Этникалык кыргыздар

Чек ара Тажикстандагы кыргыздарды мукуратты

Чек ара Тажикстандагы кыргыздарды мукуратты

Зарыл иши чыккан, муктаждыгы чоң Тажикстандагы этникалык кыргыздар кыргыз-тажик чек арасынан өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин Жерге-Тал жана Мургаб районунда жашаган кыргыздар чек ара жабылгандан бери ары-бери каттай албай кыйналып жатканын, тиричилик кылуу оорлогонун айтып даттанышкан эле. Кыргыз чек арачылары өткөргөндөрдөн акча өндүрүп жатат деген да доо айтылган. Жолдошбек…

Мургабдык кыргыздардын күнөөсү эмнеде?

Мургабдык кыргыздардын күнөөсү эмнеде?

Баткен облусундагы чыр-чатактан кийин кыргыз бийлиги бир тараптуу жолдорду бууп, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы карым-катышты токтоткон эле. Андан бери бир топ убакыт өттү, аралыгы эки айга чукулдап калды. Албетте, чатактын неден улам чыкканын, кайсы тарап күнөөлүү, кимиси актыгын биз териштиргибиз келбейт, эки мамлекет ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кези, дипломатиялуу түрдө чечип алаарына ишеним артабыз. Бизге түшүнүксүз болуп жатканы, не үчүн…

Мургаб элинин мурастары

Мургаб элинин мурастары

Урматтуу жердештер жакында "Мургаб элинин мурастары" китебинин бет ачары болду. Бул китепте Тажикстан Республикасынын Мургаб районунун жалпы тарыхы, маданияты жана табияты тууралуу маалыматтар камтылды. Мургаб районунун аймагы жайгашкан Сары-Кол өрөөнү илгертен бери өзүнүн татаал климаты менен, бай тарыхы, нукура элдик маданияты менен белгилүү. Ошол касиеттүү, ыйык мурастарды кийинкн муундарга калтыруу жана алар тууралуу кеңири маалымат берүү максатында жалпы…

Этникалык кыргыздардын абалын ким сурайт ?

Этникалык кыргыздардын абалын ким сурайт ?

Жыл өткөн сайын: «Кыргыз элинин жашоо-турмушу оңолобу?» – деген тилек менен күн өтүп келет. Алакандай жер. Чакан эл. Баары бар. Жалпылап колдон-буттан алса эле биздин өлкө гүлдөп өсүп кетчүдөй. А бирок улам бир көйгөй чыгып, жарытылуу телчикпей койдук. «Жарым миллион кыргыз Россияга тентип кетти», – деп бакылдайбыз. А канча кыргыз өз мекенине кайтып келгенин бирөө-жарым санады бекен? Эгемендүүлүк алган жылдары…

Памирдик кыргыздардын мергенчилиги

Памирдик кыргыздардын мергенчилиги

Аңчылык Аңчылык негизинен тоо жаныбарларына /аркар. кулжа, бөру, түлкү, аюу, илбирс, улар- убак, коён ж.б. / жүргүзүлүп, колдо жасалган милтелүү түтөтмө кара мылтык, сары найза /мылтыктын аты/, чигит, машадар деген мылтыктар, капкан жана тузактар колдонулган. Колдо ар түрдүү /кыркма дары, кара дары, ж.б. / дары жасашып аңчылыкка гана керек кылбастан, коншулаш калктарга да берип турган. Мергенчилик өтө…

«Памир маселесинин» келип чыгышы жана анын чечилиши.  (XIX кылымдын аягы)

«Памир маселесинин» келип чыгышы жана анын чечилиши. (XIX кылымдын аягы)

XIX кылымдын экинчи жарымынын баштап, Памирдин геосаясий коопсуздуктун аймактык системадагы орду ого бетер күчөдү. Буга, эки улуу дежавалардын, эки келишпес геосаясий душмандын - Улуу Британия менен Орус падышачылыгынынАзиядагы чек арасынын жакындашы түрткү болду. Улуу Британия 50-жылдардан баштап аталган аймакта экспанциялык саясатын жандандырат. 1854-жылы ОстИнд компаниясы менен Афганистандын эмири Дос Мухамед коргонуу жана чабуул коюу боюнча Англия менен Афганистандын ортосунда келишимге…

Страница 100 из 127