(Роман) (Башкы 1,2,3 бөлүм бул жерде) Пакистанга карай жол... Күтүүсүздөн 1978 – жылы Ооганстанда согуш башталып кетти. Аздыгынан арманы, таттуусунан тозогу көп болгон хандык доордун акыркы жылдары даагы элди да, ханды катуу кооптонууга алып келди. Бир мамлекеттин жеринде жашап жаткандыктан булардын согушка жараган жаштагы жарандары да согушка чыкырылуусу мүмкүн. Элдер алаңдап чоочуп турушту. Түгөнгөн сайын түтөгөн демекчи, оомалуу төкмөлүү…