Таджикистанда этникалык кыргыздар жашаган Мургаб районунда сел кырсыгыдан абал өтө эле оор. Тактап айтканда Мургабтын ГЭС суу сактагычында суу денгели көбөйүп Мургабты суу каптоо коркунучу туулган.
Андан тышкары Аличор айылындагы бир нече кыштоо үйдү, короолорду жана бир көпүрөөнү суу агызып кетти.
Ал эми Раң-Көл айылын Ош жана Кыргызстандын башка аймактары менен байланыштырган чоң жолдун 7 чакырымын суу жууп кеткен. Ал жерге келген оор жана жеңил авто унаалар жолдун бузулушунан улам өтө албай Раңкөл айылы транспорттук камакта да болушкан жана селдин агымы бир унааны агызып, 10 үйдү каптады.
Эл аралык мөңгү бирикмесинин ыктыярчылары окуя болгон жерге гуманитардык жардам жиберди.
Аличор жааматы
Ыраң-Көл айылы
Абдижамил Примбердиев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены