Мургабдык кыргыздардын күнөөсү эмнеде?

Мургабдык кыргыздардын күнөөсү эмнеде?

Баткен облусундагы чыр-чатактан кийин кыргыз бийлиги бир тараптуу жолдорду бууп, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы карым-катышты токтоткон эле. Андан бери бир топ убакыт өттү, аралыгы эки айга чукулдап калды. Албетте, чатактын неден улам чыкканын, кайсы тарап күнөөлүү, кимиси актыгын биз териштиргибиз келбейт, эки мамлекет ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан кези, дипломатиялуу түрдө чечип алаарына ишеним артабыз. Бизге түшүнүксүз болуп жатканы, не үчүн Баткендеги чатактын азабын Мургаб менен Жерге-Талда жашаган 40 миңден ашуун кыргыз тартып, орто жолдо жапа чегиши керек? Мына эки айга чукул убакыттан бери карым-катыштары биротоло үзүлүп, Кыргызстандагы тууган-уруктарына, окуп жаткан балдарына келе албай, жеринде дарылай албаган оруу-сыркоону алып келүүдө, эң негизгиси тамак-аш муктаждыгын чечүүдө кыйын абалга тушугуп, оор турмушту баштан кечиришүүдө.

 

Ушул жерден аргасыз биз кыргыз жетекчилери доомат артып, абийир, ар-намыска чакырганга, “Тууган күйдүрүп айтат” деген ата-бабанын нускалуу кеби менен улуттук сезимдерин ойготконго, ачуу сөздөрдү сүйлөгөнгө туура келип отурат. Себеби, мамлекеттик масштабдагы маселени чечип алышсын деген негизде, бир топ убакыттан бери күтүп келдик. Эгер кыргыз жетекчилерде улуттук түшүнүк болуп, дээринде кыргыз деген сезим болгондо, Мургаб менен Жерге-Талдагы боордошторубузду кыйын күнгө салып, бүгүнкү ишти жасабайт эле. Тагыраак айтсак, өкмөтүбүз тажиктерге басым жасап, өз күчүн көрсөткөнгө аракеттенип жатат. Бирок, бул жерден он миңдеген кыргыздар жапа чегип, өмүрлөрү коркунучта калып жатканын кайда катабыз? Мамлекеттик, улуттук деңгээлде ой жүгүртүү болбой жатпайбы.

 

Дегеним, Мургаб менен Жерге-Талга ким барган болсо, алар дароо түшүнөт. Аталган жолдордо, тагыраагы Мургаб-Ош жолунда Памирлык кыргыздардан башка эч ким каттабайт. Жолдору тешилип, жарактан чыгып бүткөн. “Зарыл ишиң болбосо, Зардалыга барбагын” деген эски сөз, азыр дал ушу Мургабдык кыргыздарга тиешелүү болуп турганын эч бирибиз тана албайбыз. Анан башка жакка байланышы жок, аргасы кеткен Бадахшандагы памирлик кыргыздар гана кышкысын колу менен кар күрөп, жазында жол бөгөгөн селдерди тазалап, кыргыз жерин, ата-бабасынын гөрүн таштай албай, оор тиричилигин өткөрүп келе жатышат. Анан ушул нерсени түшүнбөгөн кыргыз жетекчилеринен болочокту, кыргыздын келечегин күтүүгө болобу?

 

Айтор, акырында айтаарым, суранаарабыз, Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздары каттаган Бор-Дөбө жана Карамык жолдору тез арада ачылып, карым-катыш түзүлүшү керек. Биз айткан нерселер оор болсо да, кыргыздын келечеги үчүн чукул арада өлкө жетекчилери чечим кабыл алып, улутту ойлогон сезимдер ойгонушу керек. Жок эле дегенде, тиричилиги жалгыз Ош менен өтүп жаткан Мургабдын жолу ачылбаса, кыргызга кыянаттык кылып калган болобуз. Ал эми мен кыргыз коомчулугуна, улут деген инсандарыбызга, өлкө интеллигенциясына кайрылам, эгер маселе чукул арада чечилбесе, жалпылап кийлигишип, көмөктөшүп берүүңүздөрдү өтүнөм. Анткени, кыргыз бийлиги кандаштарыбызга колдон келген жардамды бергендин ордуна, түшүнүксүз жагдайда Мургаб менен Жерге-Тал кыргыздарын изолациялап, бизден алысташына шарт жаратып, кыйын күнгө салып койгонун көрүп жатабыз.

 

Баарыңыздарды терең урматтап, “Учур” гезитинин башкы редактору Зулпукаар Сапанов.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены