Жаш талант

Жаш талант

Бүгүн сиздерди поэзияга шыгы бар Сары-Кол жергесинде туулуп өскөн жаш талант Эрали Токтосуновту тааныштыруу менен кыскача чыгармаларын сиздерге тартуулап кетүүнү чечтик.

 

Эрали 1992-жылы Мургаб районунда туулган, азыркы учурда Кара-Көл айылында жашап келет.

 

Эралинин туулган жерине, ата-энесине, күнүмдүк турмушка жана махабатка арналып жүрөгүдөн толкуп чыккан чыгармалары окурмандарды четте калтырбайт деп ойлойбуз. Ошондой эле Эралинин поезияга болгон талант шыгы өсүп, чыгармачылыгы чыңалып жаңы чыгармалары менен поезия сүйүүчүлөрүн кубантуусун каалап кетмекчибиз.

 

 

 

БАРДЫГЫ АКЫЛДУУ

 

Ошумдун, бир белгилүү кафесинде,
Достор менен олтурдук сыр чечише.
Көптөн бери жолугушпай куса болуп,
Калыптырбыз сагынышып бираз эле.

 

Балалыктан сөз баштадык жакшы эле,
Балдай күндү эстедик ал кечеде.
Байкатпай бир мезгилде кирип келди,
"Саясат" деген бир балее неме.

 

Сөздөр калды, эскерүү, балдай таттуу,
Жаралып ортобузда талаш-талкуу.
Бири бийлик жаман десе кабак түйүп.
Экинчиси , каршы чыгат сүйлөп жандуу.

 

Достор кызуу,жүздөн ичке куюп алган,
Сөздөрүндө "саясат" куруп калган.
Бала кезде бейкапар соккон жүрөк,
Саясат, саясат деп согуп калган.

 

Чечкенсип маселени бир маанилүү,
Берилип сүйлөт достор бүт абиирдүү.
Мындай кылса болмок деп ойлонушуп,
Бүт эле гений дагы бүт акылдуу.

 

Олтуруп бекер сөзгө камчы уруп,
Катындардай тим эле ушак кууп.
Сагыныч таркатканы келген достор,
Саясатка алышты башын тыгып.

 

Абиирдүү, акылдуу болсо эгер,
Олтурмакпы ошол жерде сүйлөп бекер.
Оозу менен орок оргон ошол достор,
Ушул ырды окушса эсине келер.

 

Токтот досум мындай катын ушагыңды,
Чечип ташта "саясат" тушагыңды.
Көрүп- көрбөй, билип-билбей сүйлөй бербе,
Укпай кой жапырып кулагыңды.

МЕН ЖАМАН АКЫН

 

Ырды жаздым аллахты даңазалап,
Насаат айттым кээ бирөөгө адамчалап.
Өзүмдү күзгүдөн карап көрсөм,
Жүрөт экем мен деле аларчылап.

 

Сыра ичем, бой көтөрөм тоотпой,
Акынсынып ырыма чаң жолотпой.
Мактамыш боломунда пайгамбарды,
Жүрөмүн анын жолун түк жолдобой.

 

Аракты ичем, чылымды чегем буратып,
Боорум менен өпкөмдүн баарын кууратып.
Ошолорго жакын турган жүрөгүм да,
Калса керек жыттарына ууланып.

 

Чирик өпкө, эзилген боор кошунасы,
Жүрөктөн асти жакшылык сурабачы.
Текебер менменсинүү баарысы бар,
Болсо дагы жагымдуу чыгармасы.

 

Башкасы эмес мен ошондой алсыз акын,
Көңүлүм зынаага абдан жакын.
Жүрөгүмдон тоо үшкүртөр ыр чыксада.
Көңүлүмдө күнөө ишке үмүт арбын.

 

Мен ушундай эң начар алсыз акын,
Сөзгө турбоо, досум болот абдан жакын.
Калемимден жер өрттөөчү сөз чыксада,
Байлык үчүн мансап үчүн оюм арбын.

 

Акындар бар ак ниеттүү адал ойлуу,
Намаз окуп, басышат таза жолду.
Жашасын ак жүрөктүү алп акындар,
Ак сөз жазып, намаз окуп, адал ойлуу.

 






АЖАЛ

 

Гүлдөй болуп өсүп жатып ордунан,
Гүлдөр кетти өспөй далай соолуган.
Сокур белең ажал сен сокур белең,
Ала берчүү чыкканды эле жолуңдан.

 

Болжол менен кармап шарт жыгасың,
Сурабайсың жашоосун, анын жашын.
Жалгыз жан болсо дагы үй бүлөдө,
Агызасың муңкантып эне жашын.

 

Бешиктеги наристеге кылыч сунуп,
Бойдоктун жарты өмүрүн жолдон уруп.
Артынан туяк дагы кала электе,
Кетесин табыт кылып жанын сууруп.

 

Аябайсың ажал сен аябайсың,
Ашыктыкка, сүйүүгө да карабайсың.
Жакшыларды көрө албай жандан айрып,
Жамандарды көрбөй эмне карабайсың.

 

Эх ажал менинда башымдасың,
Билбеим калды дагы канча жашым.
Мени алсаң бир сенден өтүнөрүм,
Ата-энеме тийбечи суранамын.


САТУУЧУ

 

Мен жумушчу дүкөнгө товар ташыган,
Заказдар чыкса, ашымды таштап ашыгам.
Кечкече жүрүп капчыгым толот акчага,
Чогултуп барып шефтерге баарын тапшырам.

 

Кармаарын кармайм көптөгөн пачка акчаны,
Кыялга батам, тебемин кымбат тачканы.
Жумушум бүтүп отчетко жетет кезегим,
Элүү сом калат үйүмө эптеп качканы.

 

Аралап шаарды ар бирин койбой дүкөндүн,
Товар аласызбы деп жалдырап жообун күтөмүн.
Жок десе башка, шак эте тийген соккудай,
Мейлиңиз деймда жолума дагы түшөмүн.

 

Бирөөдөн жакшы, бирөөдон жаман сөз угуп,
Түз жагын издеп жашоого эптеп жол куруп.
Акысын жебейм, же алдапда кетпейм, соодада.
Анткени алгам жүрөккө ыйман толтуруп.

 

Түйшүктүү жашоо эсепсиз сансыз түйшүктөр,
Түйшөлтсө дагы, уланат жашоо үмүттөр.
Жашообуз үчүн күүлөнүп канат кагабыз,
Таптаган бизди убакыт деген мүнүшкөр.

 

МЕН КЫРГЫЗМЫН

 

Мен кыргызмын угуп кой оо тууганым.
Мен болгону, тайжагымда турамын.
Менин атам Манас энем Каныкей,
Тажик деп жээрип мени куубагын.

 

Мен башыма ак калпак кийген жанмын,
Зуулдата камчылап аргымагым.
Менам эмес, мен кыргызмын биле жургун,
Тажиктер достор эле деп айтарым.

 

Тамырымда кыргыз каны агып турат,
Дакшат дебейм, ал мага өөн угулат.
Тагара деп айтпаймын уккун доске.
Чара деп апалар камыр жуурат.

 

Чүкө ойнойм ордо сызып тегерете,
Топурак чандарды белден кече.
Томпой менен абалакты чимирилтип,
Улуттук оюндан калбай четте.

 

Сен менен жээрибегин бир тууганым,
Тилди сатпаган орусуна же өзбегине.
Кыргызмын кызыл тууну бек туткан,
Жигитмин кыргыз үчүн окко учкан.


АПА

 

Апа сиз бар, үйдө турат жылуулук,
Апа сиз деп, билем жалгыз сулуулук.
Сиз бар үчүн, аалам көрктө турат апа.
Өчпөй турат, жерге тийген нурлуулук.

 

Чебер кол, оймо чийип, сайма сайган,
Ошол алтын, колдордон мээрим алгам.
Кайталангыс мээримдин казынасы,
Түгөнбөсүн, деп тилейм жараткандан.

 

Саамайыңыз бубак тартып калганына,
Батпай турам, кыйналып кең ааламга.
Тилек кылам жараткандан жалбарып,
Апакемди, кайтарчы деп жаштыгына.

 

Бубак баскан, чачыңызды кара кылып,
Сүйүүмдү астыңызга чана кылып.
Сүйрөмөкмүн, жаштыгыңыз калган жакка,
Табаар элем, кайра сизди жаш кылып.

 

Нан бетине, сүртүп берген сары майдын,
Таңдайымдан алып турам дале даамын.
Болсо эгер, менде бир мүмкүнчүлүк,
Береер элем жаштыгымдын, баарын баарын.


КОЛ ҮЗҮП АЛБАЙЛЫЧЫ

 

Көгүчкөнүм, күлкүң жараат дабасы,
Карагат көздөрүнө жаш албачы.
Сезимимди бороонго жетелебей,
Күлкүң менен жайга гана алып барчы.

 

Жылмайчы кут кирсин жүрөгүмө,
Үмүт кош сүйүүдөгү гүлдөрүмө.
Үшүтпөй жан дүйнөмдү ыйын менен,
Ачылчы, бөлөп мени шан күлкүңө.

 

Үмүттөрдү байлайлы мезгилдерге,
Сүйүүбүздү жая салып кенен жерге.
Мейли тоону тоссо дагы ортобузга,
Кайдигер болбой биздин келечекке.

 

Ортобузда сүйүү, турса алоолонуп,
Өчүрүп албайлы жалкоолонуп.
Ансызда тоскоолдуктан женилгенсип,
Ыйлаганың ыйлаган көл шал болуп.

 

Күчтү жыйып бакытка баралычы.
Күүлөнүп жолубузду табалычы.
Кейип кечке алдан тайып тура берип,
Колдорду ажыратып албайлычы.

 

Түнүлгөнсүп көз жаш төгүп тура берип,
Жүрөктөрдү ажыратып албайлычы...


КАРА - КӨЛҮМ

 

Коктуларың колтуктап тоолоруңду,
Мелтиреп көрктөнтүп зоолоруңду.
Көлүм сен кереметсиң көзүм тойбос,
Имерип алыпсың бүт ойлорумду.

 

Толкундарың жеекке уруп шарпылдаган,
Артык болуп үнүң мукам кайрыктардан.
Мееримине бөлөгөн энекемдей,
Жан дүйнөмдү бүтүндөй тартып алган.

 

Көлүм сен чалкыйсың жүрөгүмдө,
Чеги жок сени баалап сүйөрүмө.
Мени сатпас, какпас бир өзүңсүң,
Сен жолдошсуң ушул келген өмүрүмө.

 

Көлүм сен карегимсиң көзүмдөгү,
Көлүм сен мазмунумсуң өмүрдөгү.
Сен турганда антташ болуп мага жакын,
Дос да кылбайм болжолдоп көрүнгөндү.

 

Экинчи энем сенсиң Кара-Көлүм,
Эр жеткенче мээрим бердиң ыйык көлүм,
Коюнуңда жатаарым даана эле,
Кетсе дагы жанымды алып ачуу өлүм.

 

 

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.