Алыскы Нарындан салам

Алыскы Нарындан салам

Кымбаттуу газета окурмандар бир тууган Республикабыз Кыргызстандан келген каттар акыркы күндөрдө редакциябызда арбын. Алардын арасында түрдүү курактагы адамдар бизге кайрылат. Төмөндө Нарын шаарында жашоочу Асанбек Орозобековдун катын жарыялайбыз.


- Мен алыскы Тянь-Шандан бир туугандык салам жибердим. Анткени 1956-61 жылдары силердин кутман жериңер Баш-Гүмбөз, Кара-Көл жана Мургабдын өзүндө болуп келечектин ээлерине аз-көптүр билим тарбия бергенмин.


Ал жерден Харыбек Алимсеитов, Эрдөөлат Турдубаев, Бакир Абдыкадыров, Рустам Шариповдордой түбөлүк досторду күткөнмүн. Ушуларга салам иретинде бул ырды жарыялап коюнуздарды суранам. Ырым аркылуу жүздөгөн газета окурмандарга ийгилик каалап салам айтам.

 

Тянь-Шандык балаңдан


Көп жыл болду көнгөн жерим Мургабым

Көксөсөм да көрүшүүгө барбадым

Көз алдыма экрандай тартылат

Көөнүм куунак сенде өткөн жылдарым


Ошондуктан оюмдан эч чыгарбай

Ойлоп келем эң биринчи балаңдай

Он күндө бир барар элем сабалап

О чиркинай болсом эмне жагадмай


Карегиме күч келтирип кээде мен

Кабарыңды сурамжылап билгенден

Карааныңды бир көрүүгөзар болуп

Качанкылар ойго түшүп телмирем


Өскөндүрсүң мурункудан тааныбай

Өнөр билим жуурулушуп камырдай

Өсө бергин гүлдөй бергин дагы да

Өрт чыгарган шум согушка кабылбай


Өткөн менен далай мезгил арадан

Өзү сүйгөн элин самап ар адам

Өмүр бою өтөт окшойт сагынып

Ушул ыр Тянь-Шандык балаңдан


Тууган эл-жериме


Турганымда жоогазындай гүл байлап,

Агай болуп барган элем туз айдап.

Калганымда элүү жаштан эңкейип,

Тянь-Шандан үн созомун атайлап.


Ойлой калсам күч кубатым артылап,

Көнгөн жерим көз алдыма тартылып.

Сүйгөн элим жүрөгүмдү туйлатат,

Жаш кылгыртып жүргөн кусам катылып.


Себеби бул-сенден сулуу сүйгөнмүн,

Тоңсоң тонуп, ысыгыңа күйгөнмүн.

Жеңилиңди жерден алып жерибей,

Оор жүгүңдү колдон алып үйгөнмүн.


Ошондуктан сени өзгө теңебей,

Эң биринчи тосуп өпкөн энемдей.

Элесиңди мазар тутуп келемин,

Сагынычым-кайнар булак чеңебей.


Келгин болсом кетер элем токтолбой,

Журө албадым күкүк болуп жоктобой.

Бирок тагдыр чиеленген тушамыш,

Күндөр барат өткөн күнгө окшобой.


Кош бол эми, түтөгөндөн не пайда,

Заманыңды сен да өзгөртүп кур кайра!

Салам айтат замандашың нарындык,

Ала-Мышык, сиңгир чоку, чоң дайра!


Асанбек Орозобеков

"Мургаб коммунисти" гезити

7-декабрь 1988 жыл

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены