Этникалык кыргыздар

САРЫ-КОЛ:  Маданият мыктылары (сүрөт)

САРЫ-КОЛ: Маданият мыктылары (сүрөт)

Мургаб району болуп түзүлгөндөн кийин элдин маданиятын көтөрүү алкагында, 1940 жылдардан баштап Мургаб Райондук Аткаруу Комитетинин алдында маданият бөлүмү түзүлгөн. Андан кийин жер-жерлерде Клубтук мекемелерди түзүү уюштуруу маселеси турган. Бул мекемелер 1950 жылдарга чейин айыл кыштактарда уюштурулуп, райондук маданий бөлүмүнүн алдында Маданий үйү уюштурулуп ага талантуу жаштар тартыла баштаган. Алар концерттик программалар менен айыл кыштактарга чыгышып, малчыларга алыскы жайыттырга чейин…

"Бизди көчүрүп кеткиле". Ооган кыргыздарынын суранычы

"Бизди көчүрүп кеткиле". Ооган кыргыздарынын суранычы

Ооганстандагы бир нече этникалык кыргыз документ алуу, каржылык маселелери жана талибдердин кыздардын окуусун чектегенине байланыштуу аларды Кыргызстанга тез арада алып кетүүнү суранып, видео кайрылуу жолдошту. Маалыматтар боюнча ушу тапта Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан облусундагы Ишкашим районунда токсондой этникалык кыргыз паспорт ала албай батирде жашап жатат. "Азаттык" радиосуна Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Ишкашим районунда паспорт ала албай кыйналып жаткан бир…

Этникалык кыргыздарды колдоо: Мыйзам долбоорун комитет жактырды

Этникалык кыргыздарды колдоо: Мыйзам долбоорун комитет жактырды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин 6-декабрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндөгү» жана "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндөгү") өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын бириктирилген долбоору каралып, жактырылды. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Талайбек…

Районубуздун өткөн тарыхы

Районубуздун өткөн тарыхы

Ар кайсы булактардан окуп таанышып ошол ар кайсы булактардан материалдарды топтоп бир жыйнакка бириктирип, Чыгыш Памирдин өткөн тарыхына кызыккан инсандарга билдирүү максатында бул аракеттеримди баштадым. Академик Бернштам өзүнүн эмгегинде белгилеп кеткендей, Чыгыш Памирде өтө бай материалдар Ак Бейит, Аличор, Тегирмен Суу, Тамды участкаларындагы казылган жайканалардан табылган буюм, теримдер. Мында жашаган сак уруулары, Тянь-Шань, Алтай, Енисей жана Борбордук Азиядагы скиф маданияты…

Памирге жол: Кара-Көл баяны (аудио/зап)

Памирге жол: Кара-Көл баяны (аудио/зап)

Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин Памир жергесинде мугалим болуп иштеп келген. Жазуучу бийик тоо арасындагы жашоо-турмушту бир топ чыгармаларында баяндаган. "Жол кырсыгы" аңгемеси тууралуу сөз кылабыз. Жолдогу кырсык жолоочуну катуу бейпайга салды, машине айдоочунун аны көрбөгөн-билбеген болуп өтүп кетиши ансайын маанайын түшүрдү. Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаровдун көркөм-психологиялык кызыктуу баянында сүрөттөлгөн окуяларды Бекташ Шамшиевден уксак...…

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде...

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде...

- Кылымдар бою ынак жашап, бир тууган болуп, кыйынчылык учурда бири-бирине кол сунуп келген кыргыз-тажик элдери соңгу жылдары ыркы келишпей ок чыгарып, канчалаган күнөөсүз инсандардын канын төгүп саясий дагы кошуналык дагы мамилеси жыдып барат. Талашканы жер. Бул жерде илгери эки эл эгиз улактай күн кечиришсе, азыркы убакта суз мамиледе. - Мындан бир ай мурун адаттагындай эки элдин ортосунда жаңжал чыгып…

Страница 6 из 127