Таджикистанда этникалык кыргыздар жашаган Мургаб районунда сел кырсыгыдан абал өтө эле оор. Тактап айтканда Мургабтын ГЭС суу сактагычында суу денгели көбөйүп Мургабты суу каптоо коркунучу туулган. Андан тышкары Аличор айылындагы бир нече кыштоо үйдү, короолорду жана бир көпүрөөнү суу агызып кетти. Ал эми Раң-Көл айылын Ош жана Кыргызстандын башка аймактары менен байланыштырган чоң жолдун 7 чакырымын суу жууп…