Учурда Баткен облусунда 20 жыл мурда коншу мамлекеттерден кѳчүп келген жүздөгөн этникалык кыргыздар тууралуу так маалымат да жок.
Этникалык кыргыздар Баткен облусунун аймагына 20 жыл мурда кошуна ѳлкѳлѳрдѳн кѳчүп келе баштаган. Бирок ушул 20 жыл аралыгында этникалык кыргыздар тууралуу так маалымат топтоп, алар менен иш алып барган мамлекеттик орган жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча ѳкүлү Хаиталы Айкынов биздин порталга курган маегинде маалымдады.
- Биздин облуска этникалык кыргыздар коӊшу Тажикистан Республикасынын Жерге-Тал, Мургаб райондорунан жана Ѳзбекстан Республикасынын Ырыштан, Ѳзбекстан райондорунан келишкен. Этникалык кыргыздардын басымдуу бѳлүгү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында отурукташкан. Тилекке каршы алардын так саны жок. Облустук ѳкүлчүлүктүн маалыматында 2200 адам болсо, этникалык кыргыздардын «Сары-Кол» коомдук бирикмесинин маалыматында 700дѳй эле адам катталган.
- Алар кандай себептерден улам келип калышкан ?
- Орто Азия мамлекеттери ѳзүнчѳ эгемендүүлүк алган соӊ, башка улуттарга болгон мамиле ѳзгѳрѳ баштаган. Тажикстанда жана Ѳзбекстанда кыргыздарга бийлик тараптан да кысым кѳрсѳтүлүп, социалдык маселелер боюнча жана турак-жай алууда, жумушка орношууда кыйынчылыктар жарала берген. Ѳздүгүн тастыктаган документерди алууда да улуту кыргыз деп кѳрсѳтпѳй, ошол жашап жаткан ѳлкѳнүн улутун жазып беришкен фактылар болгон. Мындай одоно укук бузуулар кѳп катталган. Этникалык кыргыздардын алгачкы агымы 1996-2000 жылдары, экинчи агымы 2010-жылдары кѳчүп келип отурукташа баштаган.
- Учурда алар кандай шарттарда жашап жатышат ?
- Иликтѳѳлѳр кѳрсѳткѳндѳй, алардын 80% жашоосу канааттандырбайт. Кѳпчүлүгү бешке чыга элек жаш балдары бар, жаш үй бүлѳлѳр. Дээрлик кѳпчүлүгүнүн туруктуу жумуш орду жок, материалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлѳлѳр. Алар кѳчүп келгенден кийин убактылуу каттоого туруп “Кайрылман” статусун жана КРнын жарандыгын алууда мыйзамда кѳрсѳтүлгѳн шарттарды билишпейт. Кыргызстанга кѳчүп келип жашаганына 20 жылдан ашык убакыт ѳтсѳ да жарандыгы жана турак жайы жок жүргѳн боордошторубуз бар. КРнын жарандык паспортун алышпагандыктан, алар пенсия, балдарына жөлөк пул, билим алууда, медициналык жардамдарды алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда.
Биз жакында эле бул багытта сурамжылоо жүргүздүк. Сурамжылоого катышкан 78 адамдын 46сы 1993-жылдан баштап кѳчүп келгендерине карабай «Кайрылман» статусун алган эместигин айтышты. Алардын баары КР жарандыгын алууда кыйынчылыктар болгонун билдиришкен.
- Алар кантип кыргыз жарандыгын алып, мамлекеттин камкордугунда жашай алышат ?
- Негизи аларга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жѳнүндѳ мыйзам бар. Кыргызстанга кѳчүп келген соӊ алар тийиштүү жерлерге кайрылып, «Кайрылман» статусун алышса болот. Бул бир жылга берилген «Кайрылман» паспорту менен мамлекеттен жѳлѳк пул, пенсия, билим жана медициналык жардам алууга укуктуу болот. Ал эми бир жылдан соӊ Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга мыйзам жол берет. Ошондой эле алар үчүн ѳлкѳдѳгү орто жана жогорку кесиптик окуу жайларга ѳтүү үчүн квоталар бар. Бирок бул боюнча аларда маалымат жок.
- Буга эмне тоскоол болуп жатат ?
- Себеп ушул 20 жылдан бери ѳз укутарын жана аларга карата жазылган мыйзамдарды билишпегендиктеринде болуп жатат. Дагы бир себеби, алар менен иштей турган атайын мамлекеттик органдын жоктугу. Мисалы, Баткен – көчүп келген этникалык кыргыздар маселеси курч болгон аймак. Бизде да алар менен иштей турган мамлекеттик органдын ѳкүлү жок. Ошол коӊшу ѳлкѳлѳрдѳн кѳчүп келип отурукташып жаткан кыргыздар буга чейин ѳз маселелерин чечүүдѳ Эмгек, жаштар жана миграция министрлигине кайрылып турушкан. Бирок бул министрлик жоюлуп кайра түзүлгѳндүгү маселеге терс таасирин тийгизди.
Мен бул маселе боюнча КРнын акыйкатчысына жана КРнын өкмѳтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнѳ кайрылдым. Кайрылууда этникалык кыргыздар менен иш алып бара турган мамлекеттик орган же бир адис болсо да бекитип берүүлѳрүн сурандым. Бирок азырынча жооп боло элек.
Азаттык үнү, Баткен
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены