"Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Өскөнбай Бердибаев.
Өскөнбай Бердибаев 1982-жылы Ош облусунун Алай районундагы Сары-Могол айылында жарыкка келген. Балалыгы атасынын жумушуна байланыштуу Чыгыш-Памир (Сары Кол) өрөөнүндөгү Мургап айылында өткөн. Үч бир тууган, үйдүн кенжеси жана атаэнесинин жалгыз уулу. Бир канча ыр жарнактардын автору. Алсак, "Памир-Алай берметтери", "Памирден узаган көч", "Бадахшан Балладасы", "Доорлор Баяны", "Ак-Байтал ашуусу" жана "Түбөлүк өчпөс издер" деген аталыштагы китептери басылып чыккан. Аны Памир тоолорундагы адамдардын турмушу жөнүндө жазылган бир канча эмгектери Илимдер академиясына кабыл алынган.
Өскөнбай Бердибаев учурда Ош шаарында жашайт. Үй-бүлөлүү үч уул, төрт кыздын атасы жана үч неберенин сүйүктүү чоң ататаятасы. Азыркы тапта чыгармачылык менен алектенет. "Тоолорду абдан жакшы көрөм" деген каарманымдын ырларынын көбү тоолор жөнүндө. Өмүрүнүн жыйырма жылдан ашыгын тоолордо өткөргөн.
"Ата-энемдин, бала чагымдын элеси ошол тоолордун арасында түбөлүк калды. Ошол учурду азыр да эстейм, сагынам, сыгылам", - дейт ал.
АРКАР БАСКАН ТООЛОРДОН
Ак-кар баскан, аркар ашкан тоолордон,
Ырыскысын терип жеген тоолугум.
Кыр жондордо жашап өткөн өмүрүң,
Кыйыр басып кылым тарых болуптур.
Жашадың да, жасадың да өжөрүм,
Кар муз таптап өмүр сүрүү оңойбу.
Каршы туруп каары катуу бороонго,
Шамал суукка тоңуп көндүң торолдуң.
Түнөк кылдың кайберендин сересин,
Түнөгүң да түндүк түрө бийиктер,
Кийик куштар мекен кылган мейкинде,
Тирүүлүктүн жүгүн тартып келесиң.
Асман чоку Азиянын төрүнөн,
Бүркүтү учкан темир канат көктөгү.
Ашууң алыс узактагы тоолугум,
Урпак ула өзөгүңдөн бөлүнбөй.
Ак-кар баскан алыстагы бийикте,
Жашап көнгөн өжөр баатыр тоолугум.
"Көп элестер өчпөй калды көңүлдөн !
Биз өмүргө из салганбыз Памирден!!!" - деп Памир тоолорун ыр саптарына кошуп, аларга болгон жан дүйнөсүндөгү кусалыгын чыгарган.
ПАМИР ТООЛОР
Түн уйкуда кызыктуу туш көргөндөй,
Түнөп жүрүп кийик аткан мергендей.
Түрмөктөлүп толуп ташып эргүүсү,
Тоодон далай ыр жазышты келгендер.
Оо Памирим бүтпөс жомок дастансың,
Далай доор кылымдарды баскансың.
Адамзаттын бийиктеги тагдырын,
Түбөлүккө туу чокуңа жазгансың.
Эски жолдор аталардын изи ошол,
Элестерде калып кеткен биз ошол.
Кыраңдагы кырдан ырдап үн салган,
Тоолордогу периштедей кыз ошол.
Жаштык кезде самап эңсеп көксөгөн,
Жалын оттор ыссык бойдон өчпөгөн.
Биз Памирден тагдыр айдап кетсек да,
Жан дүйнөбүз жашап калды көчпөгөн.
Алтын күмүш кум ташыңа аралаш,
Асыл күндөр өзүң менен санаалаш.
Сүрөтүңдү тиктеп туруп Памир тоо,
Сүйүп анан жазбай койсок жарабас.
Тоолорумда түркүн түстүү гүл өңү,
Зоолорумда шамал кайрык күүлөрү.
Биздин сыймык бийиктеги Памир тоо,
Биз да ошондой бийик бойдон жүрөлү.
Көп элестер өчпөй калды көңүлдөн !
Биз өмүргө из салганбыз Памирден !!!
БИЗ ТООЛУКТАР
Үркүтпөй кайберенди бийик белде,
Бүркүттөй уя салдык бийиктерге.
Тоолордо тоңгон муздун даамын татып,
Түнөктөш жолдош болдук кийиктерге.
Жылгада жылжып аккан булак көрдүк,
Жылдарды кылымдарга улап келдик.
Тарыхка из калтырып тоо аралап,
Тагдырга моюн сунуп чыдап көндүк.
Чокуда ай-жылдыздай жарык жанып,
Чогуу биз чагылыштык жарыктанып.
Күнөстө күн жүзүбүз кара-тору,
Тоодойбуз тоо деминен азыктанып.
Күнөстө күн жүзүбүз кара-тору,
Тоодой биз тоо суусунан азыктандык.
Чыгыш Памирде туулуп өскөн акын "Чыгыш Памири менин эсимде бир гана тоолору менен эмес чайдын түрлөрү менен да эсте калды" - дейт
Чыгыш Памири өрөөнүндө тээ илгертеден бери суусундук катары ичилүүчү чайлар маанилүү орунду ээлеп келген. Ал жакта чайлардын түрдүү аталыштары болгон. Сары-Кол кыргыздары чайлардын сапатын, суусундукка ылайыктуусун жана ден-соолукка пайдалуулугун эң мыкты ажыратып айырмаларын таанып билишкен.
Чайлардын памил-чай, сын-чай, жалбырак-чай, кызыл-чай,таан-оту, калемпир-чай, кумуру-чай, тахта-чай, бозноч-чай, жыттуу-чай, жалбыз-чай, сейдана-чай, мурч-чай, мамыры-чай, кашкар-чай, мисир-чай, кыркма-чай, көк-чай, тыт-чай, магыз-чай, күйүкчай, жыттуу-чай, ак-чай, нак-чай, дак-чай, тоголок- чай, бурма-чай, жыгач-чай жана башка көптөгөн аталыштары болгон.
"ПАМИРДЕН УЗАГАН КӨЧ"
(Көч ыры)
Талпынып узакка баратып,
Куштардай талыган канаты.
Биз ошол тоолуктар өмүрдө,
Тагдырдан тарыхты жараттык.
Ак гүлдөр, кызгалдак, көк гүлдөр,
Ал кезде көрктөнүп көп гүлдөр.
Жамгырлар төгүлчү нөшөрлөп,
Жарылчу булуттар өткүндөн.
Сан ойлор тоолорго коно албай,
Салмагым тоолордой боло албай.
Жолдорум окшобой жомокко,
Өкчөлүп бөксөрдүм толо албай.
Кылымга кыркылып кертилем,
Кылдардай кырчылып чертилем.
Күңгүрөп күүлөрдө жаңырып,
Доордун добушун келтирем.
Кыйырда кыялап өткөнбүз,
Торолуп тоолордо өскөнбүз.
Аскалуу Памирде жарк этип,
Алыстан ааламга көчкөнбүз.
Чарк атып ойлорум ийиктей,
Чокуда күтүшөр кийиктер.
Бир кезде биз кеткен тоолорго,
Бир күнү жетербиз бийиктей.
Айланат ойлорум ийиктей !!!
Аскадан күтүшөт кийиктер!!!
СЕН ЖӨНҮНДӨ
Ойуң чексиз алыстарды көздөгөн,
От боло албай жалыны өчкөн өздүгүң.
Кээде отуруп жылбасына өкүнө,
Сүйсөң керек убакыттын тездигин.
Сүйүүң житип кеткен эбак түпкүргө,
Сүрөттөр да сүйлөйт кээде күңкүлдөй.
Жарымы жок жарыктарга жан далбас,
Жан-дүйнөңө жагат кээде чын күлгөн.
Жарыгы өчкөн чырактары көчөңдүн,
Караанындай каңгып баскан бечелдин.
Тезирээк жетсем дейсиң жарыктык,
Көчөң курусун үшүн алган нечендин.
Жарашыгы жасалгасы жалгандын,
Жалаң гүлдүү көйнөк кийип алган миң.
Ыйын укса чындыгыңдын чымчык да,
Көктү кезип, безип кетип калгандыр.
Караандар да сүйлөйт кээде күңкүлдөп,
Жашоо издеп бараткандай түпкүргө.
Өскөнбай Бердибаевдин чоң атасы да жамакчы, төкмө болгон. Ал оозеки кошуп ырдаган бирок анын кат сабаты жок болгондуктан ырлары жазылбай калган.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены