Бул окуя алыскы Памир тоолорунун арасында мындан жыйырма жети жыл мурда болгон. Ал убактарда атам совхоздун топозун багат эле, биз Чыгыш-Памирдин (Мургаб району)
Кош-Агыл деген өрөөнүндө жайлоо, күздөө жана кыштоого мезгил алмаштырып тоо жакалай көчүп конуп жашап жүрчүбүз. Күндөрдүн бир күнүндө, апам ооруп калып атам апамды Райондун борборуна ооруканага алып кетти. Мен кошуналардын үйүндө жашап топоз кайтарып калдым.
Кош-Агыл өрөөнү Чыгыш-Памирдин күн чыгыш тарабында Кытайга жакын чек-арада жайгашкан кумдуу өрөөн. Кош-Агылда кышы жеңил болуп кар аз жаайт, тоолорунда аркар кулжалар жүздөп жүрөт. Кумдуу таала бөксөлөрдө боз от (кумдуу жерде өсүүчү өсүмдүктөр) көп өсөт. Кар жааса шамал учуруп калганы кумга сиңип тез эле жер карарып кетет.
Кош-Агылдын жылга жыбыттарында тескей беттерде кар кетпей күрткү болуп уюп калат, топоз койлор суунун ордуна ошол тескей беттеги карды жеп кыштан чыгышат. Элсиз ээнсиреген талаалар.
Биз ал кезде бир жылгада үчтөн, төрттөн үйлүү койчу топозчулар кошуна болуп жашайт элек. Аккан булак тоңуп калгандыктан кышында музду эритип суу кылып пайдаланчубуз. Кош-Агылга атайын бирөө барбаса Райондун борборунан ат арытып эч ким деле барбайт. Кээде чек арачылар ылдыйкы заставадан келип кабар алып кетет. Биз жашаган конуштан он чакырым аралыкка жетпеген жерде Кытайдын чек арасы бар .Биз күндө кытайлык малчылардын короо короо кой топоздорун жана өздөрүн көрчүбүз, бирок чек-арачылар көрүп калбасын деп аларга жакын барып сүйлөшпөйт элек алар да бизден коркуп жакын келе алышчу эмес.
Ошентип Кош-Агылда топоз багып кошуналардын үйүндө жүрөм, ата-энем районго кеткен, же бирөө келбейт азыркыдай телефон жок байланышканга. Аларды эстейм сагынам, апам кантти экен деп кээде ыйлайм. Күндө кеч киргенде кошуналар бир үйгө чогулуп тамак ичишип, кой топозго баргандар эмне көрдү, эмне билди, жаңылык кылып айтып беришет. Мен үчүн жарытылуу деле жаңылык жок, бирөөсү тескей тараптан карышкыр көргөнүн, бирөө жылганын төрүнөн аркарларды көргөнүн ошондой сөздөрдү айтышат.
Ошентип бир күн адаттагыдай топозчулар чогулуп кечки тамакка отурдук, Чекир аттуу бир кой баккан чабан киши бар эле, ошол киши ордунан туруп төрдөгү идиш аяк койгон боз эски шкафтан чоор алып чыкты, ал чоор жыгачтан жасалган боорунда катар тизилген бир канча тешикчелери бар түтүкчө сыяктуу чоор болчу. Мен өмүрүмдө чоор ойногон адамды биринчи жолу көрдүм. Биз тарапта ал кезде эч ким чоор ойночу эмес. Баарыбыз Чекир акени карап таңданып калдык. Чекир акырын отуруп чоорун аарчып акырын сыбызгытып үйлөп калды.
Менин ошол мүнөттө таң калуума чек жок эле, ал киши ушундай бир мукам үндөрдү сыбызгытып көпкө ойноду. Мен Чекир акени кошуна катары жакшы билсем да ошол күнгө чейин ал кишинин чоор тартканын эч качан көрбөптүрмүн. Бир билгеним уул балам жок деп көп арман кылчу.
Чекир аке чоорун сыбызгытып көпкө ойноп, анан алда бир нерсени ойлоп көпкө тунжурап үнсүз отурду. Көрсө Чекир чоорчу ар-дайым кой кайтарганы барганда чоор чертип жүрчү экен. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин Чекир чоорчунун мукам не бир муңдуу сыбызгыган обону менин жүрөгүмдө калды.
Андан кийин көп жылдар өттү биз айылга көчүп кеттик, кийин Чекир чоорчу бул дүйнөдөн өтүп кетти. Өзүнүн айтымында ал кишинин биринчи аялы Ош тараптан болгон, Ошто эки кызы бар экен, биринчи турмушунан ажырашып анан ошол биз кошуна болуп жүргөн кезде Нишанбүбү аттуу аялы менен жашайт эле.
Мен азыркы күнгө чейин ойлойм Чекир чоорчунун чоор тартканын менден башка бирөө жарым билет болду бекен.Же эч кимге көрүнбөй кой кайтарып жүргөндө чоорун тартып жүрүп бир таланттуу адам белгисиз бул ааламдан өтүп кеттиби. Мен бала кезимде топоз багып жүргөн кезимди тоолорду эстегенде, көз алдыма шамалга кошулуп сыбызгыган мукам үндүү Чекир чоорчунун авазы кулагыма угула берет, угула берет.
Өскөнбай Бердибаев
www.sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены