Арманга айланган өмүрлөр..

Арманга айланган өмүрлөр..

(Роман)

Ар бир элдин тарыхы, 
ар бир эрдин өз доору болгон.
Рахманкул хан Жапаркул уулунун 
100 – жылдыгына арналат.

 





Биринчи бөлүм

 

Бүгүн күн күндөгүдөн бир башкача ажайып нурлуу кыпкызыл алоолонгон оту менен батып баратты. Анын отуна алакан тоссоң мына жетчүүдөйсүң. Күндөгү адатындай айылдан обочороок жерге басып келген караан эки жагын каранып, батып бараткан күндөн көзүн албай тээ канчадан бери кыймылсыз турат. Ал ушул турушунда береги батып бараткан күндү токтоткусу келди. Акыркы учурларда күндү гана эмес, колунан келсе өмүрдү да токтоткусу келип кетет. Бирок андай эч качан болбосун сезгенде оор үшкүрүнүп, болгон күчүн үшкүрүккө чыгарып алат. Анан ошол оор үшкүрүккө улай, – Чиркин өмүр! Чиркин өмүр! Мен каалагандай токтоп турсаң кана?! – дейт, оор күрсүнө ичинен.

Айлана мелтиреп тып тынч.

Эч өзгөрүүсү жок жашоо агымы бир калыпта өтүп жатат. – Жашоо! Жашоо... Ал эми тээ алыста мелтиреп жаткан көлгө тигилди.

– Меники эмес! Бөтөн улуттун, бөтөн элдин көлү!

Канча ирет жээгинде басып кумарланса да, анын чалкып жаткан кеңдиги мунун бала кездеги жыңайлак чапчып ойногон тоо көлчүгүнө татыбагандай. Чикилдирик атып ойногон балдар чуу койгон бойдон барып ошол “чооң көлдөрүнө” жыңайлак кирип кетишээр эле да... Кечке чапчып, кумар канганча ойношоор эле да... Анан агып жаткан чоң сууга жете келишкенде аларды бирөө көтөрүп өтпөсө, же атка өңөрө кетишпесе аркы бетине өтүү мүмкүн эмес эле. Кенен жайылып агып жаткан тоо суусу бир укмуштуудай көрүнчү буга. Атасы атка өңөрүп өтүп жаткан учурларда башын жерге сала калып тигиле карай турган. Анан атасына тажабай суроо бере берчү эмес беле.

-         Ата, неге мындай чооң суу агат?

-         Суу деген ар кандай болот да балам. Өзөндүн суусу.

-         Бул кайдан келет? Тоодонбу?

-         Тоодон балам. Билип неге сурайсың.

-         Тиги тоодонбу?

-         Ооба. Тээтиги чокуларды көрдүңбү? Ошондон келет.

-         Ушундай бийик тоолор ээ? Биздин тоодон чооң ээ?

-         Сенин тооң кайсы?

-         Ооногу! Чоң балдар чыгып кетишет. Мен...

Атасынын боору эзиле каткырып калаар эле. Анан уулунун акылынын

тунуктугуна ичинен кубана, амандыгын тилеп, эркелете кубаттап койчу.

-         Бул бөксө болот балам. Чоңойгондо андан бийик тоого чыгасың.

-         Мен бул суудан өзүм өтө аламбы?

-         Өтөсүң. Өтөсүң балам. Мындан чоң суулардан өтөсүң.

-         Тигил чоң тоолордон ары өтсөм да болобу?

-         Болот. Бирок анда эмне бар балам. Уч кыйры билинбеген тоолор

жатат. Андан ары бөтөн эл, бөтөн жерлер жатат. Жер кенен, учу кыйрына көз жетпейт.

-         Анда мен тоолордун эң чокусуна чыгып олтуруп алам. Анан андан

ары, андан ары... бүт кыдырып кетем. Эч кимге жеткирбейм! Эч кимге!

Караан селт дей түштү.

-         Ошондо неге, - Андан ары өтөм! - дедим экен ата. Балалык кыял

неден аян берди экен?! Мына, мен чыкпаган тоо, мен баспаган жер, мен кечпеген суу да калган жок окшойт. Береги баш нени гана көрбөдү. – Андан ары өтөм! - деп... Бирок, артка кайтчу жолду оозго салбаган экенсиң да Улуу Эгем!

Караан аста ээрдин кыса тиштеди.

Мына! Киндик кан тамган жердин ыйыктыгы! Ал дагыда көпкө дымып унчукпай калды. Бирок кыял – ой тыбырчылап, удургуп учуп турду. Оо, береги чалкыган көлдөн ошол кичинекей көлчүк кең экенин байкуш жүрөк туйганда туйлап кетип жатпайбы. Атасы атка өңөрүп өтчү өзөндүн чоң суусу береги ааламга батпоочудай сезилип кетип жатпайбы. Агып жаткан чоң сууну кармайбыз дешип, суунун агымын кууп жүгүрүшүп, анан чарчашканда жайыгыраак жай аккан жээгине жата калып суу ичишчү эмес беле. Бул укмуштай балалык кумар эле да.

Оо, арман дүйнө! Баары ошол бойдон калганда не...

Бу тирүүлүк сапарын кайда улабасын, адам баласы кайда басып, кайда турбасын, ошол убактылуу болгон күндө да, отурукташып калган жердин ар бир ташы ыйык сезүүсү зарыл. - Баскан турган жериңди сыйлай да, күтө да бил! Анткени сенин өмүрүң мына ошол жерде өтүп жатат балам! Баары келип туз насипте. Туз насип кай жерден буюрса ошол жерди жердейсиң. Бирок мунун баары убактылуу гана болушу керек. Ата - журтка деген демиң эч качан өчпөсүн. Сенин мойнуңдагы милдет береги элди мекенге алып баруу. Качандыр бир убакта элге кайтуу керек балам! Муну биринчи милдетим деп бил. Бизди ээрчиген элдин үмүтүн акта балам! – деген ата сөзү али да көкүрөктө муюп турат. Муну ойлогондо муштумдай жүрөк бир башкача согуп кирет. Андай кезде, – Ээ, жүрөк, антип түрсүлдөбө! Сабыр кыл! Менин да көздөгөнүм ошол эмеспи. Сабыр кыл! – деп алат ичинен демине кысыла.

Ырас эле. Береги керилип жаткан өрөөн убактылуу болсо да эми мунун да конуш жери болуп калбадыбы. Туз насип буйруганы ушул да. Нечен жылдан бери, отурукташып гана эмес, бир учурда түшүнө кирбеген түрк элдери менен ысык мамиледе болуп катташып да калды. Өз ата – журту болбогону менен, кийинки он жылдан ашык убакыт аралыгында жарык дүйнөгө келген неберелеринин киндик кан тамган, өскөн жери болуп калбадыбы. Мында туулган балдардын асты онго чыкканы, андан ашканы качан. Алар мына ушул жерден боорун көтөрүп, окуп билим алып жатышат. Бой жеткендери үйлөнүп, үй - жайлуу, бала - чакалуу болуп жатышат. Кыздар турмушка чыгып жатышат. Тукум уланууда. Деген менен күндөлүк тирлик өз агымы менен өтүп жаткандай. Өлүп көрүпмүнбү... дегендей, ичтерине кирип чыкпаган соң аңдап айтуу кыйын. Бирок сыртынан караганга бул мамлекет буларга өз элиндей эле мамиле кылып жаткандай. Кир, чык! Олтур, тур! - деген киши жок. Баш калкалаганга жай сурап, тээ качып – тозуп жүргөн күндөрдө бул мамлекет эшигин ачып, - Келгиле! – деп, төргө өткөрүп, ошол босогону аттаган күндон эле буларды өз жараны кылып каттап салышпады беле. Анан кантип бул жерди жектесин. Албетте сыйлоо керек. Кактаса каны кошулбаса да, - Түрк атанын балдарыбыз! – дешип, эми булар бул мамлекеттин эли болуп калышпадыбы. Мына тагдыр!

Сыйга сый, сыр аякка бал! - деген. Эми кандай гана болгон күндө да, эки элдин ортосунда сый гана болуусу зарыл. Койнуна кирип кетпесе да, бооруна тартып, сый көрсөткөн элди береги турган калдайган караан өтө сезгичтик, өтө көсөмдүк менен жакын кошунасындай сыйлап келет. Анткени анын өмүрү учурда, так ушул жерде, ушул элдин арасында, ушул элдин мекен жеринде өтүп жатпайбы. Байкашында булар да жаман эл, жаман журт эмес экен. Аман болушсун. Жаратканым тилдерин башка кылганы менен диндери бир. Мусулман эл. А, эгер ошол жер сурап, баш калкалаганга жай таппай далбастап турган чакта башка мамлекетке кирип кетиши да мүмкүн эле да. Каапыр менен да кошуна болуп калуусу мүмкүн болчу да. Анда нетмек? Жашамак. Элди аман алып калуу үчүн баарына даяр болгон эле да. Кол алышып, бир аяктан тамак ичмек. Бирге басмак. Ал элдин да шартына көнмөк. Ал кезде бүтүндөй Европаны кыдырганга даяр турбады беле. Мына тагдыр буйрук! Баары келип буйруктан. Буга да шүгүр!

Караан капысынан катуу силкинип жиберди. Эмне ошондо булар ушул жерде түбөлүк калып калуулары керекпи?! Кийинки муундун, небере - чөбөрөлөрүмдүн киндик кан тамган жери деп... Анда булардын мекени ушул атам тааныбаган түрктөрдүн жери болуп калабы? Менин мекенимчи?! Менин Кыргызстаным?! Менин ыйык журтум! А, атакеме берген антым не болмок?! Аны ким аткарат? Кокус, жаза тайып көзүм жумулуп кетсе... ата керээзин аткара албай калсам... Булар туш – тушка таркап кетишпейби?! – деген ой аралады. Эми буга баятан дымып турган ички үн кошулду.

-         Бийлик берген балаң бий боло алабы?

-         Хан көтөргөн жан уулум, хан боло алабы?!

-         Же, азап менен түптөгөн бир ууч элиңди...

-         Туш – тушка таратып, элди азапка салабы?!

-         Кандай болот?!

-         Кай заманга туш болот бир ууч элим?! Теңир колдо!

Ички ойу менен тартыша түшкөн караан алаңдай түшүп анан дагы да бир топко унчукпай калды. Эки жагына көз сала өзүн токтоо кармап, артка бурула айыл жакка тигилди. Өз тирлиги менен алпурушкан эл. Буларга тынч жашоо керек. Кийинки он жылдан бери бир аз да болсо ыйлары басылган эл баштагыдан бир топ эле тынчып калды. Бирок жоготуунун оорду эч толбосун береги караан жакшы билет. Эл да көнүп бүткөн. Ичтеринен сыздап турушса да сырттарынан билгизбегенге аракет кылышат. Анан кантишсин. Боздогондо эле боорлору бүтөлүп кетсе кана... Өлгөндүн артынан өлмөк жок. Тирүүлүк улана берет. Ак – карасы, жакшылык жамандыгы жок жашоо болмок беле. Көргөн турмуштун ачуусун ичтеринен сыза басып, тирүүлүктүн жашоосун улап келишүүдө. Биз көргөндү кийинки жарыкка келген жаштар көрбөсүн дешип дуба кылышат. Булардын жолу ачык, максаттуу жашап, көргөн жашоолору тынч өтсүн дешет. Караандын да тилегени ушул эмеспи. Ар күнү биринчи аткан таң менен тилегени ушул. Мунун жонун жооруткан жокчулукту, жерден жер которуп тарткан азаптарын, көргөн оор турмушту, көтөргөн тозоктуу күндөрдү эч кимге ыраа көрбөй, элдин амандыгын тилеп келет.

Аңгыча караандын жанынан өтө алыс эмес жолдо машина менен өтүп бара жаткан жигит токтой калып, келинчеги, ээрчиткен уулу менен караанды көздөй басышты.

-         Салоом алейкум! Жакшысызбы, хан ата?

-         Бар бол, айланайын.

-         Көп жаша айланайын! Көп жаша!

-         Арбаңыз?

Жаш келин ийиле жүгүнүп жиберди. Муну көргөндө караандын жүрөгү

жылый, анан ошол эле учурда тээ бир кездеги балалыгы көз алдына тартыла түштү.

-         Апа, кечке эле жүгүнө бересизби?

-         Ошентет да балам. Улуу кишиге жүгүнүү керек.

-         Кыздарчы? Алар да жүгүнөбү?

-         Жок балам. Алар келин болгондо гана жүгүнүшөт.

-         Тиги жаңы келиндей болуппу? Ал сизге жүгүнөт ээ, апа?

-         Ошентет. Улууларга кичүүлөр ошентип ызаат көрсөтүшөт.

-         Сиз да анан, - Тилегиң кабыл болсун дейсизби?

-         Айланайыным! Баарын байкап жүргөнүн кара.

Так ушул көз ирмемде тартыла түшкөн ошол элес мунун өмүрү менен кошо жашап келет. Караан ийиле жүгүнгөн келинге ичи жылый батасы берип жатты.

-         Тилегиң кабыл болсун! Кем болбо айланайын.

-         Салоом алейкум чоң ата?

-         Оо, кимдин баласысың?

-         Бекир баатырдын небереси болом.

-         Азаматым! Ошентип Бекир чоң атаңдын айтып жүр. Уулуң жигит

болуп калган тура. Каяктан келе жатасыңар, балам?

-         Уулумду тиякка окууга сүйлөшүп келе жатам хан ата.

-         Ошенткин. Окут балам, окут. Окуп билим алсын. Билими жок адам

сокур менен тете. Ааламды көрбөйсүң. Курсагың тойгонуна эмес, рух дүйнөңдүн бийиктиги менен мактан. Азыр илгерки заман эмес. Окуткун! Адам болсун! Келечек ушулардыкы.

Баланын көзү менен көзү чагылыша түштү. Оттуу көздөр. Караан

ичинен балага баа берип турду. – Кудум чоң атасы Бекирдин көзү. Так ушул тапта, - Хан ата, менин чоң атам сиз менен чогу жүрүп, кол салган душмандар менен чабышкан ээ? – деп сурап жиберчүдөй болду. Өзү да ушул суроону күтүп турду. Оо, анда Бекирди абдан мактамак. Бекир чынында баатыр болчу. Ушул тапта оттон – суудан кайра тартпага Бекир көз алдына тартыла түштү.

-         Өмүрлүү бол, айланайын. Сенин чоң атаң Бекир мыкты жигит болгон.

Атанын уулу бол! Ал да өз учурунда кыйындардан болгон, сен өз учуруңдун кыйыны болгун.

-         Рахмат ата.

-         Батаңызды бериңиз ата?

-         Тилегиңе жеткин! Жолуң ачылсын, балам! Жолуң ачылсын!

-         Рахмат хан ата!

-         Жакшы калыңыз, хан ата.

-         Аман болгула! Баарын амандык жеңет балам. Бара гой.

Кетип бараткан баладан көзүн албаган караандын көз алдына ошол чоң

айкаш тартыла түштү. Ошол күнү Кытайдын чек арасында катуу таймаш болду. Чек арачылар менен өз ара ырктары келишпей бат - бат кагылышып кетишчү. Жан багууга мүмкүнчүлүк бербеген кытай чек арачылары кайсы коктудан чыга калышат деп буларды катуу кайтарып турушаар эле. Ары терең киришсе орус коммунисттерине кептелип, колго түшүп калышаарын сезгендеринде, чайкаша кетишсе ара жолдо колго түшкөндөрдү тоноп, чаап, кайта Памир тоолоруна кирип кетишээр эле. Антпесе оокат өтпөйт да. Тонолгондон көрө тоноп салган оңой эмеспи. Анан кармап көр. Ит жалагандай эле буларды таппай калышчу.

Баары билекке толуп турган кездери болчу. Сыйың менен болбосоң сыйпалап кал! – дешип, заматта колго тийгенин талкалап салышчу. Оттон – суудан кайра тартпаган Бекир мунун оң колу эле. Анын күчүндөй күч, акылындай акыл баарында эле боло берген эмес. Кыйын жигит болчу. Согуштук стратегияны экөөсү түзүшөөр эле. Кайдан басып кирип, кайдан кутулуп чыгып кетишээрин экөөсү гана билчү. Күн мурунтан айтсаң, колго түшүп калса кара жанын куткаруу үчүн душманга сыр дасторконун жая берген саткындар арадан чыгып калышаарын булар жакшы билишчү. Буларга кабылган душман да жаза тайып оңой менен кутулушчу эмес. Береги ошол Бекирдин небереси. Кайран Бекир! Жаш кетип калбадыбы. Караан Бекир досун бүгүн жоготкондой катуу умсунуп алды.

Айылдын элин алаканга салгандай билген караан карылыгына карабай бир көргөндө баарын жазбай тааныйт. Бул учурда анын жан дүйнөсүндө не деген будуң чаң түшүп жатканы бир гана Жараткан Теңирге маалим. Элим дегенде ичкен ашын жерге койгон неме кайдагы суроолорду өзүнө жаадырып заматта тополоңу тоз түшүп кетти. Бирок бул бүгүн гана эмес, улам жашы өткөн сайын, - Качан чек аралар ачылат болду экен? – деген суроо менен өзүн эзип келүүдө. Кыргызстанга деген элирүү, сагыныч, куса аны жашынан мурун карыткандай. Анын элине карай кеткен улуу жолго тигилген көздөрү санаадан карып барткандай... Мекенге жетчү Улуу жолдун узактыгын да ал абдан жакшы билет.

Мына азыр да ал тээ алыска, анан Көккө тигилди. Мекенге деген жолду бала кезден кыялында Көккө салып койгон. – Ата, мен чоңойгондо жылдыздарды бирден санап, ушул жол менен Мекенге түз жетем, жер менен кетсем качкындар деп орустар жолуман кармап алышат да ээ? Мен жетем! – десе, атасы Жапаркул миң башы кубангандан барк – барк этип, боору эзиле каткырып калаар эле. Андай кезде, - Тилегиңе жет балам! – деп энекеси баласынын кыялына кубанып ишеничтүү карачу.

Азыр ал мына ошол бийик Көккө тигилди. Анын жүзүндө бала кыялдары ойноп кетти. Ырасында эле ал бала кезде көктө учак учаарын деле билчү эмес. Болгону бала кыял эле. Ал эми эр жетип, жерден жер которуп, элден элди кыдырган кезде абадагы учакты билди. Мунун бала кыялы ырасында эле боло турган иш экенине көзү жетти. Алгач учакты көргөн кезде кубанганынан ыйлап да жиберген эле. Ал учур азыр да эсинен кетпейт. Акыркы кездерде элин канча учакка батырам деп ойлоп келет. Анан да барган кезде Мекени кандай тосоор экен деп ойлойт. Бөтөнсүп, жээришпейби? - деп ойлойт. Жүздөгөн, миңдеген ойлор жанына жай бербей, онтотуп, ой кыялдарын тыткылайт. Кандай болгон күндө да Мекенди бир көрсөм дейт. Бутум эле жетсе баардык маселени чечем дейт. Буту жеткен күндө эле өкмөт жетекчилигине жетип баардык максаттары ишке ашаарына ишенет. Учурда анын мамлекеттер арасындагы чек аранын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп, уйку көрбөй жүргөн чагы. Алыста калган Мекенинин, Ата – Журтунун, кыргыз элинин амандыгын, тынччылыгын тилеп жүргөн чагы. Мекен дегенде анын көздөрү жайнап кетти. Ушул Мекен деген сөздүн өзүндө не деген керемет сыйкыр жатат. Туулгандан өлгөнгө чейин ар бир адам балсынын каны – жаны менен келаткан кымбаттуусу да, сыйынган мазары да ыйык Мекени эмеспи. Оо, Жараткан! Тилегиме жеткире көр! - деди караан. Мекеним! Киндик кан тамган Журтум! – деп, кайран атам зар какшап өттү. Эми биздин тилекти бере көр. Элди кайтара көр. Кайтуу керек. Мезгил келди, кайтуу керек! Анын сөздөрү үзүлүп үзүлүп чыгып жатты. Канча кайраттуу болгон күндө да адам баласынын көөдөнүндө жылдап уюп турган оор эңсөө аны жашытпай бойбосу да ырас. Жаш айланган көздөрү мунарык басып, заматта тунар түштү. Анан ичинен күңгүрөнүп алды.

Мекен! - деп,

Зар какшады оо, кайран элим.

Мекен! - деп,

Мен да зарлайм, ыйык жерим!

Топурак буйруп,

Мекен - Жерди басаар бекем?

Тууган жерим,

Куттуу атыңды атаар бекем?!

 

... Канча деген азапты көрдүк,

Көздөн учуп, тоо, суу, ташың.

Садагага чаптым жанды,

Сага курман менин башым!

Улуу журтум!

Улуу журтум!

Уулуңду уккун, Ата – Журтум!

Сага курман менин башым!!!

 

Дагы сүйлөнмөк. Дагы... дагы... Бирок дене башы калтырай түшкөн караан адатынча ээрдин кыса тиштей, адатынча дагы да баарын ичине катты. Анын өксүгүнөн жер, суу, таш титиреп барып токтогондой болду. Оо, мындагы муң! Бул көтөргөн жүк! Адам баласы баарына чыдайт тура. Адам... адам... Сыртка чыгара албаган ачуу муңу аба жаңыртып, Ааламды жарып, тээ мекен жерге жеткендей болду. Жаңырып келген муңдуу сагынычты Мекен эне тосуп алгандай болду. Байкашында бул ага жетпей сыздаса, Мекен эне – Жер эне күндө мунун жолун карап, кол созуп зарыккандай сезилди.

Оо, ал ырас! Жер энем да койнунан чыгып кеткен кулундарын кайра кайрылса экен деп, ар дайым тосот. Боорунан бой көтөргөн пенделерин кантип сагынбасын. Ал да зарыгып, булардын кеткен жолун тосуп, ар күнү күтүп жаткан эле...

Караан алыска тигилди.

Көз алдына атасы менен апасы тартыла түштү. Алыста калган Ооган жери. Ал жакта атасынын сөөгү калды.Ал эми өзү ушул турушунда үч мамлекеттин ортосунда турду. Кыргызстан – Ооганстан – Туркия! Мына Тагдыр! Кыргызстанда Ата – Журту калса, Оогонстанда атасы... мында өзү турат...

Анын үнү каргылдана чыкты. - Оо, тагдыр! Атакемдин өмүр сапарын ошол Ооган жергесинде сапарын карытты. Мага кандай сый тартуулап турганыңарды Жаратканым экөөңөр билбесеңер эч ким билбейт. Тилегеним, ата керээзин аткарганга мүмкүнчүлүк бер. Аманатты аткарганча, түккө турбаган бул өмүрүңдүн сапарын карытпай тура тур. Аз калды. Мойнумда карызым бар. Аманат! Аманатты аткарганга мүмкүнчүлүк бер! – деп, ал алыска тигилген көзүн албай кыймылсыз. Анын жан дүйнөсү чырылдап жаткандай болду. – Аманат керээз... аманат керээз... Ички жаңырык эми ааламга көтөрүлдү. Аманат – керээз... Элестер көз алдынан чууруп өтүп жатты.

Караан ичинен күбүрөндү.

- Силер кыска жашадыңар. Сен 60ка кадам таштаганың жок, энем бечарамда... Мен мына 77ге кадам таштап олтурам. Ырас эле эки жети... Сенден 17 - жыл ашык өмүр бастым ата. Бирок максаттарга жетүүгө, сенин аманатыңды аткарууга бул да аздык кылып олтурат шекилдүү. Чоочулаба. Менин да үмүтүм ошол. Кокус жетишпей калсаңчы дейсиңби? А, аны да ойлоп жүрөм. Не бар не жок деп, сенин аманаттарыңды учурда мен да балдарыма аманат кылып тапшырган кезим. Тапшырдым. Катуу тапшырдым! Кыргызстанды көргөнү эмес, кыргызстанга өлгөнү баргыла! - дедим ата.

Жаш балача башын жерге салып туруп калган караан ошол турушунан көпкө кыймылдаган жок. Ал атасынын алдында күнөөлүү болгон баладай башын ийип туруп берди. Ата керээзин жетимиш жыл ашуун көкүрөгүнө сактап, түйүп келгенин эч ким жокко чыгара албайт. Береги тирүүлүктө биринчи парзы ошол экенин да эч ким тана албайт. Жетебиз! – дегенсип, муштумдай жүрөк катуу болк этип алды. Анан шашкалактап чырылдагандай болду. Ооба, ал безилдеп жатты.

-         Бул болгонун жасап жатат. Канча өмүр калды деп шектенет.

Эми баарын балдарга узатаар кез келди дейт. Муну ар бирине атасына окшоп мурунтан, ар бир баласына эс тарткан кездеринен бери эле айтып келчү. Кулактарына сиңип, көкүрөк, көөдөндөрүнө кыттай куюлсун деди. Туулган жерди жүрөктөрү менен эңсесин деди. Аманат кылды. Атадан калган аманат жерде калбасына ишенип келет. Катуу ишенет!

Безеленген жүрөккө ички үн кошулуп кетти.

-         Жакындан бери көп жаңылык угуп, жүрөгү бир жерде эмес.

-         Биз күткөн учур да келгендей болду окшойт. Мекенге жол ачылат деп

жатышат.

Караан башын чулгуп алды.

-         Угуп жатасыңбы?! Бул чоң жаңылык бекен?! Менин жүрөгүмдүн

туйлаганын угуп, сезип жатасыңбы? Азыр канатым болсо учкум келип турат!

Караан жаш баладай алаңдай атасын издеп, анан умсуна тээ көккө

тигилди. – Мен күткөн күн да жакындап калды окшойт. Мен... мен... Угуп жатасыңарбы?! Жакында жол ачылат! – деп, ал дагы да алыска алыска үмүттү тигилди. Толкунданганынан үнү титирей түштү. Анын ушул учурда ой – кылдары кайда учуп, не деген ажайып кубулуштарга тунуп, батып жатканын бир гана Теңирим билип турду. Ана жаак ылдый куюлган ыссык жашын сүрттү. Бул алыста калган тууган жерди сагынган жаш... Оо, тууган жер! Тууган жер! Мында олтуруп, өзүнө кылымдык өмүр сурап жаткан жок, сени мени менен бир көрүүгө убакыт сурап жатат. Бир аз гана убакыт. Бир аз гана... Убакыт жетсе, сени бир көрсөк. Анан... анан... Узакка созулган тунжуроо... Ушул тунжуроо жан дүйнөсүн жаман кыйнап келет. Ана, дагы Көккө, жылдыздарга тигилди. Мейкиндиктен жооп күткөндөй тигилди. Алардан кайдан жооп болсун. Тигинден Ай да чыга келди. Айлана чымкый түнгө чөмүлдү. Бизди тегеректеп турган Түн да, Ай да, Жылдыздар да үн катпайт. Алар эч качан үн катпайт. Баары жымжырт. Түн. Түн өзүнүн керемети болгон Ай менен Жылдыздардын кучагында өз өмүрүн сүрүп жатат. Кандай жымжырттык.

Жымжырттыкты караандын оор үшкүрүгү бузгандай болду. Ал эми көккө тигиле бергенде Ай булуттарды аралап, бийлеп баратты. Мээлүн соккон шамаал... Жымыңдашкан жылдыздар асманды толук каптады. Баары эле камырабайт. Бир гана караандын жан дүйнөсү будуң – чаң болуп жатты. Ички үндөн дайын жок. Муну кантээр экен деп сынагысы келдиби, же болгон бугун чыгарсын дедиби, бу сапар тим үн катпай ал дагы көктөгү Айдай мелтиреди.

Караан эми кыйкыргысы келди. Бирок кыйкыра албады. Айылдан алыс болсо да бирөөлөр карап тургандай сезилди. Ал бул тапта элдин баары катуу уйкуда жатканын да унутту. А, унутпаган күндө да аны өмүр бою өзүн бекем кармап келген катаал мүнөзү дале сак сактап турду. Бул мүнөз анын жүргүзүп келген бийлигинин мыйзамынын катуу тартиптеринин бири болуп жүрбөсүн. Бул тартип буга гана таандык. Мүмкүн. Андай болбогон күндө элден эч айырмасы болмок эмес да. Бирок бүгүн, так мына ушул тапта баарынан алсыз, кимден жардам сураарын билбегендей алаңдап турду. Жонго минген сыркоо аны алсыратып турду. Баардык нерсенин чеги болгондой мунун хандык бийлигинин да чеги жетип, эми элдин амандыгын гана тилеп, бийликти баласынын бирине өткөрүп берген кези эле. Олтурса турса бала – чакасынын, элинин амандыгын тилеп Теңирден амандык сурайт. Анан алдыдагы максатка жетчү күндү самайт. Эңсейт. Күтөт. Бул анын улуу арманы. - Оо, Жараткан, ошол күн тагдырга жазылды бекен?! Кандай заман болгондо да сөөгүм мекениме жетсе деген тилегиме жетпей каламбы?.. Атакемдин арманындай, арманым да ушул жерде калабы? Өмүрдүн чеги мына ушул жер менен чектелди беле?.. Аттиң дүйнө! Берген өмүрдүн сызыгы ушул жер менен бүтөбү?!.. – деп, арманын сыртка чыгарбай ичтен сызат. Сыртынан караган кишиге мунун мынча арманы бар экенин байкабай калуулары да мүмкүн. - Эмне жетпейт буга? – дешээри да мүмкүн. Ооба, эл деген эл да. Андан да кийинки өсүп келе жаткан жаштардын Мекен эне менен иштери жоктой... Күбүр – шыбырлар...

-         Хандык колунда, байлыгынын чеги жок!

-         Балдары кашында, дагы кандай жашоо керек?

-         Баары бар да мында!

-         Менде ушунукундай байлык болсо...

-         Оо, анда мен борборго эле кирип кетмекмин.

-         Мен борбордон базар сатып алмакмын!

-         Ии, ошентсек да болот.

-         Бул жерде неге тыгылып олтурабыз?

-         Кыйналгандан... ушээрге келгенбиз да...

-         Эл кыйналса да бул кыйналбайт го...

-         Жоок! Ушул элди ээрчитем деп абдан кыйналган экен.

-         Оо, ал эми илгери да...

-         Мунун атасы ээрчитип чыккан экен.

-         Ии, ошо илгери да...

Мына, бири түшүнүп, бири түшүнбөй, так ушундай көңүл ооруткан да,

ойлонткон да ар кандай түшүнүктөгү ойлор айтыла берет. Эл оозунда элек барбы, кимиси аны тыят. Башка мамлекеттин ичинде эптеп оокаты өтүп жаткандарга Мекен жердин деле кереги жоктой. Андай кезде аркага көз жүгүртүп келип жакаңды кармайсың. Жаратканым пенделердин баарына эле бирдей акыл – эс, намыс бере берген эмес да... Мекенсиз жашагандар канча... Бирок андай болбоо керек! Андай болушу да мүмкүн эмес. Биз кыргызбыз! Кыргыз! Анткени мунун мойнунда аманат керээз турат. Ал мунун байлыгынан да жогору турган аманат! Ал мунун керт башынан да жогору турган аманат! Ал, – Ата – Жут! Ал, - Кыргызстан! Муну албетте ар бирине жеткирүү мүмкүн эмес. Жаңы замандын шартына аздап көнүп бара жаткандар байкаган кишиге Мекен жерди эмес, күнүмдүк оокат жакшы өтчү жерди издей башташкандай... Даагы бир күн батты...

Бир топко унчукпай, түн менен кошо түнөргөн караан дагы бир ирет оор үшкүрө ойдогу максат, көкүрөктү баскан оор кусага мууна, айлананы карап катуу күрсүнүп алды. Оор үшкүрүк. Караан кайра да Айга тигилди.

-         Мен неге кийинки күндөрү көп үшкүрчү болдум да... Баягындай

кайрат жок. Толуп турган билек кайда? Жанып турчу элең го, чиркин! Ээ, карылык! Карылык! Кайкаңдай басып, нечен кырды ашып, сен да мага келип демиңди бастың, ээ? Эми сен экөөбүз шериктеш болдук. Мына. Мен сага багынгандаймын. Эми сен калп быш – быш этпей, сапарыңды жакшылап улант. Мүмкүн ошондо экөөбүз сылтый басып бир топко бараарбыз. Мүмкүн... мүмкүн ошондо... Катарлаштарымдын бир тобу кеткендери качан. Ыймандары саламат болсун. Кээси жаш бойдон кетсе, кээси карылык сенин бырыш баскан жүзүңдү чала – була көрүп көрбөй, ийри таягыңды колдоруна албай кете беришти. А, кээси... Жок, жок! Кээси гана эмес, көбү мендей армандады. Ооба, армандады. Алардын да көздөрүнөн тууган жер учту... Биз кандай болгон күндө да тууган жерге кайтабыз дечү элек да. Кандай болгон күндө да бирге кетебиз дечү элек да...

Караан кайратына келе түштү. Анын шооласы кетип бараткан көздөрү заматта жайнап кетти.

-         Оо, элим! Атам Жапаркул миң баштап чыккан элим!

Анын сөзүн бирөөлөр коштогондой болду.

-         Менин элим... сенин элиң! Карып бара жатасыңбы?

Караан селт эте түштү. Анын маңдайында бирөө тургандай болду.

Чоочуркай тигиле анан жаш баладай эреркеп кубанып кетти. Кучагын жая кучактагысы келди. Оордунан тура калды.

-         Ата...

-          Кайраттуу бол, балам. Мунуң жарабайт. Башка түшкөн азаптын баарын бир

көрдүк, бир тарттык. Кубанган кезде бир кубанып, ыйлаганда бирге ыйладык. Бу, жашоо, тирлик, өмүр дегениң... Бешенеге жазганды көрсөтпөй койбойт экен го, пендем. Карда калдык, чаңда калдык, сууга агып, отто калдык... Баш калкалап баш оогон жакка качтык. Бешиктеги бала өлдү, бели эңкейген кемпир - чал да өлдү. Жаштайында жайланып, кыз өппөгөн жигиттер кетти. Жесирлердин ый - муңдары... Мунун баары биздин тагдыр!!!

-         Мен... мен...

-         Кантет! Кантесиң балам! Сени эл башы, эл атасы дейт.

-         Мен балама өткөрүп бердим. Сен айткандай карыдым ата.

-         Карысаң да эл сени карап турбайбы. Баланын иши бала...

-         Ата, мен... Силерди сагындым.

-         Сен бизди эмес, элди ойло!

-         Апакем...

-         Көтөр башыңды! Сени Рахманкул хан дейт! Сен менин, Жапаркул миң

башынын уулу Рахманкул хансың! Башыңды жерге салба! Сен менин уулумсуң!

-         Ата! Ата!..

Жапаркул миң башынын калдайган карааны заматта жок болуп кетти.

Рахманкул хан айланасын алаңдай каранып, бир топко тунжурай унчукпай олтуруп калды.

-         Көптөн бери атакем түшүмө да кирбей калды эле... Бул жакшылыктын

жышааны.

Ал алыска үмүттүү тигилди. Анын көздөнүнө учкун пайда болду.

-         Ээ, дүйнө! Дүйнө! Кырылдык! Кайра уландык!

Рахманкул хан араң турган жашын артка кайрып, бул ирет ээрдин жанча тиштеди. Жок, болбойт. Ачуу жаш атырылып кетти! Мындай жаштын канчасын жутуп келет бул курган. Көрдү. Баарын көрдү. Бая атасы айткандай, адам баласы чыдабаган азаптын баарын көрдү. Чыдабаска да арга жок эле да.Жалгыз башты багуу анчалык оорго турбасын да билет. Бул жерден боорун көтөргөнү эл менен эл болуп, азган – тозгон элдин азабын кошо тартып келет. Анткени милдеттүү. Ушул бир ууч эл учурунда атасы Жапаркул миң башыны ээрчип чыккан. Рахманкул хан муң тарткан ачуу жашын ичке жута айлананы жетим баладай томсоро карап чыкты.

-         Тек! Кантет! Кайраттуу бол дебедим беле балам.

Капысынан атасынын үнү даагы угулгандай болду. Рахманкул хан

шашып кетти. Тээ бала кезиндей атасына актанып жиберди.

-         Баары жакшы. Мен жөн эле...

Аңгыча ой – чабыттар аны коштоп кетти.

-         Баарына шүгүр десе болот.

-         Бала – чакасы, неберелер, ээрчиген эли аман.

-         Эртең эле тигил биринин артынан бири бай теректей тирелип

турушкан неберелери үйлөнүшсө чөбөрөлөр келет. Алдын көрүп да калды. Ар кимиси жеке башка тийиштүү бир оокат өтүп жатат.

-         Заман өзгөргөнү ага шартташ адамдар да өзгөрүүдө.

-         Мурдагыдай азып – тозуп жер которуу токтогон.

-         Чабышкан, алышкан, аркасынан кууган душман жок.

-         Жашоо турмуш бир калыпка түшкөндөй...

Рахманкул хан башын чулгуп чулгуп алды. Ички үндөр аны тытмалап

жибергендей болду. Бирине жооп тапса, бирине таппай алдастап кетти. Бир гана береги мелжиген Аалам аны сынай карап турду. Ага сырга бекем Түн кошулгандай тим үн катпайт. Эми мунун тагдырын, өмүр жолун жымыңдаган жылдыздар тергеп жаткандай болду. Жылдыздар... жылдыздар... Ана, алар бир нерселерди талашып тартышып жаткандай. Бирде чогу жымыңдашса, бирде кезектешип жымыңдашып, кээси кайдадыр учуп барып келип жаткандай. Жок! Жок! Учуп кеткени кайра артына кайрылган жок. Сыягы өтө узакка кетти окшойт. Же өчтүбү? Мүмкүн. Биз да өчүп жатпайбызбы... Караан учуп бараткан жылдыздан көзүн албай турду. Жылдыз бат эле жок болуп кетти. Эми Жетигенге тигилди. Жетиген... жети жылдыз... Алар да бир нерселерди сырдашып жаткандай. Мүмкүн береги караанды кеп кылып жатышкандыр. Ооба, ырасында эле алар учурда так ушул караандын тагдыр, өмүр жолунан кеп салып жатышкан эле. Алар муну жакшы билишет да. Караан да алардан көзүн албай тигилди.

-         Оо, кайдан! Айтканга баары оңой.

-         Деген менен элине деген сапарынын сааты чыкпай...

-         Буюрса болот

-         Сапары болбой, жүгү оордогондон оордоп бара жаткандай.

-         Береги Рахманкул хандын мойнундагы жүгү нар көтөргүс жүк.

-         Аны биз да билип турабыз.

-         Ден – соолугу да начарлап калды.

-         Бирок үмүт жанына тынчтык бербей келет.

-         Эл тынчыса да, мунун жаны кантип тынып калсын.

-         Мунун мойнундагы ата керээзи кантип тынч коймок.

-         Аныңар да ырас.

-         Түрктөр алдына алтын төшөгөн күндө да бир эл, бир журт болуп

кетпеси чындык.

-         Бул дагы чындык!

-         Сен кайсы жылдыз элең?

-         Сиз да карып баратасызбы? Мен Койчу жылдызмын да. Тигил...

-         А, Чолпон жылдызды айтасыңбы? Аны көздү жумуп табаармын.

Жылдыздар дале күбүрөп жатышты. Караан анын баарын угуп тургандай бырс күлүп жиберип, тигиле көккө тигилди. Баары жымыңдайт. Койчу жылдыз, Чолпон жылдыз, Жетиген... Кол сунгусу келди. Бирок баары бир жетпесин билгенде тек гана аларга тигиле карап турууну туура көрдү. Мына, ар күнү, керек болсо ар түнү мунун артынан ушундай талкуулор ээрчийт. Кээсин кулагы чалып калса, кээсин билбей да калат. Бектин белинен түшсө да, береги түрктүн кебетеси муну тээ түпкүрүндө өгөйсүнтүп эле турбайбы. Муну ар убак көрөгөч көкүрөк чиркин сезип, туюп турат. Анан да күн - түн дебей береги муштумдай болгон жүрөктүн мекенге деген эңсөөсү муну тынч коймокпу. Жыйган дүйнө кудайга шүгүр. Небереси эмес, чөбөрө, кыбырасына жетет. Бирок алыста кол булгалап чакырып турган Мекенге эмне жетет? Мекенге деген куса анын жанын сыздатып, кемирип жеп келет.

Бирок пендечиликти да унутпоо керек. Бул жагына келгенде мындан түшүнүктүү жан жоктой. Ырасында Рахманкул хан барга да, жокко да тапталып, жашоонун шамаалы каякка карай согуп жатканын да күн мурунтан сезчү. Суу ичкен кудугуңа түкүрбө деген. Суусун ичип, нанын жеп, абасында дем алып жаткандыктан, ошол эле учурда бул элге да, жерге да ыраазы. Баштагыдай ат тезегин кургатпай жер которуу жок жандары жай алган учур. Жаратканым, - Оомийин! – десе, - Ушул жерден түз эле Ата – Журтка аттансак! - деп тилек кылып жүрөт. Рахманкул хан баштагысындай ичинен дагы да күңк этип алды. Бул сапар анын үнү айланага угулуп турду. Ал тургай сыдырым соккон жел менен сызыла тээ тоолорду аралап кеткендей болду. Анан андан ары... андан ары...

Рахманкул хан таманы басып турган жерге жүрөгү менен ыраазычылыгын билдирип жатты.

-         Сыйлоо керек! Жердин жаманы болбойт, элдин жаманы болот.

Жаратканым жаратканда баарыбызга жерди бирдей берген, бирдей бөлгөн. Болгону насипке жараша отурукташып калганбыз да. Насип, туз насип. Дүйнө! Дүйнө! Не деген элди, не деген жерди көрсөттүң. Береги эки бут баспаган эч нерсе да калбады окшойт го. Тооңду да, ташыңды да, не бир сууларды кечти. Кайран өмүр жерден жер издеп, элден эл издеп, кара жанды багуунун камы менен бир ууч элди кырып албайын деп, не далбаска түштүң. Ээ, дүйнө! Дүйнө! Кырылдык! Кайра уландык! Элим ай, элим! Берээрин Теңир унуткан жок. Кырылдык! Кайра уландык!.. Эми...

Анын үнү калтырап кетти. Ооба, калтырак баскан үн менен жаак ылдый кеткен ысык жашты ал дагы да ичине жутту. Анан кудум наристе бала энесине эрээркигендей табигатка эрээркип ийди. Каргылданган коңур үн үзүлүп үзүлүп чыгып жатты...

 

Жаратканым бере берди,

Кайра чекесинен ала берди...

Кыр кырларда канча өлүк,

Көздөрү ачык кала берди...

Жаза баскан жардан учту,

Кармай албай баштагы Кутту,

Кайраштарда кетти эрлер, оо...

Кара жер кимдерди жутту?!

Аска – зоонун арасында,

Канчалаган сөөк жатат...

Кай бириңди эстейм пендем,

Кылым арткан муңум ашат.

 

Өмүр көчү жылып барат...

Карылык минтип салып тузак,

Көрсөм деген дегдөө күчөп,

Байкуш көңүл Мекенге учат.

Колумду сунсам жеткидеймин,

Чек ара турат ортону бөлүп.

Улуу максат урайбы дейм,

Өлсөм кана, элимди көрүп.

Буулуккан көөдөн жарылып барат,

Укпай келем, чек ара жайын.

Мекенден алыс калабы элим?!

Кабыргам какшайт, эстеген сайын.

Сапарың буйру мекенге Теңир,

Токтосун шондо менин демим.

Ара жолдо адашып,

Калбасын дейм менин элим!

Менин элим...

Менин элим!!!

 

Рахманкул хан күндөгүсүндөй айылдын үстүнө басып келип дөңчөгө

олтура кетти. Бул жерден айыл алаканга салгандай көрүнүп турат. Көз кырын сала ар бир үй башын бирдеп санап жаткандай болду. Береги эки кабаттуу катар салынган үйдүн баарын буларды кабыл алгандан кийин түрк мамлекети салып, бүтүрүп анан ар бирин жайгаштырган эле. Үстүнкү кабатка өзүлөрү жашаса, алдына мал жанын кармашат деген. Тигинде чакан мектеп. Капырай десең, адам баласы көнбөгөн нерсе болобу. Бул жерге бат эле көнүп кетишти. Кечээ жакында эле Пакистандын жеринде четинен кырылып жок болушат беле, же дагы бир жакка ооп кетишет беле, карасаң, Кудайдын буйругу. Ушул жерди булардын насибине буйруп турган экен да. Улуу Памир!

         Ал дагы да айылды тигиле тинтий карады. Акыркы күндөрү ушинтип толуктап туруу адатка айлагандай. Эртең көрбөй калчуудай карайт. Бейкам жаткан элине амандык тилеп, анан кемип бараткан өмүргө тойбогонсуйт. Аман болгула! – деп күбүрөнүп алды. Ар кимиси өз тирлиги менен алек. Ушул күндө бош жүргөн адам болобу. Бири малын жайласа, бири чарба менен алек. Төмөндө балдар ойноп жүрүшөт. Балдарга эмне, оюн болсо болду. Булардын азыр ойной турган чагы. Ушулардын жашоосуна бүлүк сала көрбө Теңирим! – деди ичинен.

Не деген заман баштан өттү. Ооган жери...

Рахманкул хандын көз алдына алгач хан тактысына олтурган күнү

тартыла түштү. Алакандай элин сактап, тилин, дилин сактап, көчүп конуп, ач жылаңач бирде ток, бирде ач, не болгон күндө да ээрчиген бир ууч элим кырылып жок болуп кетпесин деп, Жапаркул миң башы ит көрбөгөн тозоктуу күндөрдү баштан кечирди эмеспи. Кичи Памирден Ооган жерине келгенде, алгач Ооган мамлекетинин башында турган жетекчилердин тилин таап, жер алып отурукташып, оокатын кылып калышты. Бирок албетте баары эле ойдогудай боло берген жок. Жапаркул миң башы жай турмуш сүрүү үчүн жанын сабап элине кызмат кылды. Элине шарт түздү. Кырылуунун эмес, өсүүнүн жолун издеди. Уулу Рахманкулду жерден боорун көтөргөнү жоокерчиликке да, жоопкерчиликке да таптаган.

Тигинтип орустардан качып жүрсө, бир жагынан Кытайы кысып, бир жагынан Оогандар талап – тоноп, мындай кордукка чыдаган киши гана башчы боло алаары бышык да. Төмөн түшсө эле Советтердин колуна түшөөрүндө эч шеги жок. Буларды бир сактаса береги сырдуу Памир тоолору сактайт. Катуу кысым боло калса Памирдин каягына кирип кетээрди да баласы Рахманкул күн мурун божомолдоп койгон. Анын бул акылына атасы Жапаркул миң башы да айран таң калган. Анан кантип уулуна баа бербесин да, кантип ишенбесин. Береги бир ууч элди бир сактаса уулу сактап калаарына толук ишенип, анын кайратына, акылына, баатырдыгына дагы бир ирет баа берип, туу тутуп турду. Убакыт келди. Эл башкарчу азаматты бийликке олтургузуу маселеси козголуп, чектелген убакыт, чеччү учур жетти. Эл журт, аксакалдар, эл башында жүргөн төбөлдөр баштап Хандык бийликке Рахманкулду көрсөтүштү.

Мына ушундай тагдыр Рахманкулга туш келди. Мындан башка киши башчы боло албас эле. Деген менен Жапаркулдун өзүнүн атасы Кожожардан башкасы, чоң атасы Касымбек, анын атасы Атамбек, анын атасы Авалбектер баары миң башы болушканы тарыхта такталып келет эмеспи. Муну эч ким тана албас. Мансаптык да деген менен кан кууйт дегени да туура окшобойбу. Жети атасынан бери эл бийлеп, эл башында болуп келгени Рахманкулга да ошол жети атасы басып өткөн мансаптык тагдыр бешенесине буйруп, минтип эл башчысы болбодубу. Бул Теңирден келген улуу сый эмеспи.

Жапаркул миң башы элдин ортосуна чыгып бата сурап жиберди.

-         Оомийин!

Аксакалдар жапырт тура - тура калышты.

-         Теңирим колдосун!

-         Кабылан Пирим колдосун!

-         Элдин тагдырын чечкен адал хан бол! Акыйкат бол, балам!

-         Аксакал туура айтат. Акыйкат, адал бол! Калыс бол!

-         Оомийин! Оомийин!!!

Мунун баарын Жапаркул миң башы эчак билип сезген. Ал тургай көрөгөч көзү күн эрте көрүп турган. Урук – тукумдан ата – бабасынын каны менен келген эл башкаруу насиби уулуна туш болгонуна эч капа болбоду. – Кудайым жанын бекем кылсын! – деп энеси Апидебегим амандыгын тилеп Теңирге жалынып жиберди.

-         Оо, андан бери не заман өттү... – деп, Рахманкул хан кудум азыр

хандыкка көтөрүлгөндөй толкунданып, майда тер каптап кетти. Анын кулагына элдин үндөрү жаңырып жатты.

-         Кабылан Пирим колдосун!

-         Теңирим колдосун!

-         Элди ойлогон адам бол! Калыс бол!

-         Оомийин!!!

Кайрадан узакка созулган оор тунжуроо.

Заматта айлананы оор тунжуроо басты. Ал кайрадан батып бараткан күнгө тигилген бойдон турган жеринде катып, жансыз турду. Жада калса тигилген каректери да токтоп калгандай, кирпиктери да серпилбейт. Кыймылсыз. Ажайып баткан күндүн нурлары аны биртоло өзүнө сыйкырлап салгандай... Анан да көз кирпикке, кирпиктер көзгө бийлик жүргүзүп жаткандай болду бейм. Ички үн аста шыбырады.

- Көзүңдү жумба! Жумсаң бул ажайып кооздукту жоготосуң. Жумсаң эле күн уясына кирип кетет. Алар менен өмүрдүн бир күнү да батып баратпайбы. Көзүңдү жумба!

Мына, кирпик менен көзгө кошулуп жүрөк да туйлап чыкты. Дене бойду майда тер каптап, кан тамырлар баш аламан жүгүрө баштады.

- Токто... Дагы бир азга токтоп турчу! Бүгүн бөтөнчө сулуу...

Оор тунжуроодон кийин Рахманкул хан өзүнчө дагы да күңк этти.

- Даагы батып кетти.

Анан өзүнчө кагынып алды.

- Сен каалаганда эле токтоп калса кана... Жашоо бир орунга турбагандай эле табигат мыйзамы да убакытты кууп бир орунга токтобойт. Токтобойт!

Бул ирет анын үшкүрүгү күндөгүдөн оор чыккандай болду. Байкашында күн санап анын үшкүрүгү күчөп бараткандай. Муну өзү да байкап жүрөт. Же, карылыкпы?.. Оор тунжуроо. Ушул тунжуроо кээде өзүнө да коркунуч алып келет. Неден сестенип, неден айбыга демин тартаарын да сезет. Эми моюн сунбаска арга жок экенин туйганда, саал ичи ачышып да кетет. Бул карылык! Кандай катуусуң! – дейт бушаймандана. Туйлаган жүрөктүн демин басып, өз бийлигиңди сен да колуңа алдың эмеспи. Оо, карылык, сенин да кереметиң күчтүү! Бирок болбой эле...

Рахманкул хан дагы да өзүнчө күңк этти.

- Карылык! Ээ, карылык! Кайкалаңдап сен да жонго миндиң ээ?

Ага ички үн кошулду.

- Карылыктын да өз дөөлөтү бар.

- Билем.

- Бирок мойнуңа дале алгың келбейт.

- Ал күчтөн тайганың...

- Оо, антип айтпа! Сенин опол тоодой күчүң элге кубат.

- Ошондойбу?

- Ошондой, ханым, ошондой. Али белди ийгенге эрте.

- Демек...

- Демек жондогу жүктөн кутулуу керек.

- Туура айтасың.

Рахманкул хан ичинен дымып саамга унчукпай калды. Ички үн аны ойлуу көздөрүнө тигилди.

-Береги көздөрдө не деген улуулук жатат. Карылык! Карылык эмне

болуптур?! Ушунча азап тарткан бизди карылык жеңмекпи?! Жоок! Биз жеңилбейбиз. Биз кылым карытуубуз керек. Тарткан азаптарыбыз үчүн кылым жашоого акылуубуз. Аз калды. Чыда! Баарына чыдадың, эми дагы бир аз чыдап бер! Буюрса жолго чыгабыз! Бизди мекенге деген улуу жүрүш күтүп турат.

Ички үн ээсине үмүт арта анын ойлуу көздөрүнө тигиле дымып турду. Айлана жым жырт. Ушул жымжырттын анын тээ Ооган Памиринде калган балалыгына жетелеп бараткандай болду.

Мына. Көз алдына балалыктын элеси тартыла түштү.

Ушул кечте Рахманкул хандын эсине тээ бир кездеги атасы Жапаркул миң башы экөө кан таламай ойноп олтурган кеч түшө калды. Апасы Апидебегим буларга кошула калды. Атасынын көңүлү жай кезде ар кечтерде ушинтип кан таламай ойношоор эле. Ал жокто энеси Апидебегим ойнотчу. Бүгүн Жапаркул миң башынын көңүлү жай. Тамактанып бүткөндөн кийин аялына шыпта илинип турган баштыкты алдырды. Баштыктын ичи кызыл тазыл, ар түргө боелгон толо чүкөлөр. Рахманкул такай чоңураактарын терип алып, анан тегерете тизип, - Булар бизди душмандан коргоп турган жоокерлер. Сакчылар! Бул жерде мен турам! – деп, тажабай ойноор эле. Аны көрүп энеси ичинен сүйүнүп, күйөөсүнө айтчу. Муну уккан Жапаркул миң башы уулунун зиректигине кубанчу.

Бүгүн баласынын көңүлүн бир көтөргүсү келип кан таламай ойногусу келди. Бул оюн алмуздактан келе жаткан кыргыз элинин салттуу оюндарынын бири. Канталамайды Жапаркул миң башы өзү бала чакта бир туугандары, атасы болуп көп ойношчу. Буларга Апидебегим кошулуп, үчөө абдан кызуу ойноп жатышты. Бир кезде Рахманкул атасына чоң кишидей тигиле суроо берди. Ошол кеч азыр да көз алдында даана турду...

-         Ата?

-         Эмне, балам?

-         Бул жерди көөп алтынга сатып алдыңбы?

-         Эмне дейт. Ким айтты аны?

-         Кишилер да айтып жүрүшөт го...

-         Кишилер айта беришет. Аларды укпа балам.

Күйөөсүн чоочуй караган Апидебегим уулун өзүнө тарта кучактап, бала

эмеспи дегендей башынан сылады.

-         Экинчи андай сөздү укпай жүр ээ? – деди Апидебегим.

-         Мага ошентип айтышпадыбы. Бир куржундун көзү толо алтын берген

дейт. Бул абдан көппү ата?

-         Сен кандай ойлойсуң? Көппү?

-         Көп да.

-         А, сен алтын эмне экенин билесиңби?

-         Кантесиз, атасы... – деп Апидебегим чоочуп кетти.

-         Сандыктагы көп томукпу? Билем ата. Чоң томпой... – деди кичинекей

Рахманкулатасынан көзүн албай.

-         Алтынды билсең, анда жашоодо анын кандай зарыл экенин дагы

билип, түшүнүп жүр балам. Кээ учурларда адамдын алтын башынан да ошол асыл таш бийик турган кездер болот. Убагы келгенде баарын билесиң балам.

-         Атакеси... бала жаш... анын баарын...

-         Чоочуба, апакеси. Эртең эле бой жетет. Жашоо эмне экенин, дүнүйө

эмне экенин, кантип жан сакташты эмитен билүүсү керек. Бу, дүйнөгө түркүк болгон эч ким жок. Баланын баарына алдын ала даяр болгону зарыл. Кай күнү, кай түнү басып кирип келишет белгисиз. Биз каапырлардан качтык, бирок өлүмдөн качып кутула албайбыз да. Не деген адамдарды көрүп жүрөбүз. Канча кылым мурун келгендерин өздөрү билишпейт. Дагы кыргызбыз деп коюшат. Тилдери да оогандарга ооп кеткен. Жүргөн кебетелери да оогандыктардай. Сакалдары сапсайып, түрлөрү да бузулган. Кыздарын оогандарга беришкен, оогандардан аял ала башташкан. Туулган балдар оогандардын санын көбөйтүп жатат. Мен элимдин минтип башка элге сиңип кетүүсүн каалабайм, Апидебегим! Мен жетпесем, менин мүдөөмө балам жетет. Баарыбыз бир мусулман калк экенбиз дечи. Бирок биз кыргызбыз, кыргыз бойдон сакталып калуубуз керек. Мусулмандыкты бийик сактообуз керек!

-         Ата, алар кайдан келишкен? Баары орустардан качкандарбы?

Качкындарбы?

-         Качкандары да бар. Бизден эки кылым мурда ооп келгендер да бар

экен.

-         Ата, кылым деген эмне?

-         Кылым деген жүз жашты карытканың.

-         Сен карытасыңбы?

-         Билбейм.

-         Менчи?

-         Сен карытасың! Карытасың балам! Кудай ошону буюрсун!

Баласынын сөзү дене башын дүркүрөтүп, ары чоочуй түшкөн

Апидебегим уулун бооруна кыса кучактап, шуу – шуу жыттады. Анан аста кулагына шыбырай, - Биз көрбөгөн сага буюрсун. Сенин тилегиң орундалсын. Сенин жолуң ачык болсун балам! – деди. Бул учурда баласынын мынча зиректигине таң бере Жапаркул миң башы бир ууч чүкөлөрдү оодара оодара калчап жиберди. Анан көпкө жайылып жаткан чүкөлөргө тигилди. – Баары кан турбайт да! Береги жашоо да так ушул жайылып жаткан чүкөлөрдөй. Бирде оң, бирде сол. Бирде...

-         Ата, алтынды кимге бердиң анан?

-         Эмне?!

Жапаркул миң башынын жанатан берки ойлору чар жайыт чачылып,

баласынын берген суроосу аны даагы чоочутту. Бирок сыр алдырган жок. Мындан бирдеме чыгат дегендей Апидебегимди бир жалт карап алды. Экөө тиктеше түшүштү. Көздөрү менен сүйлөшүп жатышты. Анан баласын эркелете башынан сылады.

-         Балам, сен дагы чоңой. Ошондо экөөбүз көп нерселерди бир

сүйлөшүп, бирге чечебиз. Жарайбы? Сен дагы чоңойгун.

-         Бул жердин баары эми биздикиби? Биздики болобу?

-         Сеники. Сеники болот. Сен...

Демейде баардык суроого шар жооп берген Жапаркул миң башы баласынын суроолоруна даана так жооп бере албай олтурду. Бала жаш. Баралына жеткенде жооп бербесе, азыр эч мүмкүн эмес. Ал аста даагы аялына карап алды. Ал дагы туура дегендей күйөөсүнө тигилди. Анан да томпой алтындарды кайдан көрүп жүрөт. Сак болуу керек дегендей аялына тигиле бергенде, бала неме эмнени билмек эле дегенсип, сандыкты ачканда колуна кармата койгонуна өзүн катуу күнөөлү сезген Апидебегим күйөөсүнөн айбыга уялып, ары тартына  жер карады. Жапаркул миң башы анысын айттырбай түшүндү. Баланы эч нерсе билбейт, байкабайт дейбиз. Бирок ошол биз эч нерсе түшүнбөйт деген бала керек болсо мамлекеттик сырды да ачып салаарын пенде билбейт. Кичинесинен тили карак, зээндүү Рахманкул элдин сөзүн угуп гана баладай басып кетпей, өзүнчө ой жүгүртөөр эле. Болбосо учурда жердеп олтурушкан береги Оогандын жерин куржундун бир көзү толо алтынга сатып алышканын кайдан билмек... Учурунда орустун командири солдаттары менен ушул алтын үчүн атасы экөөн тең өлтүрүүдөн баш тартышпаганын бул бала кайдан билсин... Ошол бир куржун алтынды бүт берген күндө деле аман – эсен калтырып, тынч жашоо беришээрине ким кепилдик бере алмак?.. Бу күндө айдалып Сибирдин кайсы булуңунда жүрүшмөк?..

Жердеги чүкөлөрдү кайра кайра жайылта өкчөп жаткан Жапаркул миң башы мына ушунун баарын ойлоп, суроолорго жооп таппай олтурду. Анын көз алдынан буту - колуна темир кишен салынып, шыйрак белден келген карда ач – жылаңач... жылаңайлак кетип бараткандары элестеди. Бир заматта көпчүлүктүн арасынан баласын аркасына арткан Апидебегимди жоготту. Кыйкырайын десе үнү чыкпайт. Баласын бооруна кучактаган Апидебегим жерде жатты. Анын чаң - тополоң түшкөн элдер тепсеп өтүп жатты. Туман. Эч ким да көрүнбөй калды. Катар тизилген солдаттар атканы жатышты. Бир солдат жүгүрүп келип мунун мойнуна арканды салды. Сыягы эми асканы жатышат окшойт. Баласы аялы кайда? Апидебегимдин чаңырган үнү угулду. Столбанын башында кичинекей бала асылып турат. Аябай карады. Жок мунун баласы эмес экен. Мунун баласы... Бой жетип калган го... Качып бара жатышат. Уулу элдин алдында жүрөт. Эл баштап, эл менен качты. Артында куугунчулар жүрөт.  – Кач! Кач! Рахманкул! Кач!!!

-         Байым, сизге эмне болду?!

-         Ата?! Сага эмне болду?..

-         Мен... мен... балам... Уулун кучактап калды. - Шүгүр!

-         Уфф! Жүрөгүм да түшүп калды. Неге анча чоочудуңуз?

-         Тек... бир нерсе... ар нерселер...

-         Эл – жерден кеткени кыйналып келесиз. Билем байым.

-         Мен... мен...

-         Сабыр керек. Сабырлуу бол! Башыбыз аман. Уулуң жаныңда.

-         Апидем! Апидем! Апидебегим!!!

Аялы менен баласын бооруна бекем кучактаган Жапаркул миң башы өз оюнан чоочуп көпкө өзүнө келе албай турду. Баардык жерге колу буту жеткен орустар мында да кирип келчүүдөй жүрөгү күмөндөнүп тургандай болду. Анан ошол эле замат уулунун эл менен качып баратканын эстеп, буюрса эч кимге карматпайт экен деп, жакшылыкка жооруп койду.

-         Элдин алдында баратты. Эл баштап баратпадыбы...

-         Мунусу Алланын буйругунан аян! – деди Апидебегим.

-         Шүгүр! Шүгүр!

Элди жүз киши бийлеши мүмкүн, бирок элдин жүрөгүнө барчу жолду баарысы эле таба бербеси да айдан ачык. Жапаркул миң башы алдын ала көрөгөчтүгү, билермандыгы, элди колго ала билгендиги менен баарынан жогору турган. Болбосо муну менен бирге не бир төбөлдөр, хан, бийлер бирге чыккан. Жапаркул миң башынын ашкан улутчулдугу, мусулмандыкты катуу кармагандыгы эл – жерден качканга түрткү болгон эмеспи. Ал улутту, динди, тилди сактайм деди. Ананда ал эч бир бийликтин алдында баш ийгиси келген эмес. Бул мүнөзү, баатырдыгы тээ мурун Кокон ханы Кудаярдын хандыгынын алдында миң башы болуп турган чакта даана билинген. Кудаяр хан мунун так ушундай ар иштин көзүн даана билген, антка бекем, катуу да, катаал да эрдигине өзгөчө баа берген.

 

...Убакыт... мезгил... жашоо...

Деген менен адам баласы бир кызык эле жаралган жанбыз да. Бир карасаң бир жерге турбай туйлайбыз. Анткенибиздин себеби бу жаштыгың түбөлүктүүдөй сезилет тура кургур. Анан жашың жоргонун башын күзгө бура бергенде... карылык келди деп ыйламсырайбыз. Ооба, бул чындык. Бирок күз береке да! Андыктан жаштын толуп, болуп турганы да карылык эмеспи. Акыл - эстин, ал тургай кеменгерликтин, көрөгөчтүктүн толгон чагы мына ушул карылык да! Анда биз неден сестенип, неден коркушубуз керек? Карылык Теңир берген жаштын берекеси да! Бул карылыкты да Жаратканым баарына эле ыйгара бербейт. Карылыкты көрмөк тургай, жарык дүйнөнү толук көрбөй кеткендер канча? А, такыр эле көрбөгөндөрчү?! Оо, тирүүлүк сага урмат! Сага сый! Береги асыл жанды жетимиш белден ашырган, сага таазим!!!

Балалыгы, жигиттик доор! Эми минтип карылыктын дооруна өттү. Оо, карылык! Сага ачууланган эч ким жок. Тек гүлдөп турган жигитчиликтин доорунда, ошол оттон суудан кайра тартпай турган өрт жаштыктын доорунда... - Баары аткарылганда эмне?! – деп, береги калдайган караандын, - Жетишпей каламбы?! – деп, кейип турганынан айттым. Эч нерседен кайра тартпаган эр эле го. Эми минтип, - Туткунуңа түштүм сенин карылык! – деп, сени жеңе албай турганын байкадыңбы. Жеңгенде не кылмак, артка жол жок да. Сени ким жеңсин. Эч ким жеңе алган эмес сени. Бирок, сага жеткендин өзү бактылуулук эмеспи. Билгенге ошол зор бакыт!!! Оо, карылык! Ырасында бакыттын бири сенсиң! Береги турган Рахманкул хан да бактылуу жандын бири. Анткени сага жетип, сени менен жетелешип келе жатат. Ондогон бала – чака, неберелерди көрдү. Мунун өзү канчалык бакыт?! Теңир берген өмүрдүн ырахатын көрүп, суусун ичип, сени менен жетелешип бир басуунун өзү канчалык ырахат!

Алыстан алыстан күңгүрөнгөн үн чыккандай болду. Бул карылык эле. Ал Рахманкул хандын кабак башына тигиле сынай караган көздөрүн ирмебей тике маңдайлаш олтура кеткенсиди. Анан кантсин. Карыдык деген сайын майышып кетип жатпайбы бечара.

 

Карылык! – деп,

Какпа пендем бул доорду.

Карылыкка жетпей,

Канча жандар күм - жам болду.

Бешенеңе,

Жазган экен Теңирим.

Даамын татып,

Көрүп калдың керемет – Доорду!

Керемет! – деп,

Баса айтып жатканым.

Ушул доордо,

Элди элиңе баштагын.

Мына ханым,

Келди убакыт сапарга...

Ишке ашыргын,

Жапаркул атаң айтканын.

Анан дагы,

Такыр эстен чыгарба.

Ала – Тоодо элиң күтүп жатканын!

 

Көктөн карап,

Ак батасын берет атаң.

Жолуңа,

Ак жоолугун төшөйт апаң.

Тирелишкен,

Улуу Памир тоолорун айт.

Ийилишти,

Болгон жок! – деп, бизде катаң.

Көп кармалба!

Улуу жолго чыккын деди!

Сенин күтүп,

Карып барат кыргыз жери.

Баарын дебейм,

Бир экисин көрүп калгын.

Бирге өскөн,

Бабаларың, атакеңдин теңи.

 

Эңсеген жүрөк,

Демин шондо басса дейм.

Бүт арманы,

Кубаныч даамын татса дейм.

Хан атанын,

Уул – кыздары болот деп.

Тукумуңду,

Улуу тарых айтса дейм!

Кылымга тете,

Элине жетпей зарладың.

Хан тукумун,

Ырасы тарых тапса дейм!

 

Рахманкул хан кечки абадан кере кере дем ала алыска тигилди. Анын көздөрү ойноп кетти. Анын көз алдына муну атка өнөрүп бара жаткан Жапаркул атасы элестей түштү. Балалык! Атасы атка өңөрүп баратты. Аппак боз үйдүн алдында энеси Апидебегим турду.

- Атам! Энем! Силер барда кетилбеген зоо элем! Зоо!

Ички үн аны колдогонсуп ары аяп кетти.

- Оо, зоо болбой анан. Атаң менен энеңдин маңдайында өткөн

өмүрүң зоону да жиреп турат эмеспи. Билем. Балагыңды ойлоп турасың. Сен бир топ жаш элең. Тоолуу таза аба, кең Мургабда туулган эл элеңер. Анан... анан...

- Баштан не деген тагдырлар өттү. Не деген жерлерди кездик. Мен

силерсиз көптү көрдүм. Оор болду. Абдан оор. Бирок башка келген тагдырдан эч кайда качып кете албайсың. Баарын көрдүм ата. Чыдамкай бол дечү элең, баарына чыдадым эне. Мен силерге ыраазымын. Катаал турмуш бизди каалагандай чайкады. Топоздор чыдаганбаган Памирдин суугу, чымын чиркей, мээ кайнаткан ыссык, ары жагымсыз, бизге бейтааныш климаттагы Пакистан... Кумурскадай быкылдаган Кытайды айтсаң... Эми минтип акыры шартка ылайыктуу деп, мында отурукташып калдык.

Жанатан аяп турган ички үн эми бурк этти.

-Мында эле жыргап кеттикпи? Чек арада турабыз. Тиги Куттар

менен Түрктөр чабышпасын. Эгер бир ортолорунда жаңжал чыгып, эки экиден чабышып кетишсе биринчи атылган ок бизге тийээри да айдан ачык.

Рахманкул хан бырс күлүп жиберди.

Ал баарын салмактап түшүнүп турат. Мында келгенде эле баарын билип, сезген. Чек ара деген чек ара. Күмөн ойлор чоочугандай эле чатак чыкса биринчи ок башына тийээрин да сезет. Мал – жанга ылайыктуу деп өзү макул болгон да. Эгер ошол убакта шаардын так ортосунан бергенде, бул убакка чейин он жылдын аралыгында бирден бирден бириндеп, ким калат эле мында. Пенде деген пенде. Шаар деген шаар. Пендеге таасирин тийгизбей койбойт. Анын үстүнө баш оту менен соодага кирбеген соң, быкылдаган шаардын жашоосунан алысыраак, таза аба, таза жер дегендей мында тургандары деле жөн. Малга көнгөн эл кантип тирлик кылмак. Мейли бирин серини соода сатык менен аралашып кетмек, а, калганычы? Бириндеп, көрүнгөндүн эшигин шыпырып калышпайт беле. Чачырап кетишмек да. Мунун баарын Рахманкул хан кантип ойлобой койсун. Буга да шүгүр! - деп күн кечирип келишет.

Ырас эле, деген менен адам баласы чыдабаган нерсе барбы. Айрыкча буларга окшогон качкындар. Оо, тууган жер! Бирок сага жетмек кайда?! Бул жердин дыңылдап учкан чымыны да чоочун. Кенен басканың менен, ар убак ийненин учунда олтургандай болосуң. Ар убак өзүңдү убактылуу келген коноктой сезесиң. Сестенип турасың. Жоголуп кетүүнүн түркүн түстүү амалдары курчагансыйт. Сүр көрсөткөнсүйт. Белгисиз күчтөр алаңдатып сүр көрсөткөнсүйт. Жаңы замандын таасирлери жаштарга кантип тийбей койсун. Жакшы жагына макул, ал эми жаман таасир тийгизчү жактары да жок эмес да. Жашоо ошол үчүн жашоо. Түркүн түстүү сырлары менен сыйкырдуу. Жаштарды уяттуу өссө дейт. Ар биринин тагдыры тынчтык бербей келет. Ошол үчүн эл атасы да.

Мына бул жердин баары Ван өөрөнүнө кирет. Улуу Памир деп атап алышкан. Түрк мамлекети буларды катоого алганда, - Куттуу эл болсун! – дешип, баарына бир тегиз Кутлу деген ысымды берген. Малга да, жанга ылайыктуу шарт түздү. Минтип үйлөрдү салып, киргизип коюшту. Шүгүр! Шүгүр! Шүгүр эмей анан. Мунусуна да ырахмат. Ким эле ошол кезде баарун ачып тосуп алды. Пакистанда ооруу – сыркоодон үч жүздөй кишиден айрылган эле, эми Кудай сактасын. Оокат өтүп жатат. Тигинде Ван көлү. Балдар кайдан билсин, Көл десе, - А, биздин Мургабдын сууларычы... Бийик тоонун чокусундагы көлдөр менен булактарчы... – дешип жашы жеткен аксакалдар ичтеринен тынышат. Жок! Жок! Унутпай калышсын. Баары эстеринде. Ата – энелери эстерине куйган да. Баары, баары көкүрөктө тарых болуп турат. Ана, береги караан да Ван көлү тарапка тигиле бала кезде көргөн Мургабдын сууларын эстеп турду.

Ушуну гана күтүп тургансып ички үн даагы күңк этти.

-         Аз болгондо Аляскага да кирип кетмекбиз да...

-         Башка жерлерге караганда бул жердин шарты, абасы, суусу, мал –

жанга ылайык келген аймак... Элге да жакшы болот. Эми биздин Мургабка жетпесе да жашоого болот. Болот дегеним, көздөн учкан Мургабка, мекен энебиз Кыргызстанга качан жетээрибиз да арсар. Мен көрбөсөм да балдарым, алардын балдары көрүп калса... Кээде Мургаб! Мургаб! – деп алып, ошол Мургаб кандай болду экен деп да ойлонуп кетем. Ал кезде мен да бала эмес белем. Баары ата менен энемдин айтканы менен көкүрөккө сиңип калды. Мен болгону ойноп жүргөн көк жайыкты такыр унутпайм. Атам атка өңөрүп өтчү чоң суу эсимде. Анан... анан... Каап... Кылымга жакындап баратат баары өзгөргөн чыгаар. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы! – деген. Кимди ким көрүптүр дегендей, бизди анда эстегендер болду бекен? Бар бекен? Деген менен эстөөчүлөр калды бекен?! Бабалардын баары өткөндүр. Мүмкүн бабадан балага калган жомоктой, - Мындан ооп кеткен качкындар бар. Бир заман болот. Ошондо мында кайрылып келишет! Эстей жүргүлө! – дешип, бизди айтып кеткендер болгондур. Мүмкүн орустардан коркушуп, бизди такыр ооздоруна алышпай коюшту бекен? Андай кантип болсун. Анткенде биз жоголгон элдин катарына кирип калабызбы? Жок! Жок! Андай болуусу эч мүмкүн эмес! Бизди да анда күткөндөр бар. Эл бар, журт бар! Алар бизди күтүп жатышат. Көрүшөбүз! Мен көрбөсөм балам көрөт! Кызым көрөт! Элим көрөт! Небере – чөбөрөм көрөт!

-         Буюрса көрүшөт. Сен үмүт үзбө!

-         Ким билет? Мен эмнегедир чоочугансып турам да...

-         Теңирден тилене бер. Теңир билет. Жаратканым...

-         Киндик кан тамган жерге, аркамдан ээрчип келген элим жетсе

дейм. Оо, Жараткан менин кан какшап тиленген тилегимди угаар бекенсиң?.. Балдарыма, элиме жакшы жашоо бер! Мен... мен... Өмүр! Өмүр! Кылым ашып берсең кана?!..

Ички үн ой – кыялы менен алдастаган Рахманкул ханга боору ооруй тигилди.

-         Неге таскагыңды жайлатып калдың? Чарчадыңбы?

Рахманкул хан даагы да бир топко тунжурай түштү. Анан көзүн бекем

жуум бир топко дем албай турду. Элес... элес... Балалык! Атасы атка өңөрүп баратты. Аппак боз үйдүн алдында энеси Апидебегим карап турду.

-         Балам! Акырын жыгылып кетпе. Атасы абайлаңыз...

Ушул элес аны ар убак ээрчип келет. Ошол эле учурда ушул элес менен ата – энесине болгон сагынычы таркагандай болот.

-         Энекем! Асылым, энекем! Энекебайым!..

Рахманкул хан бир керилип жаткан тоолордон көзүн албай турду. Ички үн анын түткүлөгөндөй болду.

-         Билем, билем. Чарчадың. Сен экөөбүз көрбөгөн эмне калды.

Баарын көрдүк. Атаң атка өңөрүп Мургабтан чыкканда сен болгону төрт беш жашта элең. Заматта чаң – тополоң түшүп жатып калышты...

-         Атакем... Менин да эсимде... мен...

-         Сен анда эмнени билип, эмнени туюпсуң. А, мүмкүн... атакең

менен бир чоң жыйынга, же бир жакка меймандап бара жатам дегендирсиң. Кайда барбасын, кайда болбосун жанынан чыгарбай атаң сени өңөрүп алаар эле. Чүкөдөй болуп аттан түшчү эмессиң. Бирок бул сапар тойго жөнөгөн жоксуңар. Бир ууч элди артынан ээрчитип, атаң Жапаркул миң башы түн жамынып, туулган жерди таштап, орустардан качып чыкты. Сен эч нерседен кабарың жок Апиде энеңдин жонунда таңылуу уктап кеттиң. Кандай коогалаңдуу түн болду ошол түн...

-         Ал түн менин да эсимде. Кантип унутуп калайын.

-         Бир заматта элдин баарын дүрбүтүп, каапырлар...

-         Энекем далбастап мени аркасына бекем таңып алды.

-         Антпесе ар кандай болушу мүмкүн эле да.

-         Атаң Жапаркул миң башы кыйын киши эле да.

-         Атам...

-         Ал күндү эстебей эле туралычы.

-         Аның да туура.

-         А, сенин Ооганстанга кайра келгениң да эсиңдеби? Ооганстандан

кетип жатканда, кайра кайтпайм дедиң эле... Ээ, адам баласы...

-         Албетте. Менин эсимде баары бар. Баары буйруктан тура. Ат баспайм деген жерин миң басат деген тура... Артта калган жерди кайра бастык.

Демек тагдыр! Тагдыр!!!

Тобокелге салып баскан – турган жер деп, жашоого мүмкүн болбогундуктан ошол жылы Кытайдан кайрадан Ооганстанга кайтышты.

Мына келгендерине бир топ да болуп калды. Баягы эле көр тирлик. Ошол жылы булар отурукташкан аймакка киши бою кар жаап салды. Жеткени жаман кара боз үй, алачыктарда, жетпегени таш короолордо жашап жатышты. Өлүм житим көп. Малдар кырылды. Туулуп, туулбай балдар өлүп жатат. Төрөттөн өлгөн аялдардын саны көбөйдү. Эл жан далбасын таппай алактап калды. Жалаң эт менен жашоого кантип болсун. Тамак – аш, майда чүйдөгө Кабулга барышат. Барган келгениң бир жумалык күн. Белден жолдон тонолуп, тоноп, дегендей... ит көрбөгөн кордук ал жолдо жатат. Бир таман жолдон учат, каракчылар жолунан тутат. Мына жашоо! Негизи эле жашоого ылайыкташтырып кыш, жай, жаз деп көчүп, конуп, маал маалы менен жер которуп турушпаса топоз - төөдөн башка жандык чыдабаган бул Памирде адам баласы тим кырылып калгыдай. Күн жылыганы төмөнгө түшүшкөн. Бул жер жогору жактан бир аз да болсо жылуураак. Элдин аягын отурукташтырып, мал жанды жайгаштырып, жашоо өз нугуна бир аз да болсо түшкөндөй болду окшойт. Тамак – аш, майда чүйдө апкелгени, соодага Кабулга кеткендердин жолун карап турган Рахманкул хан, - Буга да шүгүр! – деп, ошол замат таш короого малын киргизип жаткан жигит көзүнө урунду.

Бечара! Бечара... Буга такыр бала турбас болду. Бала дейин десе, бир эмес үч ирет үйлөндү. Алган эле аялы төрөттөн өлөт. Биринчи аялынан калган бир уул, бир кызды кучактап бул олтурат. Шорго жаралган жан белең... Ошол заматта жакын жердеги кара алачыктан чыгып кирип жаткан кара келинди кечке карады. – Бул дагы айрылды... Биринен сала бири кетет. Бу не шумдук?! Мында бир дарт бар. Эри да кечээ жакында жигиттер менен Кабулга тамак – аш алып келгени кеткен эле, келатып жолдон каза болуп калды. Кырсык бир жармашса чыкмагы азап деген ушул окшобойбу. Бала да жок, эр да жок. Кечке карап олтурган Рахманкул хан кара келинди тигил аялы токтобогон жигитке үйлөнтүп коюуну туура көрүп, ичинен чечти. Мунун айтканы айткан, дегени деген эле. Мындай болбогон күндөрдө да айылдагылар кыз алуу, кыз берүүгө келгенде хандары менен акылдашып, макулдугун, ак батасын алышып анан иш кылып калышкан. Бул жөрөлгө салтка аланып кеткендей. Хандын батасын алдык дешип кубангандарычы.

Ошол тапта боз үйлөрдүн биринен чака көтөрүп чыккан кызга көзү түштү. Бул эркек деген эркек да. Рахманкул хандын жүрөгү ойноп кетти. Кечке кыздан көзүн алган жок. Эмнегедир кыз өзүнө азгырып туруп алды. – Толунбиби не дээр экен? – деген суроо келе түштү. Аял эмеспи, бир аз кызганып, ыйлап – сыктап макул болоор. Деген менен өзүнүн айтканы айткан, дегени деген болоорун билип турса да, эмне дээр экен дегендей, Толунбибисин кыйбай турду. Кыз боз үйгө кирип кетти.

Кайрадан ой басты. Бая мал жайгарып жаткан жигит даагы көзгө урунду. - Жолдо айрылгандардын көөдөндөгү күйүттөрүн кантип басасың? – деди өзүнө өзү суроо берип. Чаташкан ойлор. Жоопсуз суроолор... Бир кезде, – Бул дүйнөгө устун болгон ким бар. Баары кетет. Баарыбыз кетебиз! – деп алды акыры өзүнө. Анан оор дем менен даагы бир силкинип алды. - Бирок жарыкчылыкка жаңы келген перзенттер жашаса болбойт беле... Ээ, Жараткан! Бешенеге жазганың ушул беле? Жаргылчактын ташындай береги керилип жаткан Памир тоолорун айланып жүрө берет окшойбуз го... - деди ичинен Рахманкул хан бириндеп жаткан айылга тигилип. Бирок бул да мүмкүн эмес эле да. Учу кыйрына көз жетпеген Памир тоолорун анча айланганга бир өмүр жетээр бекен? Кайдан жетмек?.. Бул бир түбү жок кыял да. Чет жакасын жайлап эле элди кырып албай аман турсаңчы... - деди тоолордон көзүн албай дагы да өзүнө өзү.

Памир... Памир...

Сенин тарыхыңды Жапаркул атам айтып берээр эле. Сенин ичиңе тереңирээк киргенди эзели таап болбойт дээр эле. Шек санаган учурлары да болчу. Мүмкүн ырас эле, атам айткандай сенин койнуңдун тереңинде да бизге окшогон миңдеген качкындар жашап жатышкандыр... Ким билет. Аны бир Жараткан өзү гана билбесе... Алар не болушту экен?

Ушул учурда анын көз алдына атасы менен жүргөн кездер тартыла түштү. Кайдан келгендери да белгисиз, мекенсиз элдер. Мекенин эңсегенден эчак калган, бөтөн элге сиңип бара жаткан элдер. Ушулардын деги бирөө жарымы бизге окшоп мекен жайын, туурган жерин көксөйт болду бекен? Антишээри да табышмак. Көксөгөндөрү көк түтүн болуп, туулган жерлери көздөн учуп эчак бул дүйнөдөн өтүп кетишкедери качан. Эки кылым не деген убакыт.

Убакыт... мезгил... Оо, бир заман деген ушул да... Аң уулаган кездерде жолдон белден жолуккан белгисиз адамдарга атам шектүү караар эле. Бир караганда бизге окшош адамдар ар кайсы жерден жолугат. Жашоо тирликтери, кийген кийимдер, чала тилдери окшош келгендери менен, бирок тилдери оогандыктарга бурула башташкан. Кээси гана бизге анча – мынча окшошконсуйт. Булардын мында кайдан келгендери да белгисиз. Сыягы кылым ашты дешет. Билгендери эчак бул дүйнө менен кош айтышкан сыяктуу. Бирок кыргызбыз! Оо, бир замандарда келгенбиз! – дешип ооз көптүрө сүйлөшсө карап туруп не айтаарыңды да, не ойлооруңду да билбейсиң. Андай болгондо кыргыздар бизге чейинки мурунку кылымдарда эле эл, жерди таштап туш тарапка качууга мажбуур болушканбы? – деп, Рахманкул хан ой кыялдын аягына чыга албай көккө тигилди. Көктөн жооп күткөндөй болду. Көк мелтиреп турганы турган. - Не себеп болду экен? Аларды жеринен кетүүсүнө кимдер себеп болушту экен? Жер, суунун табышмагындай эле булар да бизге табышмактуу. Бир учурда бул суроолорго эч жооп албасын сезгендей ичине улутуна, анан белгисиз адамдарга боору ооругандай оор улутунуп жиберди.

Табышмактуу адамдар... табышмактуу тагдырлар... Бул жашоонун өзү табышмак! Асмандагы каалгып бараткан булуттарга тигиле бир топко тунжурай түштү. - Биз не болобуз? Бир кылымдан кийин биздикилер не заманды баштарынан өткөрүшөөр экен? Анда мен боломбу? Ошого жетемби?! – деп, кайрадан сызып бараткан булуттарга тигилди.

Адам баласы сезип, билбеген бул тирүүлүктүн баары шектүүдөй. Албетте шектенесиң. Рахманкул хан мунун баарын бекер ойлоп жаткан жок да. Жерден боорун көтөргөнү өтө чыйрак, куйма кулак, бир көргөнүн кылым унутпаган Рахманкул хан так ушул чакта өзүнүн гана эмес, бала кезде кезиктирген бейтааныш элдерди ойлоп турганын кара. Алардын тагдырына жүрөгү ооруп турду. А, өзүчү? Өзү эртең эмне болот? Мунун алдындагы жашоо тирлиги да табышмак да... Кандай болот? Көр тирлик кай тарапка жол көрсөтөт? Жол көрсөтүп эле тим болбостон, жашоо тирлик жүрүп кетсе десең... Ырасында эле ошолор не болушту экен? Менкенге кайтыштыбы? Же, дале Памир тоолорунун ичинде күн өткөрүп жатышабы? Бул кезге дейде бир топ көбөйүп калышкандыр. Же, кырылып жок болуп кетиштиби? Мүмкүн Ооган элдерине сиңип кетишти го...

Рахманкул хан дале бейтааныш “кыргыздарды” ойлоп кирди.

-         Азыр да бар болушту бекен? Же Мекендерине кайтышты бекен?

Анан да бир тобунун жашаган аймактары табышмактуу. Алар кайдан келип, заматта из жашырышып кайда кирип кетишти? Кимден коркуп, кимден сактанышат?! Памир тоолору аларды кайсы коктусунда жашырып турат? Муну да атам көп ойлоп, көп айтчу эле. Атам кыраакы киши болчу. Мүмкүн баарын билди. Кээси биздикине келип калышчу эмес беле...

Ал жообу жок суроолорго сүңгүп кетти. Баары эсинде. Бул тургай энеси Апидебегим да шектенип атасынан сураган эле да.

-         Байым? Береги баскан жерлердин баарысынан бизге чала окшош элдер

чыгат.

-         Аа...

-         Кыргыздарбы?

-         Кыргыздар.

-         Булар мында кай заманда келишкен?

-         Белгисиз. Бири айтат бир кылым мурун деп, бир эки кылым дейт.

-         Ошончо жылдар...

-         Так билгени жок. Бул жакка аралашып кетишиптир.

-         Канча муун өттү экен?

-         Ата, мүмкүн булар да Мургабдан келишкендир?

-         Мүмкүн балам. Бирок өзүлөрү да билишпейт.

-         Аталарычы? Чоң атасы да билбейби?

Жапаркул боз үйдү жаңыртып каткырып жиберди. Ага кошулуп

Апидебегим күлдү.

-         Неге күлүп жатасыңар? Магабы?

-         Жок. Адашкан кыргыздарга!

-         Байым...

-         Тамаша кылам апасы. Уулуң тигилерди ойлоп жатканынан...

Кичинекей Рахманкул экөөнө суроолуу тигилди. Баласына жоопту туура

беришти ойлой калган Жапаркул күлкүсүн араң тыйды.

-         Ата, неге күлдүң?

-         Күлгөнүм жок балам. Ичим өрттөнүп турат. Кайдан күлмөкмүн.

-         Ата, булар кантип келишти анан?

-         Балам, булардын бабалары да биз келген Кыргызстандан келгендерин

айтышат. Бирок дааны, так эч кимиси айта албайт. Сен сураган чоң аталары, бабалары да дүйнөдөн өтүп кетишкен экен. Сен айткандай, мүмкүн менин Мургабымдан. Ким билет...

-         Менин Мургабым! Менин!

Жапаркул миң башы аялы экөө тең бир топко тигиле унчукпай калышты.

Анан жүрөгү жылый уулун өзүнө тартты. Апидебегим жашып жиберди.

-         Сенин Мургабың! Сенин! Оо, Теңир! Насип кыла көр.

-         Кантет. Ошого да ушинтесиңби. Кой антпе.

-         Мен бизди ойлоп...

-         Баары жакшы болот. Мекенге кайтабыз десек кайраттуу болуш керек.

-         Тигилер эки кылымдан бери мындабыз десе...

-         Ата, анан булар жерин таппай калышабы?

-         Мүмкүн... мүмкүн...

-         Неге мүмкүн?

-         Береги тентиген заманда баары мүмкүн балам.

-         Биз келген жол менен бара беришпейби?

-         Ай балам, ай. Кудай сага амандык берсин.

Апидебегим жүрөгү элжирей уулуна тигилди.

-         Сен кече аларды, - Мекендерин билишпейт! - дедиң го...

-         Муну уктуңбу, апасы? Мекен! - деди. Менин балам Мекен! - деди.

Насип берсин деп тиле энеси. Уулум буюрса кайра кетчү жолду табат. Оо, Жараткан! Тилекти бер! Оомийин! Алдыдан не тагдыр күтүп турат. Бирок, менин балам мени Мекенге алып бараарына ишенем. Ошол күндү буюргун тагдыр. Буюргун Жараткан!

-         Сиздин бала да, байым. Оомийин!

-         Кара балам. Эми мени уккун. Улуу Памир, кичи Памир, орто Памир...

Бул Памир тоолорунда эле канчалаган сырлар жатат. Биздин жанды алып калчу да Памир!

-         Памир... Памир...

-         Ооба, Памир! Памир эбегейсиз, учу кыйры көзгө илинбеген бир чоң

аймак. Чоң бөлүмү Таджикстанга карайт, бир бөлүмү Кытайга карайт, кичи бөлүмү Ооганстанга карайт. Булар Кыргызстандан эки кылым мурун келгенбиз дешет. Кимден качты мен билбейм. Өзүлөрү да билишпейт экен. Жана айтпадымбы, билгендери эчак дүйнө салып кетишкен. Бирок бир учурда булар да Мекенин табышат.

-         Биз неге мында келдик, ата?

-         Неге качып жүрөбүз? – дегени турасыңбы.

-         Биз Совет өкмөтүнөн, орустардан качтык да ээ?

-         Туура! Туура!

Селт эте түшкөн Апидебегим жалдырай күйөөсүн карады.

-         Туура, балам! Биз Советтерден качтык! Жапаркул миң башы кабак

кашын ирмебей тик карап турган уулуна тик жооп берди. Бала эмеспи, айтпасаң болмок дегендей Апидебегим күйөөсүнө тигиле анан жер карап калды. Анан эл – жерине болгон сагыныч кусасы муунта, көздөрүнө жаш айлана түштү.

-        Бала билсин. Билгени жакшы байбиче.

-         Жаш эмеспи. Анан да... Апидебегим уулун аяй карады.

-         Жаш эмес. Эмитен кулагына куйбасаң тигил элин - жерин унутуп,

тилин - дилин жоготкондордун катарына кирип кетет. Эмитен билсин. Биздин Мекен бар балам.

-         Мен унутпайм! Менин Мекеним бар. Элим, Мургаб! - деп айтам.

-         Унутпа! Унутууга сенин акың жок! Сен кыргызсың балам! Биз тоолуу

Бадахшандын Мургаб өрөөнүн жердеп келгенбиз. Ата – бабаң жердеп келген. Жети атаң өткөн жер! Биз Мургабдан Кытай Памирине анан Ооганстанга өттүк. Бул жер Оогандыктардын мекени. Сеники тиякта, алыста алыста калды балам. Баскан жериңди тактап жүр! Элим! Жерим! - дебеген эр болбойт. Кайсы убак болбосун Ата Мекениң, киндик кан тамган конушуң сени күтөөрүн унутпа! Унутпа балам! Көп кыйынчылыктар болот. Баарын бир көрөбүз. Көрбөскө чарабыз да жок.

-         Атасы...

-         Мени кечирип кой Апидебегим. Мен...

-         Сиз кайраттуу болушуңуз керек.

-         Билем Апиде. Билем.

-         Ата, сиз неге ыйладыңыз? Мекениң сагындыңбы?

-         Сагындым, балам. Сагындым. Сен да сагынасың. Келчи бери.

-         Балам, атаңа барчы.

Күйөөсүнүн кабыргасы кайышып турганын көрүп Апидебегим ичинен

сыздап жиберди. Бүтүндөй эл күйөөсүн карап турганын сезгенде чыйрала түштү. Аста оордуна тура күйөөсүнүн жанына ыктай олтуруп, башын анын көкүрөгүнө сүйөдү. Дагы да кайрат айткысы келди. Бирок жашка мууна оозунан сөз чыкпады. Экөө үнсүз тиктеше түшүштү. Анан кайратын жыйып: - Жаратканым сиздин жаныңызды аман кылсын атасы! Аман кылсын! – деп, жылмая тигилди. Ушул тапта нелерди ойлоп турган Жапаркул миң башы Апидебегимдин жалжылдаган көздөрүнө тигиле, - Мен силерди эч качан кор кылбайм! Силерге жаным курман! Жаным курман! – деп жиберди.

 


Экинчи бөлүм


Рахманкул хан дагы бир ирет батып бараткан күнгө тигилди.

 - Күн жарыктык бүгүн бир бөтөнчө батты. Нурларын карачы. Батып кетти ээ... Неге мынча тигилдиң?..

 Ал кыймылынан жазбай ичинен тына оор үшкүрүп, жаш баладай дагы бир умсунуп, өзүнчө күңгүрөнүп алды. Бул адаты анын ички дүйнөсүн толуктап тургандай болот. Деген менен жан адамга оңой менен сыр катпаган жан баардык сырын табигитка айтат. Табигат менен сырдашып, табигат менен муңдашат. Орчундуу маселелерин да табигат менен чечет.

 

Жети өлчөп бир кес дегендей, сырдашы табигат менен баарын бышырып, анан ортого салат. Өзү жумшак болгону менен, буйругу катуу мындай жан оңой менен жарыла бербеси да анык. Айтканы айткан, дегени деген. Бир сөздү эки кайталабаган Рахманкул хандын бул мүнөзүн айыл аксакалдары бала кезинен байкашкан эле. Ошондуктан муну хан көтөрүп жатканда бүтүн айылдан бир жан каршы чыккан жок. Элди өлтүрбөй аман алып кетээрине атасы Жапаркул миң башы ишенгендей эле баары ишенишкен. Ошол кезден мына ушул кезге дейре миңдеген жан муну чоң үмүт менен ээрчип келишет. А, Рахманкул хан ошол жыйырма беш жашта мойнуна алган ишеним жүктү канчалык жооптуу да, кооптуу да экенин сезген жан.

 

Кылкылдаган Күн ажайып нурун чачып, болбой эле уясына кирип кетти. Жок ал чөгүп кеткендей болду.

 

-Кайра чыгаар бекен?..

 

Ички үн ага кошулуп тыбырчылап жибергендей болду.

 

-Албетте чыгат. Ал өз мейкиндигинде өз өмүрүн сүрүп, таңга дейре

 

Улуу түнгө кезегин узатып уясына батып баратат да. Эртеңки таң менен албетте кайра чыгат. Чыгыштан батышка, кайра чыгыштан батышка. Ар күнү ушул. Анын сапары эч карыбайт. Кылымдан кылымга өз жолу менен, өз мейкини менен сүзүүдө. Анын мыйзамы ченемсиз да. Биз гана... Биздин өмүр! Адам баласынын өмүрү гана чектелүү. Ал береги Күнгө окшоп бүгүн батып, эртең кайра жаңырып атпайт. Батканың... бул тирүүчүлүккө кош айтканың. Кеттиң, кайра артка жол жок!

 

-         Каякка дейсиң?

 

-         Артка дейм.

 

-         Аа...

 

-         Батып баратпайбы...

 

-         Ооба. Батып баратат. Батып кетти.

 

-         Батып кетти.

 

-         Биз да батабыз. Аз калды...

 

-         Жок. Мен антип айтайын деген эмесмин.

 

-         Мага толуктоонун эч кажети жок.

 

-         Өмүр...

 

-         Өмүр эмне экен?!

 

-         Мен...

 

-         Билем. Биз батсак, өмүрдүн да күнү батат да...

 

Рахманкул хан батыштан көзүн албай көпкө тынып турду. Бу сапар жүрөгү кысылып, аба жетпей деми буулгансып баратты.

 

                    Өмүр! Өмүр...

 

Сапарың сенин ченелүү,

 

Кеттиң, кайра кайтпайсың.

 

Теңир берген бул жашооңдун,

 

Канча экенин айтпайсың.

 

Ачуу – таттуу, ыза – муң,

 

Баарын тартат кул пенде.

 

Тирүүлүккө устун болуп,

 

Калган эмес бир пенде!

 

Максаттарга жете албай,

 

Өтүп кетти оо, нечени...

 

Мен да эстейм ар күнү,

 

Баскан жолду кечеги...

 

 

 

Куттуу жерден чыга бердик,

 

Каапырлар бизди аткан кезде.

 

Жер котордук далай ирет,

 

Жекелеп душман баскан кезде.

 

Туулган жердин абасын,

 

Искеер күнгө жетемби?

 

Же арманым ичимде,

 

Күйгөн бойдон кетемби?!

 

Атам баштап чыккан элдин,

 

Далайы жетпей бу күнгө.

 

Армандары баштан ашып,

 

Кете берди ар ар күндө.

 

Жериме жетип, - Өнөм! – деген,

 

Элиме жетип, - Өлөм! – деген.

 

Атамдын антын актабай минтип,

 

Аттиң дүйнө! Кем дүйнө!

 

Бөтөн жерде өлмөк белем?!..

 

 

 

Ооба. Ошол жылы Рахманкулду хан көтөрүшпөдү беле...

 Оор тунжуроо. Ата деген ата да. Кыялындагы элес менен бир чер жазгандай болгон Рахманкул хан дале айланасын аңтара карап, атасынын караанын издегендей болду. Бул биринчи жолу болуп жаткан көрүнүш эмес эле. Ал атасы менен ар качан да түшүндө жолугуп, тээ бала кездегидей кеп салышып, кээде бийик бийик мелжиген тоолорду кыялдары менен бирге ашышаар эле.

 

Ар качан бийиктен келген атасы аны колунан кармап, - Тигил бийиктикти көрдүңбү балам? Ошол бийиктиктен сени ар качан да күтүп турам. Эч нерседен жалтанып, майтарылба! Жашоонун ар бир сынагы адамды белден алат. Майтарылып, башыңды ийип бериш бат эле. Кайраттуу болгун! Сени Жапаркул миң башынын уулу дейт! Сен элиңдин ханысың! Ээрчиткен элиң азбы, көппү кеп анда эмес, кеп сен ошол элге күйдүңбү, элдин мүдөөсүн аткарып жатасыңбы? Сени эл угабы? Кандай жашоону көрүп жатышат? Эл башына мүшкүл түшкөндө кантип куткарып каласың?! Мына балам. Мына ушундай суроолордун баарына жообуң болуусу керек. Ар бир сүйлөгөн сөзүң жерде калбасын. Кебиңден жаңылсаң, кетигениң ошол балам. Мансап үчүн эмес, максат үчүн жаша. Байлык үчүн эмес, бакыт үчүн жаныңды бер! Мансап, байлыкка маарап, мааниси жок жашаган өмүрдүн кимге кереги бар. Аркаңда изиң калсын. Бир келген өмүрдүн өксүгү да болот, бешене жылыткан бейиши да болот. Элдин үнүн ук! Элге сен кандай керек болсоң, сен да элге ошондой керексиң. Бийлик менен элдин ортосундагы ымала аба – суудай тунук жана таза болуусу керек. Экөө бири бирисиз эч өнүкпөйт! Муну эч унутпагын! – дээр эле.

 

Мына бүгүн да уулуна не бир ойлорду салып кетти. Ал буга керек. Муну хан көтөргөндө Рахманкул кериле бойго жетип жыйырма беш жашты чапчып турган чагы эле. Аткан огу аскадагы эликти алып түшкөн, аркар менен жарышып береги Памир тоолорунунун коен жатагына чейин сырын мыкты билген Рахманкулга көз салгандар көп болду. Эл баштоочу эрди эшиктен баш бакканда тааныйсың дегендей, жерден боорун көтөргөндөн эле, - Бул бала бир башкача. Миң башыны тартса да оңой баатыр болбойт! – дешип, көптү көргөн аксакалдар сөз кылып калышаар эле.

 

Жыйырма беш жаш! Бул жаштын кайрат күчү бир ууч эл эмес, бир чоң мамлекетти башкарганга жарайт эмеспи. Ар иштин көзүн таап, ар маселени чечүүдө атасы Жапаркул миң башынын түркүн стратегияларын билип калган Рахманкулга ошол оттой күйүп, жанар тоодой атылып турган жыйырма беш жашта хандыкка көтөрүлүү даражасы буйруп турган. Миң башынын сөзү сөз, кеби кеп, айтканы атылган ок, асыл оюу журтуна Туу болуп турган чагында, эл уулун хан көтөрүштү. Бул анын көптөн көздөгөн максаттарын бири болчу.

 

Рахманкул эс тарткандан чыйрак, тың, ат жалында оттой ойноп өстү. Анын кишилерге, улуу - кичүүгө жасаган мимилесин, боорукердигин, жашоого канык караганын атасы кичинесинен эле билчү. Баарынан да уулунун билимге умтулганы аны абдан кубантчу. Атайын маалим молдолорду жалдап окутту. Бир тил менен гана калып калбастан канча эл араласа ошончо тил билген Рахманкул ар убак өзүнүн өзгөчөлүктөрү менен кээде атасын таң калтырчу. Мунун эптүүлүгү атасы менен энесинин жүрөктөрүн ого бетер жылытып, - Мындан бир киши чыгат! – деп, бирин бири карап, ичтеринен ыраазы болуп калышчу.

 

Хандын уулу сөзсүз хан болуш керек, бектин уулу сөзсүз бек болуш керек! - деп эч заманда айтылган да, жазылган да эмес. Оомалуу төкмөлүү дүнүйө не бир сырлары менен ажайып да, армандуу да эмеспи. Адам баласынын да ачылып ачылбаган не бир сырлары болот. Рахманкул ат жалында ойноп гана эмес, көзгө атаар мерген болуп чыга келгени, анын бийик тоого тоо эчкидей эле секирип чыгып түшкөндөрү көргөндөрдүн жүрөгүнүн үшүн алчу. Мындай адамда жок шамдагайлыгы, эч нерседен тайманбас курч мүнөздөрү, бөтөн эл менен каршылаша кеткен учурларда атасы менен теңтайлашып, жоону кантип жеңүүнүн сырларын ачканы Жапаркул миң башы менен энеси Апидебегим таңдантпай койгон жок.

 

Анан да бул баласынын убагы келгенде элди бийлеп гана тим болбостон, акылдуулугу менен не бир иштээрди жасаарына, данакер, баатыр, ал тургай мындан мыкты элчи чыгаарына Жапаркул миң башынын көзү жетип турду. Кандай татаал милдет жүктөлбөсүн көзүн таап, жол таап чыгып кетээрине толук ишенип турду. Ата - бабасынан бери, атасы, анын атасы, андан мурунку муун баары эл башында жүргөн миң башылар эмес беле. Мына ошондон бери канча муун эл башында эл бийлеп, элди жетектеп, миң башы болуп келишкени, анан ошол улуу муундан таралган баатырдык, жоокердик жазбай баласына өткөнү кубантып турду.

 

Жаралгандан пендеге пенденин үстөмдүк кылгысы келет эмеспи. Бөтөн эл, бөтөн жер... Ооганстандын бийлик башчылары буларды оңой менен адамдын буту баспаган, ал тургай оңой олтоң жете да албаган, адам эмес мал түтөгүп өлчүдөй бийиктикте жайгашканга, ошол эле учурда Кытай менен Орусиянын чек арасын коргоого пайдаланышты. Адам эй, адам! Баары эле өз пайдасына колдонгулары келет. Айла канча. Биз да силердей жашагыбыз келет. Борборуңдан орун бер! - деп ким кимге айта алмакчы. Ошентип Мургабдык кыргыздар айланта карап келгенде Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Пакистан, Индиянын чек аралары тогошкон ортолукка жайгашып калышты. Булардай качкындарды качан эле чекесинен сылап турчу эле. Учурунда Кытай Памиринин каардуу климаттык шарты кыйнагандай эле, Ооганстандын дагы климаттык шарты бир топ жүдөттү. Адам баласы чыдабаган нерсе барбы. Аздап көнө башташкан. Бирок бул жердин жергиликтүү жашаган элдеринин жасаган мамилелери, бийлик башында тургандар, деле койчу мен чоңмундун баары буларга чоң болгулары келдим. Оо, андай кезде чоңдоруна тийе албаса да, майда бараттарын Жапаркул миң башы кайыш ийлегендей ийлеп жиберээр эле. Болбосо карга кузгунга жем болгондой эле чекесинен кемирилип кетмек. Не бир азаптарды башынан өткөргөн Жапаркул миң башы эле тим олтуруп калмакпы, кандай болгон күндө да Оогандын Шахы менен ысык мамиле түзүп, ортодо достук алакада болуп тынчтыкта жашагылары келгенин, бир топ айла амалдарды иштеп чыкты. Элин сактап калсам деп жанталашты. Бул жагынан анын алдына эч ким өтө алчу эмес.

 

Арадан убакыт зымырап өтүп жатты. Алгач келген кезден бул учурда бул өөрөндүн ээсиндей эле болуп калган Жапаркул миң башы мында түбөлүк туруп калбаса да, Мекенге кайтууга дейре эли журту кыйналбагандай, жүдөбөгөндөй шарт түзүүгө болгон күчүн жумшады. Кечээ эле аркасына өңөрүп чыккан уулу да минтип бой жетти. Эй, дүйнө! Мен тартканды уулум тартпаса болот эле... – дейт ичинен Жапаркул миң башы. Бирок, эгер жараткандан бешенеге салган тагдыр ушул болсо, тартпаска чараң барбы? Жашоонун жүзүн таанысын, билсин, көрсүн, кор болуп калбасын! – деп, кенедейинен жанынан чыгарбай ээрчитип жүрүп уулун жакшы эле бышырды. Мына жыйынтыгы. Учурда не иш болсо да биринчи акыл кошчусу да уулу. Коргоочусу да уулу. Кооптуу иштердин чечилишинде уулу Рахманкулдун кошкон акыл кеби аны толуктап турат. Улам уулуу бой жеткен сайын ага деген ишеними артыла берди. Күтүлбөгөн терс жагдайларга кабылган кездердеби, жоо тийген чактардабы анын жанында уулу болгон.

 

Кытай Памирден мында өткөнү бир топ эле кыйналган эл дале өзүлөрүнө келе албай жатты. Ооганстандын жайыгына барбай мал – жанга, элге ылайыктап дагы да Ооган Памир тоолорун жээктей отурукташкан. Кайда барба бабайдын көрү! - дегендей, жыргап кетишкен жок. Өлүм житим, төрөлгөн балдар биринен сала бири туулуп, туулбай чарчап калып жатты. Булар жайгашкан жер менен борбордун аралыгы абдан эле алыс. Кабулга барып оокат алып келиштин өзү эле не деген түйшүк жаратат. Барганың үч күндүк жол болсо, келгениң үч күндүк жол. Элдин ишенген күчү топоз, ат, эшектер. Эң ишеничтүүсү төөлөр. Ашууларды ашканы бар, ашпаганы бар. Нык жүктөлгөн жүгү менен бир таман жолдон кылт этсе баары кетет. Андыктан аралыктары алысыраак болуусу да зарыл. Өпкөлөрү көөп бийиктикке, бийик абага туруштук бере албагандары түтөгүп жыгылган жеринен тура алышпайт, же түз эле жүгү менен кокту ылдый төмөнгө бой ташташат. Аларды сактап калуу кайдан. Ар бири өз өмүрүн сактоого тырышышат. Мына тирүүлүк, жашоо менен күрөшүүнүн азабы. Бир таман жол. Бир таман жол буларды өмүр менен өлүмдүн ортосундагы кыл көпүрөдөй эле сынайт.

 

Ар эки үч жумада кайталанчу бул соода сапары тоолуктардын жашоо турмушу. Баары мал менен чектелет. Соода сатык мал менен жүрөт. Баарын малга алмаштырышат. Башта айткандай, барган келген жол азабы. Жолдон белден кол салгандар андан көп. Жетишпеген замандын “ууру – чөөсү” көп болот деген ушул да...

 

....Ээ, адам эй! Адам! Ат баспайм деген жерин миң басат! – дегендей, бир баскан жеримди эки бастым ээ? Ооганстан! Ооганстан! Ооба, алгачкысы ата – энем менен болдум дечи, кийин өзүм баштап... Канткен менен атакем колдоп турду го.

 

Ички үн оор үшкүрдү. Анын сөзү үзүлүп үзүлүп чыкты.

 

Өмүр! Өмүр! Өмүр!

 

Ченеми чектелбеген чексиз өмүр!

 

Кектегенди кенебеген,

 

Кейигенге кейибеген,

 

Кенебессиң оо, мейкин өмүр!!!

 

Рахманкул хан өз оюнан өзү селт эте башын чулгуп алды.

 

-         Өмүр дейсиңби?!

 

-         Өмүр! Ии...

 

-         Татымы жок, табышмактуу өмүрдү айтасыңбы?!

 

-         Мен...

 

-         Сен экөөбүз бирге тарткан азаптуу, армандуу өмүрдү айтасыңбы?!

 

Жалгыз эмес канча жандын азабын кошо тарттык! Ошол кордук тарткан өмүрдү айтасыңбы?! Бей күнөө кырылган өмүрлөрдү неге айтпайсың? Алар... алар...

 

-         Баары менин мойнумда! Баары! Баары!!!

 

-         Ханым...

 

-         Жерден боорум көтөргөнү желкеме олтурган армандуу өмүр...

 

Ушул өмүрбү?! Эгер мүмкүнчүлүк болсо... Эгер мүмкүнчүлүк болсо такыр башкача жашаар элем.

 

-         Башкача!

 

-         Ооба, башкача! Баары мүмкүн башкача болмок.

 

-         Сен ал өмүрдү татыктуу жашадың.

 

-         Баары ошентип айтышат.

 

-         Мен да айта алам.

 

-         Сен айта бересиң да. Менин ичимде эмне жатканынын баарын

 

билген барбы... Ким дааналап айтып, ким санап бере алат?! Атам, энем... бир туугандар... жакындар... Кимиси жыргап кетти? Ким? Кимисин айта аласың?! Арман! Арман! Башыма батпайт!!!

 

Жонумдагы көтөргөн жүгүм,

 

Азаптуу, маза тарткан түнүм...

 

Сыртыман сый,

 

Ичимен өрттөнүп күйөм.

 

Нар көтөргүс,

 

Чоң милдетти көтөрүп жүрөм!

 

-         Билем.

 

-         Муну ким жеңилдетет? Ким? Ким?!

 

-         Ханым...

 

-         Ким айта алат, мен кантип жашап жүрөм?!

 

-         Мен билем. Мен баарын билем. Сен менден бөлүнө албайсың. Сен

 

тарткан азапты мен да тартып жабыктым. Сен көргөн кордук, жашоонун оорчулугу, эзилген эңсөө... Баарына мен күбөмүн! Мен да азап тартып жүрөм! Мен да! Мен сенмин! Сен менсиң! Бир туулдук, бир өлөбүз. Бул тирүүчүлүктүн азабын да, арманын да, кубаныч, сыйын бир көрөбүз. Ошондой эмеспи? Бир көрөбүз. Бирок азыр өлбөйбүз. Алдыда даагы бүтпөгөн иштер жатат. Сени хан дейт! Сени караган элиң турат. Сен жеңилсең, жакшы кабарды элиң кимден угат? Атанын керээзин ким аткарып, ким акырына чыгарат?! Өмүрдүн таттуусун эми баркташыбыз керек. Бизден алыстаба! – деп жалын! Суран! Жараткан Теңирден тиле! Чогу тилейли. Сен, мен. Бүтүн жан дүйнөң менен өмүргө сый көрсөтөлү. Өмүр улук! Жашоо керемет! Жаша! Жашагын!!!

 

-         Жеңилдим. Жеңилдим! Аның да чындык!

 

-         Кечир өмүр? Кээде ушинтип буулугуп, буркулдап кетмейи бар.

 

Кечир?! Өзүң күбөсүң. Бул экөөбүз тартпаган азап калдыбы. Нени гана көргөн жок береги баш. Баарын көрбөдүбү. Көтөрдү. Көтөрүп келет.

 

Ички үн тигиле аңдый бир азга дымып калды. Рахманкул хан бырс күлүп жиберди.

 

-         Неге сени кектеп турам. Кечир өмүр? Кечир?! Сенин мыйзамың ченелүү гана эмеспи шордуум. Сен батсаң кайра кайрылбасың бул кашкайган чындык. Ээ, өмүр! Өмүр! Мен тарткан азапты сен да тарттың эмеспи. Экөөбүз тең жыргап кеткен жокбуз. Не деген бийиктикти, не деген максаттарды көздөдүк. Бирине жетсек бирине жетпей өксүдүк. Тагдырга таарындык. А, тагдырды канча жемелегенибиз менен бирин Теңир берсе, бирин өз колубуз менен жасап жатпадыкпы. Капа кылып кактым. Көп ирет кактым. Көп ирет. Бирок аркасын салбай ал байкуш деле бизди көтөрмөлөп, басынтпай, барктап келди. Тагдырга таарынбайлы. Таарынбайлы.

 

Ички үн эми оңолдуң дегендей, Рахманкул хандын кабагына аста карап, дагыда жан дүйнөсүн будуң - чаңдатпайын деп, акырын гана кулагына шыбырагансыды.

 

-          Мунуңа кошулам. Тагдырга таарынбайлы.

 

-         Бешенеге жазганын көрдүк эмеспи.

 

-         Көрдүк! Көрдүк!

 

-         Бу тирүүчүлүккө пенде болуп жаралган соң башка салганын көрбөскө айлаң жок. Баарына баш ийесиң. Сен тагдыр! Сен өмүр! Сен азап! – дейбиз. Карап турсаң береги тирүүчүлүк мына ушунусу менен кызык эмеспи? Болбосо кайсы бирин жектемексиң да, кайсы бирин кектеп, кайсы бирине тамшанмаксың. Өкүн! Өкүнгүң келсе өкүнө бер. Таарын! Таарынгың келсе таарын! Сени эч ким антпегин дебейт. Ал сенин жеке маселең. Сенин өмүрүң, сенин тагдырың, сенин таарынычың - Ал сенин гана өзүңө тиешелүү. Ал сенин дүйнөң! Жеке дүйнөң!

 

Рахманкул хан көккө тигилди.

 

Анын жан дүйнөсүндө бул учурда не деген будуң – чаң түшүп жатканын бир өзүнөн башка ким билбес. Эч ким аңдай албаган бул дүйнө акыркы күндөрү туруп туруп эле ток ургандай селт эте түшүп, не бир ойлордун туманында калып келаткан. Мүмкүн өмүрдүн суусу түгөнүп бара жатканынан кабар бергендей болуп жүрбөсүн.

 

Оо, заман! Дүрбүп чаңды сала көрбө!

 

Жок! Жок! Али эрте. Дагы да бүтпөгөн иштер бар. Элдин жайы не болот? Бала – чака, неберелерчи? Өзүнөн эле тарагандар бир айыл болбодубу. Баарын таштап кантип кетет. Таштоого болбойт. Ишенбегенден эмес, кептин баары атасы Жапаркул миң башынын айткан керээзин өз колу менен аткарсам дегенинде. Энеси Апидебегимдин накыл кептери анда кайда калат. Алыста калган ата – журт күтүп жатпайбы. Жетүү керек! Кандай болгон күндө да ата керээзин аткаруу керек. Айтчы заман?! А, эгер өмүр сапар жолун кыскартса, мунун баарын ким аткарат? Кайсы уулу же кайсы кызы ишке ашырат? Кимиси?! Аткарган күндө да өзү каалагандай болобу?! Мына, кептин баары мына ушунда болуп жатпайбы. Айткын заман! Бир келген өмүрүңдү чарчаба де!

 

Деген менен бүдөмүк ой кытыгылайт. Мүмкүнбү?! – деп... Ооба, кыргызда, - Атадан кем бала, атага тең бала, атадан артык бала! – деген алмуздактан келе жаткан накыл сөз бар. Не деген керемет сүрөттөөлөр! Ырасында атага тең балдар көп эле кезигүүсү мүмкүн, ал эми жашоодо атадан артык бала да ченде чыгат. Ушул мисалга, атадан артык бала дегенге, атасы Жапаркул миң башынын ээрчитип чыккан элин ушул күнгө дейре аман – эсен алып келе жаткан арстан сүрдүү айбаттуу береги калдайган караандын өзүн айтсак жарашкыдай! Ооба, ооба, өзү татыктуу!

 

Эми заман айтчы? Буга балдарынын кимиси татыктуу?!

 

Кандай оор суроону баштап алдык заманым. Мен айтпайын, сен айтчы. Кайсы уулу?! Кимиси тең уул, кимиси артык уул?.. Оо, кандай оор. Жан этиңден жаралган перзенттин баары сага ыссык. Биринен биринин артыкчылыгы жок. Баары бирдей. Улуу аял туудубу, же ортончу, же кичүүсү. Баары бир сенин балдарың. Ар бири сени өзүнө тартат. Жаныңды курман кылууга даярсың.

 

Так ушул учурда анын оюнда да ушул суроолор жүрүп жаткандай болду. Көз алдына балдарын тизип, кимиси кандай ишке жөндөмдүү деп сынай карап турду. Рахманкул хан бырс күлүп жиберди. Жанатан багып турган ички үн аста шыбырагансыды.

 

-         Неге күлдүң?

 

-         Тим гана...

 

-         Тим болбой калсын.

 

-         Убакыт көрсөтөт да...

 

Ушул учурда асмандан жылдыз учкандай болду. Ал көпкө тигилип, ошол турган калыбында катты.

 

-         Эгер убакыт шаштырбаса...

 

-         А, сен шашпа!

 

-         Баары менин эркимде болсо кана...

 

-         Береги жылдыздын учканын көрдүңбү?

 

-         Көрдүм.

 

Учуп бара жаткан жылдыз узакка барып көрүнбөй калды.

 

-         Мына. Биздин өмүр да ушундай. Бирөөгө кыска. Бирөөлөргө узак...

 

узак... Силер аман болгула! – дейт уулдарын көз алдынан тизмелей өткөрүп.

 

Жерден боорлорун көтөргөнү колуна кол, бутуна бут болуп келе жаткан тун уулдары Абдулвакил менен Абдулвахит башка балдарына караганда турмуштун кыйынчылыктарын көп тартышты. Жыйырма жылдан бери туну Абдулвакил өзү менен кошо жүрүп эл башкарса, Абдулвахит мал - жанына баш болуп, оголе көп жардам кылып келишет. Эркек уулдарынын мындай ишине кантип ата кубанбайт. Ашпаса да тең болушаар деген тилекти айтат ичинен. А, бирок ырасында эле уулдарынын ар бири тандаган кесиптери менен ата даңкын чыгарган уулдардан болушту. Агаларынын бири атасы менен эл башкарса, бири мал жанын башкарса, аларга эле удаа өскөн Абдулмалик менен Акбар эс тарткандан колдору жөндөмдүү келишип, экөөсү тең мамлекеттик деңгээлде аймакка аттары чыккан чоң сүрөткер болуп чыга келишти. Булардын мындай таланттуу, өнөр ээлери болуп чыгуусуна да аталарынын кошкон салымы абдан зор болду. Балдарынын кичинекейинен өнөрлүү болуп өскөнү аны кубантты.

 

Рахманкул хан балдарынын гана эмес, небере, чөбөрөлөрүнүн мыкты билимдүү инсандардан болуусун Жараткандан тилеп келет. Ал алысты көрө билген, өзү да билимге суугарылган, түркүн элдин тилин билген, түркүн куштун сайраганын түшүнгөн мыкты адам. Улуу көч кайда барса, артындагы көч да ошондо бараары маалим эмеспи. Жеке жашоосунан эч кимисинин кор болбосун билет. Уулдары гана эмес, бышык чыккан эки кызын карап кубанып коет. “Ата даңкы менен кыз өтөт, эне баркы менен бөз өтөт” – дегендей, - Хан атанын кыздары! - дешип, буларды айыл аңыз кылышат. Урматташат. Деген менен хандын кыздары дебеген күндө да, бул эки кызынын турмушта өз оордулары, жаңы заманга болгон жаңыча өз көз караштары бар.

 

Теңирим жаныңарды аман кылсын! Өзүңөр менен өзүңөр көбөйө бергиле! – дегени, бул ар бир ата – эненин балага болгон тилеги эмеспи. Баланы тууйсуң, анын кыял жоругун, өнөрүн кошо туубайсың. Ал Теңирден! Бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, ар кимиси өз бешенесине жазган өнөрдү аркалап кетсе, бул хан атанын бул жашоодогу биринчи тилеги эмеспи. Хандык оордун басса бири басаар, ону тең хан болбойт да. Муну ал ар убак көңүлүнө сактап, ичинен таптап келет. Окуулары керек! Бир учурда, - Менин балам билимдүү болуусу керек! Билими болсо кор болбойт. Тил билбесе бөтөн элдин арасында күн көрүү да кыйын. Кантип жашайт?! Окусун! – деп, атасы Жапаркул миң башы өзүн тепеңдетип колунан жетелеп, билимдүү молдону жалдап тамга таанытып, билимге деген көзүн ачканын кантип унутсун. Ал тургай ошол аймактан көчкөн кезде окуткан молдокесин кыйбай ыйлаганы да эсинде. Канткен менен дүйнөдө көп тилдүү элдер жашайт, тил билсең баарын жеңесиң! – деп ошол молдокеси ар күн сайын сайрап турчу эмес беле.

 

Кыздар! Кыз бала... Кыз балага бакыт тилөөдөн чоң эмне бар. Эркек уулдардан да кыздарды көбүрөөк ойлогон Рахманкул хандын так ушул учурда жүрөгү бир башкача болк этип алды. Улуусу үйлүү – жайлуу, эчак оордун тапкан. Кичүү кызын ойлогондо бир аз ичи тыз дей түшөт. Али жаш дейт. Жашоо шарты кандай болот дейт. Эртең эле керилип бой жетет, кыз бала бирөөнүн бүлөсү... Кандай жанга туш келет? Кыйналып калбайбы? Жаңы заман деп, жаштар башка улутка аралашып кетсе... О, жок! Жок! Бирок... Муну да ойлобой койбойт. Анан баары келип насип, тагдырдан деп өзүн жооткутат. Али жаш. Убакыт көрсөтөт да. Неге муну ойлоп алдым деп өзүн дагы да жооткутат анан кайра эле кайдагы ойлорго сапырылып кооптонуп коет. – Кызыма бак бере көр Жараткан Теңирим! Кыз баланын багы ачылышы татаалыраак. Карегим Каныкейимдин багын бийик кыла көр! Бак тилейм Теңир, бак тилейм!

 

Албетте, анын кооптонгонундай эле бар. Эки тарабында эки улуттун элдери курчап жашайт. Ал эми береги кең туркиянын ичинде канча улут жашайт. Эртең билим алам деп тиги чоң шаарлардын бирине жол тартса... Окутпай да кое албайт. Көкүрөк күчүгү, эрке кареги болсо... Анан да хандын кызы билимсиз болгону кандай болуп калат? Окутпай койгудай илгерки заман эмес, заман жаңырды. Ал ушул тапта эрке кызына бак тилеп турду.

 

Кыз бала деген ата – энени ошентип санаага салат тура. Кыйналбаса экен дейт. Анан өзүнүн минтип карып баратканын ойлогондо эрке кызы Каныкейдин тагдыры көз алдына чагылат.

 

-         Каныкейим! Карегим!

 

-         Даагы баштадыңбы?..

 

-         Ойлойм да. Өз колум менен турмушка берсем... анан...

 

-         Буюрса баары болот. Андан кичүүлөрүн үйлөнтүп, жайлантасың.

 

-         Буюрса... О, Теңир! Тилегимди кабыл кыл!

 

Түркүн ойдон башын чулгуп дале бошой албай турган Рахманкул хан

 

бая жылдыз учкан тарапка тигилди.

 

-         Жаңы кылым, жаңы доор. Техниканын заманы! Баары өзгөрдү.

 

Коом да...

 

-         Ии... Баары жаңыча болуусу керек.

 

-         Замандын агымынан калбоо керек. Коомго кереги тийген адам болсун!

 

Ата тилеги... Атанын тилегине эмне жетсин. Ар биринин кашында күндө болбосо да, үч аялдан туулган балдарынын ар кимисине бак тилеп, басса – турса ар бирин ойлонгон Рахманкул хан кан – жанынан жаралган чүрпөлөрүн бириндетип көз алдынан өткөрүп жатты. Балдарынан тараган неберелери да чоңоюп калышты. Баарына Жараткандан тиленип, тилек тилеп жатты. Тирүүлүктүн бир сыйы тилек да. Толкундангандан анын үнү каргылданып барып ачылгандай болду. Бул бүгүн эле эмес эле да, ар күнү ушул дубасын кайталап көнүп калган. Асты шыбыр менен чыккан үн эмнегедир деңиздин жиреген толкунундай уламдан улам толкуп, мейкиндикке көтөрүлүп баратты.

 

-         Баарысы бирдей. Менин силерге болгон аталык сүйүүм барыңа бирдей, балдарым! Тең ата болуп бир басканың да, энеңдин эмчегин ээмип койнунда жатканың да, баарың бирдейсиңер айланайындарым! Жараткан силерге ден – соолук, амандык берсин! Жаным курман! Жаным курман! Атанын уулу, атанын кызы! – деген татыктуу даңкты, жакшы атты булгабасаңар эле болгону. Силерге өмүр тилейм! Өмүр! Башыңардан кетпес барк тилейм! Кокус менден кеткен кемчилик болсо ал силерде кайталанбасын, кетирген күнөө болсо өзүм менен кетсин! Мен көргөн азапты...

 

Рахманкул хан мууна түштү. Өз башынан өткөргөн азап – тозоктун бирин да кийинки муундар көрбөсүн деди. Анан Көккө тигиле тилегин айтып, ичинен балдарына дуба кылды. Башынан өткөн оор күндөр көз алдына тартыла бергенде муун – жүүнү бошоп, ызасы муунта баштады.

 

      Мен тарткан ал азапты...

 

Эгерим силер тартпагыла.

 

Мен баскан шор жолду...

 

Эгерим силер баспагыла!

 

Адам болгула, адам!

 

Кубанычты бир көргүлө,

 

Жакшылыкты бир бөлгүлө.

 

Каска сырың айтпагын,

 

Душманга койнуң ачпагын.

 

Бет келишсе кектеген,

 

Бекинип андан качпагын.

 

Тилегим ушул силерге,

 

Тиректерим актагыла!

 

Актагыла!

 

Капысынан чыккан оор үшкүрүк айлананы ичиркенткендей, ал тургай анын бул жолку үшкүрүгү таман алдындагы жерди титиреткендей болду. Ал тургай тээ алыстан алыста калган тоолор үн кошконсуп барып, анан бир заматта баары жым жырт боло түштү. Жанатан буулуккан дүйнөсүнө ичи ачыша думугуп бараткан ички үн Рахманкул ханды чоочутуп албайын деп үн катпады. Кайрадан жымжырттык.

 

Береги чыккан үшкүрүктүн ачуусун ай! Убакыт өткөн сайын бул үшкүрүк катуулап бара жаткандай. Катуулабай анан. Өткөн күндүн баары ачуу үшкүрүккө айланаары да ырас. Билем. Ушул тапта энекеңди эңсеп, сагынып турасың.

 

              .....Не заман өттү... не заман өттү...

 

Бир заматта тополоң түшкөн эл түн ката жолго чыкты. Жол азабы, көр азабы деген. Душман карап олтурмакпы. Каапырлар кууду. Туш тараптан жол тосуп, жеткен жерден жер менен жексен кылышаарында да шек жок эле. Эл баштаган эрлер элдин камын ойлосо, энелер балдарын бооруна кысып, Теңирге жалынып бара жатышты. Аткан октун бири тийсе не болмок?.. Тополоңу тоз түшкөн алаамат түнү Жаратканга үнү жете жалынган энекең сени аман алып калды.

 

Рахманкул хан селт эте түштү.

 

-         Эне! Эне... энем...

 

-         Байкуш энең деле атакең менен кошо элдин, балдардын камын ойлоп...

 

-         Бир кыялы миң азапка жуурулуп, өттү да кетти.

 

-         Миң башынын жубайы болуу оңой бекен...

 

              Рахманкул ханды даагы ой басты. Бу сапар ички үн да дымып турду. Ал кичине эле түртмөлөп койсо араң турган неме жаш баладай ыйлап жиберээринде эч шеги жок эле. Эне! Эне... Энеден артык эмне бар. Канча кайраттуу болгон күндө да эркекпи, аялбы, бу дүйнөдө эң аяры, эң ыйыгы – Эне! Береги салабаттуу Рахманкул хандын да эң талылуу жери ошол Апидебегим энеси. Аны ойлогондо жашы келгенине карабай заматта тээ алыста калган балалык дүйнөсүнө кирип кеткенин өзү да байкабай калат. Энекелеп, энесинин аппак төшүн аймалап эркелегиси келет. Анан бой тартып калган чагын эстей, уяла, тартына карап турат. Ошол учурда да энесинин тизесине башын кое эркелей колдорунан өпкүлөп жиберээр эле.

 

– Энекем! Энем...

 

Мына! Заматта Апидебегим энесинин элеси тартыла түштү. Тигинде керилип Ооганстандын Памир тоолору жатат. Боз үйлөрдү айланып жаны тынбай ойногон балдар кечке буттарын тартаарга алдары келбей, анан кечки тамактарын чала – була ичишип, дасторкон толук жыйнала электе эле олтурган жерлеринде кулашчу. А, бул болсо балдардан башкача эле. Кечке чуркап чарчаганына карабай энеси Апидебегимдин жатмайын бир нерселерди бажырап, ар кайсы суроолорду берип, суроолоруна жооп алмайын энесин тажатып жанында кеч карайганча жүрчү. Эс тартканы чыйрак болуп өстү. Кулагы бир нерсени чалбасын, атасы айтпаса, артынан жүрүп жоопту энесинен алаар эле.

 

Бир ирет чоң кишилердин: - Биздин тоолор, биздин жер... – деген сөздөрүн угуп калып, баласынын кечке ойлуу жүргөнүн энеси Апидебегим байкап калат. Ал баласына суроо берет.

 

-         Сага эмне болду балам? Эмнени ойлонуп жатасың?

 

-         Энеке, бул тоолор биздики эмеспи?

 

-         Ким айтты?

 

-         Кишилер.

 

-         Ал эмнеси, кайсы кишилер?

 

-         Мен аларды уктум. Бул тоолор биздики эмеспи?

 

-         А, балам...

 

Апидебегим не дээрин билбей бир азга мукактана түштү.

 

-         Энеке, биз кыргызбызбы?

 

-         Ооба, балам. Биз кыргызбыз.

 

-         Мени окуткан молдоке да кыргызбы?

 

-         Жок. Ал Ооган улутунан. Көп тил билген маалым.

 

-         Мен да көп тил билемби?

 

-         Дитиңди коюп, молдо маалымды жакшы уксаң, билесиң.

 

-         Демек бул жер, тоолор молдо маалымдыкыбы?

 

-         Биз да жашап жатабыз балам.

 

-         Биздин тоолор кайда?

 

Уулун бир топко тигиле караган Апидебегим ыйлап жиберди.

 

-         Биздин жер, биздин тоолор алыста. Алыста калды балам.

 

-         Ал жакка барабызбы?

 

-         Буюрса! Барабыз балам, барабыз. Элге тынчтык берсин.

 

-         Сен неге ыйлап жатасың? Тоолоруңду сагындыңбы?

 

-         Балам!

 

Апидебегим уулун бооруна бекем кыса эчкирип, эчкирип жиберди.

 

Анын көз алдына ушул тапта ойноп өскөн Мургабы тартылды. Айлы тартылды. Ата – энесинин элестери тартылды. Чогу өскөн курдаштары... балалыгы...

 

-         Энеке, ыйлабачы.

 

-         Мен ыйлаганым жок балам. Көзүм күндөн уялып кетти.

 

-         Боз үйдүн ичинен күн көрүнбөйт да. Эшик караңгы, азыр түн да.

 

Апидебегим не дээрин билбей жаак ылдый сызган жашын сүртө туруп калды. Анан шашкалактай, - И, береги оттун чачыраганын карачы! Мен шашып кетип күн деп жиберген турбайымбы. Оттун чачырандысы... Кел балам уктайлы.

 

-         Атам качан келет? Мен атамды күтөм.

 

-         Атаң эки үч күндө келем дебедиби балам.

 

-         Ал эмне, өзүнүн тоолоруна кеттиби?

 

-         Жок балам. Чооң иш менен кетти. Элдин камын ойлоп...

 

-         Бул элдер кыргыз ээ, эне?

 

-         Ооба, балам. Биз баарыбыз кыргызбыз.

 

                  Уулунун чоң кишидей ой жүгүртүп калганын сезген эне, - даагы кандай суроо берип жиберет. Туура эмес жооп берип жүрөгүн оорутуп албайын - деп сактанып турду. Бооруна кыса, көкүлдөрүнөн жыттагылап, Кудайдан өмүр тилеп турду. Тогузга  чыга элек баласынын ушунча зирек болгону эненин жүрөгүн кубантып турду. – Жараткан, балама ден – соолук, өмүр бер! Жанын жабырката көрбө! Буга алыста калган жерди ким айтты экен? Же, чын эле улуулардын кебинен кулагына сактап калдыбы? Мындай балдар эч нерсе менен иштери жок эле ойноп жүрүшпөйбү. Тогуздагы балага мынча ойду кайдан салдың Теңирим! Муну али бала деп жүрсөк...

 

Апидебегим уулун кучактаган бойдон чексиз ойго батты. Ал эми ушул чакта уулу эмнелерди ойлонуп жатты экен дебейсиңби. Куйма кулак дегендей, баласы бир укканын эсине бекем сактаган, бир көргөнүн жазбай тааныган, тың экенине күйөөсү экөө кубанып калышаар эле. Эми минтип чоң адамдын оюна келбеген суроолорду берип жатканын кара. - Биздин тоолор! - деп... Секетим! Сенин өз элиң, өз жериң, өз тоолоруң бар балам. Кудай буюрса жетесиң. Оо, Теңир! Ошол күнгө жеткизе көр бизди! Аман кыла көр! Элди аман кыла көр! Бизди ээрчип чыккан эл аман болсун! Булардын убалына, көз жашына калтыра көрбө! – деди ичинен муңдана.

 

Ушул тапта жаак ылдый сызыла аккан ысык жаш уулунун башына тамчылап жатканын Апидебегим сезген жок. Көптөн бери көөдөндөн чыга албай бук болуп жүргөн ачуу жүргөн бугун баласы чыгаргандай болду бейм. Бир кезде өпкөлөп ыйлап кирди. Бу кезде уулу уктап калган эле. Апидебегим көпкө ыйлады. Кой дегенге үйдө эч кимдин жогу да бугун кенен кесири чыгарып алганына себеп болду бейм. Оо, бир кезде барып басылды. Эми эсине келе, эки жагын карана. Уктап жаткан уулун шуу – шуу жыттады.

 

– Биздин заман мындай болду, сенин заманың кандай болоор экен? Не заманды башыңан өткөрөөр экенсиң балам! Элге, жерге аман – эсен жетсең экен. Ал оюу аягына чыга электе, өз оюнунан өзү селт эте түштү.

 

– Неге? Неге бизди мындай тагдыр курчады? Сени элге, жерге биз жеткиришибиз керек да. Бизсиз сен кантип... Каралдым! Кагылайыным! Эми мындан да кетебиз дейт. Бизди нелер күтүп турат? Кандай жашоо күтүп турат? Эгер биз бир нерсе болсок... Сенин көргөн күнүң не болот?! Жок! Жок! Оо, Жараткан! Жамандыкты башка сала көрбө! Баламдын келечегин кең кыла көр! Эсендик бер! – деп, Теңирге жалынып жатты.

 

Тыным. Бир топко тына түшкөн Апидебегим кайра да буулуга баштады. Анын көз алдына алыста калган Мургаб тартылды. Жаңы чыккан көктүн үстүндө куушуп ойногон балдар – кыздар... Тигинде жүн сабап жаткан энелер...

 

-         Кызым! Анда эмне олтурасың?

 

-         Эне! Энеке!

 

-         Неге муңга батасың кызым. Баары жакшы болот.

 

-         Мен силерди сагындым, энеке...

 

-         Жашоо бир жерге токтоп турбайт балам.

 

-         Атам көрүнбөйт да.

 

-         Атаң жогору басып кеткен. Келип калат.

 

-         Эне? Неге менден алыс туруп алгансың? Азыр!

 

-         Ошондой эле тур балам. Биз алыстабыз.

 

-         Атам дагыбы?

 

-         Атаң мени менен бирге. Адатынча басып кетти. Тигине!

 

Апидебегим келе жаткан караанды көрүп кубанып кетет.

 

-         Ата?! Ата! Атаке - ее?! Эне – ее!!!

 

-         Өзүңдү кара балам. Бөтөн эл, бөтөн жерде сак болгун!

 

-         Мен силерди сагындым энеке... сагындым... мен...

 

-         Байыңа жакшы кара. Бекем бол балам! Бекем бол!

 

-         Атам неге мени карабайт?

 

-         Антпе балам. Биз силерди такай карап турабыз.

 

-         Сагындым!

 

-         Эл силерге ишенип ээрчип чыкты. Сени миң башынын аялы дейт.

 

Сен баарына чыдооң керек балам. Эл башысыңар! Уулуң эс тартып, чоңоюп калды.

 

-         Бүгүн менден. – Биздин тоолор кайда? – деп сурады.

 

-         Ошентет. Элин, жерин сагынбаган, издебеген эр болбойт.

 

-         Мен жооп таппай алдастай түшпөдүмбү.

 

-         Сен аны күткөн жоксуң да.

 

-         Эне...

 

-         Билем. Эмне сураарыңды билип турат. Кайтасыңар.

 

-         Биз дагы мындан кеткени жатабыз.

 

-         Силерди качкындар дейт. Качкындардын көргөн күнү... Эч кам санаба кызым. Баары жакшы болот. Элдин аманын тиле! Эл аман болсун! Өлбөй житпей өзүңөр менен өзүңөр көбөйүп кетсеңер, кылымдан кылым ашкан кыргыз тукуму эч качан өлбөйт!

 

-         Дагы бир аз турсаңыз кантет.

 

-         Атаң күтүп калды. Тигине таң да атып келе жатат.

 

-         Эне...

 

-         Мен сенден алыс эмесмин балам. Сен кайда болсоң, биз...

 

Апидебегим оордунан козголо бергенде энесинин карааны жок болуп кетти. Чыйрыга түшкөн денесин жыйрый, боз үйдүн ичин аңтара карап, мелтирей олтуруп калды. Оо, бир кезде кучактап олтурган уулуна тигилди. Бул кезде уулу таттуу уйкуда жаткан эле.

 

                      ....Ошол күндүн эртеси да Апидебегим абдан ойлуу жүрдү. Буюрса эки күндөн кийин күйөөсү келип калат. Кандай жерге, кай элге барышаары али буга белгисиз. Элдин баары ушул тапта мына ушул суроонун тегерегинде түйшөлүшүп турган чак. Кытай дегендин чет жакасын угуп калгандары бар. Кытай кандай эл? Жери кандай? Буларды кандай кабыл алышат? Анан ошол жакта биротоло калып калышабы? Ал жакта каапырлар жокпу? Жер ааламдын баарына колу жеткен орустар ал жакта да желип жортуп жүрсөчү?.. Баары өз ойлору менен алпурушуп, анан ич ара бири бири менен күбүрөшүп алган элди сыртынан карап, байкап жүргөн Апидебегим тээ Памир тоолорунун бир учунан бир учуна дейре айланта карап алды.

 

-         Тобоо! Бизге окшогон качкындардын баарын жел жуткандай эле

 

бооруна жашырып жатат, береги Памирдин кеңдиги деги канча болду экен? Ушул тоолордун арасынан чыкпай койсок не болот? Тирүүчүлүк! Жашоо!

 

Өзүнчө сүйлөнүп алган Апидебегим алыс эмес жерде ич ара күңкүлдөшүп турган үч аялга тигилди. Анан бери бас дегендей колун жаңсай бирөөсүн өзүнө чакырды. Араң эле турган немелер үчөөсү тең жетип келишти.

 

-         Чакырдыңызбы?

 

-         Чакырдым.

 

-         Айтаарыңыз барбы, Апидебегим?

 

Апидебегим улгайган аялды бир топко үнсүз тиктеп турду.

 

-         Сен булардын улуусусуң. Күбүр – шыбыр сөздөрдү...

 

-         Мен эч нерсе айтпадым, Апидебегим.

 

-         Али эч нерсе белгисиз. Дүрбүбөй туралы.

 

-         Айтканыңыздай болот. Апидебегим.

 

-         Биз, түйүнчөктөрдү...

 

Жаш келин сүрдөнгөнүнөн шашып кетти.

 

-         Түйүнчөгүңөрдү түйбөй, тынч тургула. Келишсин.

 

-         Жарайт, Апидебегим.

 

Аялдар ыңгайсыздана, Апидебегимден ийменишип басып кетишти.

 

Апидебегим дале турган жеринен кыймылдаган жок. Анын оюн бул учурда билип мүмкүн эмес эле. Чар жайыт чачылган ойлорун жыйнай албай, бир кезде күйөөсү менен кеткендер келчү тарапка тигилди.

 

-         Бул тоонун ары жагында эмне бар болду экен? Кандай элдер

 

жашайт болду экен? Кой, кайдагы ойлорду сапырбай. Менин колуман эмне келет. Баары маңдайга жазган тагдырдан. Бешенеге нени жазса ошону көрөбүз да. Байым, аман - эсен келишсе экен.

 

Анын оюн демиге чуркап келген уулу бөлүп кетти.

 

-         Эне! Эне!

 

-         Эмне болду балам?!

 

-         Биз кайда кетебиз?

 

-         Ким айтты?

 

-         Маалым молдоке. Эми силер мындан кетесиңер деди.

 

-         Ал жаңылыш уккан. Эч кайда кетпейбиз уулум.

 

-         Эне, менден эч нерсе жашырбайм дебедиңер беле.

 

-         А, уулум. Баарын атаң чечет. Эгер ал кетебиз десе...

 

-         Анда мындан кетебизби? Чоң кыргыздаргабы?

 

-         Чоң кыргыз дегениң кандай? Биз... биз мында...

 

-         Мага молдоке айткан. Силердин чоң кыргызыңар алыс...

 

-         Ай, балам ай. Молдоке сага мында аз кыргызсыңар деди го. Ообо, ошондой аткан. Тиякта көөп – көөп кыргыз эл бар дегени. Ал туура айткан анда. Ошол чоң кыргыздын бири сенсиң! Мында да көбөйөбүз буюрса.

 

-         Анан чоң кыргыздарга кетебиз ээ?

 

-         Ооба! Кетебиз уулум, кетебиз!

 

-         Сен эмнени ойлоп турдуң, эне? Мен кыйкырсам...

 

-         Мен атаңдын кеткен жолун карап тургам. Жүр, кир үйгө. Курсагың ачкан чыгаар. Жалгыз чай ичкеним жок. Баатырым менин! Сенин сыя салган баштыгың кайда?

 

-         Молдоке алып калды.

 

-         Неге?! Неге алып калды балам? Сен кантип жазып, окуйсуң?

 

-         Сыя жасап, толтуруп куюп берем, Көпкө жетет - деди.

 

-         А, ошентсе мейли. Кир, кире гой.

 

Уулу кудуңдап жонуна аскан баштыгын энесине берип үйгө кирип кетти. Тоо ичинен бери чыкчу жолду карап, ичинен келме келтирип Апидебегим үйгө кирди. Жапаркул миң башы бир жакка кеткенде эмнегедир үй ээн болгонсуп кетет. Жанынан чыгаргысы келбейт. Андай болгондо оокат кантип өтөт.

 

-         Аман – эсен келишсе экен. Жолдон каракчылар жолукса, чабышып кетип...

 

-         Энеке...

 

-         Неси болсо да кырсыктан алыс кыла көр.

 

-         Эмне дедиң эне?

 

-         Атаңды аман – эсен келсин дедим.

 

-         Мен дагы.

 

-         Эмне? Сен...

 

-         Молдоке маалым экөөбүз да дуба кылдык. Молдоке, - Жолдо жүргөндө жоо чабуулар болот, тоногондор болот, ошодон сактасын! - деди. Биз жашаган тоолордун арасында тоноочулар көп болот деди. Айбан, жырткычтар бар деди. Мени жаа тартканды билесиңби деп сурады. Мен билем дедим. Анда сен чоңоюп, жигит болуп калыпсың деди. Эне, мен оогандардын тилинде сүйлөй алам. Бүгүн фарси тилде кечке окудук. Фарси сүйлөйүнбү?

 

-         Карегим менин! Карегим!

 

-         Карегиң көздүн карасы ээ, эне?

 

-         Ошол сенсиң балам. Сенсиң!

 

Энесинин көзүнөн көзүн албай тигилген бала кытылдай күлүп.

 

-         Сен жумба да!

 

-         Жумбайм балам. Сен аман турсаң жумбайм! Сен эми чоң жигит болдуң балам. Сен эми буюрса, атаңа окшоп эл бийлейсиң! Кайраттуу, бекем, сөзгө бек болгун уулум. Сени Жапаркул миң башынын уулу дейт. Уктуңбу?!

 

- Апа, мен атамдай боломбу?

 

- Болосуң балам.

 

- Эл башкарамбы?

 

- Буюрса.

 

- Эл мени угабы?

 

- Сен мыкты башчы болсоң угат.

 

- Баары биздин эл ээ? Бир элбиз дейт го атам.

 

- Сенин элиң! Оозуңдан чыккан кебиң жерде калбаган адам бол уулум! Бийик адам бол! Атаң экөөбүз ошол күндү көрсөк...

 

          .....Жымжырттык.

 

Айлана оор жымжырттыкка термелип тургандай. Баятан эки караан бири бирин аяп карап көпкө турушту. Булар Рахманкул хан менен энеси Апидебегим эле. Эне бала бирин бири кыйбай турушту. Ошол учурда алыстан муңдуу үн чыккандай болду.

 

-         Кеткендерин жоктоп жатышат го...

 

-         Ошентип жатышат.

 

-         Көп киши кетти.

 

-         Жол азабы көр азабы дегендей...

 

-         Кайрадан Ооган тарапка жол тартканы турасыңбы балам?

 

-         Ошентсем дейм. Бул жактын климаты элди кырып жибергидей.

 

Кырып да жиберди. Бизге болбойт экен. Ысыктан бир тообу өлүп кетти. Жараткан ай! Бир амалын табуу керек. Тигил боздоп жаткандардын ыйы жаныма батып турат.

 

-         Салт боюнча жаңы кеткендерди таңда бир, кечте бир ошентип эскерип үн чыгарып турушпаса болбойт да балам. Бул салт. Биз аларды угуп турабыз. Бечарага жаман болду. Эми караар көрөөрү жок кыйналат. Балдары жаш калды.

 

-         Кыйын болду. Бир тобуна кыйын болду.

 

-         Тоодо туулуп өскөн эл ыссыкка чыдабайт да балам.

 

-         Ошондой болду. Ар кандай ооруу каптап кетти.

 

-         Буюрса баары жакшы болот. Өзүңдү кара, карегим!

 

-         Энем! Энекем! Карегиңе тигилгим келет...

 

-         Менин карегим сенсиң! Сенсиң уулум!

 

Эки караан бири бирин тиктеп, дагы да унчукпай калышты. - Неге ыйладың?

 

- Ыйлаганым жок, күндөн көзүм уялып кетти.

 

- Эне, азыр түн да...

 

Эки караан жарыша күлүп жиберишти. Апидебегим өзүн токтото албай бир топко күлдү. Ага кошулуп уулу да күлдү. Ал эми тээ баягындай сегиз - тогуз жаштагы бала эмес эле. Жетимиштен ашканы качан. Бирок так ушул көз ирмемде балалык дүйнөсүнө биротоло өтүп кеткендей болду. Ал токтогон жок. Булактын шыңгыр үнүндөй Апидебегим энесинин шоокумдуу күлкүсүн барк – барк эте баркылдаган чоң эркектин күлкүсү коштоп жатты. Анан бир убакта экөө тең тып токтошту. Эне – баланын күлкүсүн алыстан сыздап чыккан баягы аялдын кошогу улантып кетти...

 

Муңдуу аялдын ыйы көпкө токтогон жок. Айылдын баш аягына шашпай угулган муңдуу кошок, акырындап бөксө тоолорго анан бийиктеп, бийиктеп... анан асманга көтөрүлүп, тээ асман бетин бербей жымыңдаган жылдыздарды аралап кеткендей болду. Ар күнү ушул. Бул муңдуу кошок көпкө тыйылбасын береги турган Рахманкул хан жакшы билет. Кулак да көндү. Канча жылдан бери бири тыйылса, бири улантып, бири муңканса... бири сыздап, бул кошок анын бүтүндөй өмүрү менен бирге келе жаткандай.

 

- Ошол жактан көзүңдү албайсың да балам. Ал жакта сенин балалыгың, атаң экөөбүздүн жаштыгыбыз калды. Биздин жаштык... Оогандын тоолору... Ооган эли...

 

- Ошол балалыгым өткөн Ооганстанга кайра жол тартам.

 

- Кайрылып келип калаар бекен деп... атаң да сени күтүп...

 

- Ырас элеби?!

 

- Бирок, мында эмес, түз эле Ала – Тоого кеткен болсоң...

 

- Ала – Тоо! Тиги каапырлар...

 

- Антпе балам! Учуру келсе кайт! Жериңе, элиңе кайт! Бул тирүүчүлүккө устун болгон эч ким жок. Баары бир күнү кетет да... - Мени таштап кетпейсиңер! Биз баарыбыз чогу болобуз! Кыргызстанга чогу кайтабыз апа! – дечү элең... Адам баласынын баарысы бул тирүүчүлүктүн коногу балам.

 

- Эне! Энеке! Бир аз токтоп турчу! Силерди сагындым.

 

- Балам! Канчага чыксаң да мага дале бала эле бойдонсуң. Берекем менин! Эркетайым! Убакыттын өткөнүн кара. Минтип, сен да карып калдың...

 

- Эне...

 

- Кеч болуп кетти. Үйгө кир. Чыйрыгып каласың.

 

Апидебегимдин элеси акырындап узап, караңгылыкка сиңип кетти. Колун сунуп кала берген Рахманкул хан ал кеткен тараптап көзүн албай, дале караңгылыктан тинтий энесин издеп жатты.

 

-         Энекем! Алтындай адам элең!

 

Жанатан дымып турган ички үн араң тургандай сөзгө аралашты.

 

-         Алтындай дегениң аздык кылат. Алтының болгону бир жылтыраган таш.

 

-         Аның да ырас.

 

-         Эненин мээрими... Эне... эне...

 

Экөө тең даагы бир топко дымып калышты.

 

             .....Ал бүгүн да кечке энесинин караанын издөө менен убара болду. Эмнегедир, акыркы күндөрү көп издөөчү болду. Же, жолугушчу жолдор жакындай баштадыбы? Бир туруп ушул күмөн ой санаасын ээлеп алат. Андай кезде артка тигиле бүтпөй калган иштерин ойлоп, кыйбай кылчактайт.

 

... Оо, эне! Эне! Эне мээримине эмне жетсин.

 

Ага тең, аны сүрөттөөгө сөз жетпес! Апидебегим энекең сага мээримин төккөндө, төрдө кош жаздыкка чыканактай кыйшайып жаткан Жапаркул атаң ээрип кетээр эле. Бой келбетине келишкен кудай берген татына өңү караңгы үйдү жарык кылгандай болоор эле. Сен эне мээримине канып өстүң. Сенде арман жок! Аял жакшы эр жакшы! – демекчи, энекеңдин камырдан кыл сууруп чыккандай тунук акылы миң башы атаң Жапаркулга данек болду деп келишет. Жоо чабаарда жоокердин зайыбынын акылы кылыч, көзү биринчи колдоочусу деген ырас окшобойбу. Муну Жапаркул миң башы жакшы сезип, жакшы билчү. Орчундуу маселе чечкени жолго чыгып баратканда, - Апидебегим! Эркем! Жакшы акыл айтып, жакшы көзүң менен карап койчу! – деп сенин энекеңди эркелетип, ээрдинен сүйүп жолго чыгаар эле.

 

Сен эс тартканы ата - энеңдин акыл – насааттары, накыл кебинин тарбиясы менен өстүң. Өзгөчө энеңе жакын болдуң. Андай кездерде атакең, - Энесинин этегинен чыкпаган бала кантип кылыч чабат! Карма! Тигил жааны тартчы! – деп чычалатып калаар эле. Антсе, Апидебегим. – Менин уулум эл башында болот атасы. Менин уулум жүрөктүү, баатыр болот. Эл бийлейт! Атасынын жолун жолдойт! Атасы кылыч чапса, уулу жаа ата албай не болуптур! – деп, сени бооруна кыса көкүлүңдөн жыттап койчу.

 

Анда сен, - Мен молдокедей чооң молдо болом! - дечү элең эркелей. Сени окуткан молдону жакшы көрөөр элең. Ал түркүн тил менен куштай сайрап, түрлөп сүйлөп, жазып жатса көзүңө Кудайдай көрүнчү. Көп элдин тилин билгенди максат кылаар элең. Буга атаң менен энең кандай кубанчу. Оо, алардын кубанчында чек жок эле да. Четтен баскан думанды кылыч менен гана эмес, тил менен да жайласа болоорун, түркүн элдин арасында тил укмуштуудай зор курал экенин атаң Жапаркул миң башы жакшы билчү. Ошол үчүн Оогандын молдосун жалдап окуткан. Буга биринчилерден болуп акыл кошкон да энекең Апидебегим болгон. Апидебегим! Апидебегим! Не деген ажайып пенде эле! Атаң Жапаркул миң башы аны эркелеткенде, - Апидебегим, Апидебегим! Менин Апидем! – деп, күйүп турган кап кара көздөрүнө чөгүп кеткиче тигиле, аста бооруна бекем - бекем кысаар эле. Катуу сүйчү. Оо, сен ошолордун керемет сүйүүлөрүнөн жаралбадыңбы.

 

Баса, сүйүү демекчи, кара каш, кара көздүү, капкара олоң чачтары такымдан ашкан Апидебегим сулууну Жапаркул миң башы кырк кыздын ичинен тандап алган эмеспи. Не бир жигиттер ашык болду. Арзуулашкан эки жаштын ошондогу махабаты өзүнчө бир тарых. Ошол кылым карытып тарыхка айланган махаббаттан сен жаралып олтурбайсыңбы, баатырым. Мына азыр жетимиштен ашсаң да, жаның кайышканда, кыйналган кездериңде, - Сени кучактагым келет эне, сенин акыл кебиңди, насылыңды уккум келет. Акыл кебиңден кайрат алгым келет. Жанымда болсоңор кана... – деп армандап жибересиң. Оо, эне - атанын мээриминдей күчтүү эмне бар. Алар сен тиренген тоо эмеспи.

 

Рахманкул хан капысынан селт эте түштү.

 

Ал айланасын бир сыйра каранып, бирөөнү издегендей элеңдеди.

 

-         Энекем! Аттиң дүйнө!

 

-         Аттиң дүйнө! Аттиң дүйнө!!! Мына! Баарыбыз ушундай учурда так ушинтип армандайбыз. Дүйнө! Дүйнө! Сага жүктү артабыз. Анан ушул, – Аттиң дүйнө! – деген ачуу өкүнүү менен ичтеги ыза, буктан бошой түшкөндөй болобуз. Мына бул да бир аз болсо да жеңилдей түштү. Бирок азда эле кайра буулугат. Жылдап жыйылган өксүктөр, куса – муңдар бир ирет эле, - Аттиң дүйнө! – деген менен кетип калса кана?! Оо, анда шумдук болуп кетпейт белең дүйнө! Дүйнө... дүйнө... Баары калат! Баары калат!!!

 

Рахманкул алыска алыска тигилди. 

 

-         Каякка карадың?

 

-         Билбейм...

 

-         Баарын билесиң!

 

-         Мага айттыңбы?

 

Ички үн күңк этти. Рахманкул хан өзүнө өзү суроолуу тигилгендей болду. Анын жан дүйнөсү буркан – шаркан түшүп жатты. Ички үн аны сынап карап турду. Бирок чыдабай кеттиби, безеленип сайрап кирди.

 

Айланып учкан куштардан сура,

 

Жер алдында курттардан сура.

 

Дүйнөгө түркүк ким болгон...

 

Баары калат... баары калат...

 

 

Сойлоп кеткен жылаандан сура,

 

Кайкып учкан куландан сура.

 

Бабаңдан калган, дүйнө алдамчы,

 

Баары калат, баары калат...

 

 

Кылымдар турган турандан сура,

 

Кылым бир баскан курандан сура.

 

Атаңдан калган, дүйнө алдамчы,

 

Баары калат... баары калат...

 

 

Жарыкка апкелген энеңден сура,

 

Жараткан сени Эгемден сура.

 

Мүмкүн калаар бир гана элес...

 

Бул тирүүлүк бир оокат тура...

 

 

Баарынан сура, баарынан сура,

 

Бул өмүрүң, бир жалган тура.

 

Баарысы өтөт, баарысы өчөт,

 

Даңктаган сени... тарых да көчөт.

 

 

-         Даңктаган сени тарых да көчөт... Сынадыңбы? Түшүндүм!

 

-         Биз бир бүтүмбүз да...

 

-         Мен көчсөм сен да көчөсүң да! туура! Туура! Даңктаган сени тарых да көчөт деп... Тарых айтат, тарых айта берет. Басмачылар! Качкындар... Муну раматылык атам көп айтчу эле. Элден, жерден кеткендин баарын, – Качкындар! Басмачылар! – деп айтышат балам. Апчыган ашка тойбогон каапырлар! Аягы келип ушундай тагдырга салды. Аябай эле берген экен, атамда эмне акылары калды?! Ээ... Дүнүйө! Дүнүйө!

 

Ажыдаардай алкымдуу,

 

Дүнүйө бузат адамды.

 

Теңдеп коет ал ырас,

 

Жакшыга да жаманды.

 

Же болбосо “эки каапыр”...

 

Атама тең адамбы?!

 

Ченебеген дүйнөнү,

 

Басып алды каапырлар.

 

Жүздөгөн жыл кул кылып...

 

Гүл өмүрдү сапыраар.

 

Каны бөлөк бу каапырың,

 

Кантип эле элди аясын.

 

Кара кыргыз өссүн! – деп,

 

Бир боорундай карасын?!

 

Рахманкул хан асмандагы бириндеп чыккан жылдыздарга тигиле мелтирей даагы ичине демин ката анан өзүнө нааразы болгондой күңкүлдөдү. Жан дүйнөсү аны жоошутканга далбастап жатты.

 

-         Ээ, атамдын кайраты менде дегениңер...

 

-         Акыркы жылдары эмнегедир ошол кайраттын баарын жоготуп, алсырап бараткандайсын. Алдыга койгон максаттарды күн алды баарын данектей көргөн көзүң, сезген эсиң эңгиреп, чарчагандайсың. - Мен кайтып баратамбы же? – деп... Ушул да сөзбү? Ушул сен айта турган сөзбү?! Анда мен эмне дейм? Мен сага не акыл кошом? Билем, сен эңсеген бийик ашуунун артын ашпай, андагы дүйнөнү көрбөй каламбы? - деп чоочуп турасың. Сенин өмүр жолуң чарчаганда, мен дагы... мен да кетем да. Мына ушул тапта мен да өмүргө кейип турам. – Дагы берсең боло? – деп, мен да өмүрдү коркутуп турам.

 

-         Бирок өмүр сен экөөбүздүн жетегибизде жүрөт да. Биз кетсек ал да кетет.

 

-         Сен тиякка, тиякка... Көккө кайрыл. Ошого айт. Мүмкүн ошол берсе... Анда укмуш болбойбу. Мага да, сага да, тигил башын жерге салган өмүргө да.

 

-         Өмүр! Өмүр!

 

Рахманкул хан мукактана түштү.

 

-         Атам...

 

-         Атаң кыйын эле! Аз жашады, саз жашады. Кайран өмүр, анда дагы башын жерге салды. Неге дейсиңби? Алтымышынчы белди ашпай калдым деп...

 

-         60 жаш. Не деген жаш?

 

-         Кол созсо жетмек, бирок элүү тогуз таканчыктап туруп албадыбы...

 

-         Эрте... Абдан эрте!

 

-         Ооба, кайран киши эрте кетти. Бирок ошол эрте экенин билип туруп, жогортодон буйрук келди, өмүр байкуш башын жерге салып алдыга түштү да. Өмүр да буйрукка баш ийет да. А, сеники эки жети. 77 – жашка келип, атаңдан бир аз да болсо узагыраак басканың менен, бул өмүр сенин да, менин да эңсөөмө жетпей чарчап бараткандай. Дагы бир аз жол бассак ээ?.. Биз бери кайтканда узатып кала берген жеримдин, элимдин жүзүн көргүм келет. Бул сенин сөзүң, бирок менин да тилегим эмеспи. Атаңды эстеп, - Элге жетсем дейм! Сенин салам дубаңды өзүм жеткирсем дейм! – дегениңе мен да кошулуп келем го. Береги муштумдай жүрөктү сен эмне оңой деп олтурасыңбы? Мен биринчи туюп, сезип келет эмесминби. Ал эңсөө меники дагы!

 

-         Ошого жетээр бекенбиз? Минтип, кесел дегениң...

 

-         Жетебиз. Баарына жетебиз. Энең Апидебегимдин гүл терген жайыгына барып таза абасынан бир кенен кенен көкүрөк толо дем алсак, көк шиберге оонап жатсак... тоонун суусунан кере уучтап ичсек... Чаң ызгыткан балдарчы? Сен анда кичине элең. Сени оюнга кошушчу эмес. Чүкө атып, чикилдирик атып ойношчу эле. Түн киргенде кан таламай эсиңдеби? Сен аны да ойной алчу эмессиң. Бирок кызыгып карап олтураар элең. Анан тажаганда чоңдордон чүкө талашып ыйлап, чаң чыгарчусуң.

 

-         Керемет! Мына баарын эстеп алдык. Андан бери не заман өттү.

 

Алар бар дейсиңби? А, мүмкүн бар. Жашоо бир калыпта өтсө, мүмкүн алар бизге караганда көпкө жашаар. Деген менен Мургаб да катаал шарттуу жер. Бирок эл ошол бийиктикке көнүп калган. Киндик кан тамган жердин топурагы алтын демекчи, канча оор болсо да өзүлөрүнө билинбейт да. Калдайган карааныңдан айланайын Мургабым! Сени бул жакка эч салыштырып болбос...

 

-         Мургаб, Мургаб! Миң башы Жапаркул атаң куш салып өскөн жер.

 

Энең Апидебегим сулуу өскөн жер. Элиң, журтуң, тага журтуң, тууган – урук дегендей, анан сенин балалыгың. Там - туң басып, - Ата! - деп тилиң чыккан жер. Анан тушооң кесилди. Безилдеп чуркап бешке чыктың. Карачы, биздин эстээрге канча окуя жатканын. Боз кулунуң бар эле. Айланып аны жүрчү элек, анан, - Качан минем? – деп, ар күнү карап турчу элек. Боз кулун...

 

-         Атакеңдин ошол өрөөндө туулуп өсүп бой жеткени, ошол кең

 

жайлоо, кең жайыкта көк бөрү тартып чер жазган жигитчилик жаштыгы. Апидебегим экөөсүнүн сүйүүсү... Бейкут жашаган эл. Беймарал жайылган малдар, тамандарынан чаң ызгыта жүгүргөн балдар! Шынаарлай басып, шыңкылдап, бой жеткен кыздардын күлкүсү... Не деген тамаша!

 

-         Ээ, бул өмүрдө аша албаган кыр барбы, арман кылып айтылбаган сыр барбы? - дегендей, не бир сырлар жатат. Ушулардын баары көп жылдан бери көз алдыма тартылганы тартылган. Тызылдап чуркаган балдардын таскагындай улам көз алдыман чуркап чыга келет. Ой күлүк дейбиз, элес деле андан ашкан күлүк окшобойбу. Тим эле биринен бири өтүп таскактайт. Мен чуркап бара жатып жыгылдым беле?

 

- Албетте жыгылгансың. Энекем Апидебегим биринчи жетип тургузчу беле, же атакем биринчи жетип барчу беле? – дегени туруң го. Экөө тең жетип барчу. Өзүң оңой менен тура койбогон көк бет элең. Бир чыр салсаң көптө барып басылчусуң. Муну энең Апидебегим көп айтчу эмес беле.

 

- Мен ал аймактан кеткенден кийинки балалыгыман билем. Менин ыйымды энем гана эркелетип токтотоор эле, атакем камчы менен шыйракка чаап койчу. Мына бүгүн мен ушулардын баарын эстеп турам. Мен силерди эстеп турам. Балалыгым, энем, анан сиз... Бу өмүр дегениң...

 

Рахманкул оор дем ала алыска тигилди.

 

Ооба, өмүр! Бүгүн сага катуу жармаштым. Баарын көрүп билип туруп эле, болбой эле баарыбыз сени менен жетелешип, кылым ашкыбыз келет. Тойбойбуз. Мен да жаш баладай сүйлөп жатканымды кара. Сен тамак белең, кенен тоюп, ачка болгондо тура калып кайра тамактангандай... Сен келесиң, кетсең аркаңа эч кайтпайсың. Сен ушунуң менен улуксуң! Сени бизге берген Теңир да кайра улап беребербейт. Азбы, көппү, бир келген жашооңо бир өмүр жетет дейт. Анан ошого каниет кылгын дейт. Макул болбоско чараң жок да. Жараткандын буйругу менен жарыкка алып келгендерчи? Алар эчак мындан аттанып кетишкен. Деги айтчы, өмүр? Сага ким тоюптур? Муну эч ким далилдей албайт. Менимче, - Жашка тойдум! - дегенди угуу да мүмкүн эмес. Бабам тойгон жок, атам тойгон жок, мен да минтип...

 

-         Эч ким жашка тойбойт! Тойгон да эмес!

 

-         Мен да ошентип ойлойм. Пендебиз да. Деген менен...

 

Экөө тең бир топко тунжурашып калды. Ой талашканы менен жан

 

дүйнө деле бул кезде жетээр жерине жетип, айласы кетип турган чак эле да. Рахманкул хан үн каткан жок. Бирок анын бул учурда эмне ойлоп турганын жүрөк айттырбай билет эмеспи. Тигинин кабак кашына бир сыйра көз жүгүртүп өзүнчө күңкүлдөп кирди.

 

Айланып учкан куштардан сура,

 

Жер алдында курттардан сура.

 

Дүйнөгө түркүк ким болгон...

 

Баары калат... баары калат...

 

Сойлоп кеткен жылаандан сура,

 

Кайкып учкан куландан сура.

 

Бабаңдан калган, дүйнө алдамчы,

 

Баары калат, баары калат...

 

Кылымдар турган турандан сура,

 

Кылым бир баскан курандан сура.

 

Атаңдан калган, дүйнө алдамчы,

 

Баары калат... баары калат...

 

Жарыкка апкелген энеңден сура,

 

Жараткан сени Эгемден сура.

 

Мүмкүн калаар бир гана элес,

 

Бул тирүүлүк бир оокат тура...

 

Баарынан сура, баарынан сура,

 

Бул өмүрүң, бир жалган тура.

 

Баарысы өтөт, баарысы өчөт,

 

Даңктаган сени... тарых да көчөт.

 

 

-         Муну сен айттыңбы?

 

-         Алыс жактан угулдубу?

 

-         Аа. Мен айттым де!

 

-         Сенин сөзүң, бирок мен кайталадым.

 

Рахманкул хан бир аз ызалана түшкөндөй болду.

 

-         Апам мени таштабайм дечү эле бечара.

 

-         Түбөлүк устун болгон ким бар...

 

-         Ошону айтпайсыңбы.

 

-         Баары келет, баары кетет.

 

-         Баары кетет... Ээ дүйнө! Дүйнө!

 

Дүйнө алдамчы,

 

Бар балээни пендеге салган.

 

Дүйнө алдамчы,

 

Кылыч чаппай башыңды алган.

 

Дүйнө алдамчы,

 

Баарын берип. Анан сынап.

 

Бир көз ирмем...

 

Бийлигиңен кетет жанган...

 

 

Рахманкул хан Көккө тигиле бир силкинип, анан ичинен катуу күрсүнүп алды.

 

-         Дүйнө алдамчы! Дүйнө алдамчы...

 

Анын үнү ушул тапта каргылданып кетти. Ачык билинбеген добуш күңгүрөнүп, жан дүйнөсүн өксүк өрттөп баратты.

 

 

Дүйнө... дүйнө...

 

Дүйнө алдамчы,

 

Келгениңде кубанган.

 

Дүйнө алдамчы,

 

Кетерээриңде сулаган...

 

Дүйнө алдамчы,

 

Бурганактап жааган кар.

 

Дүйнө алдамчы,

 

Сага кенен, мага тар.

 

Дүйнө алдамчы,

 

Түбөлүк деп айтпагын.

 

Атаңдандан калган,

 

Сенден да калат.

 

Кай пендени уктуң эле...

 

Көргө баарын жүктөп алган.

 

Дүйнө алдамчы,

 

Пейилди оңдо. Эс бергин.

 

Дүйнө, дүйнө!

 

Бакыт менен күлүп келгин.

 

Сени жектеп,

 

Кайра сени сүйгөн да,

 

Дүйнө! Дүйнө!

 

Пендеңмин да. Бул менмин!!!

 

 

-         Дагы дүйнө дедиң ээ?

 

-         Алардын да кылбай кеткен иштери калдыбы деп... - Бир аз убакыт болсо дешип, өкүнүштүбү? Ушул тапта ойлоп олтурам да. Тирүүчүлүктүн ой тоолору...

 

-         Аларды сен кайдан билесиң?

 

-         Ойлойм да.

 

-         А, мүмкүн арман деле болбогондур...

 

-         Мүмкүн эмес.

 

-         Далилде.

 

-         Мен армандап олтурбаймбы...

 

-         Сенин жөнүң бир башка.

 

-         Жок, жок, ар бир адамдын бүтпөгөн иши калат.

 

-         А, мен сени түшүнгөндөймүн.

 

-         Мен да ошону айтып олтурбаймбы. Мүмкүн кылымдык жашоо берсең Жараткан көксөгөнгө жетээр белем?.. Жетээр белем деп жатам. Минтип жаш да келип калды. Көөдөндү жарып жаш келген сайын бир арман уктатпай келет.

 

Рахманкул хан бир топко унчукпай ичинен тына, анан асманда бириндеп чыгып келе жаткан жылдыздарга тигилди. Жылт - жулт, жыл - жулт. Тээ бала кезден караган жылдыздар. Кол жетпегени менен ар бирин көздүн кареги менен аңтарып чыкчу эле го. Мына көбөйө башташты. Бүгүн күндөгүдөн асман ачык. Негедир булуттар да жок болду. Мына ааламдын баары эле жылдыздардан тургансып, тим эле асмандын бетин бербей жыбырашат.

 

-         Жылдыздар... жылдыздар...

 

Ал бая батып бараткан күндү узаткандай эми Жетиген жылдыздарына, андан ары Чолпон жылдызга тигилди. Көпкө карай алган жок. Көзү ачышып кетти. А... карылык, карылык. Жаш кезде мындан көпкө тигилээр эле да. Каректердин талып кеткенин кара...

 

Рахманкул хан дагы да жылдыздарга тигилди.

 

-         Сенде кайсы арман дээрсиң? Ал арманым, алыста калган тууган жерим. Киндик кан тамган жерим! Атам армандагандай, көздөн учкан тууган жер... суусу, абасы, тоо – таштары...

 

Дагы да ойго туна түштү.

 

-         Атам... атакем... - Элди көргүм келет. Ата конушумду, топуракка чаңыта чуркап ойногон балалыктын күндөрүн сагындым. Ал заман бир керемет эле да. Менин бае балалыгым. Томпой атып, чикилдирик ойноп, атам менен аң уулоого чыккан күндөрчү... – дээр эле Жапаркул атам. А, менин балалыгым бөтөн эл, бөтөн жерде чыйралды...

 

Эми катуу күрсүнүп алды.

 

-         Аа, өмүр! Өмүр! Атакемдин аманат керээзин аткарганга сен экөөбүздө мүмкүнчүлүк болбойт окшот ээ?

 

Ички үн жактырбагандай бурк этти.

 

-         Эрте жыйынтык чыгарбай туралы.

 

-         Менин көзүм жеткендей болуп жатпайбы.

 

-         Сен кыялга азгырылып турасың.

 

-         Ошондой эле болсо кана...

 

Рахманкул хан тынч жаткан айылды аңтара карап, бийигирээк дөбөчөгө барып олтурду. Эмнегедир бүгүн кечке анын оюнан атасынын керээзи кетпей туруп алды. Ал катуу толкуп, кайра артка тарткан толкундай көөдөнүн кере, оо бир кезде демин ичине тартты. Анан тээ алыска алыска тигилди. Ана кулагына энесинин эркелеткени, атасынын айткан керээзи даана угулуп турду. – Балам! Кыргызстанды көргөнү эмес, кыргызстанга өлгөнү баргыла! Үндөр чыгыштан батышка, батыштан чыгышка жаңыргансып, анан Рахманкул ханды өзүн тегеректеп келип таман алдынан шыбыр менен жогору көтөрүлүп баратты. Атакесинин коңур үнү! Сүрдүү үнү! Ошол тапта экөөсүнүн тең көздөрү бет маңдайында тургандай болду. – Балам эсиңе бекем сакта! Бекем сакта! – деп, тигилген көздөр шыбырап жатты.

 

-         Билем атаке.

 

-         Балам эсиңе бекем сакта! Бекем сакта!

 

-         Атам муну аманат – керээз кылып айтып кеткен эле...

 

Ички үн аны кубаттап кетти.

 

-         Балам! Кыргызстанды көргөнү эмес, кыргызстанга өлгөнү баргыла!!!

 

Ушул тапта Жапаркул миң башынын үнү дагы да жаңырып турду.

 

-         Балам! Кыргызстанды көргөнү эмес, кыргызстанга өлгөнү баргыла!!!

 

-         Не деген тилектер! Атакемдин тилеги! Мен да сага окшоп балдарыма керээз кылып айтып келем. Анан да ар бирине бак бер деп тилейм ата... – деди ичинен күбүрөнө.

 

Ар бир адам баласы перзенти жарык дүйнөгө келгенде алгач аман болсун дейт, анан адам болсун дейт. Адам болгондо да, карып болбой, каадалуу адамдан болсо дейт. Бечара болбой, билимдүү адам болсо дейт. Ушул тапта тээ Ооганстанда биринчи жолу тамга таанытып, билим берген молдокеси көз алдына тартыла түштү. – Бир же эки тил билүү аздык кылат. Алыңдын жетишинче тил үйрөнүүгө аракет кыл, кор болбойсуң. Билимди толук алганга аракет кыл. Бул сага керек! Аба – суудай керек балам! Сен билимдүү болсоң, сенин бала – чакаң да билимдүү болушат. Аалам тааныйт. Мунун баары сенин мойнуңдагы милдет. Аталык милдет болот. Кийин мени эстээрсиң балам. Оку! – дээр эле. Туура. Бул ар бир адамдын, ар бир ата - эненин жаратылышынан жан дүйнөсүнө сиңген көрүнүш. Рахманкул хан да так ушул чакта уул – кыздарына максаттуу тилекттерди тилеп, Жараткандан жандарын аман кыла көр деп суранып турду. Кыз балабы, уул балабы, баары билим алуусу зарыл. Айрыкча ошол аалам айланткан, акыл өстүргөн улуу билим мунун балдарына да аба – суудай керек дейт. Хандын тукумунан не бир мыктылар, өнөр ээлери, билим ээлери, академик, профессорлор чыгуусу керек. Эки элдин ортосунда иш жүргүзгөн тил билген мыкты элчилер, дипломаттар чыгуусу керек. Мыкты врач, мыкты кесиптин ээлери чыгуусу керек. Мына хан атанын тилеги!

 

Ыя, заманым? Уктуңбу? Ооба, ошентти. Береги калдайган караандын тарых карыткан каректери учур талабынан, заман талабынан эмнени көздөп турат. Тилектерине жетип, баары өз тандаган кесиптери менен жан сактап кетсе дейт. Алды эчак түркүн кесип ээлери болуп калышты. Жүрөк өйүгөн бир маселе... Ал элди Рахманкул хандын өзүндөй башкаруу, андан ары бийликти алып кетүү! Муну кимиси чечет? Кимиси ата жолун жолдоп, хандык бийликти колго алат? Далайды көрүп, атага тең болуп, ал тургай атадан ашкан береги турмуштук түркүн стратегияларына каныккан кара жаал хандын оордун ким басат?! Мына чоң маселе! Канча жылдан бери азаптуу эли менен ак – караны, ачуу – таттууну тең бөлүшүп, көрбөгөндү көргөн, береги муң тарткан каректерден чачыраган арстандай айбат кимисинде болду экен?!

 

-         Эл бийлөө эле оңой бекен.

 

-         Анын да не бир катылган сырлары бар.

 

-         Оо, болбойт го...

 

-         Бала - баланын иши чала болуп калат го... Же...

 

-         Жок! Жок! Өмүр! Сен чарчаба. Демиңди баспа!

 

-         Баса көрбө! Сен күчтүү болушуң керек. Биз күчтүү болушубуз керек. Экөөңдүн демиңер токтосо мен да токтойм да.

 

Ички үн бирөөгө таарынгансып каргылдана түштү.

 

Өмүр!.. Сен таттуусуң өмүр! Сенден таттуу, эч нерсе жок. Саргайган кезде да, зарыккан кезде да, кабатыр болуп камыккан кезде да сен таттуусуң өмүр. Таттуусуң! Муңдун да, армандын да, азаптын да ачуу суусун биринчи сен татасың. Береги калдайган караанды карачы. Сенин кемеңде не көрбөгөндү көрдү. Бирде кубанычтан жайнаса, бир жалыны жок түтүнгө муунуп өлдү. Өлдү дегеним канча жандын азабын бирге тартты. Бирок бул күчтүү! Дале да болсо мында күч бар. Мунун демине дем кошкон сенсиң өмүр! Сенсиң! Капыс чыккан кептерине капа болбо. Пендебиз да!

 

Ички үн Рахманкул хандын жан дүйнөсүн аңтара келип, азга ойлуу демин басты. Жанатан алыска тигилип турган Рахманкул хан эми ар жагына бурула айлананы аңтара бир сыйра карап чыкты. Айлана мелмилдеп тып тынч. Ал баятан жанында турган байбичеси Толунбибини байкаган да жок. Эми байкап чоочуп кетти.

 

-         Ой, сен келип калдың беле, байбиче?

 

-         Келгеним качан. Сизди шаштыргым келген жок байым.

 

-         Бүгүн күн абдан жакшы болуп турат. Жакшы батты. Жылдыздар...

 

-         Бүгүн асман ачык. Жылдыздар жарыктыктар да жыбырап...

 

-         Ушул жылдыздарды боз үйдүн түндүгүнөн карап, саначу элек.

 

-         Ии...

 

-         Эмне уялып кеттиң?

 

-         Кантесиз. Анда биз жаш элек да.

 

-         Тигине сенин Чолпон жылдызың.

 

-         Сиздики...

 

-         Сен такай менден Жетиген жылдыздарын талашчу элең.

 

-         Коюңузчу. Уялтасыз да.

 

-         Анын уяты жок Толунбиби. Эми ал кез кайрылбайт.

 

-         Күз да келип калды.

 

-         Сөздөн качтың ээ? Мейли, мейли. Бирок күндөгүдөй шамал жок.

 

-         Салкындап калган жоксузбу? Чыйрыгып калбаңыз.

 

-         Жакшы. Баары жакшы.

 

-         Муну жамынып алыңызчы. Ала келген элем.

 

-         Жөн койбопсуң да. Болуптур. Келе. Ийниме жаап кой. Эсиңдеби?

 

-         Ии...

 

-         Ушундай жылдыздардын алдында ак чөлмөк айноор элек.

 

Жаштыктын жакшы күндөрү өттү. Баары бир көргөн түштөй өттү да кетти. Түбөлүк эч нерсе жок го...

 

Экөө тең бир топко укчукпай калышты.

 

Байбичеси Толунбиби Рахманкул хандын үчүнчү аялы. Төрт баланын энеси. Биринчи аялы төрөбөй калгандыктан, Эркебибини алган. Эркебиби хандын экинчи аялы. Раматылык Эркебиби балканактай төрт эркекти төрөп берди. Балдардын алды он бештен ашып, эр жетип калышкан эле. Энелик мээримин аяган жок. Хан күйөөсүнө да татыктуу жубай болду. Жашоонун азап – тозогун бирге тартты. Аттиң, бири кем дүйнө ай! Ажал айттырбай келет тура, кичүүсү Акбар 9 – жашка келген кезде жайнап турган Эркебиби бул дүйнө менен коштошуп кете берди. Рахманкул хандын бир капшыты оодарылып түшкөндөй болду. Ортодогу ыссык сүйүү боздогон муңун ичтен кайрып, арылбас арман болуп жүрөктө кала берди. Азыр да ээндей калганда ошол армандуу сүйүүнүн муңканганы жан дүйнөсүн эзип жиберет. Эркебибим деген оор үшкүрүктү артында калган балдардын кубаты менен жеңип келаткандай. Мына. Билектей болгон уулдары өзү менен тең өсүп, эми жеңилин жерден, оорун колдон алып олтурушпайбы.

 

Рахманкул хан ушул тапта нени ойлоду белгисиз, бирок эмнегедир Толунбибини бир топко үнсүз тиктеп турду. Мүмкүн сыртка чыкпаган ыраазычылыгын ичинен кайталап, Толунбибиге ыраазы болуп тургандыр. Көз карашты сезген Толунбиби билбеген адам болуп алыска тигилди. Рахманкул хан дале тигилген көзүн алган жок.

 

-         Сиз неге антип карадыңыз, байым.

 

-         Сулуу болуп кетипсиң да.

 

-         Коюңузчу. Ошентип да тамашалайт бекен. Балдар укса...

 

-         Балдар да сен экөөбүздөй картайышат. Ошондо билет.

 

Экөө бир топко күлүп токтошту. Кайрадан жымжырттык.

 

Толунбиби улуу байбиче Эркебибиден калган төрт балага да эне оордуна эне болуп, өзүнүн төрт баласына кошуп сегиз балага эне болуп келет. Балдарга тең караганына шүгүр! – деп, Рахманкул хан байбичесине ар убак ыраазы. Деген менен жерден боорлорун эчак көтөргөн балдардын Толунбибиге анча деле оордуктары тийген жок. Айланып, кагылып турса ким боор тартпасын. Төрт бала тең эне дешип, Толунбибини кадырлап келишет. Буларга аралашып хандын төртүнчү жубайы Овабибинин балдары. Баары бирдей ынтымакта өсүп келе жатышат. Жанатан хандын тилегени да ушул эмеспи.

 

Толунбибиден кичүү болгондуктан Овабиби аны эжекелеп сыйлап, экөө эже - сиңдидей ыссык мамиледе. Анткендери да дурус эмей анан. Эгер эки аялдан ынтымак кетсе аларды көргөн балдар, айылдагы катын калачтар, келиндер кантишмек. Аялдардын ынтымагы үй – бүлөдөгү биринчи курал. Тээ раматылык Эркебибинин көзү тирүү кезде түптөлгөн да бул ынтымак. Мына, чатакты салса ошол салмак да, бул экөөсүн шорлотуп. Жок андай болгон жок.

 

-         Акбар уулуңуз жаңы бир эстелик жасаган экен.

 

-         А, билем.

 

-         Көрдүңүз беле байым?

 

-         Ооба, көрдүм. Бирок ал билбейт.

 

-         Кантип.

 

-         Ушинтип эле. Ал жокто ачып карадым.

 

-         Аа. Мен сизди билбейт деп...

 

-         Эмне сүйүнчүлөйүн дедиң беле байбиче?

 

-         Жок. Баратып көрө кетсек дегем. Сизге...

 

-         Мага абдан жакты. Малик экөө абдан мыкты чыкты.

 

-         Ии...

 

-         Эмне? Мен баарын жакшы көрөм.

 

-         Анткеним жок. Мен...

 

-         Ээ, байбиче.

 

-         Маликтин ашуудагы тарткан сүрөтүн...

 

-         Көрдүм. Өзү көрсөттү. Жаныбызды уучтап өткөн элек.

 

-         Капырай десеңиз. Ошонун баарын тарткан экен.

 

-         Акбарым да катуу чыккыдай. Мейли тарта берсин.

 

-         Бул тартпайт экен. Чоподон... таштан... Анан жыгачка салат экен.

 

-         Аны скульптор деп коет байбиче.

 

-         Ии.

 

-         Каалаган жерге ташка да салат. Талкаланбайт. Турат.

 

-         Жүгү менен топозду жасаган экен. Капталында бала...

 

-         Бала...

 

-         Бегимай көрүп эле ыйлап жиберди. Анын...

 

-         Билем.

 

Экөө тең бир саамга унчукпай калышты. Топоз минген бала... Кантип унутушсун. Оогандан Пакистанга качканда, качканда эмей анан. Жол катаал болбоду беле. Ошол жер которгондо даагы нечеси жолдо өлдү. Бул жүрүш көз алдына тартылганда жолдо – белде калган элин ойлогондо Рахманкул хандын заманасы куурулуп, береги ааламга батпай кетет.

 

-         Карап эле, - Менин балам го! - десе болобу. Карап Олтургандар не бир баса алсакчы. Бечара Акбарым кысылып...

 

-         Ошентет да байбиче. Жол жаман эле. Бир таман жол. Топоз жүгү менен учту, артынан бала... анын артынан төрт, бешөөсү... Муну чоң кырсык деп коет. Ал күндөрдү кантип унутасың. Ташка тамга баскандай, ар бири көз алдымда. Акбарым жарайт! Азаматым! Биздин баскан тарых жолубузду ташка чегип, Малик экөө өлбөс, өчпөс тарых салып жатышат. Көз тийбесин.

 

Толунбиби шашып кетти.

 

-         Көз тийбесин! Абдан кубандым. Ушуну апасы көргөндө не...

 

Көргөндүн баары тамшанып жатышат.

 

-         Тагдыр деп коет байбиче. Мындай сөздү кулагына балдардын угузбагыла. Эстүү жансың. Ал да эстейт да. Сен турасың, Овабиби турат. Өзүнүн энесиндей мээрим төгүп келесиңер, балам эстүү. Силерди таарынтпайт. Бирок, кандай болгон күндө да өз энесин биринчи орунга коюшаарын билип жүр.

 

-         Аныңыз ырас, байым.

 

-         Балам эстүү. Эстүү. Шүгүр дейли. Бак берсин!

 

-         Ырымдап башынан суу айлантып, арча түтөтүп аластап койдум. Көз деген көз.

 

-         Туура кылгансың байбиче. Буюрса ушул өнөрлөрү менен Аалам айланат. Мен, оо, канча мыкты сүрөтчүлөрдү көргөм. Тигил Стамбул, Анкара, Адананын, Вандын борборунда не бир заңгыраган имараттарда жайнап, көздүн жоосун алып илинип турушат. Аларды ошол мамлекеттин сыймыгы, жүзү, мактанычы деп карашат. Башка чоң чоң өлкөлөрдөчү. Байкашымда сүрөтчүлүк өнөр дүйнөдөгү эң бир чоң өнөрлөрдөн окшойт деп койдум. Муну баары эле сала бербейт. Кудай таалам берем деген пендесине берип, энчилейт тура. Акбарым менен Малигим да кудай сүйгөн пенделерден. Сала беришсин. Чоң чоң сүрөтчүлөрдүн катарынан көргөндө ошондо мактанып, мактайм! Туурабы, байбиче?

 

-         Туура. Туура айтасыз.

 

-         Ошондой, байбиче. Таланттуулардын жолу чоң болот. Ии, неге антип карайсың? Сен төрөгөн балдардан да, Овабиби төрөгөн балдардан да мыктылар чыгат. Алардын балдары, балдарынын балдары чыгат. Баары эле сүрөтчү боло беришпейт. Ар кесиптин ээлери чыгуусу керек. Мен буларды неге окугула деп, окутуп жатам. Такыр билбей калдым дегени менчелик билсе да жетишээрлик болот дейм. Береги турмуштун сабагы да зор сабак! Баарын турмуштан көрүп, билип, албаган сабакты алып келе жатабыз. Эми тынччылык эле болсун. Окушсун! Окуганы окуп, иштегени иштеп, кеп сөзгө калбай өз оокаттарын жүргүзүп кетишсе бизге ошол керек. Акбарым азамат! Сен айткандай Эркебиби азыр ушунун баарын көргөндө, - Сизге мына ушундай уулду төрөп бердим. Кубаныңыз! – деп, жаркылдап турмак. Ошентмек.

 

Бир азга экөө тең тунжурай түшүштү. Экөөсүнүн тең көз алдына жаркылдаган Эркебиби тартыла түшкөндөй болду. Рахманкул хан тамагын жасай анан демин ичине тартты. Баамчыл Толунбиби муну эчак байкаган. Тээ Акбардын ишин айтып киргенде эле хан күйөөсү биринчи эрке байбичесин эстээрин билчү. Толунбиби абдан эстүү жан. Канча эркелетсе да өзүн эч качан Эркебибиге теңөөчү эмес. Анын алдына чыгам деп да эч аракет кылган жан эмес. Ал тургай хан күйөөсү өзүнөн кийин аялдыкка Овабибини алганда да бир кызганбады. Мүнөзү оор, эч нерсеге жулунбаган, ашык сүйлөбөгөн, улуу – кичүүнү сыйлай билген, ак караны ажырата билген, кишиге катуу айтпаган жаркылдаган момун жан. Хан күйөөсү муну так ушул кенен дүйнөсү, эстүүлүгү, анан да өтө боорукер, жумшактынан бөтөнчө сыйлап келет.

 

Ар бир аялы өзүнө жаратылышынан берилген касиеттери менен хандын сезимин арбап багынткан. Албетте табигаттан жаратылышынан ар биринин өзүнчө өзгөчө кыял жоруктары болот дечи. Эркебиби кайын эненин камырынан демекчи дегендей кайын энесинин бир топ тарбиясын көрүп калгандыктан анын ар бир кыймыл аракеттери, кыял – жоруктары да Апидебегимге окшошуп кетээр эле. Ал күйөөсүнүн кирпиги ирмелгенинен ар иштин чоо жайын билип турчу. Өтө зирек, өтө камбыл, өтө билгич, андан да аялзатына тийиштүү бөтөнчө наздуулугу менен хан күйөөсүн арбап алаар эле. Ал эми Толунбиби бир топ назик, кулк – мүнөзү оор келип, оңой менен ооз ачпаган, жан адамга сырын айтпаган бир мүнөз, созулган жан. Анын жооштугун баары билет, бирок жоош киши бир ачууланса абдан катуу кетээрин да сезишет. Хан күйөөсү аны менен көп иштерди ортого салып кеңешип чечет. Айрыкча Эркебиби кеткенден кийин баардык ишти Толунбиби менен чечип калган. 


Эми кенжеси, ары эрке жубайы, Овабиби тигил экөөнө караганда бир топ эрке. Айтканын бербеген, айтканынан кайтпаган, өтө бышык жан. Мунун мындай каприздери ачуулантмак тургай кайра хан күйөөсүн айланчыктатып, жипсиз байлайт. Канткен менен жаш эмеспи, жаштыгы менен ар убак өзүнө арбап турат. Ошол эле учурда Овабиби тигил экөөнөн калышпаган чечкиндүүлүгү, иш билгирдүүлүгү, эрине да балдарына да болгон мээрими, аялдык наздуулугу менен байлап тургандай. Булардын ортосундагы махабаттан төрт бала жаралып олтурбайбы. Мунун өзү не деген байлык! Учурда Рахманкул хан ушунун баарына ыраазы. Үчөөсү тең жароокер мамилелери менен сыйга татыган, тунук акыл – эстери, билгичтиктери, керилген келбеттери менен эл бийлеген хандын татыктуу жарлары боло алышты.


 

Эркебиби

 

Эркебиби аялдын бир асылы эле. Анын көргөн тарбиясы кайын энеси Апидебегимден башталган эмеспи. Тарбияны да кайын энесинен катыра алган. Мындай тартип, мындай каада – салт тээ илгертеден, ошол Апидебегимдин кайын энесинен, анын кайын энесинен калган эле да. Муундан муунга өткөн, ата – бабадан, энеден кызга, кайын энеден келинге калчу улуу салтты улап алиге катуу кармап келе жатышат. Демек так ушундай болуусу керек! Жаратылышынан ары назик, ары ийкемдүү, ошол эле учурда эркектей эч нерседен жалтанбаган, оозунда сөзү, көзүндө сүрү бар Эркебиби бүтүндөй айылга үлгү аял эле. Аттиң тополоңу тоз түшкөн заманда оор кыйынчылыктын баарын башынан өткөргөн Эркебиби уулдарынын алды бутуна туруп байынын колуна кол, бутуна бут болуп калган кезде дүйнө менен коштошуп кете бербедиби. Эне деген эне да, ошол кетип бара жатканда тигил үчөөсүн, - Силер го жигит болуп калдыңар. Бул эмне болот деп? - көкүрөк күчүгү Акбарын кыйбай, тогуз жаштагы бала не оокат кылат деген ой менен кыйбай кеткен эле бечара.

 

Оо, дүйнө! Жарыбаган кем дүйнө!

 

Бул адам баласына берген бир аз тирүүчүлүгүңдө эмнени гана көрсөтпөйсүң. Аңгектен качсаң дөңгөккө! - дегендей, бир ууч эл баш аягын толук жыя электе эки жылдан кийин Кытайда Коммунисттик Партиянын режими орной баштады. Бул 1950 – жылдарга туш келди. Кечээ жакында эле жакшы жашоо издешип, жакшы үмүт менен Оогандан мында ооп келишпеди беле. Кытай элин жаңыдан таанып, жашоо шарттарын түптөөгө бөтөн жердин шарттарын акырындап өздөштүрө башташкан элге жаңы өкмөттүн, Кытайдагы Коммунисттик Партиянын жаңы режими орной башташы эл баштаган Рахманкул хан үчүн да, аны ээрчиген эл үчүн да күтүлбөгөн жагымсыз жаңылык болду. Бейкапар олтурган эл даагы бир ирет катуу дүрбүп алышты.

 

-         Эми кандай болот?

 

-         Кандай күн болот?

 

-         Чачылып кетсек...

 

-         Анда биротоло жок болгонуң!

 

-         Аның да туура!

 

-         Кайда барып жашайбыз?

 

-         Тынчтангыла! Бизди эле ким бооруна кыса койсун.

 

-         Туура айтат. Сабыр керек!

 

-         Ханыбыз аман болсо, бир айласын табаар.

 

-         Ханыбызга кудай амандык бере көр!

 

-         Ынтымак, бекем тартип керек!

 

-         Эгер Рахманкул хан бизди таштаса...

 

-         Анда жок болгонубуз ошол...

 

-         Шектин да ыгы болот. Ыксыз сөздүн кереги эмне!

 

-         Рахманкул хан укпасын!

 

Эл арасында күбүр – шыбырлардын аягы суулбай, дүрбүп жатты. Ар кандай ойлор ар биринде болуп, келечекти ар түрдүү элестетип жатышты. Кээсине жердин чеги бүткөндөй сезилди окшобойбу, үшкүрүктөрү жер тиртиретип, шыпшына олтуруп калышты. Кээси элден бөлүнүп чыгып кетсемби? Өз үй - бүлөмдү бул балээден сактап, көптүн арасында билинбей жашап кетээрбиз деген да ойдо турушту. Бирок элинен бөлүнүп эч жакка кете албастарын да түшүнүштү. Рахманкул хансыз кантип оокат кылышат? Кайда барат? Ким буларды киргизе койсун. Жашап кетүү мүмкүн эмес го... Ошол эле учурда Рахманкул хан да буларды эч качан таштабастарын жүрөктөрүндө сезишет. Ишенишет. Ишеним баарынан ыйык дешет.

 

Жаңы режим!

 

Бул режим бөтөнчө Рахманкул ханга жага берген жок. Билинбегени менен булардын Коммунисттик Париясынын ары жагында да оңкоңдон кеткен орустардын кандайдыр бир тиешеси болуп жүрбөсүн... деген шектүү ой келди. Жер ааламдын баарына колу жеткен орустардын мыйзамдары бу Кытайга дагы жетти окшобойбу? - дейт ичинен. Кытай чоң эл. Ким менен алака түзөм десе өзүнүн иши. Мүмкүн орустарга дос болуп кетет. Неси болсо да булардан сактануу керек. Кармап бербесине ким кепил боло алат? Кетиш керек го... Бирок кайда? Кайда?! Кытай Памиринин шартында эл жашап кетмек. Учу кыйры билинбей созулуп жаткан Памир тоолорунун кай капталына кирип отурукташса да тоо сырын жакшы билген элге бир жашоо жүрүп кетмек. Кандай болгон күндө да кытайлар менен тил табышып, оокат кылып кетээрине ишенип келген Рахманкул хан ичинен бурк этти.

 

-         Даагы канча сапар карытаар экенбиз? Качып... конуп... Атаңды көрү дүнүйө! Азабың сенин калдыбы?!- деди хан заманасы куурула.

 

 

Келээриңде дүнүйө ай,

 

Керилип жаткан көлдөйсүң.

 

Кетээриңде дүнүйө,

 

Бурганак чапкан чөлдөйсүң!

 

Береги керилип жаткан тоолордун сырын бул билгендей, бул сезгендей баары эле биле бербейт эле. Тоолор дагы көрө билгенге, туя билгенге, тута билгенге сырын ачып, койнуна катат эмеспи. Кайсы кытай тээ чокунун артына барып оокат кылсын. Алар жайыкта, сууда жашап көнгөн эл. Суу кечип күрүч терип, жер тытып көк – сак менен жашап калган калкка береги керилип жаткан тоонун деле анча тансыктыгы жоктой байкалды Рахманкул ханга. Ушул тапта береги уч кыйры жок мелжиген тоолорго өзү гана ээдей сезилип турду. Тиягынан орустар, мында Кытай коммунисттери, анда барсак эки жаат болуп ич ара бири бирин жеген Оогандар... Бирок бир чечимге келүү керек. Тууган жерди элестеткенде эле куугунга түшкөн орус солдаттары элестейт.

 

-         Кайда барба бабайдын көрү! Мал жанды көбөйтүүгө да жакшы шарт болмок. Малсыз жашоого мүмкүн эмес. Эл бутуна туруп кетет беле?.. Кетүү керек! Кетпеске айла жок! Тоолор... тоолор... Менин мекеним силерсиңер! Баарыңар меникисиңер, тоолорум! Меники! Кандай болгон күндө да силерге күнүм түшөт. Каткан сырларыңды ачып, жашоого жай таптыр. Бир айласын табуу керек. Сырыңды ач, тоолорум! Мени бул азаптан да куткарып, аман – эсен алып чык! – деди оор умсуна алыскы тоолорго тигиле.

 

Ушул тапта береги суналып жаткан Памирдин бир башынын бир башына чейин ээлеп алгысы келди. Тоонун ичине кирип кетсе, муну ким табат? Бирок жалаң мал менен не жашоо болот? Төрт мамлекет төрт жактан кысып кирип, тоо эмес жердин алдына кирип кетсең да биринен таап чыгаары бышык. Тобокел! Бир тыгылган сазга бутуңду эки салба! – дейт. Бирок башка айла жок. Тоолор! Тоолор! Элди сактап калуу керек!

 

Хандын бул чечимин байбичеси Эркебиби да туура көрдү. Жердигинен бир мүнөз, жапакеч, адамдын оюн айттырбай билген Эркебиби кайын энеси Апидебегимден кем калбаган жан эле. Мунун тунук акылына учурунда кайын энеси баа берип, ыраазычылыгын билдиргенин эч унутпайт. Келини жакшы болсо уулунун иши жакшы жүрүп кетээрине, эл алдында жүзү жарык болоорун кайсы ата – эне ойлобойт. Жапаркул миң башы да олтурса турса батасын берип, уулуна акыл айтып олтураар эле. - Биринчи байлык дагы, бийлик дагы үй – бүлө! Үй - бүлө мыкты болсо, аялың айттырбай билип турса, балдарың кепке чалынбаса, элге сөзүң өтүмдүү болот балам. Алган бүлөң жакшы, бири бириңерге күйүмдүү болгула. Силерди эл - журт карап турат - дечү.

 

Мына так ушул учурда Рахманкул хан атасы Жапаркул миң башынын акыл оюна зарылып турду. Атасы жок он эки жылдын ичинде не заман баштан өттү. Бир кездерде атасынан такыр ажырабастай сезчү эмес беле... Туттуга түштү. Азыр маңдайынан чыга калса кыйналганын жашырбай айткысы келди. Акыл сурагысы келди. Энеси Апидебегимге эркелегиси келди. Анан, эмне үчүн жашоо мынча катаал энеке? – деп, арыздангысы келди.

 

Ээ, дүйнө! Адам баласы миңге чыксын ата – эненин алдында бала эле бойдон калат турбайсыңбы... – деди ичинен күңгүрөнүп. Байынын бир нерсеге кыжаалат болгондо алыска алыска тигилип, тынчсызданып калаарын билген Эркебиби аста жанына келип колунан алды.

 

-         Кыжаалат болбоңуз. Баары жакшы болот.

 

-         Мен да ошондой ойлойм.

 

-         Мен сизди түшүнүп турам. Тобокелге салуу керек.

 

-         Тобокелге?..

 

-         Өзүбүзгө тааныш жер. Оокат жүрүп кетет.

 

-         Башка айла жок.

 

Рахманкул хан аялынын кайраттуугуна ичинен ыраазы боло карап турду. Эс тарткандан билген Эркебибиси барган сайын энесинин оордун ээлеп бараткандай. Баш кошкону жакшыны да, жаманды да бир көрүп келишет. Кабагым кашым дегенин байкаган жок. Эрке эмес эле эркектей кайрат берип турганын карасаң.

 

-         Биз ашпаган ашуу бел, кечпеген суу калдыбы? Чыдайбыз, ханым.

 

Чыдайбыз. Балдардан кам санабаңыз. Алды менен малды...

 

-         Билем. Балдарга сак бол. Түндөп малдарды айдап кетишет.

 

-         Мен таңчу оокаттар бар эле... Бекем болуңуз.

 

-         Жарайт. Жарайт, Эркебибим! Менин эркем!

 

... Тобоо. Жашоо кандай кызык. Азыр Эркебибинин – Бекем болуңуз! – дегени, кудум энеси Апидебегимдин эле сөзү. Атасы Жапаркул миң башы бир жакка чыгаар алдында да, көчүп конгон кездерде, же бир маанилүү маселени чечкен учурларда, же чет жакадагылар менен чабышып кетчү жагдайларда так ушинтип, - Бекем болуңуз! – деп, апасы Апидебегим эрине кайрат берип тураар эле. Калган сөздү бири бирине тигилген көздөр айтчу. Мына так ушул учурда Рахманкул хан Эркебибиси экөө көз менен сүйлөшүп турду. Баардык эле сөздү сыртка чыгарып айтуу мүмкүн эмес. Айтчусу болот, айтпоочусу болот.

 

-         Мен сага ыраазымын Эркебибим менин!

 

-         Кантесиз... бирөө жарым көрсө...

 

-         Даярдан. Күн узатпай жолго чыгабыз.

 

Рахманкул хан Ооган Памир тоолоруна кайрадан тигилди. Анан көздөрүн бекем жумду. Баары көз алдында. Бул аймакты көздү жумса табат. Атасына ээрчип жерден боорун көтөрүп телигип чоңойгон, ошол жерден бойго жетти, Хандык такка олтурган, мамлекет жетекчилери менен алакалаш болгон. Эми баягы жыйырма беште жаңы Хандык тактыга олтурган Рахманкул жок да, бу тапта жашоого болгон кыраакылыгы жетилип отуз жетиге келген кези эле. Рахманкул хан жерден боорун көтөрө элек жаш балдарын карап коет. – Булардын тагдыры эмне болот? Баары жакшы болот. Өзүнө өзү дем берди. Көз алдында аталап чуркап жүргөн балдары тартылды. Абдулвакил менен Абдулвахит, ага удаа үчүнчү баласы Абдулмалик эс тартышып, чоңоюшуп калышты. Акбар кичинекей. Анан балдарынын гана эмес, бир ууч өзү ээрчиткен миңдеген элдин көздөрү тартыла түштү. – Баарына жооптуумун! Жооптуумун! – деп, кайратына келе түштү. Тобокел! Тобокелге сал! – деди кандайдыр бир ички күч. Туура, мындайда тобокелсиз иш бүтпөйт. Эл башына кыйынчылык түшкөндө эл баштаган киши кантип тынч жатмак.

 

Элестер! Элестер! Элестен элестерди кууп Рахманкул хан бир топко унчукпай туруп калды. Бүгүнкү күн да ушинтип бир топ элестер менен сапарын карытты. Бул учурда бул ойлогондорду Толунбиби да ойлоп турду. Кантип ойлобой коет. Ойлобой коюууга эч мүмкүн эмес. Баары жүрөктө сакталуу. Баскан жолдун ар бир көз ирмеми, ар бир күнү, түнү көкүрөктө сакталган улуу тарых!

 

-         Ата! Силерди Акбар акемдикине чайга чакырып жатат.

 

Күйүгүп чуркап келген Абдулмукаддес демиге туруп калды. Бул небересин хан атасы Баш болуп Козу деп эркелетип коюшат.

 

-         Тияктан кыйкырсам такыр укпайсыңар.

 

-         Айланайыным. Неге мынча күйүктүң?

 

-         Аа... Сен кыйкырып жаттың беле? Мен кайсы козу маарап жатат депмин да... – деп, Рахманкул хан тамашалай небересин чекесинен сүйдү. Анан баркылдай күлө анын алаңдаган көздөрүнө тигиле, ичинен амандыгын тилеп койду.

 

-         Чоң ата, мени Козу дебегилечи.

 

-         И, анан эмне дейм?

 

-         Мен чоңоюп калбадымбы.

 

-         Ээ, кыз жандап калдым де...

 

-         Жок, чоң ата. Мен эми...

 

-         Чоңойдуң балам. Көрүп турам. Эми чоң шаарга кетесиң. Оку, оку!

 

-         Рахмат чоң ата. Мен окуйм. Сөзсүз окуйм.

 

-         Мен сенин ошол окуп, чооң адам болгонуңду көрөөр бекем?

 

-         Антип айтпаңыз чоң ата. Көрөсүз.

 

-         Аман бол. Баарыңар аман болгула. Тилегиңерге жеткиле балам. Мени козу дебегиле да... дейсиң. Менин атым бар го, мен чоңойдум деп кыйыласың. Сен чоңойдуң,Козутайым менин! Сени ошентип эркелетип коем да. Сен кийин чоң адам болуп чоңойгондо атыңан айтып чакырам. Мен сени эркелетип Козум! – дейм.

 

-         Болгула! Баары келип калышты.

 

-         Жана кечке чайга келиңиздер апа дебеди беле. Жүр, баралы.

 

-         Болгула! Чай калбай калат.

 

-         Мунун тамашасын, ой. Уктуңбу, байбиче.

 

-         Мен кеттим. Овабиби энемдикине да баруум керек.

 

Күйүгө чуркап келген небереси Козу кайра чуркаган бойдон кетти. Экөө аны аркасынан узатып карап калышты. Козу деп эркелеткен небереси экинчи уулу Абдулвахиттин уулу. Мына булар да биринин артынан бир бой керип чоңоюшуп келе жатышат. Кудайдын буйругу неберелер да бой жетип, өзүнөн тараган тукуму бир айыл болуп калган учур. Чуркап бара жаткан небересин карап турган Рахманкул хандын көз алдына Эркебибинин элеси дагы тартыла түштү.

 

-         Сенин неберең, Эркебиби. Ушулардын бала – чакасын көрсөм...

 

-         Кеч болуп кетти... – деди Толунбиби.

 

-         Ооба, кеч болуп кетти. Даагы бир күн сапарын карытты...

 

Байбичеси Толунбибини жандай шашпай Акбар баласынын үйүн көздөй салмактуу кадам таштады. Чалынын күндөн күнгө алынан тайып бара жатканын байкаган Толунбибинин жүрөгү бир солк этип алды.

 

-         Бас, бассаңчы алдыга! – деди Рахманкул хан.

 

-         Жок байым. Сиз басыңыз.

 

-         Ээ, артка бас деген калып бара жатпайбы байбиче.

 

-         Кантесиз. Ушинтип да тамаша кыласызбы. Бирөө укса…

 

-         Атабыз кемпирин ээрчип келе жатыптыр дешет да...

 

Экөө тең күлүп жиберишти. Рахманкул хан бир топко барсылдай күлүп, анан кемпирин аяп карап койду. Ичинен жакшы көрө эзилип, анын карагаттай көздөрүнө аста тигилди. Муну Толунбиби сезди. Бирок сыр алдырбай ээрчип келе берди.

 

-         Ошол эле бойдон... – деди, үн ката.

 

-         Эмне? – деп, Толунбиби билмексенге салды.

 

-         Сенин көзүң. Көзүңдү айтам.

 

-         Койчу. Ошентип да тамашалайсызбы.

 

-         Тамашасы жок. Ошол көз, ошол Толунбиби. Мага ошол эле бойдонсуң.

 

Толунбиби мыйыгынан жылмая жалт тиктей бергенде, тигиле карап турган Рахманкул хан дагы да бырс күлүп жиберди.

 

-         Ээ, байбиче. Адам канча карыса да, жүрөк менен көз карыбайт деген. Туура. Баары ошол бойдон. Мен да, сен да... Картайсак да көкүрөк ошол бойдон калат тура. Болгону эски чапандай эскирип баратабыз. Эскирип... эскирип... Ээ, байбиче. Бул дүйнөгө устун болгон кимди көрдүң. Баары кетет. Биз да кетебиз. Бу, адам дегениң бу жарыкчылыктын беш күндүк коногу. Келет кетет, келет кетет. Биз баарын көрдүк. А, көрбөгөндөрчү? Алыс кетпей эле арабыздагыларды айталы. Не заман болуп кетти. Жашы да, карысы да, туулуп, туулбай канчасы кетти. Бешенеге жазганды көрүп келебиз. Эми балдар аман болсун. Жаратканым ушулардан жакшылыгын аябасын. Көп нерсени эңседим, көп нерсеге кол созгум келди. Бирок жошоо дегениң адам эңсегендей болбойт тура байбиче. Шум ажал качырып кирсе, андан кайда качып кутулмакбыз. Балдарга бекем болгула. Эгер мага тирүүчүлүктүн тартуулаганы ушул тагдыр болсо, баш ийбеске айла жок. Буга да шүгүр деш керек. Байкашымда кийинки балдардын бой жеткенин көрбөй калат окшойм. Овабибиге да айтып олтурдум. Ынтымак болсун. Эми илгерки заман эмес. Баары жаңыча жашоого багыт алып бара жатат. Келечекте кандай жашоону ар бири тандап алышат. Мени бир аз чоочутканы башка элдердин катмарына сиңип кетишпесе дейм. Тилди, динди унутуш, жоготуш бир паста. Жок болуш бир көз ирмем, бар болуу өтө татаал! Балаңды бекем бол де! Бекем болсун!

 

-         Буларды неге айтып жатасыз...

 

-         Айтам да. Мүмкүн...

 

-         Антип айтпаңыз. Баары жакшы болот.

 

-         Ошондой эле болсун. Мында баары чогулуп калышкан го.

 

-         Чоң атам келатат! Чоң ата – аа! Чоң ата – аа!!!

 

-         Айланайындарым! Чоң атаңар силерден айлансын!

 

Баятан карап турган уулу Акбар алдынан тосо чыкты.

 

-         Келиңиз ата.

 

-         Оо, чоң уста! Сени көргөнү келатам.



 

Үчүнчү бөлүм

 

Күн күндөгүсүндөй кылкылдап батып баратты. Жаратканым пендесине тартуулаган жай жашоо өз агымы менен өтүп жатат.

 

Бүгүн даагы бир кубанычтуу күн болду. Уулдарынын бири баласын отургузуп, тойчук берген эле. Бала олтургузуу аземи кыргыздын эң салттуу, эң сыйга бөлөнгөн тойчугу эмеспи. Айыл элине тамак берип, артынан Көк – бөрү чаптырып, кыз куумай... Не бир каадалар менен жакшы өтчү тойлордун бири бала олтургузуу, анан баралына жеткенде баланы үйлөнтүү. Эркек уулдун мындай тойлору айылда бөтөнчө шаан – шөөкөттөр менен өтөт. Мына бүгүн да укмуштуудай жүрөк толкунданткан той болду. Ылайым эле тойлор болуп турсун дейт ичинен. Деген менен акыркы он жылдан ашуун аралыкта эл жакшы эле тынчып калышты.

 

Баштагыдай ат тезегин суутпай жерден жер, элден эл кыдырып, азып, тозуп жер которуу жок. Моминтип тойлор болуп калганда баягы азаптуу күндөр такыр эле болбогондой да сезилип кетет. Мейли, ылайым эл ошол күндөрдү унутушсун! Ал күндөр кайра кайталанбасын! Кайталанбасын! Неберелерим аталары көргөн күндү көрүшпөсүн! Азаптуу, арманды коштогон ал күндөр мени менен кетсин! Жаандан кийинки козу карындай өсүп келе жаткан тукум улоочуларым, неберелерим аталары көргөн күндү көрүшпөсүн! Биз баарын тарттык эмеспи. Ошол жетиштүү! Оо, Теңирим! Атам баштан кечирген азаптуу жолду мен да бастым, менин уулдарым басты. Эми булардын келечегин кең, бактысын зор кыла көр! Ал азапты тартууга булар акылуу эмес. Ал заман ошол доору менен кетсин! - дейт ичинен дуба кыла.

 

Үйүнө жакын калган кезде Рахманкул хан адатынча батып бараткан күндү узата карап туруп калды. Артынан келе жаткан кичи аялы Овабиби шашыла кошо токтоду. Ал аялдар менен келе жаткан эле. Байынын төмөнкү үйүн көздөй басканын байкаган Толунбиби Овабибини шаштыра аркасынан жиберген эле.

 

-         Шүгүр! Шүгүр! Жакшы өттү.

 

-         Тойду айтасызбы? Ооба. Абдан жакшы өттү.

 

-         Сен кайдан?

 

-         Сиз мында кайрылгандан...

 

-         Аа, туура. Туура. Толунбиби кеттиби?

 

-         Тигинде кетип бара жатышат.

 

Рахманкул хан шашкалактай түштү, бирок билдирген жок. Ал батып бараткан күндү узата карап баратып төмөн карай кандай бурулганын өзү да байкабай калган эле. Аңгыча төмөндөн чуркап келе жаткан кызын көрүп ого бетер апкаарый түштү. Ырасында эле жана тойдо уулу Мусадык, - Ата бүгүн үйгө барасызбы? - дебеди беле. Каап, аз болгондо унутуп жогору кетип калганда уулу менен эрке кызын таарынтып алмак экен да.

 

Каап... - деп алды ичинен. Бүгүн жогорку үйгө бармак эмес беле. Байбичесине айта сурган кептери бар эле да. Кечээ баштаган маектин аягына чыкпай калышкан. Эмнегедир кийинки күндөрү унутуп калбайын дегенсип көкүрөгүндөгү керээзин байбичеси Толунбибиге айта берчү болуп алды. Мейли, атса айтып алсын. Алаксыйт да, - деп көңүлүн кыйбай байбичеси кут кое уга берет. Овабибини жаш, балдар да жаш деп, аны ичинен аяп коет. Бир сырдуу Толунбиби муну да байкайт.

 

-         Акырын! Акырын кызым жыгыласың! – деп, Овабиби кызынын алдынан шаша тосту.

 

-         Ата, мен эми чоңойдум да! Апам ушинте берет.

 

Кызы кытылдай күлүп жиберди. Жүзүнөн нуру чачыраган Каныкейинин бажырайган бешенеси менен береги күлкүсү ооруганды сакайтат.

 

-         Мен сенин чоңойгонуңду мен да унутуп койгон турбаймбы.

 

-         Неге антесиз, атаке. Мен чоңойдум да ата!

 

-         Ырас элеби? Анда бүгүн неге ат жарышка, кыз куумайга чыккан жоксуң? Ыя? Ат чапкан кыздарды көрдүңбү?

 

-         Мага ат бербей коюшту. Апам жыгылат дептир.

 

-         Аа. Мен аларды жазалайм.

 

-         Ырас элеби?

 

-         Ырас. Ырас, кызым. Жүрө гой.

 

-         Эмдиги тойдо кыз куумайга чыксам болот ээ, ата?

 

-         Болот кызым. Мен өзүм мыкты күлүк атка олтургузам.

 

-         Мына! Апа сиз урушпайсызбы?

 

-         Жок кызым. Атаң уруксат берип жатпайбы.

 

-         Ата, бүгүн өткөндөн айтып бересизби?

 

-         Өткөндү... Айтып берем. Айтып берем кызым.

 

Эрке кызы кубангандан атасына ыктай эркеледи.

 

-         Көкүрөк күчүгүм! – деди ичинен.

 

-         Мен үйгө тез барып чай коюп турайын апа.

 

Чуркап бараткан кызын көрүп Рахманкул хандын жүрөгү туйлап кетти. Ал ою менен алек болуп, маңдайында турган улуу баласы Абдувалини эми байкады.

 

-         Ата, жүрүңүз.

 

-         Баратам балам. Бара жатпаймбы. Жүрү, бас, баса гой.

 

Көздөрү жайнап турган уулу күлүңдөй колунан кармады.

 

-         Оо, Жараткан Эгем! Мына ушунун өзү канча кубат! – деди ичинен дагы да.

 

-         Каректерим менин! Сен тойду көрдүңбү?

 

-         Көрдүм ата. Акемдерге жардам берип жүрбөдүмбү.

 

-         Атаң сенден айлансын! Туура кыласың. Ошенткиле.

 

Кечке тойдо кубанган элдин жүзүн көргөн Рахманкул хан ичинен нелерди гана ойлогон жок. Анын көңүлү не бир учурларга алып учуп, көөдөнүн басып турган Мекенге деген алдыдагы улуу сапар кайта кайта кыялында ойноп турду. Жарышка түшкөн аттай демиккен деми алиге басаңдай элек.

 

-         Ошентип бири бириңерге караан болгула айланайындар!

 

Ана аркаңдан Мусадык да бой керип чоңоюп калды. Бири бириңерге жардам бергенден эч качпагыла. Колго жугуп калбайт. Бир туугандык баарынан кымбат. Ынтымактуу болгула. Сен эми эс тартып калдың. Бир үйдүн ишенгени да сенсиң. Тигил акелериң менен ыссык бол. Бүгүн алардыкында той, эртең сеникинде болот.

 

Жолду карай ичинен уулуна ыраазы болуп келе жаткан Рахманкул хан кантип үйгө кирип келишкенин да байкабай калды.

 

-         Келип калдыңыздарбы?

 

-         Келип калдык.

 

-         Мен чай кайнатып койдум.

 

-         Карегим менин! Каныкейим! Атасынын кызы да.

 

Рахманкул хан кызынын жаркылдаган жүзүнө тигилип так ушул тапта ушул кызды берген Теңирине ыраазы болуп турду.


.....Кечеги тойдон кийин араң жыйналган уул – келини бала – чакалары менен бапырашып бүгүн кечке мында болушту. Алын сурап, Толунбиби эртең менен келип кеткен. Түшкү чай үстүндө кызынын – Ата, Кыргызстанды качан айтып бересиң? – дегени кечке кыялында жүрдү.

 

-         Ата, эч жакка кетпейсиң ээ?.. Сиз...

 

Жанатан муну күтпөгөн Рахманкул ханга кызынын, - Кетпейсиң ээ? – дегени абдан катуу тийди. Ал шашып кетти.

 

-         Кетпейм кызым! Кетпейм! – деп жиберди.

 

-         Неге антип сурайсың? Атам эч жакка кетпейт! Доктурга гана барат,- деп, Мусадык бурк этти.

 

Кызы келип мойнунан кучактай эркелеп жиберди.

 

-         Ата, дайым биз менен бол ээ? Бизди таштаба... сакайып келесиз буюрса...

 

Баятан баарын угуп олтурган Овабиби тим ооз ачкан жок. Анын да оюнда күйөөсү аман турса дейт. Рахманкул хан аста аялын карады. Эч нерсе билбеген кишидей сыр алдырбай, бирок ичинен кыжалаттанып коркуп олтурган кебетесин байкап бырс күлүп жиберди. Анан ошол учурда ичинен мындан ары кандай болот? Алдыда нелер күтүп турат? – деп, балдарын аяп, бир сыйра карап алды. Деген менен кимдин жашагысы келбесин. Жетимиш жети эмес, жүздү берсе деле пенде аз деп айткандай кайра тартпас. – Аттиң! Кызымды өз колум менен узатканымда... Карегим менин! Жаратканым бак берсин сага! Бак берсин! – деп алды тигилген көзүн албай.

 

-         Ата! Бербей жатат! Бер!

 

-         Эмнени?

 

-         Бер дейм! Бер!

 

-         Кана. Мында апкелгиле. Чогу...

 

-         Ата, сен ойногонду билесиңби?

 

-         Канталамай атаңдан калган.

 

-         Ата, муну кичүүлөр ойнойт да.

 

-         Муну улуу – кичүү дебей, мен кыргызмындын баары ойногон.

 

Овабиби сен да мында кел. Кел! Кел! Менин апам катуу ойноор эле. Атам экөөбүз жеңилип калчубуз. Кел! Кел!

 

-         Ата, сенин атаң...

 

-         Уктуңбу, Овабиби? Ээ, балам, менин да атам менен апам болгон.

 

Алардыкы да болгон! Ошол кезде да кан таламай ойну болгон. Бул деген кылымдан кылымга келе жаткан кыргыз элинин жакшы оюну. Эми ар күнү кечке ушуну ойнойбуз. Макулбу? Кана ким биринчи баштайт? Ме, сен башта.

 

Рахманкул хандын көз алдына ушул тапта атасы Жапаркул миң башы менен энеси Апидебегим тартыла түштү. Үчөө ар түнү кечинде ушинтип кан таламай ойношчу эмес беле...

 

-          Сиз баштабайсызбы? – деди Овабиби тартына.

 

-         Жок, Мусадык баштайт. Же, Авдували сен башта. Тигини, чоңоюп калдыңбы. Кел олтур.

 

Бир заматта үйдүн ичи майрам болуп кетти. Ушуну гана күтүп турган Овабибинин да маанайы күндөгүдөн бир жаркып чыкты. Жоолугун оңдоно салына күйөөсүнүн жанына олтура кетти. Балдарынын кубанчында чек жок эле. Алардын күлкүсү тынч аба менен тээ алыска алыска жетип жаткансыды.

 

 

Коогалаңдуу түндүн элеси...

 

... Ошол күн бөтөнчө коогалаңдуу түн болгон эле.

Көздөгөн жерге аман эсен жетээр бекенбиз, же аркабыздан жетип келишип, ара белде баарыбызды жайлап салышаар бекен? – дешип, бир айыл эл жандарын уучтап бара жатышты. Тигил ашууну ашсак эле кутулабыз деген ой баарында турду. Жапаркул миң башынын ойлогон оюу да Памир тоосунун биринин ичине кирип кетсем, бул балээден аман калабыз деп баратты.

Анын көз алдында кырка тизилген Памир тоолору турду. Тиягы Кытай, ары жагы Ооганстан менен чектешкен Памир тоолору мунун кийинки өмүр сапарынын түгөнбөс жолу экенин, бүтүндөй өмүрү ушул Памир тоолорун тинтип жүрүп өтөөрүнө да шек санабай турду. Анткени кандай болгон күндө да кайра артка жол жок эле. Мына Памир тоолору! Мунун жанын алып калчу да, элди сактоочу да, бир ууч кыргызды качандыр бир учурда кайра Кыргызстанга жеткирчү да ушул Памир тоолору. Аны карап турган көздөрдөн көзүн ала качып дале Памир тоолоруна тигилди.

-         Оо, Кудай! Оо, Жараткан! Элди аман сактай көр!

Жапаркул миң башынын алыска алыска тигиле караган үмүттүү көздөрү тоолорго тигилди.

-         Бүтүндөй үмүтүм сенде! – деди ичинен. 

Анда кирип кетишсе, советтериң эмес, башкасы да таппайт. Бул балээден биротоло кутулаарына эчак көзү жеткендей, кетип баратып ээрчиген элди бир сыйра карап алды.

– Аман – эсен жетишээр бекен? Эгер максатка жетпей, баарын кырып алсам не болот?! – деген ой аны селт эттирди.

Анын оюн аялы Апидебегим айттырбай билип бара жаткан. Кайратыңан жазба, бегим! – дегендей болду көзү менен Жапаркулга тигиле. – Сен да сак болгун! Балага сак бол! – деди Жапаркул миң башынын өткүр көздөрү Апидебегимдин көздөрүнө тигиле.

Тандалган билектүү, белдүү жигиттерден элди айланта курчаттырып, алдыга жолдун сырын, тоонун коюн – колтугун аңтара билген мыкты чабармандардан жөнөтүп, элдин алдында Жапаркул миң башы баш болгон атчандар кетип баратышты. Советтер мына жетип келип желкеден алчуудай далбастаган бечара элдер улам улам арт жакты карап коюшат. Анан да куттуу жерди кыйбай кылчак кылчак карашып, ичтеринен сыздап кетип бара жатышты. Ар биринин көңүлүндө, - Кайрылып келээр бекенбиз... – деген суроолор менен жаак ылдый сызылган жаштар беттерин жууп баратты. Аларды алдыда жалган дүйнөнүн азабы да, тозогу да күтүп турду.

-         Баскыла! Арт жакты карабагыла!

-         Түндөп ашууну ашуу керек!

-         Эгер орустар жетип келишсечи?

-         Баарыбызды кырып салат да ээ?

-         Анда айылда жатып эле өлбөйт белек...

-         Жапаркул миң башыга ишенбесең кайра кайт!

-         Акырын! Угуп калса не болот. Мен жөн эле...

-         Баскыла! Баскыла!

-         Бала – чакаларга сак болгула!

Бирин бири жөлөп, бирине бири жөлөк болуп, айылдан узаган сайын бир ууч журт, өздөрүнө сак болгондой. Алардын ишенгендери бир эле Жапаркул миң башы экени да ырас. Элдин чет жагында жүк артылган топоздо келе жаткан эки аял ич ара шыбырап жаттышты.

-         Сага жакшы.

-         Эмнени айтасың?

-         Кандай болгон күндө да Апидебегим сени жакшы карайт.

-         Силерге деле жаман карабайт.

-         Бизге караганда тууганчылыктарың да бар.

-         Биз эми бир элбиз!

-         Ооба, аны билем. Акырын.

-         Алыста жүргөндө баары бири бирине жакын болот.

-         Мени жаныңа алсаң кантет?

-         Кайда?

-         Топоз саайм. Жип ийрийм. Бир топ ишиңе жеңил болот.

-         Аны Апидебегим чечет.

-         Эй! Бастыргыла!

-         Эч ким уккан жокпу?

-         Аман – эсен жетчү жерге жетели. Айтам.

-         Апидебегим жакшы адам. Жок дебесе керек.

-         Акырын! Тигил дагы жакындап келип калды.

-         Орустар эми жетпес.

-         Кайдан аңдып турганын ким билет.

-         Ай, акырын! Балаңды эмиз. Үн чыгарбагыла деп...

-         Билем.

Ошол учурда тигилерге кудайдай көрүнгөн Апидебегим өзү жоо кууп келсе качканда түшүрүп албайын, же алыстан атылган октун бири балама тийбегей эле деп, бир баласынын, бир күйөөсү Жапаркул миң башынын амандыгын Теңирден тилеп жанын уучтап кетип баратты. Булардын артынан түшкөндөр тим кое бермекпи. Ошентсе да артынан сая түшкөн аскерлерге карматпай Жапаркул миң башы Кытай Памир тоолоруна кире качты. Миң кырдуу, бир сырдуу чокусу көк тиреген аска – зоолор көрсө көрмөксөн, билсе да билмексен болуп, куугундарга сыр ачпай мелтиреп туруп берди. Элди башкарып гана эмес, ич ара согуштук тактикаларды мыкты билген миң башы бир ууч элин кырбай - жойбой совет аскерлеринен аман алып тоо койнуна кирип кетти.

                                                                                 .....

... Убакыт карматпаган желдей сызууда.

Күздүн акыркы күндөрү. Элдер кыш камын көрүүдө. Окуганы окуп, иштегени иштешип, илгерки замандай эмес, баары башкача. Күн чубактай эшиктин алдына чыгып олтурган Рахманкул хан ары - бери өткөн балдарды карап олтурду. Түрк өкмөтү булардын балдарына окуганга шарт түзүп мектеп ачып беришкен. Буга да шүгүр. Тамга таанып, окуу деген эмне экенин билип алган соң, андан ары улап кетишкенине жол ачылат. Жашоо шарт башкача, кийингендери, ичингендери башкача. Деле баары оорду түбү менен өзгөргөндөй. Мейли өзгөрсүн! – деди ал ичинен. Бирок тилин, динин бекем кармап калышса болгону. Тили менен дини жоголсо... анда менин жашаганым бекер. Ал балдарды узакка карап турду.

Бу тагдыр дегениң жээкке урунган толкундай эмеспи. Чаап келип кумга сиңгени сиңип, калганы кайра толкундарга тартыла берет. Мына, ошол күчтүү толкун менен жүрүшсө дейт. Жээкте калдың дегиче кумга сиңип, аты - жыты билинбей кетээриң бышык. Андай тагдырды балдарына каалабайт. Көзү күлүп турганда да көкүрөгү сыздап, алардын келечек тагдырын ойлогону ойлогон. Ар бирине бактылуу тагдыр берсе дейт. Алды өзү менен тең тайлашып, колуна кол, бутуна бут болгону качан, ошентсе да ата деген ата, баласы атага бала бойдон эле көрүнө берет. Балаңды аяйсың. Кокус чалынып кетсе, кошо жыгыласың. Бир жери ооруп калбасын деп алдына төшөлө калгың келет. Ошол аталык сезим муну да ар убак сак сактатып турат.

Так ушул учурда аяп турган балдары эчак балалуу чакалуу болгон. Минтип чоң ата болуп олтурат. Байкаган кишиге өзүнөн тараган тукумдары бир айыл болгону качан. Башка баш кошулган сайын төбөсү көккө жетип сүйүнөт. Бул зор бактылуулук! Аталык кубаныч! Бирок муну менен мунун кубаныч, бактысы чектелип калган жок. Накта улуу бакыт, ушул бир айыл тукумун атасы Жапаркул миң башыга ээрчип чыккан эл менен чогу алыста калган ата - журтка жеткирүү. Мына накта бакыт! Мына эңсөө! Мына, жанга тынчтык бербеген арман! Ар күнү көз алдына береги жаткан айыл мал – жаны менен Ата - Журтка жөнөп баратканы элестейт.

... Ана! Баш аягы көрүнбөгөн узун кербен. Кербен мекенге кетип баратат. Мекенге! Ата - Журтка! Ата конушка! Жүрөгүнүн туйлаганын карачы. Чиркин жүрөк кантип туйлабайсың. Тигинде апасы Апидебегим менен атасы Жапаркул миң башы кол булгап узатып жатты. Мына! Чокусу көк тиреген тоолор! Кыргыз тоолору! Апиде энесинин үнү кулагына жаңырды. – Балам, мына кыргыз тоолору! Сенин өзүңдүн тоолоруң! Сенин ата – журтуң! Мекениң! Карачы, баары силерди күтүп жаткан тура. Көздөрү жайнап кубанган эл. Баары буларга окшош. Баары буларды сүйүнө күтүп жатышат. Атасы айткандай болду. Шүгүр! Шүгүр дейли. Жаратканга миң алкыш! Аман – эсен элибизге келдик! Элге! Элиме... Эх! Аягына чыкканда не?! Заматта баягы элес алыстап жок болуп кетти. Ошол кезде чымыркана ичинен, - Жетүү керек! Жетүү керек! Бизди Мекен күтүп жатат! – деп кайра кайра кайталайт. Анан дуба кыла алыска алыска тигилет. Туйлаган жүрөгүн акырындап басат.

-         Ассалоом алейкум! Чоң ата кандайсыз?

-         Айланайын. Кел, кел. Олтур.

-         Жок, мен мектепке баратам.

-         Аа... Бара гой. Оку, балам, оку. Оку, Козутайым.

-         Чоң ата, мен Курманбекмин да. Козу акем да...

-         Аа... Сен Курманбексиң да. Көнгөн адат.

-         Чоң ата, мен барайын.

-         Бара гой, балам. Жакшы оку!

-         Жарайт, чоң ата.

Рахманкул хан кетип бараткан баланы көпкө карап олтурду. Эч нерседен бейкапар балдар ойноп бара жатышты. Кудум акыркы жолу көрүп жаткансып, жүрөгү туйлап опкоолжуй түшкөн Рахманкул хан небересинин караанын көзү тойбой карап жатты. Анан ошол замат шашкалактай атынан айтып чакырып жиберди.

-         Курманбек! Курманбек!

-         Эмне болду чоң ата?!

Чуркап келген бала жалдырай тиктеп туруп калды.

-         Эч нерсе эмес. Көргүм келди. Окууң жакшыбы?

-         Жакшы, чоң ата.

-         Ошент. Жакшы оку. Мыкты адам болуп чык. Ме, муну чөнтөгүңө салып жүр.

-         Бул эмне чоң ата?

-         Чүкө.

-         Муну эмне кылам?

-         Жакшы иштериңе өкчөйсүң. Муну менин атам берген. Ал! Алгын!

Менин Жапаркул атамдын колу тийген чүкө. Сага жакшылыктарды алып келет балам. Эл адамы бол, элге керегиң тийсин. Мен канча жашасам, бул чүкө да ошончо жашап келет. Мен көргөндүн баарын көрдү бечара. Жакшы сакта. Бекем кат.

-         Макул чоң ата. Мен кеттим. Балдар күтүп калышты.

Чуркап бараткан небересин акыркы жолу көрүп жаткансып карап турган

Рахманкул хандын көзүнөн жаш тегеренип кетти. Ал жашын аарчып, башын көтөргөн кезде балдар көрүнбөй калган эле. Анан дагы да адатынча ичинен сүйлөнүп алды.

-         Ээ, бул Курманбек да. Карыганым ушул го, минтип балдарды

алмаштырып. Козу эмесмин деп коет каралдым. Козунун чоңойгону качан. Аны да Абдулмукаддес деп атын өзүм койдум эле. Ал да бир чоң киши болом, чоң шаардан окуйм! – дейт. Айланайыным. Тилегиңе жет! Баарыңар тилегиңерге жеткиле. Бул деле чоңоюп калыптыр... Жакшылыкка өкчөп жүр, бекем кат! – деп, атам берген эле. Бердим. Сенин жакшылыгыңа жарасын балам.

Рахманкул хан кайрадан ойго туна алыска тигиле мелтиреди. Айлананы дагы да оор тунжуроо каптады.

                                               

Кеч күз.

Кечке жааган жамгырдан күндүн көзү ачылган жок. Рахманкул хан бир жумадан бери табы айнып, кеселдеп жатат. Баягы баш аягы жок элестердин да аягы суюлгандай... – Баары кайда кетти? Бир келсе баары бир келип алышат, бир жоголсо тим жоголушат – деп, өткөн күндөрдүн элестерине ачуусу келип шыпка тигилди. Ал көп нерсени эстегиси келди. Бирок бири да жок. Таза болбоду дегенде Мекенге кеткен кербен келсечи. Жок, андан кабар жок. Эмгегедир бүгүн ал элес келген жок.

Бүгүн да табы болбой кечке жатты. Улам кирип чыгып ден – соолугун сурагандарга ыраазы болгону менен, эмнегедир чарчап да кетти. Киши көп кирди окшойт. Эртеңдери тигил борбор жактагы чооң догдурлардын бирине алып барышмай болушту. Сүйлөшүп койдук дешти. Ага да макул болду. Анткени акыркы күндөрү начарлап бара жатканын өзү даана сезип турат. Стамбулга же Анкарага апарсакпы, ал жактын догдурлары мыкты! - деп, балдардын ортосунда талаш да жүрүп кетти. Өзүнүн ал – жайын билип, түшүнүп тургандыктан кай жагы болсо да мыкты догдур караса болгону деп балдарын акырын тыйып койду.

Ырасында аз убакыт болсо да дарттын дабасын тапкан, береги айласын кетирген кеселди бир аз да болсо жайланткан мыкты дарыгер керек. Ал эми карылык менен эч ким күрөшө албайт. Ал турган иш. Ажал акең келсе андан таптакыр кутулбайсың!

-         Чоң ата, сыртка чыкпайсыңбы?

-         Чыгам балам. Чыгам.

Баятан карап турган небереси кубанып кетти. Толунбиби андан кубанды.

Бул небереси Курманбек.

-         Туура кыласыз. Киши да көп болду бүгүн – деди Толунбиби аяй карап.

-         Кана, балам. Колуман тарт. Таза абага чыгалы.

Рахманкул тыптынч жаткан айылга тигилди.

-         Береги жаткан айылды көрдүңбү өмүр?! Чиркин өмүр... Максат тилекке жетпеген чиркин өмүрлөр...

Алыска тигилген көзүн албаган Рахманкул хан демин ичине тарта өмүр сапары иргеп жатты. Анын береги өмүр сапары менен бирге кечке өмүрү не деген азаптарды көрдү. Не деген күндөрдү кечирди башынан. Кордук менен өткөн өмүрүн да ар убак сылап сыйпап, таарынтып албайын деп аяп келет. Анткени бул анын жеке өмүрү. Ачуусу да, таттуусу да жеке башы үчүн ыйык. Баарынан ыйык!

-          Өмүр... өмүр...

Максат тилекке жетпеген чиркин өмүрлөр... Сага эч качан катуу айта албайм. Сен мен үчүн ыйыксың. Баарысынан бийиксиң. Сенин азыңа да, көбүңө да кейибейм. Ырыскыма канча буюрсаң, ошого мен ыраазымын өмүр. Бирок... бирок... Мен да пендемин да өмүр. Пендемин. Кейийм. Көп нерсеге кейийм. Ашканыма эмес, кемигениме кейиймин. Аттиң дүйнө! Кетти. Баары кетти. Эмне кетти дээрсиң. Өмүр! Өмүрлөр... Канча деген өмүрлөр бей күнөө батып кетти ээ? Канчасы жаш, максатына жетпей кетти. Канчасы туулбай кетти. Чыккан күндүн батканын көрбөй, батып кеткен өмүрлөр!!! Кечир өмүр? Сенин да башыңды ооруттум окшойт.

Рахманкул хан эми Чыгышка тигилди.

Баятан буулугуп араң турган ички үн эми Рахманкул ханга боор ооруй тигилгендей болду. Анын көзүнө береги караан бечарадай көрүнүп кетти.

-         Оору деген оору да.

-         Мындай кезде тоодой адам бир ууч болуп калат.

-         Ээ, кесел! Сенин тамашаң жаман. 

 

-         Жаман...

 

Анан оор дем ала, айланасын бир сыйра тинтий карап алды да, Рахманкул хандан үн чыгаар беген дегенсип демин бир азга дагы катты. Ал унчукпай жер тиктей ойлуу дымыды. Ошол кезде араң турган ички үн оор үшкүрө бурк этти.

 

-         Олдо дүйнө ай! Өмүр ай!

 

Сенин кыскалыгыңа таарынбаган, нааразы болбогон, оо дүйнө кетип жатып сени кыйбай, кыйыла карабаган пенде барбы?! Баары ошентишет.

 

-         Өмүр... өмүр...

 

Рахманкул хан үнсүз алыскы чектен көзүн албай мелтиреп турду. Анын кабагына тигилген ички үн боору ооругансып аяп кетти. Мындай мимиле экөөсүнүн ортосунда ар качандан бир качан кайталанып келет дечи, бирок ички үн Рахманкул ханды бүгүн күндөгүдөн бир бөтөнчө аягандай. Айрыкча өмүр, жашоо темасына келгенде бечара ички үн мууна түшүп барып жазылат. Канткен менен бир дартты бир көрүп келе жатышпайбы. Жараткан дагы бир чейрек кылым жашты тартууласа бир кылымды басып өтөт береги өмүр.

 

Ички үн оор тунжуроодон кийин өзүнчө ызалуу күңк этти.

 

-         Ооба, өмүр. Сенин көрбөгөнүң да, укпаганың да, татпаганың да

 

жок асыл өмүр! Мен да... Баарыбыз кыйбайбыз. Баарыбыз таарынабыз. Неге тагдыр кыска өмүр бердиң дейбиз. Неге сени кылымдан ашпайсың! – деп, өмүр сени жемелеп кекиртектен алабыз. Анан, - Кыскасың! – деп жээрийбиз. Баарын угуп туруп, үн катпай сен да мелтирейсиң. Сенде не жооп болмок эле, сен да мени менен кетип бара жатпайсыңбы. Мен дегеним, мен тигимин да. Мени менен жетелешип кылым ашпаганыңа, мүмкүн сен да кейип, кепчирсиң бечарам... Мен ошондой ойлойм. Же андай эмеспи? Жок! Жок! Билем. Эртесине да, кечине да сен кошо күйүп, сен да бул жарыкчылыкты кыйбай кыйыласың. Сенин да түбөлүк жашагың келет. Анткени сен Өмүрсүң!!! Сага бул да, мен да зармын. Сапарыңды жайлатпа асыл өмүр. Жайлата көрбө.

 

Экөө тең ички үн да тынчып калышты.

 

Ээ, өмүр! Өмүр! Рахманкул хан сенин узак же кыска сапарыңа эмес, ошол сенин сапарыңдын аралыгында жетпей бараткан максатына жаны кейип турат. Өмүрдүн жазы кетип, күзү келгени качан... Ата сөзүн, ата керээзин актабай каламбы? – деп жан дүйнөсү сапырылып, түтөп турат. Ар күнү аткан аппак таң менен баткан күндүн ортосунда анын ой сапары учуп кайда гана барбайт.

 

Эчак батып кеткен күндүн акыркы жебелерин издеген Рахманкул хан эми мелмилдеп жаткан көлгө тигилди. Бу сапар анын үнү каргылдана чыкты. Чыкпай да калмак. Бирок кайраттуу киши баары бир кайратту болот экен да. Карыса да кайраттуу. Бул анын туулгандан бирге жаралган кайраттуулугу! Атасынын канынан келген кайраттуулук! Оо, мында али канча күч бар. Береги курч көздөрдүн сүрү али да баягындай. Баягындай дегеним кандай, жыл өткөн сайын татаал тагдыр муну жонго чапкылап бышырды. Атасы Жапаркул миң башыдан ашып түштү. Болбосо аркасынан ээрчиген эл бириндеп, ар коктуда калмак да. Элди башкаруу бир маселе, ошол элдин ар биринин жеке жан дүйнөсүн түшүнүп билүү андан да чоң маселе. Эл башкаруу үчүн кылычтын гана эмес, жүрөктүн күчү биринчи орунда тураары мына ушул калдайган Рахманкул хандын өмүр жолунан мисал кылса болот. Мунун жүрөгү чоң. Арстан айбаттуу жүрөгү баарына түттү. Баарына жетти. Жылмайып турган жүзүндө канча сүр турса, ошончо ырайымдуулуук, мээрим жатат.

 

-         Өмүрдүн күзү...

 

-         Сен мага бирдеме дедиңби?

 

Рахманкул селт эте түштү. Ички үн шашып кетти.

 

-         Тек. Ойлонуп кеттим.

 

-         Мен сенин ошол оюңду сезгендей болдум окшойт.

 

-         Пендеге кем дегенде эле кылым өмүр берсе кана...

 

-         Аны сен да ойлоп турасыңбы?

 

-         Ойлойм. Ар күнү ойлойм.

 

-         Ойлогондо не. Жараткандын жазганын көрөбүз да.

 

Ички үн шашып кетти.

 

-         Ооба, ооба, кылым ашкандар деле бардыр.

 

-         Бирок, жашоосу тынч, жашоо климаты жакшы, мыкты шарттарда жашагандарда болбосо, биздин шартта жашагандарда андайлар кезиккен жок. Болушу да мүмкүн эмес. Улам жерден жер которуп олтурсак кайдан болмок?! Не деген азаптарды көрдү кайран элим! Кайран элим! Азды, тозду. Ооруу... сыркоо...

 

-         Аның да чын.

 

-         Чын. Чын. Кордук менен уучубуз уланып келет. Тукум курут болуп кетмекбиз.

 

 Жаратканга миң алкыш! Тобо дейли! Шүгүр дейли!

 

-         Жаратканга миң алкыш!

 

Экөө тең унчукпай калышты. Рахманкул хан дагы да алыска алыска тигилди. Анын бул көз карашын ички үн айттырбай сезет. Алыста калган Ата – Журт кол булгалап чакырып жатпайбы. Мына азыр жарышка түшчү күлүктөй Рахманкул хандын таноолору көөп чыкты. Кабагы бүркөлө, алыска алыска тигилди. Жүрөгүнүн согушу катуулап, кайдадыр бир жакка учкусу келди. Канаты болсо ээ... Мына көзүнүн жашы да айлана түштү. Ыссык жаш. Жаак ылдый куюлган ыссык жашты өзү да сезген жок. Баарын сезип, көрүп, жаны кейий майышып турган бир гана жан дүйнөсү жабыгып, бирок... Ал дагы ысык жашты аарчыгысы келген жок. - Мейли бугун чыгарып ыйласа ыйлап алсын - деди. Бул бечара Рахманкул хандын көрбөгөнү калдыбы? - деди. А, эмне, эркек киши ыйлабайбы? Ыйлайт. Бирок сыртка көрсөткүсү келбейт. Намыс! Намыстанат! Анын аялдан айырмаланган кайраттуулугу, өзгөчөлүгү мына ушунда. Ошол үчүн эркек! Эркектин көтөргөн жүгүн аял киши көтөрө албасы да анык. Аялуу, назик жан андай оор жүктү көтөрүү үчүн эмес, тукум улап, бала төрөп, бала тарбиялоо үчүн жаралган эмеспи. Бирок, керек учурда эр киши менен тең жүктү көтөрүүгө даяр экенинда танбайбыз. Үйдүн куту болгон аял затынын да теңдешсиз өз оорду бар. Мен бул жерде береги Рахманкул хандын тагдырынын тегерегинде тегирмендин ташындай айланып жаткандыгыбыздан темадан алыстагым келбейт.

 

Эркек! Эл, жер, үй – бүлө... Жоодо да, үйдө да эркек жөлөнүч, тоо! А, эр көтөргөн түйшүкчү? Бул тирүүчүлүктүн, жашоонун мыйзамындагы не бир чечилбеген оор маселелерге келгенде жаны жабыгып, миң сырдуу жашоонун ачуу камчысы биринчи эркектин жонуна тийет эмеспи. Баарын чечүү керек! Жашоону жеңилдетүү керек! Элди башкарып, үй – бүлөнү багуу керек. Бул чоң түйшүк! Ушунун баары эркектин мойнунда. Эркектин да ыйлай турган учурлары болот.

 

Рахманкул хан эми туйгандай ысык жашын аарчып, бирөө карап тургансып, айланасын каранып алды. Эч ким жок. Айлана тып тынч. Оо, ал кез да кетти. Мындай учурларда мунун жанына даап ким басып келе алчу эмес. Эч ким. Үч үйдөн үч аялы артынан узата карап, бирок жакын келишпейт, минтип жалгыздап басканда мунун эмне ойлонуп баратканын, же элден жалгыздап бөлүнгөнүнүн себебин алар айттырбай түшүнүшөөр эле. Андыктан улуусу да, кичүүсү да алыстан карап тим болушчу. Бул болсо ушинтип ээндеп барып, өзүнчө баарын салмактап чечилбеген маселелерди чечип, ой сапарын кечип, алыста калган ата – журтка кыялы менен жетчү... Бул анын жаралгандан келаткан табигый мүнөзү.

 

Ой! Улуу ой. Ой адамды жейт деген да туура.

 

Ойлор! Ойлор! Сенин кайкып жетпеген мейкиниң калдыбы?.. Береги Рахманкулды сапырылган санааңа салып кемирип... кемирип келесиң. Бирде жетип аныгына максаттын, а, канча ирет, кайран ойлор таш каптың! Мына, мына, жакшы жашоо болот! – дешип, баарынын көңүлүндө сен турдуң - Ой. Үмүттүн да, максаттын да башында сен турдуң - Ой. Баары, – Ойлогонго жетебиз! – дешти. Элдин жашоосуна туура келбеген ар кандай жердин климат шарты элди жеди. Кыйнап койду. Кыйнап койду дегенибиз жеңилирээк болуп калаар, жерден жер которуп, көчүп конуп, качып жүрүп кырылып кетишти. Ооба, ооба, аны тануу күнөө болор. Ошол кезде береги Рахманкул хандын тунук ойлору алдастаган элге жол көрсөттү. Мунун жашоого деген тактикасы, көз карашынын түркүн стратегиялары атка така каккандай эле.

 

-         Чоң ата. Суу ичесизби?

 

-         Ыя?!. Аа... апкел балам.

 

-         Суу жакшы ээ, чоң ата?

 

-         Суудай болобу балам. Ичээр суу, көрөөр күн түгөнбөсө...

 

-         Түгөнсө эмне болот? Суу жок болобу? – деп ойноп олтурган кыз тыкылдады.

 

-         Жок! Антип айтпа балам. Суу түгөнбөйт. Силерге буюрсун.

 

Силерге буюрган суу да, өмүр да узун болсун!

 

-         Чоң ата, ал жакты неге карайсыз?

 

-         Каякты?

 

-         Тээ, тоолорду...

 

-         Тоолор... Бүтүндөй өмүрдүн сырын каткан тоолор...

 

Рахманкул хан кыялында тээ алыста калган Ооган жерине учуп жөнөгөндөй болду. Бул бүтпөс кыял – ойлор, элестер мындан бир күн, бир саат да алысташпайт. Аларга мойун сунбоого мында эрк да жок. Ооба, баары күнү бүгүнкүдөй эсинде.

 

Бул жолу Кытайдан Ооганга кайтышкан болчу.

 

Экинчи ирет Ооган жерине сапар. Насип менен талашуу кыйын. Туз насип, тагдыр кандай буюрса ошол жердин суусун ичесиң эмеспи. Алгач Кичи Памирден атасы Жапаркул миң башы элди ээрчитип Ооганга киргенде Рахманкул хан кичинекей, береги небереси Курманбектей бала эле да... Жок, бир аз кичүү болсо керек эле. Бирок ушундай бала чагы Ооган жеринде өттү эмеспи... Ошол аймактан бой жетти, хан тактысына олтурду. Мына тагдыр! Анын көз алдына экинчи ирет Ооган жеринде калган элестер тартылды эми.

 

-         Алгач Ооган жерин таманым басканда кудум ушул баладай элем да... Кийин, экинчи ирет аттаганымда элди ээрчитип, чоң милдет мойнумда эле... – деди ичинен.

 

О, бул жылдар да не деген катаалдыгын көрсөттү. Деген менен бу жашоо чиркиниң, ар убак түркүн тагдырларын тартуулап турат го, чиркин. 1950 – жылы Рахманкул хан тобокелге салып элди баштап жайдын ортосунда кайрадан Кытайдан Ооган Памири тарапка качып чыкты. Бул анын акыркы отурукташып кала турган жери эмес экенин алдын ала жүрөгү сезип турду. Бирок кандай болгон күндө да элди аман алып калуу маселесин чечүүнү ойлоп, дагы да Ооган Шахы менен мамиле түзүүгө бел байлайт. Башка айла жок эле. Атасынын баскан жолун кайталады. Ошол колдонгон стратегияларды колдонду. Атадан алган турмуштук үлгү буга чоң сабак болду. Баары эсинде. Хандыкка олтургандан тартып Рахманкул хан мал башын көбөйттү. Миң миң деген төөлөр, миңдеген топоздор, жылкы, майда жандыктар... Малдын саны миң миңдеген санга жетти. Мунун баары кандай абалга туш болбосун элдин жашоосундагы биринчи байлыгы, жан сактоодогу чоң ресурс эле да.

 

Ал кезде атасынан калган эсеби жок мал дагы жетиштүү санда болгон. Бирок эзелтеден, - Ата байлыгы балага жукпайт! – дейт эмеспи. Андан дагы, - Мал күтө билгенди бил балам. Ата байлыгы балага жукпайт! – деген атасынын накыл кеби ар убакта кулагында. Рахманкул хан өз колу, өз эмгеги менен байлык түптөй баштады. Мунусу анын атасынын кеменгердигин туя билгендиги эле. Ойдо болсун, тоодо болсун, бул тирүүчүлүктө адам баласынын бирден бир тирлиги, жан азыгы мал болуп келген. Ирисиби, майдасыбы ар биринин өз оорду бар. Эгин эгип, жер айдабагандан кийин баарын мал менен соода сатык жүргүзүп, керектүү оокаттын баарын малга алмаштырууга туура келет. Чек арачылар менен көп учурларда тил табыша албай бат бат кагылышуулар болуп тургандыктан, өзүнүн жан жоокерлерин мыктады. Өзү баштап жоо жарактанып эл чегинде турду. Мунун орус чек арачыларындай куралданган жоокерлери болбосо да, бир ууч элин сактоого жетишээрлик чоролору болду.

 

Бара бара Оогандын Шахы менен келишим түзүп, жыйындарга кыргыздардын атынан катышып, өз оордун табууга болгон аракетти жасады. Бул дагы анын жашоодогу негизги стратегиясы эле. Элди аман сактоо үчүн болгон күчүн жумшады. Бөтөн элде бир башты аман алып жүрүү канча түйшүк, миңдеген элге жооптуу болуш миң эсе жоопкерчиликти талап кылат. Ал баарына даяр турду.

 

Ал кезде Жапаркул миң башынын дүйнөдөн өткөнүнө сегиз жылдын жүзү болгон болчу. Баягы эле бир бирине кол салуу, талап – тоноо, Ооган мамлекетинин ич ара чыккан чырлары да булардын башына түшкөн түйшүк. Тынч жатпаган Оогандардын чыры деле бүтпөй, ич ара согуш чыгып кетти. Ошол учурда булардын балээсинен алыс болоюун деп, он жыл мурун (1938 – жылы) Ооган кыргыздарынын ханы болуп жарыяланган Рахманкул хан (1948 – жылы) хандыктан баш тартып, Ооган чөлкөмүн таштап Кытай Памири тарапка өтүп кеткен эле. Мына тагдыр! Бир бети кайрымдуу, бир бети кайрымсыз эки жүздүү тагдыр ай! Буга буйруган тагдырдын жолу жакшы жашоо издеп кайрадан Ооганстанга келди.

 

Артка кайтуу мүмкүн эмес. Эми баардык ишти өзү жүргүзүүсү керек. Баягындай акылдашчу атасы жок. Жапаркул миң башы Рахманкул хан болуп көтөрүлгөндөн кийин эки жылдан кийин 59 – жашында 1940 - жылы каза болгон. Кайран киши... Мына, билинбей 12 – жыл куштай сызып өтүп кетти.

 

Ооган Кичи Памирине келээри менен мамлекет башчысы менен жакындоону биринчи жолго койду. Көптү билип, көптү көргөн Ооганстандын Шахы Рахманкул ханга аркасын салган жок. Рахманкул хандын тегин киши эмес экенин, анын жүргүзгөн башкаруу иштерин баамдаган мамлекет башчысы Закир шах 1950 – жылы аны колдоого алып, кайрадан Ооганстандык кыргыздарга Хан кылып көтөрүштү. 1964 – жылы иш билги жетекчи, Рахманкул хан Ооганстандын парламенти Лойа Жырганын ардактуу мүчөсү болуп калды. Ал шахтын Ооган Памириндеги акими да болуп шайланды.

 

Тагдыр! Тагдыр!

 

Албетте бул тагдыры анын бөксөргөнүн толтурган жок. Бу, сапар кайрадан Ооганстанга эмес, ошол Кытайдан түз эле Кыргызстанга кетем деген максаты ишке ашпаганына жаны кайышып турган эле. Буулуккан бук толкунданып келген кезде алыстагы мекенине үмүттүү колун сунуп, тагдырга катуу күрсүнүп жиберет эле. Мына! Мына тагдыр! Ал сага дагы да күрсүндү.


 

... Тагдыр!!!

 

Оо, тагдыр! Тагдыр!

 

Нени гана көрбөдүк.

 

Оо, тагдыр! Улуу тагдыр!

 

Кай азабыңа көнбөдүк?!

 

Кеткендердин бир канчасы,

 

Кайра мында кайтпады.

 

Катаалсың оо, сен тагдыр!

 

Кайыгып турат кайтканы...

 

 

 

Кырылып малдар...

 

Кырылып жандар...

 

Мекен билбес жерде калды.

 

Бешенеге конгон тагдыр,

 

Бели ката элек балдарды алды.

 

Айрылып бала, эринен...

 

Ар кечте энелер чуу салды.

 

Ырлары ыйга айланды,

 

Ый коштоп Улуу Таңды.

 

Жабыкты оо, жандар жабыкты!

 

Бу, тагдыр бизге,

 

Не азап... не азаптарды салды.

 

 

 

Ашуудан учканын айтам,

 

Арылбас буктарын айтам.

 

Ар конуш мазар болуп,

 

Ажалдар жутканын айтам.

 

Басылбас кошокту айтам,

 

Баш алган тозокту айтам.

 

Бар байлык алтын баш го...

 

Баар албас азапты айтам.

 

Кенебес сен тагдыр ай!

 

Кемиген элимди айтам!

 

Келин – кыз кара кийди...

 

Кайгылуу жеримди айтам!

 

Тагдырым тайкы деген,

 

Таттуусун татпай кенен.

 

Тай – тайлап жетелөөчү...

 

Тайлактар кетти сенден!

 

Боз инген боздоп турат,

 

Муңумду коштоп турат.

 

Ала – Тоого сапар тилеп...

 

Максаттар октоп турат.

 

Жол бергин, аттанайын,

 

Бата бер, аткан таңым.

 

Ата – Журт конушуна,

 

Оомийин! Жол салайын!

 

 

 

Рахманкул хан башын чулгуп алды. Анын жан дүйнөсүнүн чуусу жанын сыздатып, сөөгүнөн өтүп чучугуна жеткендей болду.

 

-         Мына маңдайга жазган тагдыр! – деди Рахманкул хан.

 

Анан ушул тапта болбой эле Ооган жерине алгач келген күндөр көз алдына тартылды. – Апакем! – деди умсуна. Апасы Апидебегимге эркелеп, атасы Жапаркул миң башы менен кайда болсо чогу жүрчү эмес беле. Ушул жерден тамга таанып, атасынын не бир кептерин угуп, оозун ача таңданчу эмес беле. Атамдай баатыр боломбу? – деп, атасына кыялдана карачу эмес беле. Бул билгендин баарын билсем ээ? – деп, окуткан чокчо сакал молдону кечке карачу эмес беле...

 

Ал ушул тапта кудум жаш баладай умсунуп алды. Балалык... балалыгым... Рахманкул хан анда бала болчу. Бул кездерде атасы Жапаркул миң башы баштап жүргөн эле да. Албетте жалгыз эмес. Аны менен бир топ бий – манаптар... Мен деген төбөлдөр! Анан дагы Оогандын мыктылары булардын үйүнө үзбөй келчү. Эми ойлосо, Жапаркул атасы да бөтөн эл менен алака түзгөндү абдан мыкты билген экен. Болбосо атам тааныбаган Ооганга кантип батып кетти? Ушунун баарына тагдыр себеп болуп жатпайбы.

 

 

 

-         Оо, тагдыр!

 

Сени атам айтты, энем айтты.

 

Кылым айтат, аалам, заман айтат.

 

Аңызга түшкөн тагдыр,

 

Жакшы жакка көчкүн!

 

Арманга айланган өмүрлөр,

 

Эми жакшы жашоого өткүн!

 

 

 

Анын заматта бүркөлгөн кабагынан аалам бүркөлгөндөй болду.

 

... Ээ, заман! Заман! Баары эсимде. - Унутууга сенин акың жок! Сен кыргызсың балам! Биз тоолуу Бадахшандын Мургаб өөрөнүн жердеп келгенбиз. Ата – бабаң жердеп келген. Жети атаң өткөн жер! Биз Мургабдан Кытай Памирине анан Ооганстанга өттүк деген эле. Ар заман атакемдин ушул сөздөрү кулагымдан кетпейт.

 

Рахманкул хан ата – энесине болгон сагыныч, кусасын ичине ката, демиккен жүрөгүн басып эми тээ алыста алыста керилген Памирдин ичин аңтара көпкө тигилди.

 

-         Оо, шоруң курган дүнүйө! Эми кайда тентитесиң?!..

 

Анын оюнда ар күнү ушул суроо тураар эле.

 

-         Бул тирүүлүк качан көргө салганча көрсөтпөгөндү көрсөтөт белең!

 

– деп, Рахманкул хан олтурган оордунан бир козголо оор күрсүндү.

 

Эй, дүйнө! Дүйнө!

 

Жанатан тээ алыскы тоолорго тигилген Рахманкул хан оор дем ала, демин ичине катты. Анын деми менен баары токтоп калгандай сезилди. Дүйнө! Дүйнө! Жалган дүйнө сенин сырың да, сының да оор... Көтөргөн көтөрөт, көтөрбөгөн көргө кирет. Чыдамсыздар чыркырайт, чыдамдуу билет. Береги жүрөктүн тилинип тилинип турганын сезип жатасыңбы дүйнө?! Оо, сезип жатасың, сезип жатасың. Бирок сенин талабың алдыдагы сыноолордон өтүүлөрү керек. Дагы канчага туруштук беришээри бир гана сага анан Жаратканга белгилүү эмеспи. Жетпеген жашоо буттан тушап, билинбегени менен бир тобу кырылып кетти. Ар бир жер которгон кездерде ушул. Бейтааныш жолдор... ашуу - кечүү, суулар... Жол азабы көр азабы деген ушул да. Ана кара! Сенин жакшы жашооңду эңсеп келген бешиктеги бала кетти, азы калган өмүрдөн үмүт кылган кемпир чал да кетти. Бойго жетип солкулдаган кыз – жигиттер... Жармашкан оору бийлигин жүргүзүп, билинбей баары кетти. Жашоого жаңы адамды алып келем деп, тогуз ай көтөрүп толгоо тарткан, он ай омурткасы сыздаган келиндер төрөбөй эле, төрөттөн жайланып өздөрү кетти... Мал кырылса жазгы – кышкы деп, кийинки туут менен эптеп оордун жабат. Эл кырылса... Муну башка салбасын Адам баласына чиркин өмүр дегениң бир эле келет тура. Бир эле...

 

 

Мунун так ушул тапта ойлоп турганы да ушулар эле.

 

Оорду толбос жоготуулар ар биринин жүрөгүн жанчып, - Бешенеге салганы. Сабыр кылгыла. Канча өмүр бердиң эле Жараткан Эгем? Өмүр! Өмүр! Кырыңдан ашабызбы өмүр? – деп, өмүрдөн үмүт кыла ар күнү Теңирге жалынып, кеткендерге куран окушуп дуба кылышат. Сабыр кылышат. Сабырдын түбү сары алтын демекчи, акыры келип бул жол жакшы турмушка келип токтоорунан үмүт үзүшпөйт. Анан баары Рахманкул ханды үмүттү карашат. – Бизди жакшы жашоого сен алып барасын! Сенин атаң Жапаркул миң башыны ээрчип чыкканбыз. Анын да берген анты бар эле. Ал ант эми сенин мойнуңда. Биз сени Хан көтөрдүк. Эл камын көтөрөм дегенсиң. Бул улуу ант! Эми сен биздин үмүтүбүзсүң. Ачык жолго башта бизди! – дегенсишип, жашы да, карысы да үмүттүү көздөрү менен Рахманкул ханга тигилишет. Анын баарын Рахманкул хан айттырбай түшүнөт.

 

Ана! Ак кийизге салып хандыкка көтөрүп жаткан учур көз алдына тартыла түштү. Ооба, Рахманкул хан анда жыйырма бешке чыккан эле. Белдин күчү, билектин каруусу толуп турган чак. Жапаркул миң башы атасы баштаган эл Рахманкулга ишенимдүү карап турушту. Эмнегедир баары ишенди, баарынын жүрөгүндө кандайдыр бир үмүт, жылуулук, анан да Рахманкулдун адам сырын айттырбай билген сыйкырдуу көзү турду. Анын көзүнө тике кароо да мүмкүн эмес эле. Бул бир керемет, ары аябагандай сүрдүү, не бир сырларды ичине каткан, ааламдын тереңдиги баткан, айтууга да, сүрөттөөгө да мүмкүн эмес сырдуу күлүмсүрөгөн көздөр эле.

 

Анын эс тарткандан тапандыгы, эч нерседен тайманбастыгы баарын сүрдөнтчү. Мына так ушул Хандыкка олтургузуп жатканда бири да аны тике карай албай сестенишип, астыртадан карап турушту. Мүмкүн атасы Жапаркул миң башыда да мындай сүр болбогондур... Же ал кезде бейкут жашоодо жашап, анча билбей да калыштыбы. Бирок Жапаркул миң башынын баатырдыгы, башчылыгы, элге жугумдуулугу, эбегейсиз акылдуулугу, ошондой эле сүрдүүлүгү элден алыстаганда даана билингени да ырас. Ал бир кеменгер адам эле да. Минтип жерден жер аңтарып, кай жерге башты калкалаарды таппай турган чакта чын эле жол башчы ушунчалык эбегейсиз күчкө, сырга, сыйга ээби?!..

 

Рахманкул хан сыртынан канча сүрдүү көрүнгөнү менен, ичинен абдан жумшак, мээримдүү адам эле. Аны Хандыгы элге сүрдүү көрсөтүп олтурбайбы. Дөөлөт деген сүрдүү болбой коебу. Адам баласынын башынан ашып түшкөн Дөөлөт береги адам балдасынын жашоосунда баарынан бийик да, сыйкырдуу да, чексиз керемет! Ал ошол үчүн – Дөөлөт!

 

Мына ошол дөөлөттүү, сырдуу, сүрдүү деген Рахманкул хан мына бүгүнкү күнү жашоонун нугун каякка бураарын билбей башы маң болуп турду. Элин кантип сактап калуу керек? –деген суроо жанын жай алдырбай турду. Кандай чечим кабыл алуу керек? Бул чечим анын керт башынын кызыкчылыгынан да бийик эле.

 

-         Көр дүйнө! Не замандар болуп кетти...

 

Кайран атам биз кетип жатканда узатып карап турдуң эле, эми тосуп карап турган чыгаарсың. Баратам ата, баратам. Буюрса эртең малды жөнөтүп, аркасынан элди жолго камдайм. Түн катып чыгуу керек. Аман – эсен жетип алсак болду. Күт ата, күт бизди. Эртең жолго чыгабыз.

 

-         Буюрса аман – эсен жетебиз ханым.

 

Будуң – чаң түшкөн оюу менен ичинен чаңып, тынчы кетип турган

 

Рахманкул хан чоочуп кетти.

 

-         Сен мында не турсуң?

 

-         Кечки тамакты да жакшы жеген жоксуз. Мүмкүн чай ичесизби? Балдар да уктап калышты.

 

-         Жүр, кирели. Рахманкул хан аялын тигиле карап алды. – Менин

 

Эркебибим…

 

   Мында келгени өз үйүнө келгенсип, Эркебибинин көңүлү ачык. Ушул аймакта ойноп, бой жетпеди беле.

 

-         Эми бурса баары жакшы болоор ханым?

 

-         Айтканың келсин Эркем.

 

-         Балдардын көңүлдөрү ачык.

 

-         Ушулар кор болбосун деп... Кантет? Бул тагдыр...

 

-         Эми мындан кетпейбизби?

 

-         Бешенеге жазганы чын болсо кетпейбиз Эркем.

 

-         Атакем...

 

-         Атамдын арман керээзине жол ачылганда жетээрбиз.

 

-         Керээздин анты катуу дейт.

 

-         Билем. Билем Эркем, билем. Керээздин анты катуу!

 

-         Эртең бир мыкты билимдүү молдо бар. Ошону алып келем.

 

-         Сиз...

 

-         Мен да окутам. Бирок мыкты билимгер керек. Тилди да унутпашыбыз

 

керек, ошол эле учурда ааламдагы түркүн элдердин тилин билүү зарыл. Аалам жаңылыктарынан калбоо керек. Билим гана баарын жеңет байбиче. Мал айдап эле, көчүп, качып жүрмөк белек. Бир заман келет. Баары жакшы болот буюрса. Акыл – эс, көз, кол бар. Адам баласынын колунан келбеген нерсе болобу. Көзүң көрүп, көөдөнүң сезгендин баарына жетүүгө болот. Тигил мамлекет башкаргандардын баштары экөө, көздөрү төртөө бекен? Күлбө. Биздин да балдар чоңоет. Ар бири ар кесиптин ээси болуп турса кандай кубаныч. Анан да алакандай элдин тилин да, дилин да мына ушулар сактап калуулары керек. Мусулман калкы алмуздактан баатыр дагы, намыстуу да келген. Тили менен дили, дини ар бир улуттун биринчи куралы! Жашоонун маңызында булар ар дайым биринчи турушу керек! Муну атам раматылык да какшап айтып олтураар эле.

 

-         Кубатыңызга Кудайым өзү жар болсун! Мен кубанып олтурам.

 

-         Рахматты балдарың билимдүү болуп чоңойгондо айтасың.

 

-         Ошого жеткирсин ханым. Мунуңуз жакшы.

 

-         Келечекти ойлоп жашоо керек. Заман бир орунда турбайт. Ооган шахын колго алуу керек. Башка элдер менен алака түзүү керек. Бир ууч болуп элден бөлүнүп турсак эч нерсеге жетпейбиз Эркем. Баарын билүү үчүн билим керек!

 

 

Рахманкул хан Ооган мамлекет башчысы Закир шах менен тил табышып, аз убакыттын ичинде Кабулдагы бийлик менен абдан жакшы байланыш болгонуна ичинен кымыңдап сүйүнүп жүрдү. Бийликтегилер айтканын жок дешпейт. Канткен менен чек ара маселесине келгенде алар деле Рахманкул ханга көз каранды болуп калышат. Муну таасири да аларга бир жагы жакшы тийсе, бир жагы кооптуу. Сестентип турат. Анысы башкалар менен мамиле түзүп кетпесе дейт. Муну тил билгичтиги, элчилик сүйлөшүүлөрдү мыкты жүргүзө билгендиги кооптондурат. Рахманкул хандын Теңирден берген чоң жөндөмү, баатырдыгы, эки элди бириктире билген мыкты элчилигинин таасири жашоосунда чоң рол ойноду. Анан да буларга тең болуу үчүн мыкты билим, тил билүү керек болуп олтурбайбы. Мунун баарын бир көргөндө адамдын оюн көзүнөн окуп койчу Рахманкул хан көзүн жумуп билип турду.

 

Ал кыргыз, кытай, ооган, фарс, иран, ж.б. тилдерде эркин сүйлөп, эркин ой жүгүртүп, көздөгөнүнө тез эле жетчү. Деле койчу жан жаныбар, куштун да тилин билген жан бул касиеттери менен ар убакта жашоонун көзүн таап, туш келген түрдүү кыйынчылыктан бат эле чыгып кетээр эле. Тоо арасында жашагандарына карабастан анын билимге деген зор эңсөөсүнүн талабы менен элдин сабатсыздыгын жоюуга болгон эмгеги да зор болду. Өзү да абдан билимдүү, сабаттуу адамдардын катарына кирди. Бир эле учурда бир нече тил билгендиги аны көп учурларда ар кандай кырдаалдардан коргоп келди. Баатырдыгы менен да, билимдүүлүгү менен да бөтөн жер, бөтөн элдин арасында өзгөчө сыйга татып, иш билермандардан айырмаланып турду.

 

Мунун тиричиликтеги жүргүзгөн стратегияларына көз арткандар болбой койгон жок. Бир ууч эл менен бир мамлекет элди башкаруу бирдей эле стратегияны талап кылат. Кеп кандай жүргүзүүдө. Баарысынын талабы, элди алдыга алып кетүү. Элдин жашоосун оңдоо. Жаштарды билимге тарбиялоо. Мекенди сүйүүгө, элди, жерди сыйлоого, салт – санааны, тилди – динди сактоо! Тилиңди сатканың, дилиңди сатканың менен барабар! Ал тилди да, динди да катуу кармады. Атасынын орустарга баш ийбеген себептеринин бири да ушул эмес беле. Жапаркул миң башы мусулмандыкты бекем туткан инсан болгон. Ал муну окутту. Билим берди. Ошол жолду учурда Рахманкул хан өзү жүргүзүп келет. Балдарына, неберелерине, айылдагы балдардын баарынын сабатсыздыктарын жоюуда укмуштуудай эмгектерди жумшады. Билим алган мугалимдерди жалдап келип окутту, өзү окутту.

 

Муну мыкты жол башчы гана эмес, мыкты мугалим десек да жарашат. Элден эл, жерден жер аралап жүрүп, башка элдердин маданиятын тааныды. Билди. Өзү баштаган элдин баарын өзү билгендерди билсе дейт. Бир гана катуу талап, кыргыз деген атты жоготпо! Мына, мунун жүргүзгөн стратегиясы! Мунун атуулдук карманган режими. Темирдей тартип, алдыга карай ачык максат менен жашоо керек! Ошол Ооганстанда согуш чыкан кезде Ооганстанды таштап, Пакистанга өтүүгө туура келди. Бул да маңдайга жазылган көп тагдырдын бири...

 

-         Тагдыр! Тагдыр!

 

Рахманкул хан тээ алыстан келген элеске тигилди.

 

Уландысын  бул бетте...



Arman ailan omur


Arman ailan omur CHynaraЧынара КАЛЫБЕКОВА,
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
актриса, акын – драматург.


комментарии

Админ

Админ

Понедельник, 09 Ноября 2015 13:11

Рахмат !

Чынар (Бишкек)

Воскресенье, 08 Ноября 2015 22:44

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Т.Абдумомунов жана А.Токомбаев атындагы сыйлыктардын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, обончу, аткаруучу, дастанчы жана казалчы, актриса, акын - драматург Чынар Калыбекованын «Арманга айланган өмүрлөр...» даректүү романы жетинчи китеби.
Ч.Калыбекова «Жүрөктөгү сыр», «Өмүр - Дастан», “Таарынттык сени заманым” ырлар жыйнактарынын, «Карагер» эки томдук драмалар жыйнагынын жана «Тагдыр» романынын автору.
Кыргыз журтчулугуна көп кырдуу таланты менен кеңири таанымал болгон, өнөр баккан, улуу өнөрдү баалаган Ч.Калыбекова учурда бүтүндөй кыргыз элинин гана эмес, СНГ мамлекеттеринин арасында да белгилүү болгон чыгармачыл инсандардын бири.

Улуу Тоолор. Бишкек.

Чынар

Воскресенье, 08 Ноября 2015 22:14

Замандашым Алик Аликприм! Сизге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Алыстагы туугандарга мынчалык нускада китеп жеткире алмак эмесмин. Сиздин жардамыңыз менен жүздөгөн кыргыз туугандарым, замандаш, курбуларым бул романды окуп калышат. Бул сиздин чоң эмгек болду деп эсептейм. Бар болуңуз. Сизге ден - соолук, ишиңизге ийгилик, жашоодогу жакшылыктарды каалайм! Элибизде тынччылык, амандык, бейкут жашоо болсун! Менин каарманым, кыргыз элинин улуу инсаны Ажы Рахманкул хан атамдын арбагы колдосун! - деп дуба кылам!!!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены