Таза сууңду, таза абаңды жутканмын,
Тоо, ташыңда эчен ирет уктадым.
Балалыктан мээримиңе чоңойтуп.
Экинчи энем болуп калдың Мургабым.
Сагындым мен таза болгон абаңды.
Сагынычтан айттым сага саламды.
Кетип калып эмне келбей жүрөт деп.
Сагындыңбы эне сен да балаңды.
Балаң жүрөт окуп сенден узакта.
Тагдыр эми убактымды узартпа.
Мен өзүңө барган кезде туулган жер.
Капаланбай, мээрим менен кучакта.
Мен да сени кучактайын өбөйүн.
Сагындым ээ көздөн жашым төгөйүн.
Кайра сага бала болуп эркелеп.
Кайра өзүмдү балалыкка бөлөйүн.
Сага барган кезде сени кучактап.
Сага болгон сагынычым төгөйүн.
Мераж Теитбаев
Мургаб-Ош