Баба мурасы

Баба мурасы

Улуу кыргыз эли байыртадан бери эле дүйнө жана үзөңгүлөш жашаган элдерден өзүлөрүнүн каада-салты, жашоо маданияты, искусствосу жана диний ишенимдери менен айырмаланып келген. Өзгөчө рухий дүйнөсүнүн бийиктиги жана тазалыгы менен окчун обочолонуп, эң жогорку деңгээлдеги маданий мурас жаратып, муундарга таберик катары калтырды. Ал маданий мурастардын сап башында кайталангыс стилге ээ болгон улуттук музыкалык аспаптар турат. Кыргыздын мукам үндүү музыкалык аспатары жалпы элдин турмуш-тиричилиги, салт-санаасы, тарыхы менен тыгыз байланышып, улуу элдин эстетикалык маданиятынын бийик деңгээлде экендигинен кабар берет. Карт тарых тамырына сүңгүп кирсек, бул аталган кыргыздын музыкалык аспаптары байыркы Тан доорунда, тактап айтканда VII-Х кылымдарда эле негизделип, колдонулган.

 

Атайлап кыргыз музыкасы ноталарда жазылбаса да, уюткулуу улуу элдин кубанычы, кайгы-муңу, арзуу-сүйүүсү, эрдиги жана эркиндиги мына ушул музыкалык аспаптардын музаларында терең камтылган.

 

Комуз

 

Кылымдан кылым кезип көксөй-көксөй,
Кыйналып биздин ушул күндү көздөй.
Бул комуз көп сууларды кечип келген,
Эли да комузундай жөпжөнөкөй.

 

Комуз бул- ак калпак кыргыз элинин абалтан берки чертме кылдуу үндүү аспабы. Бул аспап өрүк, жаңгак, ак чечек, алмурут, карагай, арча сыяктуу мөмөлүү жана мөмөсүз дарак жыгачтарынан чабылып жасалат. Комузду жасаган уста жыгачтын касиетин мыкты билген адам болушу зарыл. Комузга керектеле турган жыгач сууга абдан кайнатылып, сары суусу менен чайыры чыккан жана ышталган болушу керек. Себеби, мындай жыгачтан жасалган комуздун добушу абдан таза болот. Комуздун жалпы узундугу болжол менен 90 сантимердей болуп, анын түзүлүшү: комуздун башы, тулкусу, чарасы, моюну, капкагы, куткуну, тепкеги (тээги), үч кулагы жана үч кылынан турат. Комуздун жаны-жыгач жана кылы-ичеги. Негизинен өрүк жыгачынан жасалган комуз эң эле сапаттуу да, абаздуу да болот. Мыкты усталар комузга керектелүүчү өрүктү декабрь айынын орто ченинде (кыргызча "Токсон түшкөндө") кыйып, даярдашкан. Себеби, бул маалда өрүк боюна тартып, өсүүсүн токтоткон учуру болот. Мында жыгачта жарылып кетүү коркунучу эч болбойт. Ал эми комуздун кылы тикенек оттобогон кылчык койдун жаңы союлган ичегисин оңго ийрип, керип кургатышат. Мындай кыл ойдогудай мукам добуш жаратат.

 

Baba murasy (2) Baba murasy

 

Керней

Байыркы замандан бери эле кыргыздын ат чабыш, эр сайыш жана ар кандай даңазалуу майрам, тойлору керней-сурнайсыз өткөн эмес. Жана ошонун менен бирге эле жоокердик замандарда согуш талаасында эң кеңири колдонулган аспап. Үйлөмө бул аспапты тээ алыска кабар, белги берүү үчүн колдонуп келишкен. Керней мүйүздөн жана жезден жасалат. Көбүнчө кийик текенин мүйүзүнөн даярдалат. Мүйүздүн көңдөй бөлүгү аяктаган жерден кесилип таштап, ичи оюлат. Кернейде үн өзгөртүүчү көзөнөктөр болбойт.

 

Кичине чоор

Кичине чоордун үн өзгөртүүчү 10 көзөнөгү бар. Бул аспап өрүк, алмурут жыгачтарынан жана ошондой эле азыркы мезгилде желимден, латун, алюминий түстүү металлдардан да жасалып келет.

 

Чоң чоор

Чоң чоордун 4 же 5 үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү бар. Башка чоор түрлөрүнөн айырмаланып чоң чоордо төмөнкү нотадагы добуштар ойнолот. Чоң чоор негизинен катуу жыгачтардан жасалат. Азыркы учурда металлдан жана желимден да даярдалган чоң чоорлор бар.

 

Добулбас

Добулбастын формасы эки башы кесилген ашкабакка окшош. Үстүңкү кырына буканын же төөнүн терисинен жасалган жаргак кере тартылат. Тулкусуна арча, тал, кайың жыгачтары керектелет. Байыркы заманда добулбасты камчынын сабы менен ургулашкан. Азыр учуна кийиз капталган таякчалар менен урулат. Добулбасты да согуштук талааларда, салтанаттарда кеңири колдонушкан.

 

Чоор

Үйлөмө аспаптардын тарыхы тээ байыркы замандарга барып такалат. Чоор үйлөмө аспабы алтайлыктарда "Шоор" деп аталат. Хакас, тувалыктарда шоор ойношот. Чоор куурайдан жасалгандыктан, башкыр элинде бул аспап "Куурай" деп аталат. Чоор шилби, сары жыгачтан жасалат. Чоордун түтүгүнүн эки кыргагы жарылып кетпес үчүн мүйүз кийгизилет. Чоорду тартуунун алдында анын ичин суу менен чайкоо керек. Байыркы доорлордо колдонулуп келген чогойно чоор, балдыркан чоор бүгүнкү күндө унутта калып кетти.

 

Ышкырык чоор

Ышкырык чоор чатыр гүлдүүлөр түркүмүндөгү сүмдүктөрдүн же чогойнонун сабагынан жасалат. Алдыңкы учу туяк болуп, үн өзгөртүүчү 2-3 көзөнөгү бар. Бул аспапты тике кармап, ооз жагын эринге такап, ышкырык жылчыгынан тилдин жардамы менен добуш алынат.

 

Чопо чоор

Жалпы формасы тоголок, сүйрү келип, учтанган тарабынан ышкырык жылчыгы оюлат. Чопо чоорду даярдоо үчүн ак же кызыл чопону 900 С дан ашык ысыкка бышырат. Ак чоподон жасалган чоордун үнү абдан катуу чыгат. Мурда чопо чоордун үн өзгөртүүчү 2-3 көзөнөгү болсо, азыркы учурда мезгилге жараша 7-8 көзөнөк болот.

 

Темир комуз

Темир комуз-тилдүү какма музыкалык аспап. Жалпы узундугу-7-7,5 сантиметр. Темир комуз жаак жана тил деп аталган эки бөлүктөн турат Жаагы темир, жез , күмүштөн жасалалат. Темирди көөкөр формасында ийип, анын ортосуна курч болоттон кылдат сугарылган тил жасалат. Темир комуздун жаагын маңдайкы тиштерге кыпчып, оң колдун сөөмөйү менен тилди кагып, добуш чыгарылат. Темир комузду негизинен эле аял кишилер кагып келишкен. Айрым учурда мырзалар да ойногон. Темир комуз менен байыртан эле кыргыз эли элдик мыкты чыгармаларды жана классикалык мукамдарды жаратышкан.

 

Жыгач ооз комуз

Жыгач ооз комуз - үйлөмө тилдүү аспап. Ал сары жыгач, жылгын, шилби, ыргай жыгачтарынан даярдалып жасалат. Анын узундугу - 15-20 сантиметр, туурасы 2-5 сантиметр сызгычтай жукартылып, жукалыгы 1,5 миллиметрди түзөт. Анын ортосуна 10-15 сантиметр болгон тил чыгарылат да, тилдин түп жагы ичке карай көзөлүп, ага 20-30 сантиметр узундуктагы жип тагылат. Жыгач ооз комуздун жаагын эриндин арасына коомай коюп, тилине бекитилген жипти кагуу менен үйлөп жана дем тартып ойнолот. Жыгач ооз комуз менен доошу жапыз күүлөр аткарылат.

 

Сыбызгы

Сыбызгы өрүктүн, тыттын жана алмуруттун жыгачтарынан даярдалат. Жезден жасалган сыбызгыны "Жезнай" деп аташат. Узун түтүкчө формасындагы бул аспапта 6-7 көзөнөк болсо, азыр өркүндөтүлүп, көзөнөктөрдүн саны 10го чейин жеткен. Сыбызгынын үн чыгаруу ыкмасы европалыктардын флейтасына окшош. Сыбызгыны заманга ылайык пластамасса, металлдан да жасаса болот.

 

Кыл кыяк

Кыл кыяк-кылдуу, жаалуу музыкалык тартма аспап. Бул аспаптын негизги түзүлүшү: тулку, кулак, моюн, чара, каптама тери, кайыш куткун, тээк, жаа жыгачтан турат. Булар өзүнчө даярдалып, бир тутумга бириктирилет. Кыл кыяк казактын кыл кобызы, монголдордун моринкуру жана Орто Азияда жашаган канатташ элдердин жаалуу аспатарына тектеш. Жана да скрипкага абдан окшош. Кыл кыяктын жалпы узундугу - 65-70 сантиметрди түзүп, анын тулкусу өрүктөн же арчадан сомдолуп жасалат. Алмурут формасындагы добуш чыгаруучу чарасынын тең жарымы төөнүн жаргагы менен капталат. Кыл кыяктын аягы бутка коюууга ылайыкталып, ичке келет. Башында бири-бирине карама-каршы келген эки кулагы болот. Кыл кыякка жашы эки асыйдан ашпаган жылкынын куйрук кылы (60-70 кылдан ашпаган) тагылат. Аспапты аттын куйрук кылы бекитилген жаа менен жанып ойнойт. Кыл кыяктын мукам коңур добушу адамдын үн интоннациясына абдан окшош. Кыл кыякта көбүн эсе кыргыздын баатырдык жүрүшүн, адамдардын ар кандай турмушун баяндаган күүлөр ойнолот. Дагы бир касиети мында адамдын күлгөнү, ыйлаганы, кошок кошкону жана жаныбарлардын ар кандай үндөрү таасын дал келүү менен тартылат.

 

"Учур" гезити