Таалай Сайназаров: Эңсейм сени (ырлар жыйнагы)

 

Айылдан башталган жол

Айылдан башталган жол

Ааламга алып барат

Сагынып ошол жолду

Аргасыз турам карап


Ал жолдо калып кеткен

Издерим түшүп эске

Кайрылып баргым келди

Кутманым айлым ЧЕПке


Ошол жол алыстарга

Айылдан алып барчуу

Кайтканда кайра ошол жол

Кубанып тосуп алчуу


Азыр мен алыстамын

Баралбай жүрөм ЧЕПке

Сагыныч көкүрөк тээп

Ажарың түшүп эске


Чындыгы баралбадым

Ар кандай себептер көп

Кээ күнү кусаланам

Элесиң элестеп көп


Койнуңда туулуп өскөн

Мен түлөк балапаның

Чоңойдум ошол жолдо

Жетилип канаттарым


Ал жолдо канат күүлөп

Алыска учтум кайкып

Буйруса бир күн сөзсүз

Ушул жолдо келем кайтып


Жаз айы Кара-Көлдө

Кечикбей Кара-Көлгө жаз да келип

Күн жылып көл үстүндө муздар ээрип

Жаңыртып көл кылаасын шаңга бөлөп

Күзүндө кеткен куштар кайра келип


Толкунга куштар үнү аралашып

Турабы ыйык көлүм шоокум салып?

Жүзүмдү тоссом желге көлдөн соккон

Сагыныч калмак тарап моокум канып


Буйруса көл жээгине калсам барып

Олтурам көл суусуна колум салып

Кумарлуу тиктеп көлдүн ажарына

Кочуштап алып сууга жүзүм чайып


Көл менен көөпкө олтуруп сырдашмакмын

Көңүлгө түйүп жүргөн муңду айтмакмын

Сагыныч менен кошо өзүңө арнап

Көөдөндү жарып чыккан муңду айтмакмын


Билемин сагынгансың сен да мени

Көрүүгө ашыгамын мен да сени

Бир кезде өтүп кеткен бала чагым

Эсимде турат дайым көлдүн жээги

Эңсейм сени

Кара-Көл бүгүн кайра сени эстедим

Эсиме түшүп сүйкүм элестериң

Сүрөттөй көз алдымдан өтүп жатты

Ак мөңгү бийик ашуу,белестериң


Кара-Көл бүгун кайра сени ойлодум

Өзүңө чырмалышып бүт ойлорум

Кара-Көл ыйык көлүм орун алып

Жайгашкан арасына бийик тоонун


Өрөөнсүң жараткандын нуру тамган

Өзгөчө орун алган ыйык жайдан

Өзүңдү сагынганда мезгил-мезгил

Жетелейт сен тарапка бир ууч арман


Мээрими тамган жерсиң жараткандын

Орношкон кучагына Бадахшандын

Сулуунун жүзүндөгү калдай болуп

Ак мөңгү тоолорго абдан жарашкансың


Эстедим балалыкты сенде өткөн

Эңседим мезгилиңди жашыл көктөм

Бактылүү жакшы күнүм сенде калып

Торолуп кучагыңда сенде өскөм


Эстедим ызгаарыңды, шамалыңды

Эңседим ажарыңды, жамалыңды

Замандын талабына башым ийип

Алыстан угуп турам кабарыңды


Кара-Көл толкуп дайым термелесиң

Сагынтып кыялыма сен келесиң

Алыста жүргөн кезде сени ойлосом

Ар дайым жүрөгүмө дем бересиң


Кара-Көл кышы

Алгачкы кыш айына жаңылык бар

Кара-Көл көшүлүүдө жамынып кар

Сүрөтүн карай бердим кайра-кайра

Жүрөктө таркаганча сагынычтар


Оюндан кол бошобой күндүз кечке

Кар кечип муз тепкен кез түшүп эске

Чыкыроон суукту да тоготпогон

Бала элек баё сезим ошол кечте


Ал күндөр азыр бизден кетти алыстап

Апаппак кар жамынып азыр кыштак

Көл тоңуп турса керек суук болуп

Чымчылап бети-колду аяз муздак....


Таалай Сайназаров

Мургаб району

Кара-Көл айылы

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.