Районубуздун өткөн тарыхы

Районубуздун өткөн тарыхы

Ар кайсы булактардан окуп таанышып ошол ар кайсы булактардан материалдарды топтоп бир жыйнакка бириктирип, Чыгыш Памирдин өткөн тарыхына кызыккан инсандарга билдирүү максатында бул аракеттеримди баштадым.


Академик Бернштам өзүнүн эмгегинде белгилеп кеткендей, Чыгыш Памирде өтө бай материалдар Ак Бейит, Аличор, Тегирмен Суу, Тамды участкаларындагы казылган жайканалардан табылган буюм, теримдер. Мында жашаган сак уруулары, Тянь-Шань, Алтай, Енисей жана Борбордук Азиядагы скиф маданияты менен тыгыз байланышта болгон. Мындай изилдөөлөрдүн негизинде, Памирлик сактар, Орто Азиялык сактардан келип чыккан деген тыянакка келген. Чыгыш Памирде жашап келген сак урууларынын маданиятын изилдөөдө А.И.Беринштам жана Б.А.Ликвинского деген академиктердин метографиясында кеңири баяндама берилген. Чопо буюмдар, жыгач кеселер, жоокердик куралдар, от тутандыруучу буюмдар, кийимдер табылган бул табылгалар. Биздин Эрага чейинки V-III кылымдарга таандык. Памирде таш доорунан кийинки мезгилдерде адамдар пайда болуп отурукташа баштаган. Памирде 8- 10-миң жыл мурда биринчи жолу адамзаттын издери түшкөн аймакты табышкан. Мындай бийик Тоолу аймакта татаал климаттык шартта, орточо бийиктиги дениз деңгеелинен 3000 метр бийикте, кышкы суугу 40 градустан ашкан, Жайы кышы шамалдуу болгонуна карабайм адамдар 10 миңдеген жылдар бою жашап келе жаткандыгынын себеби эмнеде? Бул боюнча айрым окумуштуулардын айтымында жүздөгөн кылымдар мурда өрөөн азыркы абалынан 500-700-метр төмөн болгон. Кийнчереек климаттын татаалдашына, суукка. шамалга карабастан адамдар жашоосун улап жашап келе жагат.


Тарыхый булактардан алынган маалыматка таянсак: Биздин заманга чейинки VII кылымда VIII кылымдардын чегинде Памир өрөөнүнө чоң тайпадагы көчмөн уруулар келе башгаган аларды Персиялыктар: саки-ашари деп аташкан. Ал мезгилдеги Алай өрөөнүн аталышы Ашари болгон экен. Алайды- Ашари түздүүгү деп аташкан экен.


Чыгыш Памирдеги даты бир жакшы абалда сакталып калган эстеликтердин бири Аличор өрөөнүндөгү табылган Базар-Дара шаарчасы жана Жашыл көлдөгү горумдан табылган кол жазмалар ХII-кылымга таандык болгон. "Базар-Дара" шаарчасыдан табылган буюмдар жердин бийиктигинен, кургакчылыкта өтө жакшы абалда сакталып калган. Негизинен бул шаарчада күмүш казып аны нактап ошону менен алектенгендер. Бул шаарчада салынган үйлөр, рабаттар, анча чоң эмес жерде жайгашкан жайкана гөрлөр. Карбан сарайдын узун-туурасы 350 метр квадрат, рабаттар 1-га, Таштан салынган үйлөр көп бөлмөлүү болгон 12-14 бөлмөдөн турган. Алар жашоо үчүн ынгайлаштырылган ар түрдүү ишканалардын орду бар: Темир иштетүүчү, бут кийим тигүүчү күмүш нактоочу цехтер. Ошондой эле коомдук чогулуучу жайлар от үйү отко ушул жерде сыйынуу аземин өткөрүү үчүн салынган бул жердеги курулуштар баары таштан салынган. Базар-Дара шаарчасы жайгашкан жер деңиз деңгеелинен 4000 метр бийикте жайгашкан. Элге сай өрөөнүнүн оң-тарабында бул шаарча 1963-жылы И.А.Бубнова жетекчилик кылган Ак-Жылга геологдору тарабынан ачылган. Бул шаарчадан табылган буюм, теримдер өтө жакшы абалда сакталып калган себеби бийиктик, кургактыктын эсебинен: тери, мех, тамак аш калдыктары, кол жазмалар, финансалык иш кагаздар бул табылган буюмдарды изилдеп, анализдеп М.А.Бубнова бул шаарчанын кайсы мезгилге таандык экеник анын жашын аныктаган бул шаарча биздин Эраньн IX-XI кылымга таандык болгон. Ошондой эле Бубнованын анализине ылайык бул жерде жашагандардын тамак аш менен камсыздануучунун негизги булагы каравандар болгон жана бул шаарча Фергана өрөөнү, Авганистан, Кашкар менен байма-бай катташып тургандыгын далилдеген. Ошондой эле бул аныктаманы


Базар-Дара шаарчасынын өндүрүштүк комплекси күмүш казып алып аны нактап ошонун эсебинен элдерди багып турган.

М.А Бубнова: -Древнее жители Базар-Дары добывали серебро, ценность серебро в этот период оправдывала его добычу в любых условиях, даже с учетом стоимости длинного Караванного пути.


М.А.Бубнованын аныктамасыньн тууралыгын далилдеген дагы бир табылга бул ошол жерден табылган монеталар андагы жазуулар жана цифралар XI кылымдын 1080-жылдар деген жазуулар далилдейт. Бул шаарча "Самаркандек" деп аталган деген болжол бар. Ошол жазуу түшүрүлгөн тери кайыш табылган. Бул материалдар бир гана бул аймакта эмес, жалпы Орто Азиядагы орто кылымдагы тоо кен өнөр жайы иштетилгенинен кабар берет. Тарыхый маалыматтарга Караганда Сары-Колдо же Чыгыш Памирде кыргыздардын тарыхы Чыгыш Туркистан менен тыгыз байланышта болуп орто юылымдардан бери эле бул жерде кыргыз уруулары жайланышып көчүп конуп жүрүшкөндүгү тарыхый булактардан маалым.


Памирде жашаган кыргыздар кайдан келди деген суроого Б.Жумабаевтин "Памир державалардын ортосундагы күрөш" эмгегинде көрсөтүлгөн (48-бет). Енисей кыргыздарынын дөөлөтү кулагандан кийин, кыргыздардын түндүк Монголиядан баштап, Алтай, Ыртышка чейинки чачырашы кийинчеерек түндүк Кытайда кидандардын империясыньн күч алышынын натыйжасында кыргыз урууларынын кее бир белүктөрү Чыгыш Туркистандын түндүк батыш тарабына жана Памирдин этектерине чейин келип калышкан. Булар биринчи этаптагы келген кыргыз уруулары (теитер, кыпчактар). Экинчи этапта XIII кылымдын башында Чынгыз Хандын кысымы астында келген уруулар (наймандар). үчүнчү этапта келген уруулар XIV-XVII кылымдарда Каратегин жана Фергана өрөөнүнөн журт которгон уруулар (кесектер) Сары-Колго кыргыз уруулары Ак-Мечиттен башкача айтканда Андижан тараптан келгендиги тууралуу окумуштуулар Э.Манаев жанан И.Плоскиндин эмгектеринде көрсөтүлгөн.


Чыгыш Памирге кыргыздар төрт багыт менен келишкендиги тууралуу да айтылат.

Биринчи Алай тараптан Кызыл-Арт ашуусу аркылуу Сары-Колго келишкен.

Экинчиси Кытайдан б.а. Кашкар тараптан.

Үчүнчүсү Кара-Тегинден чыгып келишкен.


Төртүнчүдөн Калай-Хумб тараптан да Сары-Колго келишкен. Бул жерде Кара-Тегинден Сарез көлү пайда боло элек мезгилде Сары-Кол менен байланышып болуп Кара-Тегин тараптан Жашыл көлгө келип, андан бери Аличор өрөөнүнө чыгышкан.. Качан гана Сарез көлү пайда болгондон баштап Сары-Кол тарапка каттоо токтогон. Андан кийин Сары-Кол тарапка Калай-Хумб аркылуу каттоо башталган. Ошол мезгилден баштап Сары-Кол тарапка Калай-Хумб жана Жерге-Талдан дагы келип турушкан. Ошол мезгилде Сагыр-Дашт өрөөнүндө да кыргыздар жашаган, кийинчереек алар Аличор өрөөнүнө чыгышкан. Сары-Колдо жашаган эл кышында кары аз жылуу жактарта көчүп барып, ал жерден күздөөгө, жайлоого чыгышып мал үчүн жайлуу (жерлерди) оттуу жерлерде жайгашып, көчмөнчүлүк менен турмуш өткөргөн. Туруктуу отурукташкан айылдары, шаарлары болгон эмес. Академик Б.Искандаров белгилегендей Чыгыш Памирдин көчмөн элинин өз мамлекети болгон эмес. Ошондой болсо дагы алар класстык мамлелерге кедей-кара-сөөктөр, байлар, манап, миң башы ж.б.у.с болуп бөлүнүшкөн.


Дагы бир орус изилдөөчүсү Н.М.Третьяков мындай деп белгилеп кеткен. Чыгыш Памирдин жашоочулары кимге баш ийишин билишкен эмес. Эгер жайында Оогандык феодалдар келип, өздерүн бийлик өкүлдөрү катары көрсөтүп ар түрдүү салыктарды алып турушса күзүндө Манжуриялыктар пайда болуп салык жыйнаган. Кышында Кокондуктар келип салык жыйнап турушкан. Бир сөз менен айтканда Памир күчтүү кошуна мамлекеттердин күрөш аренасына айланып турган. 1832-жылы Кокон хандыгы Чыгыш Памирдин Сары-кол тарабын басып алып, ал жерде Таш-Коргон чебин курган. Памир жана ага чектеш аймактарды өз карамагына бириктирет. Мына ошондон кийин Чыгыш Памир көбүнчө Кокон хандыгынын көзөмөүндө болгон, алар бул жактарга өздөрүнүн өкүлдөрүн жөнөтүп турган. Алар негизинен алсыз, коргоосуз жашоочуларды карактоо менен гана алектенишкен. 1876-жылы Кокон Хандыгы Оруссиянын курамына кирген Оруссияга кошулган. Кокон Хандыгынын көзөмөлүндөгү Чыгыш Памирдин аймагы да Оруссиянын карамагына өткөн. Чыгыш Памирде бир аз мезгилге чейин Кокон Хандыгынан же Оруссиядан орус армиясы келе албай ара жолдо болгон. Бул Тоолуу аймактын Памирдин Россияга кошулуусу 1885-жылы 29-августа биротоло чечилген. Ангилия менен Россиянын келишиминин негизинде бул маселеге точка коюлган. Акыркы чейрек кылымда Оруссия Азияга тереңдеп кирип баштаган. Бул Ангилиялык колонизаторго жаккан эмес. Алар күчтөрүн бардыгынча Оруссияны Памирге киргизбөөгө аракет кылып бул аймакты Кытай менен Ооганстанга бөлүп берген. Ангилиянын бул аракетине жооп кылып Оруссия Памирге, анын ичинде анын Чыгыш бөлүгүнө өзүнүн аскерлерин отрядтарын женөтө баштайт. 1890-91-жылдары Сары-Кол өрөөнүндө жашаган кыргыздардьн эң бай адамы Токурбек Кутлуккожоевди Кытай бийлиги ошол аймакка миң башы кылып дайындап атайын бул жарлыкты (буйрукту) кербендер аркылуу Токурбек миң башыга тапшырган. Ушул эле маалда Чыгыш Памирге Орус аскерлери келе баштаган. Орус отрядынын бул аймакка келгенине карапайым эл бул аскерлердин аларга жасаган мамлесине ыраазы болуу менен аларды өздөрүнүн коргоочусу катары билишкен. Кыраакы алысты кере билген Токурбек миң башы Орус аскерлерин жылуу тосуп алып мындан ары орус тарапка кызмат кыларын билдирген. Ошентип 1891-жылы Токурбек, Ош уездинин начальниги Громчевский тарабынан Чыгыш Памирдин миң башысы болуп дайындалган. Ал Токурбек миң башы Памирдеги эң алгачкы жергиликтүү элден чыккан волостук башкаруучу болуу менен падышалык бийликке ак кызмат кылгандыгы үчүн 1896-жылы Падыша Николай II ни такка огургузуу аземине (коронацияга) катышууга Москва шаарына жиберилген жана барып келген. 1891-жылдын май айында Туркестандын генерал-губернатору А.В.Вревский, армиянын полковниги М.Е.Иеновко буйрук берип атайын тапшырма берип жөнөтөт.

 

raionubuzdun-tk-n-tarykhy 1
Токурбек миң башы Чыгыш Памирдеги 1-волостук башкаруучу. 1890-жыл. Б.В.Тагаев «Русские над Индией»

 

raionubuzdun-tk-n-tarykhy 2
1902-жылы курулган Муз-Көлдөгү орус чек арачыларынын биринчи чек ара посту

 

Памирди чалгындап Россиянын бул жерде болуусун бекемдөө максатында Иеновтун отрядыньн курамы 122 адамдан турган: 2-чи, 4-чу, 7-чи, 15-чи, 16-чы, Туркестандын аткычтар батальону жана 6-чы Оренбуругтун казак атчандар полку болгон. М.Е.Иеновдун жетектеген бул аскер бөлүгү Чыгыш Памир аймагына жетүүсү бир кыйла кыйынчьлыктарды жараткан. Алардын отряды Памирге 3-коллона менен келген экен. Бул багытын татаалдыгын алар билишкен, ошого атайын даярдык менен бул кыйын жолго тобокел кылып чыгышкан. Бул отрядтын курамы атайын тандалып алынган жоокерлерден турган. Тарыхчы Жумабаевтин магериалында 1891-жылдын 8-июлунда Алайдагы, Кызыл-Арттын түндүк тарабындагы Бор-Дөбө жылгасында отряд чогулган. Белгиленген багытка 10-июлда Чыгыш Памирге карай бет алган. Бул жерде белгилей кетчү даты бир нерсе Иеновдун отрядына үй тигип керектүү жерде азык-түлүк менен камсыз кылуу максатында. 

 

raionubuzdun-tk-n-tarykhy 3 raionubuzdun-tk-n-tarykhy 4
Чыгыш Памирдеги кыргыздар. 1880-жыл. Б.Л. Грамчевскийдин архивинен. (Эркектердин, аялдардын улуттук кийими)

 

Ошол аймакта жашаган кыргыздардын бийи Курмушу бийдин адамдары жардам көргөзгөндүгүн белгилеп кетүү керек. Кыргыздарды башкаруу үчүн М.Е.Иеновдун буйругу менен Аличор, Мургаб, Ыраң-Көл аймактарын башкаруучу болуп Курмушу бий дайындалган. Мындай дайындоо кыргыздардын өзү менен мамлелери күчтөнгөн. Суук Чабыр жылгасында отряд эки топко бөлүнөт: Штабс капитан Сафронов жетектеген жөө аскерлер Ак-Байтал ашуусу аркылуу жөнөтүлүп, Ак-байтал ашуусун ашып түшүп, Ак-Суу, Мургаб дарыясынын жеегине Шажан өтөккө келип түшөт. Иенов баштаган казак атчандар отряды менен Кызыл-Жеек ашуусу менен Сары-Колдун чыгыш жагынан келип, Ыраң-Көл өрөөнүнө келип түшөт. Андан ары Ак-Суу дарыясын бойлой жогору сапар алат. Иеновдун отряды бүткүл Сары-Кол өрөөнүн чалгындал аны картага түшүрүү менен Орус Империясынын Орто Азияны бүт бойдон өзүнө каратуусун бекемдеген. Бул отряд Памирди бүт бойдон изилдеп чыкканга чейин күзгө тартып, суук болуп, отрядтын иштөөсүнө кыйындата баштайт. Дале болсо бул жер кооптуу болгон. Ошон үчүн Түркестандын генерал-губернатору отрядты ошол жерде кыштасын деген көрсөтмө буйрук берет.

 

raionubuzdun-tk-n-tarykhy 5
Памир отрядынын начальники Г.А.Шпилько аялы жана кызы менен Сарез көлүн көргөнү барганда. Кыргыздын боз үйундө конокто. 1913-жыл. Местечко сарез. Г.А.Шпильконун архивинен.

 

Памир отрядынын начальники Г.А.Шпилько аялы жана кызы менен Сарез көлүн көргөнү барганда. Кыргыздын боз үйундө конокто. 1913-жыл. Местечко сарез. Г.А.Шпильконун архивинен.


Отрядтын бул жерде калуусу үчүн аскердик турак-жайды курууга ыңгайлуу жерди тандап аскер-инженери А.Г.Серебренниковдун жетекчилиги менен Азыркы Көөнө-Коргон ал мезгилде Шажан өтөк же Көк-Жар деп аталган. Бул жерде Карагул датканын гүмбөзүнүн каршысында 1895-жылы 25-августа биринчи Орусчекара чеби курулган.


Орустар Сары-Кол өрөөнүнө келип Шаджан постунда турган мезгилдерде Памир отрядынын начальниги капитан Эгчертин Памир отрядынын 25-май 1896-жылдан 21-август 1897-жылга чейинки Фергана берген отчетунда мындай жагдай белгиленген. (На Восточном Памире) Чыгыш Памирде (Сары-Колдо) ноябрь айынан март айына чейин суук- 44ка чейин болуп турат. Фергана менен байланыш бир канча айлар бою болбой калат. Кичинекей огрядыбыз ааламдын башка материктеринен бөлүнүп эч бир кабарсыз отурабыз. "Памирде жаз айларында ачарчылык болот экен" мындай абалдан чыгыш үчүн Чыгыш Памирде 1000-1500 (пудов) кг үнөмдөлгөн азык ун сакталып турушу керек экен. Жаз айларында элге сатыш үчүн.


1897-жылы Памир отрядынын начальниги штабс капитан Кивекс болгондон кийин Мургабтагы Памир отряды Хорогко көчүрүлөт да Мургабта аз сандагы аскерлер калат. Азыркы

Көөнө-Коргон, ошол Орус аскерлеринин чеп коргондорунун эсебинен Көөнө-Коргон деп аталып калса керек, себеби кийин бул чекара отряды Мургабка көчүрүлүп кеткен. 1903-жылдын

3-июлунан баштап Памир посту Шажан конуштан Мургабка көчүрүлө баштаган.


Орусияга карап калгандан кийин бул аймактарда Чыгыш Памирде эки болуштук уюштурулган. Памир элинин мал чарбасы менен алектенишкен кыргыздар жана Тажиктер ал болуштардын ичинен төрт аминдикке бөлүшкөн. Памир болуштугунун курамына Ыраң-Көл, Ак-Таш, Мургаб, Аличор аминдиктери. Орошор аминдигине Ороо, Таш-Коргон, Нурсайр, Сарез аминдиктери уюштурулган. Административдик бөлүнүштө бул болуштар жаңы уюшулган Туркестан губернаторлугунун Фергана облусундагы Ош уездинин курамына кирген. 1918-жылга чейин Чыгыш Памир Туркестандын Фергана облустынын Ош уездинин курамында Памир району болуп турган.


Тажик калкынын Чыгыш Памирде пайда болушу Кытай тараптагы Дафдор, Таш-Коргон аймактарында жашаган калк тажиктер болгон алар негизинен мал чарбасы менен алектенишкен. Алар малдарын Дүбүржан, Бейик, Хан-Жолу, Кептеш деген бийик жайыттарга багышкан бул жайыттар Сары-Кол кырка тоолорунун жылгаларында жайгашкан. Революцияга чейин кошуна өлкөлөр менен чекара болгон эмес. Революциядан кийин 20-жылдарда кошуна өлкөлөрдүн ортосунда чек ара бөлүнүп жабыла баштаган. Ошол мезгилде малчы тажиктердин бир бөлүгү азыркы Шаймак өрөөнүндө калышкан. XX кылымдын 30-жылдарында алардын көпчүлүгү Мургабка келип отурукташкан. Алардын урпактары ушул күнгө чейин Мургабта жашап келишет. Тажик калкынын башка бир бөлүгү Мургабта 40-жылдардын аягында


50-жылдардын башында пайда болушкан. Буга себеб, Бартанг өрөөнүндө жашаган тажик калкын Вахш өроөнүнө массалык түрдө көчүргөн. Тоодо жашаган эл Вахш өрөөнүнүн ыссыгына чыдабай көпчүлүгү өлө баштагандан кийин кайра Памирге кайта баштаган. Алардын көпчүлүгү Мургабта жайланышкан. Союз мезгилинде Мургаб районуна Шугнан районунун Гунт өрөөнүнөн, Ишкашим районунан, Вахан өрөөнүнөн көчүп келип отурукташып калган.


Жергиликтүү элди башкаруу адегенде Памир постунун офицерлери жергиликтүү бийлер менен бирге башкарышкан. Алгач жогорудагы үч волосттуктан бир гана (Памир) Мургаб волостунун башкаруучусу дайындалган, калгандарын Памир постунун начальниги өзү башкарган. Чыгыш Памирде алгачкы казы (соту) болуп Сатыбалдиев Молдохусеин дайындалат. Орус бийлиги дароо жергиликтүү бийликти өз нугуна салуу максаттында уюштуруу иштерине акча каражаты да каралган. Областык аскер командасынын 5-сентябрь 1895-жылдагы № 119 буйругунун негизинде "Памир волостук жана акимдик башкаруучуларды кармап туруу үчүн төмөнкүдөй сумада каражат каралган: Волостук башкаруучуга 500 рубль, аминдерге жылына ар бирине 250-рублдан маяна төлөнүп". Бул эмгек акы калктан чогулган ар кандай акчалай же натуралдык салыктардан да пайдаланууга болот. Бирок Памирликтер узак убакытка ар кандай салыктардан бошотулган. Волостук башкаруунун негизинде кыргыз калкынын арасында көптөгөн чыр-чатактар пайда боло баштайт. Себеби ар башка урууларды бир аминдикке бириктиргенде уруулар ортосунда шайлаган аминге баш ийбейбиз өзүбүздүн уруудан амин болсун деп нараазычылык пайда болот. Ушундай араздашуудан Ак-Таштык кыргыздар Сары колго көчүп баса беришкен. Орус администрациясы ар бир аминдикке жергиликтүү бийлерден шайлоого укук берген. 1896-жылдагы Памир отрядынын начальнигинин Фергана областынын аскер командасынын берген рапортунда Памир волосунун башкаруучусу болуп кайра эле Токурбек Кутлукожоев шайланган, ал эми жергиликтүү аминдиктерге төмөнкүлөр шайланган:


Жергликтуу аминдиктер:

A). Аличор - аминдиги - Турдубаев Ташбек.

Б). Ак -Таш - аминдигине - Кубатбеков Сарыкул.

B). Мургаб - аминдигине - Токтомукамедбаев Кудайберди.

Г). Ыраң - Көл - аминдигине - Турдукулов Раимбаба бекитилген.


Ошондой эле ар бир аминдикке тийиштүү аймак бөлүнгөн:

Мындай бөлүштүрүү уруу-уруу болуп жайлоо, кыштоо, күздөө, баарлөө мезгилинде өз уруусуна бөлүнгөн жерге же чекке барып отруусун камсыз кылган. Аркандай араздашуудан оолак болуу үчүн жүргүзүлгөн иш чаара.

Аличор аминдигине: Маржанай, Сүмө, Булуң-Көл, Ак-Жар, Шыгымбет, Харгуш коктулары карай, кыштоосу Булуң-Көл, жайлоосу Кой-Тезек ашуусунда ары тарабы кирген.

Ак-Таш аминдигине: Кызыл-Рабаттан Бур коктусуна чейин кыштоосу, жайлоосу Ак-Беик коктусунан Афганстандын чекарасына чейин.

 

raionubuzdun-tk-n-tarykhy 6
Памирдеги Орошор волостугунун Миңбашысы Асанов Көкөнбек, чек арачылар менен жолугушуусу. 1900-жыл Кара-Көл. Б. В. Тагаевтин архивинен


raionubuzdun-tk-n-tarykhy 7
Миңбашы Асанов Көкөнбек «Жаңы-Жер» айылына кайткан учуру. 1900-жыл. Кара-Көл. Б.В.Тагаевтин архивинен.

 

raionubuzdun-tk-n-tarykhy 8
Төө жарыш. 1883-жыл. 1970-жылы жарык көргөн «Нива» журналынан алынды

 

raionubuzdun-tk-n-tarykhy 9
Орустардын алгачкы саякатчылары, Чыгыш Памирдин Аличор өрөөнүндө. Жергиликтүү кыргыздар менен. 1883-жыл. И.В.Мушкетовдун архивинен.

 

Орустардын алгачкы саякатчылары, Чыгыш Памирдин Аличор өрөөнүндө. Жергиликтүү кыргыздар менен. 1883-жыл. И.В.Мушкетовдун архивинен.

Мургаб аминдигине: Үч-Кол, Чоң-Көл, Кара-Суу, Беш-булуң, Жаңы Даваан, Мадиян, коктулары кирген. Анын кыштоосу Үч-Кол, жайлоосу Чатыр-Таш коктулары болгон.

Ыраң-Көл аминдигине: Кара-Турук, Шаты пут, Бөрүлүк, Кара-жылга, Кара-Арт, Коенду, Жаңы-Арт, Кокуй-Бел, коктулары караган бирок кыштоо да жайлоо да негизинен Ыраң-Көлдүн айланасы болгон. (Б.Жумабаев. "Памир Улуу Державалардын ортосундагы геосаясий күрөш" Бишкек 2009-ж. (155-156-б.б.)


Полковник Иеновтун отрятында Б.Л.Тагеев (Рустамбек) аттуу поручик "Русский над Идией спб 1909 г" китебинде мындайча баяндаган жери бар. 1892-жылы Памир аймагында биринчи волосгук башкаруучу Токурбек миң башы болгон, анын көзү өткөндөн кийин, болуштукка Көкөнбек Асанов миң башы болуп шайланган. Чыгыш Памирдин териториясы өтө чоң болгону менен андагы жашаган 10000 адамдарды өзүнө камтыйт да өзүнчө бир волос. Ал эми Батыш Памирде жашаган тажиктердин бир бөлүгү гана бухарага карап, калганы Ооганстанга карап калган. Орусияга караган Чыгыш жана Батыш Памирдеги волостор аскерий бөлүктөрүнө карап турган. 1900-жылы Көкөнбек миң башы Чыгыш Памир волостунун башчысы ал эми Батыш Памир волосунун башчысы Сархор деген тажик болгон. Ошол кездеги падышалык Оруссиянын башкы штабындагы полковник Эггерттин Памир отряды боюнча жазган китебинде мындай маалыматтар камтылган:

Чыгыш Памирде 1680 адам бар анын ичинде Аличор аминдигинде - 652, Ак-Таш аминдигинде - 322, Мургаб аминдигинде - 372, Ыраң-Көл аминдигинде - 344 адам жашаган. Орошорду кошкондо Памирдин Оруска караган бөлүгүндө 2250 адам жашаган.

Ыраң-Көл өрөөнүндө атагы чыккан бай өз элин эч нерседен муктаж кылбай карап келген. Элчибай бий болгон экен. Элчибай бийдин колдоосу менен Жапаркул Ак-Суу, Чеш-Төбө,


Ыраң-Көл, Мадиянга чейинки өрөөнгө миң башы болуп калат. Жапаркул миң башы болгондон кийин Ыраң-Көл өрөөнүндөгү атагы чыккан бай Кудайбергендин кызына үйлөнөт да көп өтпөй уулдуу болушат. Бул дүйнөгө атагы чыккан Улуу Памир кыргыздарынын Ханы Рахманкул болгон. Оруссиянын Чыгыш Памирдеги орус чекара посту шайлоо өткөрүп, Сары-Кол өрөөнүн Чыгыш Памир жана Орошар деген волостко бөлүп аларга жергиликтүү башчыларды шайлаган. Чыгыш Памир волостуна Жапаркул Кудаяров шайланган. Мунун карамагында: Ак-Байгал, Ыраң-Көл, Пышарт, Мадиян аймактары кирген. Ал эми Орошон аталган волосты Асанов Көкөнбек - миң башылыкка шайланган. Анын карамагына: Кара-Көл, андан ары Бартанг өрөөнүндөгү жашоочуларды каратып коет.


Көкөнбек миң башы башкарып турган Орошор волостунда дагы бир өтө кайгылуу табигый кырсык болгон. Ал 1911-жылдын февраль айынын 5ден 6-караган түнү саат 11ден 15-минута өткөндө Памирдин бул аймагында катуу жер титирөө болуп Муз-көл Тоосунун жарымы кулап түшүп Мургаб дарыясын бөгөп салган. Ошол өрөөндө жайгашкан 1). Усай кыштагы (7 үй) үй бүлөөсү менен 54 адам, 2). Кишлак Савноб (14 үй) үй бүлөө 6 аял, 4 бала, 3). Рухч кыштакта (12 үй) үй бүлөө баары бузулган. 2 эркек, 2 аял өлгөн. 4). Пасор кыштагы (8 үй) үй мүлкү 5 эркек, 16 аял, 9-майда бала. 5). Инсур кыштагы (11 үй) 1гана үй калган, 17 эркек, 14 аял, 9 жаш балдар. Ушулардын баары кулаган тоонун алдында калган. Бул боюнча кабар Оршордон


30-март күнү Памир чек арачыларына кабар келет. Чек арачылар Көкөнбек миң башыга кабар берет.


Жаңы жерде Көкөнбек миң башынын ордосу болгон. Жаңы-Жер жайлоосунда Көкөнбек миң башынын Кашкардан усталарды алып келип салдырган коргону ушул жерде турат. Көкөнбек миң башы Бартанга жол салдырып Ыраң-Көлдөгү тузду улоо менен Орошорго Бартаң аркылуу жоокерлерге туз жеткирип турган. Азыркы Кара-Көл жамаатынын Жаңы-жер жайлоосундагы өзү Кашкардан усталарды алып келдирип салдырган коргонунун издери ушул күнгө чейин сакталып турат. Көкөнбек биң башы Бартаң аркылуу жол салдырган да Ыраң-Көлдүн туздуу чек арачыларга Ок-Салыр атадагы жайканада кайын энесине салдырган гүмбөзү да турат. Көкөнбек миң башы болжол менен 1920-жылдары ажылыкка баратып жолдо каза болот экен.


Чыгыш Памирдеги уюшулган бул эки (Болуштук) Волостук (Чыгыш Памир) жана Орошон Админстративтик бөлүнүүдө бул болуштар жаңыдан уюшулган Туркенстан губернаторлугунун Фергана Облусундагы Ош уездинин курамына кирген. 1918-жылга чейин Чыгыш Памир Туркестандын Фергана облусундагы Ош уездинин курамына кирип Памир району болуп турган. 1923-жылы 15-августа Туркестан АССРинин Борбордук аткаруу Комитети Памир районун өзүнчө административтик бирдик кылып түзүп, аны Памир Облусу деп атап Туркестан АССРинин курамында калат. 1923-жылы 26-августа Памир облусу боюнча атайын убактылуу долбоор иштелип чыгат да анда Батыш жана Чыгыш Памирди бириктирип Памир Окуругу деп аталат. 1925- жылы 2-январда Тоолу Бадахшан автономиялуу Область деп аталып Тажик АССРинин курамына кирет. 1929- жылдын 28-апрелинде Тажик АССРи өзбекстандын курамыдан бөлүнүп өзүнчө Тажикстан Совегтик Социалисттик Республикасы болуп Тоолуу Бадахшан Автономиялуу Областы анын курамына кирет. 1931- жылы Тажик ССРинин Кониституцияда ГБАОнун укуктук статусу атайын бир бөлүмгө киргизилген. Чыгыш Памирде Улуу Октябрь Социалистик Революциясынан болгону, анын жеңиши тууралуу Ак пааша такган түшүптүр, Кызыл пааша болуптур. Бай кембагал деген жоюлуп баары тең болот экен деген маалыматтар менеи гана чектелген. Памирде Совет бийлигин орнотуу жана чындоо үчүн


1920-жылы Туркстан Компартиясы Туркстан өкүмөтү Памирге башында Саясий үч илтик турган (Военно Политическая тройка) турган отрядын жиберген. Бул отрядын курамында Орус


А.М.Дьяков, өзбек X.Хусеинбаев, таджик Шотемиров Ш. болгон. Аскердик үч илтик (тройка) 1921-жьлдан баштап биринчи кезекте волостордо, кыштактарда Советтик уюумдарды ревкомдорду түзүүгө киришет. Чыгыш Памирде (Сары-Кол өрөөнүндө) Аличордо, Ак-Сууда, Чеш-Төбөдө, Ыраң-Көлдө айылдык ревкомдор түзүлөт. 1921-жылдын 23-26-декабрында жалпы волостук сьезд өткөрүлөт да анда курамы беш кишиден турган райондук ревком шайланат. Ревкомдун төрагалыгына Бердибеков Касым (чоң Касым) бекитилет. Аскерий Саясий үч илтиктин Комунистик Партиянын саясатын эл арасында туура жүргүзгөндүгүнүн натыйжасында элдердин саясий аң сезими ойгоно баштайт. Элдер Совет бийлигинин тарабына өтө баштайт. Буга 1923-жылы 23 май айындагы Чыгыш Памирдин Ыраң-Көл Ревкомупун бириккен чогулушунун кабыл алган токтому күбө боло алат.


-"Биз Чыгыш Памирдин жашоочулары толугу менен Совет Бийлигинин саясатын колдойбуз жана анын тууралыгына ишенебиз.

- Бул бийлик жөнөкөй карапайым элдерди бей-бечараларды колдогон акыйкат элдик бийлик деп билебиз.

- Чыгыш Памирдин жашоочулары чын дилибизден Революииянын жетекчиси (көсөмү) В.И.Ленинге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.


Ушул мезгилде Ыраң-Көл ревкомунун төрагасы Жанкулиев Касым иштеп турган. 1922-жылдан баштап Памирде Ревкомдук башкаруу системасынан шайлоо системасына өтүп, Эл депутатарынын Кеңешин түзүү иштери турмушка ашырыла баштайт. Ар бир кыштак кеңешине 100-адамдан 1 адам волостук сьездге делегат болуп шайланган. 1923-жылы 27-май айында Чыгыш Памирдин Кеңеш өкүмөтүнүн 1-чи сьезди болуп өтөт. Бул сьезддин өтүлүшү Чыгыш Памирде Совет бийлигинин чыңдалышын анын жеңишине анык күбө болуп турат. 1925-жылы Чыгыш Памирде 4-айылдык кеңеш 1-волостук аткаруу комитети түзүлөт. (Волисполком) Волостук аткаруу комитетинин төрагалыгына Дж.Холмтов шайланган. Мургаб кыштак Советине - Гаипназаров Арзы, Аличордо - Сулайманов Атамкул, Кызыл-Рабатта - Сарыков Токур,


Ыраң-Көлдө - Черибаев Боронбайлар шайланган. 1932-жылы 22-октябрда Тажик ССРинин Аткаруу комитетинин Токтомуна ылайык Мургаб району түзүлөт да анын курамына Аличор, Кара-Көл, Кызыл-Рабат, Мургаб, Ыраң-Көл, Чеш-Төбө айыл кеңештери болгон. Мургаб районунун түзүлүшү менен Сары-Кол жергеси өз алдынча административтик бөлүнүшкө ээ болуп, экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүгө ебегейсиз зор ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошол маалдан баштап Памирде жашоочулар стабилдүү өнүгүү жолуна багыт алат. Мургаб районунун түзүлүшү менен райондо алгачкы уюм, мекемелердин ачылышына шарттар түзүлгөн. Алар Мургаб районунун толук калыптанышына анын статусун көтөрүүдө зор салым кошкон. Мургаб району Тоолу малкиндиктүү аймак болгондуктан, эң биринчи орунда айыл чарбага көңул бурулуп, колхоздоштуруу уюшула баштаган. Эң алгач 1932-жылдан баштап байлардын мал-мүлкүн алуу менен артелдер түзүлө баштаган. 1937-жылдан 1940-жылга чейин 7-айыл чарба артели уюшулуп анда (Эки жүздөй) 200дөй фермалар болгон, аларда 3700 баш ири жана майда малдар болгон. 1941-жылы райондо колхоздор уюшгурула баштаган. Колхоздорду уюштуруу үчүн атайын комиссия түзүлөт.

Составында: Артыков Кутмамат -Аткаруу комитетинин төрагасы, Акназаров

Ысмайыл - РайЗОнун зоотехниги, Е.Миталишоев - Милицияныны начальники,

Т.Тыналиев -Райком партиянын экинчи секретары. Сталин атындагы колхозго башкарма Мусаев Жармамат, орун басары Карабаев Назар. Ворошилов атындагы колхозго башкарма Гиллабаев Жумамат, орун басары Алимсеитов Маматбек, Кызыл-Аскер колхозунун башкармасы Найманкулов Таир, орун басары Халбеков Абдугафур, Молотов колхозунун башкармасы Батыркулов Ысак, Ленин-Жолу колхозунун башкармасы Кадыров Мурзахан, Комсомол колхозунун башкармасы Мурзаев Сатар, Сталин колхозу Жалда уюштурулуп башкармасы Жанжигитов Сатыбалды, Киров колхозунда башкарма Жзэналиев Ысак,

Чеш-Дөбөдө башкармасы Элчиев Каландар, Үч-Колдо Ленин колхозу уюштурулуп башкармасы Токтосунов Турсунбай, 1-май колхозу Баш-Гүмбөздө уюштурулуп башкармасы Гожомбердиев Мурзамат, Кызыл-Чекарачы колхозу Кара-Көлдө уюштурулуп башкармасы Айжанов Таштанбек, Правда колхозу Жаңы-Жерде уюштурулуп башкармасы Гожомбердиев Султан болушкан.


Тажик ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун 1942-жылдын 24-сентябрындагы указына ылайык. Тажик ССРинде ГБАОго караштуу Аличор району тузүлүп анын борбору Баш-Гүмбөз кыштагы болсун деген чечими бар. Аличор өз алдынча район болуп турган учурунда бул жерде бир катар райондук уюмдар иштеп турган. Райондук Аткаруу Комитетинин Раиси Набиев Алтымыш. Аскер Комицариаты комисар Алишин Г., Салык агентиги Камаров И. Өтүк тигүүчү цехтин башчылары: Таабалдиев К, Токоев Кадыр. Милициянын начальниги Патуллаев, анын орун басары Такиев Ракып, Балык иштетүүчү цехтин башчысы Воробьев Андрей, туз иштетүүчү цехтин башчысы Ишанкулов Т, Чым өндүрү боюнча мекеменин башчысы Иманкулов К. Бул мезгилде Аличор өрөөнүндө Сталин, Горький, Пушкин, Молотов, Панфилов, Осипенко атындагы 6-башталгыч мектептер иштеп турган.


Бул мектептерде: Сталин мектебинде -Нишанов Сражидин, Горький мектебинде Токтобеков Шарабидин, Пушкин мектебинде Айдаров Маат, Молотов мектебинде Көчманбетов Ы, Панфилов мектебинде Боркошов С, Осипенко мектебинде Жакшиев -деген адамдар иштеген. Аличор райондук элге билим берүү бөлүмүн Абырахманов жетектеп турган. Бир гана 7-жылдык мектеп Баш-Гүмбөздө ачьшган анын директору Байботоев Токтаали деген кыргызстандык болгон. Андан сырткары район болуп түзүлгөндөн кийин анын курамына төмөнкү кыштак советтер кирген: Аличор, Үч-Кол, Кызыл-Рабат, Чеш-Дөбө. төмөндөгү колхоздор кирген. "Кызыл-Аскер", "1-Май", Ленин атындагы, Сталин атындагы, Калин атындагы колхоздор кирген. 1942-1943-жылдары "Кызыл-Аскер" колхозуна Хайдаров Г, Матанов А.-деген адамдар башкарма болгон. 1943-1946-жыддарда бул колхозго Умаркулов Тагайкул, андан кийин Мамажунусов Турдукул 1948-жылга чейин башкарма болгон. 1943- жылы Жоошанкөз өрөөнүндө мурда уюшулган асыл тукум мал чарбасы Булуң-Көлгө көчүрулүп келип "Як совхоз" деп аталган. 1947-жылдын 27-мартында Тажик ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указына ылайык Аличор району жоюулуп анын аймагы Мургаб районуна кошулган "Булуң-Көл" совхозунда эмгектенген малчылар Социалистик Эмгектин Баатыры Бахдавлят Муродбеков, СССРдин мал чарбасынын устаты "Эмгек кызыл Туу " ордени, "Элдердин Достугу" ордендеринмн ээси Галдыбай Гожомбердиев. "Эмгек кызыл Туу" орденинин ээси Курбанбеков Абиш. Мургаб районунда аялдардан биринчи болуп мал багууну кесип кылып "Эмгек Даңк" орденинин 1-2-даражасына ээ болгон Таабалдиева Суксур - Областык, Райондук Кеңешмелердин бир канча жолу депутаты. Ушундай Союзга белгилүү ардактуу малчылар өсүп чыккан.


1952-жылы мал чарба артелдери бириктирилип 4-колхоз, 1-совхоз уюштурулат.

Алар: "Ленин-Жолу" - Ыраң-Көл, "Кызыл-Чекарачы" - Кара-Көл, "Мургаб" - Көөнө-Коргон, "Киров" - Аксуу, "Булуң-Көл" совхозу - Аличор.


Райондо айыл чарбасын көзөмөлдөө үчүн 1932-жылы РайЗО уюшулган бул июль 1946-жылга чейин иштеп туруп 1946-жылы Райондук айыл чарба башкармалыгы болуп түзүлгөн. РайЗонун алгачкы жетекчиси Акназаров Ысмайыл болгон. 1946-жылдан кийин Айыл Чарба башкармалыгы деп аталган уюмда жетекчи болуп иштегендер: Чаргинов М, Кыргызов С, Маматалиев Ж, Атабаев А, Патандаев Т, Колчокбаев Т, Бөрубеков М, Жоошбаев М, Сатаров Э, Маматисакова А, Олжочиев Т, Сапаров М. 1952-жылдан баштап райондун айыл чарбасы бир калыпка түшүп өнүгө баштаган. Ошол жылдардан баштап райондун колхоздору пландуу түрдө мамлекетке эт, сүт, май жана жүн сыяктуу мал чарба продукцияларын тапшырып турушкан. Айрыкча пландуу түрдө май, сүт, тапшыруу кеңири жайылтылып райондун колхоздорунда план толтуруу максатында топоздор саалып андан алынган май, сүт мамлекетке тапшырылып турган.


Райондун борбору Мургаб кыштагында Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан баштап чымдан, кирпичтен, таштан салынган имаратгар пайда боло баштайт. Мамлекеттик уюмддардын имараттары: Мектеп, Больница, Райком, Исполком, Банка, Милиция, КГБнын имараттары Паттунун гаражы, Заправкалар, Пекарни, УПДнын имараты, гараждары, Столовойлор, Почтанын имараты, Райпонун имараты, Чымдан салынган склад, Клуб, Чайкана, Дукөндөр курула баштаган. Балдар үйүнүн имараты. Бул курулган имараттардын көпчүлүгү ушул күндө да элге кызмат кылууда. Өтө жогорку сапатта курулган имараттар. 1950-жылдарга чейин курулган курулуштар. Андан кийинки Раисполкомдун имараты, (Бүгүнкү күнү КГБнын) имараты, Борбордук Клуб, Почтанын азыркы имаратын Назар Карабаев Райисполком болуп турган өзү жетекчилик кылып курдурган.


Райондун борбору болгон Мургаб кыштагында Мамлекеттик уюмдар мекемелер иштей баштайт: Райондук Партия Комитети, Аткаруу комитети, Жаштар комитети түзүлүп райондун экономикалык, социальдык, маданый жана саясий маселелерин чечүүде жетекчилик кылып, элдин жашоо тиричилигин жакшыртууда зор мааниге ээ болгон. Алгачкы партия ячейкалардын башчылары: Касым Бердибеков (1931-ж), Асан Мухамеджанов (1932-33-ж), Текеев (1934-ж), Езопов (1938-39-ж), Бочки (1940-ж), Дядик (1941 ж), Тыналиев (1942-ж), Садыков, Одинаев (1946-ж), 1948-1952-жылдан баштап Мургаб райондук партия комитетинин жетекчиси, биринчи секретарь деп аталган. Бул кызматтарда Худобердиев Соибназар, Владимир Павлович Ляпин (1952-55-ж.ж). Мамраимов Ибраим (1955-57ж.ж), Конокбаев Салайдин 1957-1963-жылдары (колхоз-совхоз өндүрүш башкармасынын партия комитети деп аталган). Кваша Иван Александирович (1963-65-ж.ж), Додхудоев Бахрам (1965-1970-ж.ж), Хоников Миралихон (1970-73-ж.ж.), Бурханов Эшон (1973-74-ж.ж.), Исманов Орозо (1974-86-ж.ж.), Цыплухин Генадий Тимофеевич (1986-87-ж.ж.), Таштанов Базарбай (1987-90-ж.ж.), Смирнов Валерий Сергеевич (1990-91-ж.ж.) бул адамдар ушул жылга чейин иштешкен.


Мургаб районунда советтердин чыныгы бийлиги болгон эл депутаттарынын Мургаб райондук аткаруу комитети болгон. Бул советтик органдар түзүлөрү менеи экономиканын, айыл-чарба, өндүрүш жана башка содиалдык маданий тармактардын иштерин түздөн-түз көзөмөлгө алып партиялык уюмдун жетекчилиги алдында иштеп турган. Бул органдын түзүлүшүнүн башында да Касым Бердибековдун турганын баса белгилеп кетүү керек. К.Бердибеков Чыгыш Памирдеги волостук революциялык комитеттин биринчи төрагасы болгон (1932-жылы), Андан соң Ж. Холматов, К. Асан, Касым Жанкулиев, Турду Ташбеков (1933-жылдарда), Жаанбаев X. (1936-ж), Артыков Кутмаат (1937-40-43-ж.ж.), Садыков (1938-ж), Мишин (1939-ж), Камалов, Набиев Алтымыш (1941-ж), Азимбаев Гапар (1942-48-ж.ж.), Конокбаев Салайдин (1952-ж), Мамараимов Ибраим (1953-1955-ж. жана 1963-1966-ж.ж), Карабаев Назар (1956-59-ж.ж.), Байботоев Акайбек (1960-62-ж.ж.), Атабаев Осмон (1966-69-ж.ж.), Кенжекулов Сатыбалды (1969-73-ж.ж.), Исманов Орозо (1973-74-ж.ж.), Таштанов Базарбай (1974-79-ж.ж.). Урустамов Камал (1979-87-ж.ж.), Полушкин Анатолий Алексеевич (1987-89-ж.ж.), Адырахманова Сайра (1989-92-ж.ж.), иштеген. Советтик аткаруу органдарынын структуралары көптөгөн өзгөрүүлөргө кабылган. Алгачкы ревкомдон андан соң аткаруу комитеттери болуп өзгөргөн. Тажикстан эгемендүүлүк алгандан баштап бул орган жергиликгүү бийликтин аткаруу органына айланган, башкача айтканда Мамлекеттик бийликтин аткаруу органы деп аталып, анын жетекчиси райондун төрагасы Президенттин өкүлү деп аталган.


1992-жылы Мургаб районунун эл депутаттарынын VII -сессиясында Мургаб районунун төрагалыгына Бердибаев Гожо шайланган. Ал 1994-жылга чейин иштеген. 1994-жылы Мургаб районунун төрагасы Атабаев Адылбек, 1997-жыддан Шоджанов Ыдырыс, 2006-жылы Шозедов Шозед, 2007-жылы Тойчиев Майрамбек Токонович, ал эми 2011-жылдын башынан бери Жошбаев Мурзабай Аблакимович райондун төрагасы болуп иштеп келди.


Партиялык, Советтик уюмдар менен катар эле жаштарды тарбиялоодо комсомол уюмдары коомдук өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Жаштар уюмунун катчылары: Сатыкулов, Осмонбаев, Сарыгатанов, Маматкаримов, Стамкулов Наби, Таалайлин Тынай, Ганулин Ганы, Саипов Жээнбек, Муратов Бөжөк, Малабеков Бөбөкбай Эгембердиев Алпидин, Камалов Эминжан, Карабаев Назар, Шаиков Абилеч, Жуниев Тилебалды, Примбердиев Көчөн, Садабаев Шаршенбай, Өмүрканов Көчөрбай, Айдаров Жээнбек, Абдулвахапова Разиямо, Бердибаев Гожо, Ибраимов Көчкөнбай, Койчуманов Жаркынбай, Шоджанов Ыдырыс, Тагаев Турдубай, Парманов Султан, Айткулов Абибилло, Абдыкадырова Айгул, Эгембердиев Абдубакирлер иштеген. Бул уюм жаштарды тарбиялоодо жакшы иштерди алыт барган. Жергиликтүү кадрларды тарбиялап алар райондун, областын партиялык советтин органдарында, жергиликтүү мекеме уюмдарга жетекчиликке чейин барып турушкан.


"ТАРЫХТА КАЛГАН ИЗДЕР"

Тагайбек Миңбаев

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены