүн,
Жөн койгула, мейли чалып сүйлөсүн.
Андан көрө алардагы салттарды,
Өсүп жаткан жаштар барып үйрөнсүн.
Үйрөнөлү, алардагы жакшыны,
Кабыл алып, унутулган бактыны.
Биздегини эски менен жалгайлы,
Памирликте жатат сырлар катылуу.
Сонунбүбү Кадырова