Макалада XIX кылымдын аягында жашап өткөн памирлик кыргыздардын билерманы Сахиб Назардын ишмердүүлүгү жөнүндө, ошол кездеги Памир кыргыздарынын жашоо - турмушу жөнүндө сөз болот. Дүйнөнүн чокусу катары таанылган, Памир аркылуу өтүүчү соода жолу – Кытайдын Гансуй өрөөнү, Тарим бассейни, Памир жана Теңир-Тоо аркылуу Орто Азияга, Ооганстанга жана Иранга, Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгине чейин, андан ары – Алдыңкы Азиянын, Түндүк…