Бүгүн таң эрте «Dе-Факто» гезитинин журналистти Зулпукаар Сапановдун үйүн УКМКнын оперлери тинтүүгө алып үй ичиндеги компьютер, уюлдук телефон жана китептерин , өзүн сурака алып кетишти. Маалымат ирээтинде Зулпукаар Сапанов өткөн жылы «Кыдыр санжырасы» аталыштагы китеп жазып окурмандардын сынына койгон. Аталган китеп жарыка чыккандан кийин ар кандай дин өкүлдөрү УКМКга байма-бай арыз жазышып, авторду камака алууну өтүнүшкөн. Ал эми автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок экенин баса белгилейт. Учурда кабарчыбыз УКМКда сурак берүүдө.
Вторник, 07 Февраля 2017 15:45
1714