Ой чабыты Түн караңгы - теребел тынч айлана , Ай түнөкте булут , жылат жай гана . Узун бойлуу - ээрчинишкен көлөгө , Түн жамынчы - жылдыз гана төбөдө .
Булбул күтөт , түнөгүндө катынып , Таң чолпону - түнөгүнө кайрылып . Кереметтүү кең дүйнөнүн сырлары , Шыңгыраган - тоо булактын ырлары .
Ойго тунуп - мен турамын сумсайып , Кереметтүү Сары -Колума ыр жазып . Таң желаргы , кытыгылап жүрөктү , Сагынычтар - туталантып жүдөттү.
Көчмөн кыргыз Кыргыз кайдан, Кыргыз кайда, сыр баян , Улуу доор эчен кылым саптаган . Көчмөн кыргыз , санжырада сакталган , Тарыхтарга Кыргыз аты жазылган .
Боз үй , жашоо таш короо , кемеге Саябандуу - Санжыралуу Сары- Кол . Баба мурас , каттап өткөн узун жол , Тагдырларда - өткөн далай узун доор .
Кыргыз баскан , кырлар ашкан узун жол , Дабаандарды - басып келген Сары -Кол . Тагдырлардын арабасы айланып , Төгөрөктүн , төрт бурчуна шайланып.
Жашоо шамы Биз келдик - өмүрлөргө жашоо үчүн , Аздектеп сактап келсек көңүл үчүн . Турмуштун , туткасын бекем кармап , Жүрөккө бейпилдикти бекем сактап .
Тагдырлар татаал , жеңил таразасы , Жашоонун - маңызынын багыттары . Теребел айлананын ар тарабы , Өмүрдүн бүчүр ачкан дарактары .
Жашоого бир келебиз өмүрлөрдө , Кир калбай тазалык да , көңүлдөрдө . Өмүрлөр өтсө , чиркин бул дүйнөдө , Армансыз өтсө жашоо өмүрлөрдө.
Байбиче О байбиче сулуу сенин келбетиң , Отуз бир жыл өмүрүмдүн элеси . Болдуң менин жашоомдун эрмеги , Кайтып барат , сулуу сенин келбетиң .
Турмуштардын оош , кыйыш шамалын , Тосуп келдиң борон чапкын азабын . Тоодой бакыт үйүбүзгө толтуруп , Толкуп турат дагы , дале жамалың .
Мүнөзүңдү өзгөртпөгүн көгөрүп , Сүйлөнбөгүн укпай калсам өчөшүп . Турмуш шары , агымдары ушундай , Өткөн турмуш , эсте калган шурудай .
Кулдундаган , куудул чалыш жан элем , Кубан мерген , аталып да мен келгем . Кумсаңдаба куруп калган кемпирим , Кубан чолок : дагы дале сен менен .
Оо байбиче балдарымдын энеси , Оо байбиче келиндердин кобрасы . Пайдалубуз небереге экөөбүз , Ыйлап калса , неберелер көрөбүз .
Аялзат Аялзаты - толкуп ташкан деңиздей , Кээде толкуп , кээде жаай мезгилдей . Бороонго да , ызгаарга да чыдаган , Аруу назик - тартуулаган сезимдер .
Аял заты - алпештеген бак сымак , Жүрөгүнү - аяр гана тартуулап . Сезимталдуу жашоолордун күзгүсү , Ууртунда , махабаттын күлкүсү .
Аял заты - бейиштердин эшиги , Түздөп алар анча , мынча кемтиги . Аялың бар - ак калпагың чекеде , Жашоо шамы , жанып турган кечинде.
Улуу дайра Тоо мөңгүсү улуу жол , Тоодон ылдый салып жол . Толкуп ташкан дарыя , Тоо жаңырык агыла .
Улуу Кытай тараптан , Бакбур-Ата Шаймактан . Токтомушка токтолбой , Жылга суусун чакыра .
Улуу дайра агылат , Багыт алып Мургапка Мадиянды аралап , Бадахшан Хорог тарапка .
Суусу тунук Сары-Кол , Касиеттүү улуу жол . Канча өмүр агылган , Ак мөңгүлүү Сары-Кол .
Миң булагың , мөңгүлөр , Миңдеп өткөн өмүрлөр . Кошулуп аккан дайрага , Ээрип түшкөн мөңгүлөр .
Өмүр булак сууларың , Өз жеегиңде дууладым . Өсө берсин өркүнүң , Өмүрү узун Сары -Кол !
Дил кайрык Дилдир учкан жалбырак учкуну , Бак арасы , торгой үнү кубулжуп . Кереметтүү : кең дүйнөнүн сырлары , Жүрөктөрдө : жашоо өмүр жыргалы .
Тоо булагы : кыз күлкүсү жаңырык , Ару сезим : ак булакка жүз чайып . Саамал беенин , кымызы жыттанган , Теребелде : гүл жыттанат ыргалып .
Ыр дүйнөсү : көөдөнүмө из салып , Жашоолор , маңызына көз салып . Теребелде жылмайуу , да сумсайуу , Обон созот , жүрөгүмдө дил кайрык !
Бейит Сары -Колум : боз шыбактуу , бетеге , Тоолор суулар , кайберени элесте . Энекемдин , бозоруңку жамалы , Сыбызгы үн Сары -Колумдун шамалы .
Боз үйүмдүн : каалгасы бекилип , Өткөн күндөр : калып кетти эскирип . Жашоо , турмуш агымдары агылып , Жүрөгүмдө жашап келет сагыныч .
Эстей берем : жашап келет кейишим , Сагындым гоо : Атакемдин бейитин . Өмүр өтсө : ичер суум түгөнүп , Кайсыл жерде : калар экен бейитим...
Сагыныч Сагыныч : жүрөгүмдү кусалантып , Көңүлдө : ыза чеги туталанып . Өмүрүм : өтүп барат эңсөө менен , Мургабым : элесиңе кумарланып .
Мургаб ; Тоо жамалы , боз шамалың , Элестеп Көз алдыма тартыласың . Боз кыр : мукам үндүү боз уларың , Өзүңдө өмүр сүргөн Кыз , Уланың .
Сүйүүмдү табигатка арнап келем , Сары -Колум : бир өзүңдү самай берем . Сабатсыз болсом , дагы сапарымда , Сагынып , ыр дестемди арнап келем.
Кайран Кыргыз Калың каада : салтыны ачкан Кыргыз , Жыйынганын тапканын чачкан Кыргыз . Жылдар , менен , мезгилди байкоо салып , Жыйым , терим төлгөсүн тапкан Кыргыз .
Кыз алышка беришке кыйын Кыргыз , Уул үйлөп той берген улуу Кыргыз . Кыйын , кыйын деп койсо Кыргызымды , Карабастан көзүнө чачкан Кыргыз .
Карыз болсо калтырап качкан Кыргыз , Кайда десе ? Үйдө жок айткан Кыргыз . Капилеттен табылса акча деген , Кайра баштан калдастап чачкан Кыргыз .
Тагдырлардын багытын тапкан Кыргыз , Табакелге таамайлуу баскан Кыргыз . Татаал жолдун ашуусун баскан Кыргыз , Таалай жолун таамайлап айткан Кыргыз !
Тоолор Тоолор , тоого күңгүрөнүп үн салып , Күн бермети , жер бетине нур чачып . Бит прик бөдөнөлөр үн кайрык . Кубулжуган мукам үндүү дил кайрык .
Сары беттүү , сары тулаң Сары-Кол , Сагындырып жүрөгүмдө узун жол . Сыдырым жел , кытыгылап делебе , Сапарларым , санаалардын чегинде .
Сары баш , сары ала чымчыгың , Тоо секирик сүлөсүн , жылбырсың . Салкын төр , касиеттүү кайберен , Жыпар гүлү , жыттанган Сары-Кол !
Обон Обон , Долон созолонгон обондор , Тоо жаңырык , үн кошулуп обонго . Дил кайрык , жүрөктө сырларым , Көөдөндө , сезим ыргак ырларым .
Тоо жамалы : албууттанып шамалы , Сары-Кол созолонгон ырларым . Сезимдердин: себеленген жамгыры , Көңүлүмдө , көөдөнүмө сыйганы .
Тоодон соккон , желүүн шамал , Тоо бороону , аяз учкан ызгаары . Толкуп ташып , жылжып аккан , Тоо мөңгү , шыңгыр булак суулары ! Сары-Колумдун улуу урпактарын эскерүү Сары - Колдон чыккан чыгаандар , Ак шумкар сындуу кыраандар . Коммунистик партия , Тарбиясын алгандар . Ички дүйнө тазалык , Эл батасын алгандар . Тилге чечен , сөзгө бай , Эл башында тургандар . Эскерет элиң тарыхта , Жазылган улуу санжыра . Улуу жолго баштаган , Багытын берип партия . Улуу урпак абалар , Элиме болор сабактар . Акыретте , жаннатта , Ак эмгеги жазылат . Атап келсем бир баштан , Урпактар баары айтылар . Эс тарткан күндөн билемин , Уккула элим баарыңар . Исманов Орозо, Бердибаев Гожого , Рустамов Камал, Атабаев Адылбек . Абдырахманова Сайрага,Таштанов Базарбай . Шайыков Аблеч , Карабаев Назар . Тапшырманы так кылган , Чекисттер бизде жашаган . Ноорузбай менен Элчибек , Атылган душман каарынан . Аяш атам Болотбек , Мунжу Кытай жеринде . Тапшырманы берилген , Серьёзный аткарган . Баласы Макен жан досум , Жараткан өзү колдосун . Военнийге жүк тартып , Камаз менен жолдосуң . Эмгеги сиңген элине , Аяш ата Жеенбектин . Кызматын дагы билемин , Жеңиш дос нени билесиң . Баатырдын айтсам баянын , Сары-Колдон чыккан шумкарым . Мекенин коргоп жан берген , Баатырбекти айтайын . Санжыра тарых издерин , Сабалап издеп келемин . Организатор партия , Примбердиев Көчөндүн , Эмгегин жакшы билемин . Эл үчүн эмгек сиңирген , Ушундай улуу урпактар . Жараткан берсин даража , Бейиши болсун жаннаттан . Азыркы доорго таянсак , Кызматын байкап карасак . Чыгааны улуу Сары -Колдун , Атагы чыгат алыстан . Россия Маскөө шаарда жашаган , Чыгаанын элге тааныткан . Тарыхка бекем камтыган , Аяш ака Абдижамил , Памир сайты дагы бар . Билгенимче айтамын , Жазгандан такыр калбаймын . Сары -Колдон чыккан улуулар , Узу, да чебер сулуулар . Сары -Колдон чыккан шайырлар , Атагы чыккан дайындар . Атап келсем баарысын , Беш мырза аттуу куудулдар . Жетектеп келген буларды , Мамасали дагы бар . Куйкум сөздүү куудулдар , Шарманда Шакир деген бар . Жазуучу залкар , ырчылар , Талыкпай жазган китебин . Которуп келген тилдерди , Токон молдо уулу , Өзүмдүн агам Бакир бар . Ак -Сайдан чыккан шамалды , Айтып өткөн Өскөнбай бар . Өйдөлөп жетпей өксүгөн , Өрнөктүү акын ырчы бар . Этникалык кыргыздын , Ар намысын сактаган . Чүй боорунда жайгашкан , Асылбек эмгегин элим баалашат . Ушундай сырлуу баяным , Тарыхтан кабар айтамын . Эмгегин эстер элибиз , Сары -Колумдун урпагын !
|
Түн жамалы Күүгүм тартып , күн баратты уяга , Намаз шамга бара аткан сыягы . Түн жамынчы , пардалары тартылып , Түн жашоосу , караңгыга айланып .
Көлөкөлөр ээрчинишкен сыягы , Узун , кыска түн караңгы сырлары . Көктө жылдыз көгүлтүр асманда , Булут менен , Ай бермети сырдашып .
Тоолорго кыналышкан булуттар , Кереметтүү кербенчидей чубалып . Бейпил уйку , жашоолордун ыргагы , Коёю түндүн , касиеттүү сырлары.
Өмүр кайыгы Балалыктан бир татым , Өткөн мезгил бала чак . Окуучулук күндөрүм , Көз алдыма тартылат .
Курбу курдаш , классташ , Бирге окуган парталаш . Тагдыр жолу узун жол , Каяктасың сапарлаш .
Өмүр чиркин ортолоп , Канат кагып сабалап . Элүү жаштан кыялап , Алтымышка жакындап .
Сагынычтар жүрөктө , Самат кандан Саматат . Саймедиреп ойлорум , Салкын соккон шамалдай .
Тал чыбыкты , ат кылып , Сабалаган бала чак . Артта калды , кол булгап , Айланайын бала чак .
Өмүр чиркин , ортодон , Өтүп барат ылдыйлап . Кыздар өпкөн беттерди , Бырыш басып баратат .
Кундуз кара чачтарды , Буурул чачка айлантты . Жылма сүйкүм беттерди , Сакал басып картайтты .
Эх армандуу бала чак , Эми артка кайрылбайт . Өмүр чиркин кайыгы , Сүзүп көлдө баратат !
Куттуу жаш Кечее эле - чыбык атты камчылап , Боз ала - баш артта калды бала чак . Күлмүңдөгөн - он сегиз жыйырма , Отуз курак - кырктан өттү сабалап .
Аштык мына - элүү жашты кырында , Алтымышка арыш таштай зымырап . Жараткандын буйругуна ,баш ийип , Канча өмүр , бар али алдыда .
Буурул сакал , болдук мына Чоң - Ата , Эңкейиңки , элбендеген Тай - Ата Жашо , турмуш багытына баш ийип , Болдук мына , ак сакалдуу карыя .
Кымча белдүү , көз уялткан сулулар , Ак саамайлуу , келишкен Чоң - Эне . Кыран , каткы кыналышкан селкилер , Коймол көздүү , жарашыктуу Тай - Эне .
Бала жыты , баркы баалуу небере , Буйруганга болуп , калат чебере . Өмүр гүлү , барктай билсек жашоодо , Өмүр чеги узун болсун ойлордо .
Сары -Кол Сары талаа Бейиш төрү Сары-Кол , Сагындырат , сары ойуң тоолоруң . Кербен сымак , чубалышып кырларың , Кең дүйнөлүү , касиеттүү Мургабым .
Бир өзүңдө , касиеттүү сырларың , Жашоолордо болчу эле Жыргалың . Тоодон учкан кубулжуган үндөрү , Торгой үнү , бозомуңку уларың .
Тоодо кийик , ойлор бийик , Сен дегенде , серпилишет сезимим . Көк - жар кыштак , көчөлөрү аталган , Көнө-Коргон айылымды эстеймин !
СССР элестери Коммунизм келет деп , Кандай жашоо элестеп . Брежнев пааша доорунда , Коммунизм кайда деп . Коммунизм кетирип , Горбачёв келди ордуна . Демократь , гласность , Өз укугуң колуңда . Он беш , өлкө чачылды , Өз укугу колунда . Капиталист байлыктар , Эеленип кетти баарына . Заводдор кетти ээленип , Фабрика өнөр жай . Өзгөрдү деп Замана , А бирок , Заман ордунда . Адеп ахлак , Имандын , Жартысы калды ушунда . Теринүү да изденүү , Баракаси жогуда . Эгеменге эе болдук , Бул жагыда жакшы да . Эркектерден аялдын , Укугу кетти даража . Балдар кийген кыска шым , Кыздар тартып алды да . Тебетей менен жолук жок , Жылаң баш доорго калды да . Курушоёвтун ак малта , Тарипи конфет болчу эле…
Доор Узун жолдор , өткөн доорлор , Санжыра ыйык Сары-Кол . Көчмөн Кыргыз аталган , Көчкөн Кыргыз Сары-Кол .
Бетегелүү Бейиш төрлүү , Берешендүү , кең пейилдүү , Тоо койнунан , орун алган , Тоо бороонго көнүп алган .
Таш кемеге , таш короо , Мерген түнөк аркар шорпо . Алың , келиң Ассалому алейкум , Асыл конок , сый урмат Сары-Кол .
Өткөн мезгил , өткөн доор , Басып келет узун жол . Тее мезгилдер байыркы , Баалап келем Сары -Кол !
Кереметтүү Сары -Кол Аскадан мөңгү куюлган , Аркары отко чубурган . Тоолору сүйкүм керемет , Тоосунда улар сайраган .
Теребел кооз сүйкүмдүү , Текеси тоодо жүрүшү . Кубулжуп торгой сайраган , Ак кашка , булак агылган .
Баба дастан байыркы , Нуркап болуп аталган . Бадахшан тоолуу айтылып , Бародар менин Мургабым .
Элесиң көздө саматкан , Ишкашим печке аталган . Жылуу бир болчу нурларың , Өзүңдө терең сырларың .
Кара алтынга барабар , Кайнатып чайды дамдадткан . Кара шыбак , терскениң , Кагылдым сенден Мургабым .
Өркүнүң өссүн өйдөлөп , Өркүндөй бер Мургабым . Сагындык тууган досторду , Санаалар учат сабалап .
Атаке Атаке самайм элесиң , Көнө-Коргон жеримде . Калып кетти бейитиң . Сагынып , сени кейиймин .
Зергерлик эле өнөрүң , Жасаган шакек күмүшүң . Өнөрүң калды өкүнтүп , Өмүрүң кыска көрүнүп .
Жетиле элек сегизде , Жерге кеттиң кейитип . Жер кучактап ыйладым , Жараткан берсин бейишиң .
Самат жылга аталган , Жериңди эңсеп кейиймин . Матаа- Таш , менен Уу - Ташта , Мергенчилик кесибиң .
Акыреттик ак досуң , Жусуп Аамат жан досуң . Жаратканым колдосун , Акыретте бир болсун .
Толкутуп жүрөк сүйлөгөн , Аяш акам Токтогул . Толкундап жүрөк кейиймин , Акырети түз болсун .
Бир тууганым Сапийда , Шафаатчы болуп жол тоссун . Али Сали неберең , Аллахым өзү колдосун.
Тоо булак Тоо булак сезимдерде ыр курап , Секи таштан , сезим башкам . Селки менен , боз улан . Сары -Колум сага арнап ыр жазам .
Сенде өткөн сезимталдуу бала чак, Симфония , оркестрдей куралат . Сен дегенде : жүрөктөрдө мунайуу , Сенин атың , угулганда кубануу .
Тоо булагың ай жамалың , Көз алдыма тартылат . Сага болгон , жүрөктөгү махабат , Сары -Колум : бир өзүңө арналат ! Конуш Алыстан угуп добушуң , Самаймын Сары -Кол конушун . Уларың учуп сайраган , Улуу бир Тоолор конушуң . Так секирик ойногон , Текелүү чоку Тоолоруң . Үч -Кол деп неге аталган , Сезимде турат ойлорум . Сабалап издеп санжыра , Уламыш баян тарыхтар . Улаган учук сабагын , Улуулар өткөн байкагын . Кичи Паамыл, чоң Паамыл , Бүркүт уя Миңкаали . Ортодон өтөт дарыя , Сырлары ичте купуя . Өжөрлүү өрлөп Сары -Колум , Өсүшкөн урпак Сары -Колчум . Өткөргөн эчен доорлорду , Өрнөгү эли Сары -Колдун . Мизини баскан Тоолордун , Миңдеген Тарых жолдорун . Мүрөктүн суусу өмүрдүн , Миң кыял , сезим ойлорум ! Ооган Кыргызы Терскен жыттуу көк түтүнү буркурап , Тоо койнунда кемегеде жалындап . Боз үй жашо , таш короо , калың кар . Ооган тарап , бир ууч эл ак калпак . Кимсиң десең тууган чыгат уруулаш , Накта Кыргыз көчмөн эли аталат . Боз үй жашоо , таш короо кемеге , Тее үркүндө көчкөн экен кыр саптап . Хандык , бийлик өткөн улуу доор , Рахманкул баштап көчкөн узун жол . Кыргыз эли , үркүн болуп аталган , Кыйын кезең тарыхтарга камтылган . Топоз мүнөз , тоо суугун тоготпос , Тоолук Кыргыз мүнөздөрү чаар жолборс . Элестетет тее байыркы жомокту , Ашып өтүп Аркар өңдүү тоолорду ! Дил кайрык Сары-Колум , Сары-Горум жайлооң, Аркар изи мерген түнөк тоолоруң. Теке-Чапты , Коён-Качты ойлоруң, Келин-Качты кайсы келин ойлорум. Кырк-Шейити касиеттүү болжолум, Калмак чапкан кырк үйлүнү оңбогур. Керемети келберсиген тоолоруң, Кылымдарга из калтырган Сары-Колум. Аркар-Жолуң, Ак-Байталда теке тоом, Чыны-Сууң килем төштүү зор жайлоо. Муз-Көлүңдөн музоо мүйүз агылган, Улуу сууң, агып түшкөн Кара-Көл. Мамыр кумур, Кызыл бурма, таан оту, Бетегелүү аркар бозноч оттору. Коён шыбак, Кой шыбак, Чок сары, Меербандуу сүйүп жеген Кой шыбак. Улар оту Гүлкайыры буралып, Түркүн өскөн, өсүмдүгү куралып. Булбул үнү, Улар үнү күү чалып, Жүрөктөрдө махабаттуу дил кайрык ! |
Кыргызстан Отуз-Адыр