Бул үчүн кытай өкмөтү тоодо мал баккан кыргыздарга бекер үй салып берип, айылдар менен шаарларга көчүрүүдө. Балдары акысыз билим алууда. Кытайдагы кыргыздар негизинен тоодо мал багып, ылайыгы келгенде жер айдап оокатын кылчу. Үйлөрү болсо, самандан салынган. Эми андагы боордоштор тоо этектеринде эмес, алар үчүн жаңы түптөлгөн кыштактарда жашайт. Бул жер мурда какыраган эле талаа болчу. Кытай өкмөт ушул жерге…