Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандык алуу боюнча арыздардын абалын көзөмөлдөө үчүн жаңы онлайн кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган бөлүм билдирди.
Эми талапкерлер калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) барбастан, Telegram- бот @aiscitizenshipbot аркылуу өз арыздарынын абалын текшере алышат. Кызматтан пайдалануу үчүн жөн гана Калкты тейлөө борборунан маалымкатта көрсөтүлгөн арыздын номерин киргизип, статусу тууралуу актуалдуу маалыматты дароо алуу керек.
Бул кызмат жарандардын мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсүн жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле калкты тейлөө борборлорунун жүгүн азайтуу жана кайрылгандардын убактысын үнөмдөөгө багытталган. 2024-жылы 14 миңге жакын чет өлкөлүк жаран, анын ичинде этникалык кыргыздар жарандык алуу үчүн кайрылган.
Жаңы кызматты ишке киргизүү кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү жана тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча өкмөттүн демилгесинин бир бөлүгү. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан тарта Бишкек жана Ош шаарларында да чет элдик жарандарды тейлөө борборлору ачылды. Аларда жарандык алуу, Мекен картасы, жашоого уруксат алуу жана башка кызматтарды кезексиз жана минималдуу күтүү менен тапшыра аласыз.