САХИБ НАЗАР ЖАНА ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ

САХИБ НАЗАР ЖАНА ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ

Макалада XIX кылымдын аягында жашап өткөн памирлик кыргыздардын билерманы Сахиб Назардын ишмердүүлүгү жөнүндө, ошол кездеги Памир кыргыздарынын жашоо - турмушу жөнүндө сөз болот.

 

Дүйнөнүн чокусу катары таанылган, Памир аркылуу өтүүчү соода жолу – Кытайдын Гансуй өрөөнү, Тарим бассейни, Памир жана Теңир-Тоо аркылуу Орто Азияга, Ооганстанга жана Иранга, Жер Ортолук деңизинин чыгыш жээгине чейин, андан ары – Алдыңкы Азиянын, Түндүк Африканын, Европанын соода борборлору менен байланыштырган. Улуу Жибек жолу Кытайдан Рим империясынын борборуна чейин жетип, б.э.ч. 2- кылымда иштей баштаган. Бул жолду басып өтүш үчүн саякатчылар 2-3 жыл сарпташкан. Ал эми Улуу Жибек жолунун Памир тоо кыркалары аркылуу кеткен соода жолу б.э.ч. 2- кылымга таандык, башкача айтканда Чжан Цяндын Кушан падышачылыгына саякат кылган убагынан тартып, соода жолун түзүүгө негиз салынган. Бул жол б.э.ч. төртүнчү кылымда эле иштей баштаган.

 

Памир чөлкөмү эзелтеден эле этникалык алаканын, маданий-диний байланыштардын, Улуу Жибек жолундагы эң негизги стратегиялык соода жолунун казынасы болгон. Ал аркылуу кербен сооданын бирден-бир борбору Бухарадан Ооганстанга 27 күндө жеткен. Бирок бул аймак татаал жерде жайгашкандыктан, кышында жол жабылып, жай мезгилинде гана кербендер өтө турган.

 

Saxib Nazar 3Белгилүү саякатчы Жон Вуд Памир тоо кыркаларын басып өтүп, анын стратегиялык маанисине токтолуп, бул тоо кыркалары аркылуу Борбордук Азияны батыш өлкөлөрү менен байланыштыруучу, о.э. Улуу Жибек жолунун борбору болгон Индияга да эң кыска убакытта жетүүчү жол деп эсептеген. Ошондуктан, Памир чөлкөмүнө Улуу Британия империясы жана Орусия мамлекети өзүнүн үстөмдүгүн орнотууну көздөгөн. 1895- жылдагы «Памир келишимине» ылайык чек ара маселеси такталып, аймак дүйнөдөгү үч эң күчтүү мамлекеттер – Англия, Орусия, Кытай Цин империясынын ортосунда талоонго калган. Арийне, мындай саясий жагдайга карабастан, кыргыздар Улуу Жибек жолун көзөмөлгө алып турушкандыгы тууралуу тарыхый маалыматтар тастыктап көргөзөт. Памир аркылуу өткөн соода жолун бөгөп,Saxib Nazar 2 кыргыздар кербендерден салык алып, өз бийлигин жүргүзүп келишкен. Буга мисал катары, Чыгыш Памирдеги датка Сахиб Назарды айтпай кетсек болбойт. Ага Кокон хандыгы, Вахан акимчилиги, Кашкар эмири, Орусия мамлекетинин аскер адамдары да таазим кылып турушкан.

 

19- кылымдын акырында Сахиб Назар бүтүндөй Памир аймагына белгилүү болгон. Саякатчы Б.Л.Тагеев – Памирдеги жашаган кыргыз көчмөн урууларынын жашоо-шартын сүрөттөп жазып, ошону менен бирге эле Памирде каракчылык кылган Сахиб Назар жөнүндө учкай сөз кылат . Ал соода кербендерин тоноп турган, бирок бир кызыгы, - деп белгилейт Б.Л.Тагеев, Кокон хандыгы, орустар жана Ооган өкмөтү тарабынан ага эч кандай чара колдонулган эмес, тескерисинче, Кокон хандыгы ага «датка» деген наамды ыйгарган . Ал эми ооган эмири Сахиб Назардан жардам сурап тургандыгы белгилүү. Кишинин колу жеткис Кудары дарыясынын куймасына жакын анын кыштоосу жайгашкан. Памирдин ызгаардуу кышын Сахиб Назар мына ушул жерде өткөрүп, жайында Алайга көчүп турган. 1882- жылы Б.Л.Тагеев анын кыштоосунда болуп, «ал бою узун, денеси чымыр, аппак сакалдуу кыргыз, сырт кейпинен каракчы деп айтууга болбойт», - деп жазып калтырган. Сахиб Назардын эки уулу да атасынын кесибин улантышкан. Италиялык саякатчы Ф.Рокко: «Сахиб Назарды билбеген Памир аймагында европалык саякатчы болгон эмес», - деп белгилеген. Анын айтуусу боюнча, Фергана өрөөнүн ээлеп алган орустарды Сахиб Назар тоноп, миңге жакын жылкысын айдап кеткен экен. Бирок, ал чындыгында кедей-кембагалдарга тийбей, бай соодагерлерди гана тоноо менен өз уруусун бакканга аргасыз болгон.

 

19-кылымдын жарымында Памирдеги абал өтө татаал эле. Дүйнөнүн чокусуна үстөмдүгүн орнотуу үчүн англиялык колонизатордун, ооган эмиринин айдактоосу, Орусия империясынын баскынчы күрөштөрү, аракеттери кырдаалды ого бетер кыйындаткан. Бул аймак Орусияга каратылган соң Сахиб Назарды «каракчы» деп аташкан. Бирок ал элинин эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн өз мезгилинин чыгаан уулдарынын бири эле. Анын таасири менен Памир аркылуу өтүүчү соода жолунда кыргыздар чоң роль ойноп тургандыгын тарыхый маалыматтар тастыктап турбайбы?

 

Улуу Жибек жолунда Памир кыргыздарында негизинен натуралдык алмашуу соодасы үстөмдүк кылган. 20- кылымдын башында бул аймакта «Мургаб кербен сарайы» ачылган. Памирлик кыргыздардын Орусияга атырабына кошулушу, соода чарбасынын өнүгүшүнө да түрткү берген. Жергиликтүү кыргыздар болсо, жалаң мал чарбачылыгы менен оокат кылышкан. Ал эми Орусияга кошулуусу менен аларды экономикалык жактан көтөрүү максатында, Памир админстрациясы коңшулаш өлкөлөрдүн өз ара алакаларын өнүктүрүүгө, түздөн-түз соода мамилелерин жүргүзүүгө кыйла аракеттер жасалган. Натыйжада «Мургаб кербен сарайы» салынып, өз кезегинде Чыгыш Памирдеги ири соода борборуна айланган. Ага Ооганстандан күрүч, эгин ташылса, Кашкардан кездеме, ат жабдыктары, үй тиричилигине зарыл буюмдар келип турган. Чет жерден келген соодагерлер калктан кой, топоз, тери, жүн, май жана башка нерселерди алышкан. Кийинчерээк Ош аркылуу Орусия товарлары да, Памирге кеңири жайылган.

 

Башка өлкөлөр менен 1900- жылдагы орто эсеп менен алганда, Памир аймагы жылына 100 миң сомго жакын товар алмашууну жүргүзгөн. Ошентип алыскы Памирде да ички товар алмаштыруулар да өнүгө баштаган. Памир кыргыздары ферганалыктарга мал чарба азыктарын берип, алардан эгиндин түрлөрүн жана башкаларды сатып алып турушкан. Памир элин эгин менен камсыз кылуу максатында аздыр-көптүр аракеттер жасалып, жыл сайын орто эсеп менен 600 пудга жакын эгин сатуу камсыз кылынган.

 

Эң кызыгы Памир аркылуу бир өлкөдөн, башка бир өлкөгө кул сатуу сооданын кирешелүү тармагына айланган. Отурукташкан калкка караганда, Памир кыргыздары синьцзяндык же каратегиндик кыргыздардай эле, кулдарды тиричиликте кеңири пайдаланган эмес. Аларды уруулар ортосундагы барымта же согуш учурунда колго түшүрүү аркылуу табышкан. Бул жөнүндө англиялык саякатчы: «Памирлик кыргыздарда кулдар негизинен колго түшкөн кашмирдиктерден», - экен деп жазат. Кул сатуучу жайлар Кабул, Бухара, Балх жана башка шаарларда жайгашкан. Анда жаш кул жигиттердин баасы – 50, карылардыкы – 5, ал эми сулуу кыздардыкы – 100 сомго чейин жеткен.

 

Кийин Памирде совет бийлигинин орношунан улам, эзелтеден чогуу жашап келе жаткан бирдиктүү этникалык калк Тажикстан, Кыргызстан, Ооганстан жана Кытай кыргыздары болуп бөлүнүп, чек аралардын бара-бара жабылуусуна алып келген. Изилдөөчү Дебра Денкердин айтуусу боюнча бул кең аймакта көчүп-конуп жүргөн ооган кыргыздары эми чектелген жайытта, «жабык» тилкеде күн өткөрүүгө аргасыз болушкан. Советтер Союзу менен Кытайдагы ээн жаткан жерлер эми аларга кол жеткис эле. Кербен жолдорунун жабылышынан улам, алар болгону Кабул менен гана соода карым-катнаштарын жүргүзүүгө мажбур болушкан.

 

Алсак, Ооганстан үчүн Орто Азия чектеринин жабылышынан улам, алар өздөрүнүн дүйнөгө белгилүү «афган килемдери» үчүн жүндү ооган кыргыздарынан алып турушкан. Ооган кыргыздарында соода бирдиги катары мал эсептелинип, айрым учурда эң баалуу болгон топоз кылы, Ооганстан аркылуу Европа менен АКШга чейин жетип, андан аяз атанын сакалын жана түрдүү жиптерди жасаганы белгилүү. Бул болсо, чек аранын жабылганына карабастан, ооган кыргыздарынын буюмдары дүйнөлүк рынокко чыгарылып турганын айгинелейт.

 

Пайдаланылган адабияттар :

 

1. Абрамзон С.М . Очерк культуры киргизского народа . Ф .,1946.
2. Абышкаев А . Каратегинские киргизы в конце XIX нач .XX вв . Ф .,1965.
3. Грулев М . Соперничество России и Англии в Средней Азии . С-П ,1909.
4. Искандеров Б.И . Социально-экономические и политические аспекты истории памирских княжеств (X в . – первая половина XIX в .) Душанбе . 1984.
5. Искандеров Б.И . Восточная Бухара и Памир во второй пол . XIX в . Душанбе .1962.
6. Кисляков Н.А . Очерк по истории Каратегина . Сталинабад . 1941.
7. Маанаев Э ., Плоских В . На крыше мира . Ф .,1983.
8. Мукамбаев Ж ., Иманалиев К . Памирдик Каратегин кыргыздары . Ф .,1966.
9. Расул-Заде . Из истории среднеазиатско-индийских связей второй половины XIX нач . XX вв . Ташкент . 1968.
10. Табышалиев С.Т . Кыргызстан УлууЖибекжолунда . Б ., 1992.
11. Тагеев Б.Л . О памирских походах в 1892-1895 гг . СпБ .,1904.
12. Сапарбаев А ., Темиркулов К . Памир кыргыздары . Ош .2003.
13. Феликс Рокко . Памир жана Алай кыргыздары // Кыргыздар . Б .,1993.
14. Debra Denker. Thelast Migration of the Kirgis of Afganistan Central Asian. S. 1989

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены